Комментарий

Бүгүнкү фараон жакында өтмүштөгү фараондун тагдырына туш болот

Бүгүнкү фараон жакында өтмүштөгү фараондун тагдырына туш болот

Жаңылык:

Венесуэланын президенти Николас Мадуронун камакка алынышы америкалык кесиптеши Дональд Трамптын Латын Америкасындагы коңшу өлкөлөргө да ушундай кадамды кайталоо каалоосун ойготкондой болду. Ал аймакта кошумча америкалык аскерий кийлигишүүлөрдү ишке ашырууга ишара кылып: «Биз өзүбүздү жакшы коңшулар менен курчагыбыз келет. Биз өзүбүздү туруктуулук менен курчагыбыз келет. Биз өзүбүздү энергия менен курчагыбыз келет», — деди. Ал Колумбиядан баштап, «ал жактагы операция ага ылайыктуу көрүнөт» деп билдирди, андан соң Куба менен Мексиканы коркутту. (Ал-Жазира, 2026/01/05).

Комментарий:

«Америка биринчи» 2025-жылдын 5-декабрвнда Ак үй жарыялаган улуттук коопсуздук стратегиясынын урааны болуп, ал «Монро доктринасына Трамптын тиркемеси» деп атаган документке негизделет. Анда «күч аркылуу тынчтык» принцибин кармануу каралган. Монро доктринасы — АКШнын тышкы саясатынын программасы болуп, президент Жеймс Монро тарабынан 1823-жылдын декабрында жарыяланган. Трамп аны өзүнө таянып «Донро доктринасы» деп, Дональд катары өзүн Монродон алда канча жогору коюп өзгөртүүнү да белгилеп кеткен. Бул доктрина Батыш жарым шарда европалык колонизацияга каршы саясатты кабыл алып, аймактагы америкалык геосаясий үстөмдүктү бекемдегени менен маанилүү.

Трамп өзүн көтөрүп, текеберленип, менменсинип, ага мактоо айтпаган ар бир мамлекетке «кезеги келет» деп коркуткан залимдин үлгүсү. Венесуэладан кийин эми Колумбияны, Кубаны, Мексиканы коркутуп, Гренландия аралын басып алууга ниеттенгенин, андан соң Иранга аскерий кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн да билдирүүдө. Бул тизме улам жаңыртылып турушу ыктымал. Мындан тышкары, мусулмандарга карата кемсинткен, үстөмчүл жана текебер сөздөрү менен өзүн адамзатты «тазалаган», «куткарган» жана анын коопсуздугун «коргоочу» катары көрсөтүүдө. Бул болсо Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн эске салат:

﴿قَالَ فِرْعَوْنُ مَا أُرِيكُمْ إِلَّا مَا أَرَى وَمَا أَهْدِيكُمْ إِلَّا سَبِيلَ الرَّشَادِ﴾

«Фараон айтты: «Мен силерге бир гана өзүм каалаган — туура көргөн нерсени (Мусаны өлтүрүү сунушун) көрсөтүүдөмүн жана мен силерди туура жолго гана жетектеймин». (Гафир: 29).

Бул фараондук теория да, кысымга жана зулумдукка негизделген саясат да — ээсин басып алган истерикалык жиндиликтин кезектеги кармаштары. Сыртынан караганда бул катуу каршылашуу этабы жана алдыда оор мезгил тургандай көрүнөт, ал эми ички маңызы — цивилизациялык банкроттук, өлүм алдында турган режим, күч-кубаты менен бийлигинин жок болушу, акыры тарыхтын таштандысына ыргытылып, изсиз жоголот. Аллах Таала сабак алышыбыз үчүн, фараон менен ага окшогондордун акыры кандай болорун бизге кабарлаган:

﴿فَأَخَذَهُ اللَّهُ نَكَالَ الْآخِرَةِ وَالْأُولَى﴾

«Анан, Алла аны Акырет жана дүйнө азабы менен кармады (тактап айтканда дүйнөдө ал деңизге чөктүрүп жиберилди, Акыретте болсо тозок азабына дуушар болот)». (Назиат: 25).

﴿فَأَخَذْنَاهُ وَجُنُودَهُ فَنَبَذْنَاهُمْ فِي اليَمِّ فَانظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ * وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ وَيَوْمَ القِيَامَةِ لاَ يُنصَرُونَ * وَأَتْبَعْنَاهُمْ فِي هَذِهِ الدُّنْيَا لَعْنَةً وَيَوْمَ القِيَامَةِ هُم مِّنَ المَقْبُوحِينَ﴾

«Анан, Биз аны жана анын аскерлерин кармадык да, деңизге таштадык. Эми сен ал заалим кимселердин акыбети кандай болгонун көргүн. Дагы аларды (динсиз кишилерди) тозокко чакырып тура турган жол башчылар кылып койдук. Кыямат Күнүндө да аларга жардам берилбейт. Биз бул дүйнөдө да аларга каргыш ээрчиттик. Кыямат Күнүндө да алар (Биздин ырайымыбыздан) ыраак кылынуучу кимселерден (болушат)». (Касас: 40–42).

Бул аяттар акыл ээлерине залимдердин тагдыры жок болуу экенин айкын көрсөтөт жана аларды ээрчүүгө же алар менен достошууга эч кандай үзүр жок экенин далилдеп турат.

Дурра Ал-Букиш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button