Кабар

Евробиримдик АКШга каршы санкция даярдоодо

Евробиримдик АКШга каршы санкция даярдоодо

Европа өлкөлөрү Арктикадагы таасирин күчөтүү аркылуу Дональд Трампты Гренландияны аннексиялоо ниетинен баш тарттырууга үмүттөнүп жатышат. Эгерде АКШ президенти аралга НАТО күчтөрүн жайгаштырууга каршы чыкса, Европа биримдиги санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.

«The Telegraph» гезитинин маалыматына ылайык, Трамп Гренландияга НАТО контингентин жайгаштыруу сунушун четке какса, Евробиримдик америкалык компанияларга каршы чектөө киргизүү планын даярдап жатат. Санкциялар Meta корпорациясына, Google, Microsoft жана X компанияларына тиешелүү болушу мүмкүн. Аларга Евробиримдик аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынышы ыктымал. Ошондой эле америкалык банктар жана каржы уюмдары да чектөөлөргө кабылат. Андан да катуу сценарий катары Европада жайгашкан америкалык аскердик базалардан АКШ аскерлерин чыгаруу мүмкүнчүлүгү да талкууланууда.

Аралга НАТО күчтөрүн жайгаштыруу планы тууралуу The Telegraph ошол эле макаласында кабарлаган. Басылманын булактарынын маалыматына караганда, Британия бул план боюнча европалык союздаштары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азырынча бул пландар иштелип чыгуунун баштапкы баскычында турат.

Ошол эле учурда, АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде АКШ Гренландияны «алып койбосо», анда аны Россия же Кытай басып алышы мүмкүн экенин дагы бир жолу билдирди. Анын айтымында, аралдын дээрлик өзүнүн коргонуу системасы жок. Трамп Гренландиянын коргонуу мүмкүнчүлүгүн шылдыңдап, анын коргонуусу «эки ит чанага» гана тең экенин айтты.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button