Комментарий
Trending

Урбанизация көйгөйлөрү жана жаңы шаарлар аркылуу өнүгүү элесин пайда кылуу аракети

Урбанизация көйгөйлөрү жана жаңы шаарлар аркылуу өнүгүү элесин пайда кылуу аракети

Борбор Азия өлкөлөрүндө, жүз миңдеген жана миллиондогон жашоочуларга ылайыкташкан жаңы шаарларды жана мегаполистерди куруу боюнча масштабдуу долбоорлор жарыяланууда. Маселен, Кыргызстанда Асман, Казакстанда Алатау, Өзбекстанда Жаңы Ташкент, Түркмөнстанда Аркадаг долбоорлору ишке ашырылууда. Бул долбоорлор, экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы болуп, инвестиция тартуучу жана иштеп жаткан борбор калаалардын жүгүн жеңилдетүүчү «акылдуу», экологиялык таза жана инновациялык борборлор катары сунушталууда.

Коментарий

«Өзгөчө» шаарларды куруу, урбанизациянын негизги көйгөйүн чечпестен, аны жөн гана жашырып коёт. Аймактын башкы түйүнү – жерлердин жетишсиздигинде эмес, учурдагы шаарлардын туура эмес башкарылуусунда. Маселен, жумуш орундарынын, транспорттун, жеткиликтүү турак жайдын, социалдык инфратүзүмдүн тартыштыгы жана туруктуу шаар экономикасынын жоктугу буга ачык далил. Шаарларды нөлдөн баштап куруу – бул системалуу шаар саясатынын ордун алмаштырган, капиталисттик моделдин үлгүсүндөгү кымбат жана тобокелдиги жогору болгон долбоор.

Учурда муниципалдык башкаруу реформасы, экономиканы борбордон ажыратуу, орто шаарларды колдоо жана реиндустриализациялоо, тагыраагы өнүгүүнүн ар тараптуу стратегиясы дээрлик жок. Мындай жагдайда, жаңы шаарлар курулган күндө да, алар тирүү урбанисттик система эмес, тек гана «көргөзмөнүн» ишин аткарып калат. Бул долбоорлор, борбор калааларга болгон миграциянын себептерин жойбойт, экономикалык активдүүлүктү башка аймактарга тең бөлүштүрүлүүсүн кепилдебейт жана калк арасында туруктуу орто катмарды калыптандыра албайт. Андыктан, бул долбоорлор чөлкөмдүн өнүгүүсүнүн жана урбанизация көйгөйлөрүнүн узак мөөнөттүү чечимине эмес, бийликтин пиар жана өзүн-өзү жарнамалоо куралына айланууда.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button