Комментарий

Америка Нигерияга чабуул жасады, ал эми өкмөт агрессорго саясий калкан болуп берди!

Америка Нигерияга чабуул жасады, ал эми өкмөт агрессорго саясий калкан болуп берди!

Жаңылык:

Трамптын Нигерияда христиандарга каршы геноцид болуп жатат деген жалган айыптоолорунан кийин бир нече жума өтпөй, АКШ Африкадагы америкалык командачылык (Африком) аркылуу бул өлкөгө негизсиз чабуул жасады. 2025-жылдын 25-декабрында Сокото штатына караштуу Тамбуал районундагы Жабу жана Квара штатындагы Офа шаарлары бутага алынды.

Комментарий:

Бул сокку бутага алынган аймактардагы мүлктөрдү талкалады, алардын эч бири Америка жалган түрдө жүйө кылган коопсуздуктун жоктугу тууралуу дооматтарга тиешеси жок. Америка бул агрессияны дароо майрамдоого шашылды. Трамптын: «Кудай биздин армияны колдосун, бардыгына, анын ичинде өлтүрүлгөн террористтерге да, Рождество майрамы кут болсун. Эгер алар христиандарды кырууну уланта берсе, алардын саны дагы көбөйөт», — деген билдирүүсү жалган жана адаштыруучу болду.

Ал эми, Нигериянын бул агрессияга болгон жообу таң калычтуу болду. Өлкөнүн жетекчилиги өз аймагына жасалган чабуулду «коопсуздук жаатындагы кызматташууга» негизделген биргелешкен операция катары актоо үчүн зор аракеттерди жасады! Тышкы иштер министри АКШнын тышкы иштер министри Марко Рубио менен байланышып, чабуулду координациялаганын жарыялады. Ал америкалык соккулар «эл аралык укукка, суверенитетти өз ара урматтоого жана аймактык жана глобалдык коопсуздук боюнча биргелешкен милдеттенмелерге шайкеш келет» деп өзгөчө баса белгиледи. Бул – логиканын оор кыйроосу!

Америка секулярдык капитализм менен шартталгандыктан, анын аракеттеринин себептери диний да эмес, альтруизмден да, башкаларга болгон боорукерликтен да келип чыкпайт. Американын Нигериядагы христиандарга кам көрүп жатат деп аңкоолук менен ишенгендер Палестинадагы Байт-Лахмга (Бетлехемге) көз жүгүртсө жетиштүү: ал жерде сионисттер христиандарды ондогон жылдар бою куугунтуктап келишти, мунун баары Америка тараптан толук колдоо жана көмөк менен жүзөгө ашты. Америка башка мамлекеттер менен мамилесинде дайыма агрессивдүү жана текебер болуп келген. 2004-жылы ал курал-жарактын массалык кырып-жоюучу түрлөрү бар деген жасалма маалыматка таянып Иракты басып кирип, аны кыйратты. Бүгүн болсо Венесуэланын өкмөтүн кулатабыз деп ачык коркутуп, мунай корлорун ээлеп алуу үчүн жалган маалыматтык кампаниянын калкалоосун колдонуп жатат. Ошондуктан Нигерия өкмөтүнүн бул кооптуу америкалык кийлигишүүнү шашылыш колдоого алышы тынчсыздандырат. Өкмөт Америкага тиешелүү жашыруун максаттар үчүн, өз элине каршы америкалык агрессияга шартсыз түрдө саясий калкан болуп берүүгө даяр. Алар суверенитет менен мактанып жатып, бизди америкалык көзкарандылыкка байлап жатышат!

Ал эми биз, мусулмандар, Американын дүйнөлүк деңгээлдеги жашыруун, кара ниет максаттарын абдан жакшы билебиз. Палестинада яхудийлерди толук колдоосун «адилет ортомчу» деген жалган жүйө менен актоодон тартып, Иракты одоно калптын калкалоосунда кыйратууга чейин, андан соң «боштондук» деген беткаптын артында Афганистанды жыйырма жыл бою ырайымсыз басып алуусу — мунун баары анын баскынчылык саясатын айкын көрсөтүп турат. Исламды толук кандуу колдончу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети гана өз жарандары болгон мусулмандар менен христиандардын коопсуздугун тең кепилдеп, алардын ортосунда чыр-чатакты козутууну көздөгөн тышкы кийлигишүүлөрдөн коргой алат.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَاءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِم بِالْمَوَدَّةِ وَقَدْ كَفَرُوا بِمَا جَاءَكُم مِّنَ الْحَقِّ﴾

«Эй момундар, Менин да душманым жана силердин да душманыңар (болгон мушриктер)ди дос тутпагыла! Силер аларга достук (тууралу кат-кабар) жибересиңер, акыйкатта алар силерге келген Чыныгы (дин жана Куран)га каапыр болушкан!». (Мумтахана: 1).

Салим Мухаммад

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button