Роя гезити

Азербайжан режиминин жоолукка каршы согушу анын кыйрашын жакындаткан учкун болот!

Азербайжан режиминин жоолукка каршы согушу анын кыйрашын жакындаткан учкун болот!

Азербайжандын Министрлер кабинети өткөн жылдын 21-сентябрында чыгарган №309 токтомунун негизинде мектеп формасынын бирдиктүүлүгүн бузган же жалпы билим берүүнүн светтик принцибине карама-каршы келген кошумча кийимдерди кийүүгө тыюу салды.

Ислам өлкөлөрүнүн азыркы тарыхына көз чаптырганда, билим берүү мекемелери үммөттүн өздүгү менен мамлекеттик аппараттын иш-аракеттеринин ортосундагы күрөштүн эң курч майдандарынын бири болуп келгени көрүнөт. Илим-билим алуунун, тарбия берүүнүн жана келечекти куруунун орду болууга тийиш болгон мектептер, тилекке каршы, узак жылдар бою батыш үлгүсүндөгү светтик жашоо образын таңуулоонун, социалдык тармакты долбоорлоо аркылуу коомду өзгөртүүгө багытталган максаттарды жана исламий символдорду жок кылууга багытталган аракеттерди ишке ашыруу майданына айланды. Бул мажбурлоонун эң ачык көрүнгөн, эң оор жана эң символикалуу түрү, шексиз, жоолук кийген окуучу кыздар менен мугалим аялдарды мектептин эшигинен кайтарып, алардын билим алуу жана сабак берүү укугун күч менен тартып алуу болду.

Бул жараянда мектептердин дарбазалары алдында болгон көрүнүштөр адамзат тарыхындагы эч качан унутулгус эң чоң трагедиялардын катарынан орун алды. Анткени таң эрте окуу китептерин көтөрүп, класстарына кирүүнү каалап мектепке жөнөгөн жаш кыздар мектептин эшигинин алдында полициянын тосмолоруна жана кемсинтүүчү текшерүү пункттарына туш болушту. Алар же жоолугун чечип, өз ишенимдеринен жана уяттуулугунан баш тартууга, же болбосо билим алуу мүмкүнчүлүгү менен коштошууга мажбурланышты. Ушундай эле кысым өмүрүн билим берүүгө жана окуучуларына жол көрсөтүүгө арнаган мугалим аялдарга да жасалды. Чындыгында, кесибинен бошотулган, сүргүнгө айдалган, кызматтан кетүүгө мажбурланган же дисциплинардык териштирүүлөрдүн айынан жашоосу караңгылыкка айланган миңдеген мугалим аялдар өз ишенимдери менен кесибинин ортосундагы оор тандоону жасоого мажбур болушту.

Ислам үммөтү өзүнүн азыркы тарыхында башынан өткөргөн зулумдук жана репрессиялык абал унчукпай кабыл алынган жок. Тескерисинче, ал коомдогу чоң каршылык көрсөтүү кыймылына жана адилеттүүлүккө умтулууга түрткү болду. Анткени үммөт мектептердин алдында баштаган демонстрациялар, нааразылык акциялары, укуктук күрөштөр жана массалык чогулуштар бул тыюу жөн гана баштан чечилген бир кездемеге эмес, түздөн-түз үммөттүн бар болушуна жана анын акыйдасына байланыштуу экенин далилдеди. Чындыгында, үй-бүлөлүк сезимдеринен улам балдарынын жанында турган ата-энелер, ыймандуу интеллигенттер жана сезимдери тирүү болгон калың эл бул зулумдукка каршы дайыма үнүн көтөрүп келишти. Ал эми бул жараян жеткен натыйжага келсек, акыйкат менен батылдын ортосундагы күрөш ачыкка чыкты. Анткени көп жылдар бою уланып келген бул катаал жана душмандык тыюулар коомдун түпкүрүнөн исламий өздүктү сууруп чыгара алган жок жана жоолукту да унуттура алган жок.

Ислам үммөтүнүн ар-намыстуу аялдарынын жоолугуна каршы кол салуулардын бул тарыхый тизмегинин акыркы шакеги Азербайжанда пайда болду. Азербайжан режиминин жоолукка, башкача айтканда, Исламга болгон душмандыгы жаңы көрүнүш эмес. Анткени бул режим Советтер Союзу жана Америка сыяктуу Исламга душман болгон батыштык колонизатор мамлекеттердин саясатынын алкагында Исламга жана анын көрүнүштөрүнө каршы багытталган согушту көп жылдар бою өз саясатынын бир бөлүгүнө айландырып келген. Исламга жана мусулмандарга душмандык кылууда, ошондой эле кафирлерди дос жана колдоочу тутууда чек билбеген Алиев режими 2010–2011-жылдары да жоолукка толук тыюу салууга аракет кылган эле. Бирок бул чечим өлкөнүн бардык аймактарында катуу нааразылыктарды жана массалык каршылык акцияларын жараткандыктан, ошол мезгилде убактылуу коомчулуктун көңүл чордонунан чыгарылган болчу. Бирок бул светтик режим Ислам үммөтүнүн дагы эле тирүү экенин, анын өткөн мезгилде жоолук маселесинде башынан өткөргөн оор тажрыйбалары чоң сыноо жана эч качан унутулгус сабак болгонун, бул окуялар анын эсинде дагы эле күчтүү сакталып турганын же көрбөй жатат, же атайылап көз жумууда. Ошентип, ал жоолукка тыюу салуу маселесин кайрадан күн тартибине алып чыгып, бул боюнча чечим кабыл алды. Бирок бул чечимден кийин Азербайжандагы көптөгөн мугалим аялдар жана окуучу кыздар өздөрүнө таңууланган чектөөлөрдү өздөрүнө таандык жол менен бузуу үчүн төмөнкү ураанды көтөрүп чыгышты:

«Эгер мектептер биз үчүн жабылса, анда аянттар биздики!»

Ошондой эле пикирий жана саясий жаатта активисттер менен бул чечимге каршы чыккандар социалдык платформалар аркылуу катаал светтик багыттарга катуу чабуул жасашты. Алар Азербайжанда жоолукка каршы жүргүзүлүп жаткан кысым кампаниясы светтик улутчулдукту ишке ашыруудагы терең кемчиликти ашкерелеп жатканын белгилешти. Атүгүл нааразылык гезиттер менен социалдык тармактардын чегинде гана калган жок. 3-октябрда Стамбулдагы Азербайжан консулдугунун алдында нааразылык акциясы уюштурулду. Ага катышкандар түрк жана азербайжан тилдеринде жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Алардын эң көрүнүктүүлөрү: «Азербайжанда хижабга тыюу салууга жол жок!», «28-февралдын Азербайжанга келишине жол бербегиле!», «Хижаб — муслима аялдын өздүгү!», «Бул катаңардан кайткыла!» деген ураандар болду.

Ислам үммөтүнүн мындай реакциясына таң калган Алиев режими бардык тагуттук режимдер сыяктуу эле коркутуу жана үркүтүү ыкмаларына өттү. Атүгүл Башкы прокуратура Алиев режимин сындаган билдирүүлөрдү жарыялаган адамдарга каршы тергөө иштерин баштоо максатында светтикти кабыл алууда Азербайжандан айырмаланбаган Түркиядан эл аралык сотто жардам сураганын жарыялады. Бирок залим Азербайжан режими жана анын башында турган куурчак башкаруучулар жакшы билип алышсын: светтиктин жактоочулары жана Исламдын душмандары канчалык зулумдук кылып, фараондук текебердикке берилсе, ошончолук кулатылып, тактыларынын пайдубалына от коюлат. Аллахтын уруксаты менен силер да жоолугуна кол салып, көз жашын көл кылып таштап кеткен ошол кичинекей кыздын көз жашына чөгөсүңөр. Өз көзүңөр менен көргөн башка светтик режимдер сыяктуу эле тереңдикке кулайсыңар. Мындай таңдын атышын убакыт маселеси гана болуп калган экинчи рошид Халифалык мамлекети ишке ашырат. Ошентип, жеңиш зулумдукка каршы туруп, ыйманын жана ар-намысын сактаган, Раббисине болгон берилгендигин бардык дүнүйөлүк кызыкчылыктардан жогору койгон кадыр-барктуу муундун үлүшүнө берилет.

Аллах Таала айтат:

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Али алар «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). Балким жакында болоор», деп айткын!» (Исра: 51).

Роя гезити

Рамазан Тусун

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button