Аллахтын «арканын» бекем кармануу түшүнүгү

Аллахтын «арканын» бекем кармануу түшүнүгү
Айман Салах – Палестина
Көптөгөн хатибдер жана адамдар биримдикке чакырганда, тайпачылыктан баш тартууга үндөгөндө, бири-бири менен жаңжалдашкан тараптарды жараштыруу үчүн өткөрүлгөн жыйындарда жана башка учурларда Аллах Тааланын ушул сөзүн далил катары келтиришет:
﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلا تَفَرَّقُوا﴾
«Баарыңар Аллахтын арканын (бекем) кармагыла жана бөлүнбөгүлө!». (Али Имран: 103). Бул аятты далил катары келтирүү анын мааниси жагынан туура. Бирок алар көбүнчө анын маанисин түшүнүшпөйт. Алар «бекем кармануу» (иътисам) дегенди биригүү жана бөлүнбөө деп ойлошот. Ката мына ушунда. Анткени аят бекем карманууга (وَاعْتَصِمُوا) буйруп, бөлүнүүдөн (وَلا تَفَرَّقُوا) кайтарат. Аллахтын арканын бекем кармоого болгон буйрук – көптөгөн жакшылыктарды өз ичине камтыган улуу буйрук. Ал эми биригүү жана бөлүнбөө анын бир бөлүгү гана. Муну түшүндүрүү үчүн «иътисам» сөзүнүн маанисин ачып берүү жана мусулмандар кандай абалда болушу керектигин көрсөткөн Аллахтын арканын бекем кармоонун амалий көрүнүшүн баяндоо зарыл.
«Исмат» (الْعِصْمَةُ) – сактоо жана коргоо маанисиндеги «манъа» (الْمَنْعَةُ) дегенди билдирет. Ал эми «иътисам» – жамандыктан коргонуу же жамандыктан сакталган жана корголгон абалда болуу дегенди билдирет. Аллах Таала айтат:
﴿وَاللَّهُ يَعْصِمُكَ مِنَ النَّاسِ﴾
«Аллах сени адамдардан (алардын зыянынан) сактайт». (Маида: 67). Башкача айтканда, Аллах сени душмандарыңдан коргойт, сактайт жана калкалайт. Ошондуктан коркпо жана кайгырба, анткени алардын эч бири сага зыян жеткире албайт.
Ошондой эле Аллах Таала айтат:
﴿قُلْ مَنْ ذَا الَّذِي يَعْصِمُكُمْ مِنَ اللَّهِ إِنْ أَرَادَ بِكُمْ سُوءًا أَوْ أَرَادَ بِكُمْ رَحْمَةً﴾
«Айткын: «Эгер Аллах силерге жамандыкты кааласа, кайсы киши силерди андан сактай алат, же Ал силерге мээримди кааласа (ким аны тосо алат?!)» (Ахзаб: 17).
Дагы бир аятта Аллах Таала айтат:
﴿قَالَ سَآوِي إِلَى جَبَلٍ يَعْصِمُنِي مِنَ الْمَاءِ قَالَ لا عَاصِمَ الْيَوْمَ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ إِلا مَنْ رَحِمَ﴾
«Ал (уулу): «Мен өзүмдү суудан сактай турган бирер тоонун үстүнө чыгып кетемин», – деди. (Анда Нух) айтты: «Бүгүн Аллахтын амиринен сактоочу жок, бирок Өзү ырайым кылган адамдарды гана (сактайт)». (Худ: 43).
Бул жердеги «يَعْصِمُنِي» сөзү «мени сактайт» дегенди билдирет. Бул сөз Аллахтын пайгамбары Нух алайхиссаламдын уулунун оозунан айтылган. Ал тоого баш калкаласа, топон суудан коргонуп, зыян тартпайм деп ойлогон. Бирок Нух алайхиссалам ага: ﴿لا عَاصِمَ الْيَوْمَ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ﴾ – «Бүгүн Аллахтын амиринен сактоочу жок, бирок Өзү ырайым кылган адамдарды гана (сактайт)», – деп жооп берген. Башкача айтканда, бүгүн Аллахтын тагдыр кылган буйругунан эч ким коргой албайт. Ал буйрук – Нух менен бирге ыйман келтирип кемеге түшпөгөндөрдүн баарын сууга чөктүрүп, жок кылуу эле.
Ушул эле мааниге пайгамбарлардын исматы (күнөөдөн корголгондугу) түшүнүгү да кирет. Бул пайгамбарлар күнөө кылууга кудурети жетип турса да, Аллах аларга күнөө кылуудан жана ага ыктоодон тосуп турган илахий касиет берген дегенди билдирет. Демек, бул Аллах Тааланын Өз пайгамбарларын жана элчилерин чоң күнөөлөргө жана башка күнөөлөргө батуудан, ошондой эле вахийди жеткирүүдө ката кетирүүдөн сактоосу. Мунун натыйжасында алардын далили кемчиликсиз, даъваты таза болот.
Демек, “исмат” сактоо жана коргоо дегенди билдирет. Аллах Тааланын ﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ﴾ – «Аллахтын арканын (бекем) кармагыла» деген сөзүндө Аллах Субханаху ва Таала момундарга Анын арканын алар корккон жамандыктардан жана коркунучтардан коргоочу каражат кылып алууну буюрууда. Момундардын башына түшүшү мүмкүн болгон жамандыктар жана коркунучтар көп. Алардын катарына кафирлердин кол салуусу, мусулмандардын канын төгүүнү жана өлкөлөрүн басып алууну адал деп эсептөөсү, мусулмандарды ыдыраткан ички фитналар жана келишпестиктер, аларды куфрга жана адашууга алып баруучу батыл пикирлер менен акыйдалардын кирип келиши, ошондой эле кафирлердин адаттары, жүрүм-турумдары жана жашоо образдары мусулман коомуна кирип, натыйжада алардын балдары менен аялдары бузулуп, үй-бүлөлөрү ыдырашы кирет.
Аллах Тааланын ﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ﴾ – «Аллахтын арканын (бекем) кармагыла» деген сөзү ыймандан кийин куфрга түшүп калуудан эскертилгенден кийин келген. Анткени бул аяттан мурунку аяттарда ыймандан кийин куфрга түшүп калуудан эскертилген. Аллах Таала андан мурун мындай деген:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تُطِيعُوا فَرِيقًا مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ يَرُدُّوكُمْ بَعْدَ إِيمَانِكُمْ كَافِرِينَ * وَكَيْفَ تَكْفُرُونَ وَأَنْتُمْ تُتْلَى عَلَيْكُمْ آيَاتُ اللَّهِ وَفِيكُمْ رَسُولُهُ وَمَنْ يَعْتَصِمْ بِاللَّهِ فَقَدْ هُدِيَ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ * يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ حَقَّ تُقَاتِهِ وَلا تَمُوتُنَّ إِلا وَأَنْتُمْ مُسْلِمُونَ * وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلا تَفَرَّقُوا﴾
«Эй момундар, эгер Китеп берилген кишилердин кээ бир топторуна моюн сунсаңар, алар силерди ыйманга киргениңерден кийин кайра дагы куфрга кайтарат. Аллахтын аяттары силерге окуп берилип, Анын пайгамбары араңарда болгон бир убакта кандай кылып динден кайтасыңар?! Ким Аллахка байланса (Анын динин бекем кармаса) анда айдан ачык Туура Жолго хидаят кылыныптыр. Эй момундар, Аллахтан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болгон абалыңарда гана (бул) дүйнөдөн өткүлө! Баарыңар Аллахтын арканын (бекем) кармагыла жана бөлүнбөгүлө!» (Али Имран: 100–103).
Биринчи аятта Аллах Субханаху ва Таала момундарды ахли китептин кайсы бир тобуна баш ийүүдөн кайтарып, аларга баш ийүү куфрга алып барарын баяндаган.
Экинчи аятта Аллах момундардын ахли китептен мыйзамдарды алуу аркылуу кайра куфрга кайтуусун аларга ылайыксыз иш катары көрсөтөт. Анткени аларга окулуп жаткан Аллахтын Китебинде хидаят жана нур бар. Ошондой эле алардын арасында Аллахтын Элчиси бар. Алар ага кайрылып, пайда болгон ар кандай инсаний маселени чече алышат. Бул аятта ким Аллахты бекем карманса, башкача айтканда, Аллах аркылуу коргонсо, ал туура жолдо болору баяндалган.
Үчүнчү аят аларга өлүм күнөө үстүндө же кафирлерге баш ийүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон куфр абалында келбеши үчүн, аларды Аллахтан коркууга үндөйт.
Андан соң “иътисам” аяты келип, коомду жана үммөттү бул жамандыктардан коргой турган амалий көрүнүштү баяндап берет. Бул амалий көрүнүш эки нерсени камтый турганы көрсөтүлгөн: биринчиси – Аллах Субханаху ва Тааланын арканын бекем кармануу, экинчиси – алардын баары бирге, башкача айтканда, жамаат болушу.
Анда аларды коргой турган Аллахтын арканы деген эмне? Ошондой эле аларды коргой турган «баары бирге» же «жамаат» деген эмнени билдирет?
«Хабл» (аркан, жип) – бир нече мааниге ээ болгон муштарак сөз. Анын айрым маанилери сезүү органдары менен кабыл алынуучу, ал эми айрымдары сезүү органдары менен кабыл алынбай турган маанилер. Бул сөздүн тилдеги түпкү мааниси – максатка жана муктаждыкка жеткирүүчү себеп.
Арабдар «хабл» сөзүн сезүү органдары менен кабыл алынуучу маанилерде да колдонушат. Мисалы, байлоо үчүн колдонулган жип же бир нерсени байлоо же жетелөө үчүн өсүмдүк талчаларынан жана ушул сыяктуу нерселерден эшилген аркан. Ошондой эле «хабл ал-атик» – моюн менен ийиндин ортосундагы тарамышты, «хабл ал-варид» – күрөө тамырды жана «хабл аз-зираъ» – билектеги тарамышты билдирет.
Ошондой эле арабдар «хабл» сөзүн сезүү органдары менен кабыл алынбай турган маанилерде да колдонушат. Алардын бири – «ахд» (келишим, убада). Аллах Тааланын ушул сөзүндө да ошондой мааниде келген:
﴿ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوا إِلا بِحَبْلٍ مِنَ اللَّهِ وَحَبْلٍ مِنَ النَّاسِ﴾
“Эгер алар Аллахтын жана адамдардын (мусулмандардын) коргоосунда (коргоо тууралуу келишимде) болушпаса, албетте аларга каерде болушпасын, кор-зарлык жазылып коюлду. Алар Аллахтын каар-азабы менен кетишти жана аларга бечаралык жазылып коюлду”. (Али Имран: 112)
Башкача айтканда, бул жерде «хабл» сөзү келишим жана коргоо кепилдиги деген мааниде колдонулган.
Акаба байъатында ансарлар тууралуу келген хадисте да:
إن بيننا وبين الرجال حبالاً، وإنا قاطعوها
«Чындыгында, биз менен ал кишилердин ортосунда хибал (байланыштар) бар жана биз аларды үзөбүз», – деп айтылган. Бул жердеги «хибал» сөзү келишимдерди жана убадаларды билдирет.
Бул аяттагы «Аллахтын арканы» – Аллахтын ахды (келишими) же Куран Карим. Аллахтын ахды – Аллах Субханаху ва Таала ушул сөзүндө аткарууга буюрган келишим:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَوْفُواْ بِالْعُقُودِ﴾
«Эй момундар, келишимдерге бапаа кылгыла (аткаргыла)». (Маида: 1).
Бул жердеги «келишимдер» – Аллах Өз пенделери менен түзгөн жана аларга аткарууну милдеттүү кылган келишимдер. «Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад Аллахтын Элчиси» деп күбөлүк берген ар бир мусулман Аллахтын ахдын кабыл алган жана бул келишимди аткарууну өзүнө милдеттендирген болот. Бул келишимдин талабы – Аллах Өз Китебинде жана Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтүндө түшүргөн шаръий өкүмдөрдү колдонуу.
Айрым муфассирлер ﴿بِحَبْلِ اللَّهِ﴾ “Аллахтын арканы” деген сөздөн Куран көздөлгөнүн айтышкан. Анткени бир нече хадисте Куранга карата «Аллахтын арканы» деген сөз колдонулган. Алардын бири – Тирмизи Харис ал-Аъвар аркылуу Алиден риваят кылган, Пайгамбарга ﷺ нисбат кылынган Курандын сыпаты жөнүндөгү хадис:
«هُوَ حَبْلُ اللهِ الْمتِينُ، وَصِرَاطُهُ المُسْتَقِيم»
«Ал Аллахтын бекем арканы жана Анын туура жолу».
Абдуллах ибн Масъуддан (розияллаху анху) риваят кылынат. Ал айтты: Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«إنَّ هذا القرآنَ مأدبةُ اللهِ فاقبَلوا مأدُبتَه ما استطعتَم، إنَّ هذا القرآنَ حبلُ اللهِ والنُّورُ المبينُ، والشِّفاءُ النَّافعُ، عصمةٌ لمن تمسَّك به، ونجاةٌ لمن اتَّبعه، لا يزيغُ فيُسْتَعْتَبُ، ولا يَعوَجُّ فيُقوَّمُ، ولا تنقضي عجائبُه، ولا يَخلَقُ من كثرةِ الرَّدِّ»
«Чындыгында, бул Куран – Аллахтын дасторкону. Андыктан мүмкүнчүлүгүңөр жетишинче Анын дасторконун кабыл алгыла. Чындыгында, бул Куран – Аллахтын арканы, ачык-айкын нур жана пайдалуу шыфаа. Аны бекем карманган адам үчүн коргоо, аны ээрчиген адам үчүн кутулуу. Ал туура жолдон тайбайт, ошондуктан аны кайра туура жолго салуунун зарылдыгы жок. Ал кыйшайбайт, ошондуктан аны түздөөнүн зарылдыгы жок. Анын кереметтери түгөнбөйт жана көп кайталануудан эскирбейт».
Бул хадисти Хаким «Ал-Мустадрак алас-Сахихайн» китебинде, Байхакий «Шуаб ал-Иман» китебинде риваят кылган. Мунзирий «Ат-Таргиб ват-Тархиб» китебинде бул хадисти сахих деп айткан.
Жыйынтыктап айтканда, «Аллахтын арканы» кайсы мааниде түшүндүрүлбөсүн, ал бекем аркан болуп, туура жол болгон Аллахтын Китебин бекем карманууну талап кылат.
Аллахтын арканын бекем кармоо – мусулман Аллахтын ахдына жана Китебине баш калкалоосу дегенди билдирет. Анткени дал ошол аны фитналарга жана адашууга түшүп калуудан сактап, коргойт. Аллах Субханаху ва Тааланын Китебин бекем кармануу – жеке адамга тиешелүү шаръий өкүмдөрдү, коомго тиешелүү өкүмдөрдү жана мамлекетке тиешелүү өкүмдөрдү колдонуу дегенди билдирет. Мына ошондо Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби фитналардан жана жамандыктардан сактоочу жана коргоочу болот. Ал жеке адамды куфр, адашуу жана бидъат фитналарынан коргойт, үммөттү жана мамлекетти бутага алган ар кандай коркунучтардан үммөттү коргойт, ошондой эле коомду куфр коомдорунда өкүм сүргөн бузуку жана жат жүрүм-турум үлгүлөрүнүн кирип келишинен сактайт.
Аятта мындай бекем кармануу ишке ашып, жамандыктардан коргонуу үчүн Ислам үммөтүндө болушу керек болгон амалий көрүнүш баяндалган. Алардын баары биргеликте, башкача айтканда, жамаат болушу баяндалган. Бул болсо «жамаат» сөзүнүн маанисин изилдөөгө алып барат. Бул ушул изилдөөнүн экинчи маселеси.
Аллах Тааланын ﴿جَمِيعًا وَلا تَفَرَّقُوا﴾ «Баарыңар… жана бөлүнбөгүлө!» деген сөзү ар кандай жамандыктан, фитнадан жана кол салуудан коргонууга жетише турган үммөттүн амалий көрүнүшүн баяндайт. Анткени «جَمِيعًا» сөзү бириккен жамаат дегенди билдирет. Мунун мааниси – «Аны бекем карманууда бириккен абалда болгула» деген сөз.
Жамаат – биримдик жана бөлүнбөстүк абалын билдирет. «جَمِيعًا» сөзүнүн өзү эле бирдиктүү жамаатты билдирүүгө жетиштүү болгонуна карабастан, аятта ﴿وَلا تَفَرَّقُوا﴾ «бөлүнбөгүлө» деп, бөлүнүүдөн кайтаруу аркылуу бул маани дагы бекемделген.
Ошентип, бул аят момундарга Аллах Тааланын ахдынын жана Китебинин негизинде бириккен жамаат бөлүнүү жана бытырандылыктын жамандыктары менен коркунучтарынан сактоочу жана коргоочу болушун буйруган. Анткени бөлүнүү аларга ар кандай фитна менен жамандыкты алып келет жана душмандарды аларга кол салууга шыктандырат.
Аллах Субханаху ва Таала момундарды ынтымакка жана биригүүгө буюруп, бөлүнүүдөн кайтарган. Анткени бөлүнүү – кыйроо, ал эми жамаат – кутулуу. Бул тууралуу бир нече набавий хадистер келген.
Алардын бири Нуъман ибн Баширден риваят кылынган хадис. Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«الجماعةُ رَحمةٌ والفُرقةُ عذابٌ»
«Жамаат – ырайым, бөлүнүү болсо – азап». (Ахмад, Табароний жана Байхакий риваят кылган).
Умардан (розияллаху анху) риваят кылынат. Ал айтты: Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«من أرادَ بَحبوحةَ الجنَّةِ فعليهِ بالجماعةِ»
«Ким Бейиштин төрүндө болууну кааласа, жамаатты бекем кармансын». (Тирмизи, Ахмад жана Насаи риваят кылган).
Аллах Тааланын Китебинде жана Пайгамбарынынﷺ Сүннөтүндө ар кандай жамандыктан коргонууга жетише турган жамааттын көрүнүшүнө байланыштуу шаръий маселелерди кеңири баяндаган далилдер келген. Алардын кыскача мазмуну мындай: «Жамаат» – башында мусулмандарды Ислам өкүмдөрү менен башкарган, үммөт ага байъат берген жана ага баш ийүү важиб болгон бир имам же бир аким турган үммөт же үммөттүн бир бөлүгү.
Демек, «жамаат» термини мамлекетке жана анын жетекчилигине тиешелүү саясий термин. Бул терминдин сахих хадистерде баяндалган шаръий мааниси бар. Ал хадистерде имам же халифа жок болсо, жамаат да болбой турганы баяндалган. Эгер үммөт бир халифага байъат берсе, анда «жамаат» пайда болгон болот. Ал эми үммөт имамга же халифага байъат бербеген учурда жамаат болбойт жана бөлүнүү өкүм сүрөт.
Ошентип, «жамаат» сөзү шаръий мааниге, башкача айтканда, шаръий хакикатка ээ болгон. Ошондуктан шаръий нусустарда «жамаат» сөзү «أل» ахд аныктык артикли менен келгенде же мусулмандарга байланыштырылып («мусулмандардын жамааты», «момундардын жамааты» же «силердин жамаатыңар» деген формада) колдонулганда, ал жөн гана сөздүк маанини эмес, шаръий хакикатты билдирет.
Төмөндө жамаатка буюрган же анын сыпаттарын баяндаган эң маанилүү хадистерди келтиребиз. Алар аркылуу «жамаат» термининин шаръий мааниси айкын болот.
Фадала ибн Убайддан риваят кылынат. Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«ثَلاثةٌ لا تَسألْ عنهُم: رَجُلٌ فارَقَ الجَماعةَ، وعَصى إمامَه، وماتَ عاصيًا»
«Үч адам жөнүндө сураба: жамааттан бөлүнгөн, имамына баш ийбеген жана баш ийбеген абалда өлгөн адам…»
(Ахмад сахих иснад менен риваят кылган жана хадистин сөздөрү ага таандык. Ошондой эле Баззар жана Ибн Хиббан риваят кылышкан).
Абу Хурайрадан (розияллаху анху) риваят кылынат. Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«مَن خَرَجَ مِنَ الطَّاعةِ وفارَقَ الجَماعةَ فماتَ، ماتَ مِيتةً جاهِليَّةً»
«Ким баш ийүүдөн чыгып, жамааттан бөлүнүп, ошол абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлгөн болот». (Муслим, Насаи, Ибн Мажа жана Ахмад риваят кылышкан).
Бул эки хадистеги далил – Расулуллах ﷺ имамга баш ийбеген жана анын итаатынан чыккан адамды жамааттан бөлүнгөн адам деп эсептеген. Башкача айтканда, «жамаат» – баш ийүү важиб болгон башында имам турган үммөт же үммөттүн бир бөлүгү.
Ал эми баш ийүү келсек, шарият өкүмдөрүн колдонгон имамга же халифага гана баш ийүү важиб болот. Эгер Исламды колдонбогон аким болсо, анда ал башынан эле имам болуп эсептелбейт. Демек, мындай учурда жамаат да болбойт. Анткени имамдык же халифалык – дүйнөдө бардык мусулмандарга жалпы жетекчилик кылуу, өлкө ичинде шарият өкүмдөрүн орнотуу жана тышкы дүйнөгө Ислам даъватын алып чыгуу.
Аалымдар биринчи болуп байъат алган имам же халифа башында турган өлкөлөрдү «Дарул-адл» (адилеттик өлкөсү) деп аташкан. Ал эми шаръий имамдын бийлигине баш ийбеген өлкөлөрдү, алардын башчысы Исламды колдонгон күндө да, «Дарул-багый» (баш көтөрүүчүлөр өлкөсү) деп аташкан. Андай болсо, баш көтөрүүчүлөрдүн башчысы куфр өкүмдөрүн жана куфр түзүмдөрүн колдонуп жатса, абал кандай болот?!
Хузайфа ибн Яман (розияллаху анху) Пайгамбарданﷺ жамандыктар жана фитналар жөнүндө сураган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«دعاةٌ إلى أبوابِ جَهَنَّمَ، مَن أجابَهم إليها قَذَفوه فيها، قُلتُ: يا رَسولَ اللهِ، صِفْهُم لَنا؟ فقال: هُم مِن جِلدَتِنا، ويَتَكَلَّمونَ بألسِنَتِنا، قُلتُ: فما تَأمُرُني إن أدرَكَني ذلك؟ قال: تَلزَمُ جَماعةَ المُسلِمينَ وإمامَهم، قُلتُ: فإن لَم يَكُنْ لهم جَماعةٌ ولا إمامٌ؟ قال: فاعتَزِلْ تلك الفِرَقَ كُلَّها، ولو أن تَعَضَّ بأصلِ شَجَرةٍ، حتَّى يُدرِكَكَ المَوتُ وأنتَ على ذلك»
«Тозоктун эшиктерине чакыруучулар болот. Ким алардын чакырыгына жооп берсе, аны Тозокко ыргытышат». Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Аларды бизге сыпаттап бериңиз», – дедим. Ал ﷺ: «Алар өзүбүздүн арабыздан болушат жана биздин тилибизде сүйлөшөт», – деди. Мен: «Эгер ошол учурга туш болсом, мага эмне кылууну буюрасыз?» – дедим. Ал ﷺ: «Мусулмандардын жамаатын жана алардын имамын бекем карман», – деди. Мен: «Эгер алардын жамааты да, имамы да болбосочу?» – дедим. Ал ﷺ: «Анда ошол фиркалардын баарынан оолак бол. Дарактын тамырын тиштеп кармап турууга туура келсе да, өлүм сага ошол абалда келгенге чейин ушундай кыл», – деди. (Бухарий жана Муслим риваят кылышкан).
Бул хадис мусулмандардын жамаатын жана алардын имамын бекем карманууну буюрат. Демек, хадисте жамаат имам менен байланыштырылган. Андан соң Хузайфа мусулмандардын жамааты жок болгон абал, башкача айтканда, имам жок болгон учур жөнүндө: «Эгер алардын жамааты да, имамы да болбосочу?» – деп сураган.
Хузайфанын бул суроосу сахабалар мусулмандардын башында бир имам болбосо, алар жамаат болуп эсептелбей турганын түшүнүшкөнүн көрсөтөт. Анткени мындай учурда мусулмандар бир нече мамлекетке бөлүнгөн абалда болушат. Ал эми эң чоң фитна – бул мамлекеттерди Тозоктун эшиктерине чакыруучулар, башкача айтканда, Исламды колдонбостон, куфр өкүмдөрүн колдонгон жана өздөрүнүн маалымат каражаттары менен мекемелерин мусулман өлкөлөрүндө куфр сакафатын жайылтууга жана үгүттөөгө пайдаланган акимдердин башкарышы. Мындай учурда алардын эч бирине «жамаат» түшүнүгү туура келбейт.
Сахабалардын (розияллаху анхум) түшүнүгүндө «жамаат» үммөт имамдын же халифанын айланасында бириккенде гана пайда болот. Ибн Касир өзүнүн тарых китебинде Амр ибн Хурайс бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бири болгон Саид ибн Зайддан (розияллаху анху) сураганын келтирген. Ал андан: «Сен Расулуллахтын ﷺ дүйнөдөн кайткан учуруна күбө болдуң беле?» – деп сурады. Ал: «Ооба», – деди. Андан соң: «Абу Бакрга качан байъат берилген?» – деп сурады. Саид: «Расулуллахﷺ дүйнөдөн кайткан күнү. Мусулмандар бир күндүн бир бөлүгүндө болсо да жамаатсыз калууну каалашкан эмес», – деп жооп берди.
Мунун мааниси – сахаба Саид ибн Зайд үммөт имамга байъат бергенден кийин гана жамаат болот деп эсептеген.
Муну Умар ибн Хаттаб (розияллаху анху) да тастыктаган. Тамим ад-Дарийден (розияллаху анху) риваят кылынат. Ал мындай деген:
Умардын (розияллаху анху) доорунда адамдар имараттарды бийик кылып кура башташкан. Ошондо Умар мындай деген:
«يا مَعْشَرَ الْعُرَيْبِ، الْأَرْضَ الْأَرْضَ، إِنَّهُ لَا إِسْلَامَ إِلَّا بِجَمَاعَةٍ، وَلَا جَمَاعَةَ إِلَّا بِإِمَارَةٍ، وَلَا إِمَارَةَ إِلَّا بِطَاعَةٍ»
«Эй, арабдар жамааты! Жерди, жерди кармангыла! Чындыгында, жамаатсыз Ислам болбойт, амирликсиз жамаат болбойт, ал эми итаатсыз амирлик болбойт». (Даримий риваят кылган).
Биринчи хижрий кылымда мусулмандар ушул түшүнүк боюнча бир пикирде болушканын көрсөткөн дагы бир далил – мусулмандар хижрий 41-жылды «Жамаат жылы» деп аташкан. Анткени ошол жылы Хасан ибн Али (розияллаху анхума) Халифалыкты Муавия ибн Абу Суфянга өткөрүп берген. Натыйжада мусулмандар Муавиянын айланасында биригип, алардын бир гана халифасы калган. Ал эми ага чейин алардын эки халифасы болгондуктан, баары бир жамаат болуп эсептелген эмес.
Аллах Абдуллах ибн Мубаракты ырайымына алсын! Ал табииндердин жолун жолдогондордон болуп, өз доорунун аалымы жана ошол мезгилдеги таквалардын башчысы болгон. Ал мындай деген:
«إنّ الجماعَةَ حَبْلُ اللهِ فَاعْتَصِمُوا … مِنْهُ بِعُرْوَتِهِ الوُثْقَى لِمَن دَانَا
كَمْ يَدْفَعُ اللهُ بِالسلطَانِ مُعْضِلَةً … في ديننا رحمَةً مِنْهُ وَدُنْيَانَا
لَولَا الخلافةُ لَمْ تَأْمَنْ لَنَا سُبُلٌ … وكانَ أَضْعَفُنَا نَهْبًا لِأَقْوَانَا»
«Чындыгында, жамаат – Аллахтын арканы, андыктан аны бекем кармангыла, ага жакындаган ар бир адам анын эң бекем туткасынан кармансын.
Аллах бийлик аркылуу динибизде жана дүйнөбүздө канчалаган оор маселелерди четтетет, бул Анын бизге болгон ырайымы.
Эгер халифалык болбогондо, жолдорубуз коопсуз болмок эмес, арабыздагы алсыздарыбыз күчтүүлөрүбүздүн талап-тоноосуна дуушар болмок».
Ошентип, Аллах Тааланын ﴿وَلا تَفَرَّقُوا﴾ «бөлүнбөгүлө» деген сөзүндө тыюу салган жана айыптаган бөлүнүү т.а. үммөттүн бир нече түзүлүшкө жана мамлекетке бөлүнүшү түшүнүлөт. Бул маани имамдардын көп болушун харам кылган жана мусулмандардын бирден ашык халифасы же бирден ашык акими болушунан кайтарган сахих хадистерде да бекемделген.
Абу Хурайрадан риваят кылынат. Расулуллах ﷺ мындай деген:
«إنَّ اللهَ يَرْضَى لَكُمْ ثَلاثًا، وَيَسْخَطُ لَكُمْ ثَلاثًا، يَرْضى لَكُمْ: أنْ تَعْبدُوهُ وَلا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا، وأنْ تَعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللهِ جَمِيعًا وَلا تَفَرَّقُوا، وأنْ تُنَاصِحُوا مَنْ وَلاهُ اللهُ أمْرَكُمْ؛ وَيَسْخَطُ لَكُمْ ثَلاثًا: قيلَ وَقَالَ، وَكَثْرَةَ السُّؤَالِ، وإِضَاعَةَ الْمَال».
«Чындыгында, Аллах силерден үч нерсеге ыраазы болот жана үч нерсеге ачууланат. Ал силердин Ага гана ибадат кылып, Ага эч нерсени шерик кылбашыңардан, баарыңар Аллахтын арканын бекем кармап, бөлүнбөшүңөрдөн жана Аллах силердин ишиңерге башчы кылган адамга калыс насаат кылышыңардан ыраазы болот. Жана үч нерсеге: ушакка, көп суроо берүүгө жана мал-мүлктү ысырап кылууга ачууланат». (Муслим риваят кылган).
Арфажа ибн Шурайхтан (розияллаху анху) риваят кылынат. Ал мындай деген: Мен Расулуллахтын ﷺ мындай дегенин уктум:
«مَن أتاكُمْ وأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ علَى رَجُلٍ واحِدٍ، يُرِيدُ أنْ يَشُقَّ عَصاكُمْ، أوْ يُفَرِّقَ جَماعَتَكُمْ، فاقْتُلُوهُ»
«Силердин ишиңер бир адамдын колу алдында бириккен кезде кимдир бирөө келип, биримдигиңерди бузууну же жамаатыңарды бөлүүнү кааласа, аны өлтүргүлө». (Муслим риваят кылган).
Бул хадистеги «وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ علَى رَجُلٍ واحِدٍ» «Силердин ишиңер бир адамдын колу алдында бириккен кезде» деген сөздүн мааниси – силер бир имамдын айланасында бириккен жана анын имамдыгына бир пикирде болгон жамаатсыңар дегенди билдирет. Демек, ким бул жамаатты бөлүүнү, үммөттүн биримдигин ажыратууну жана бузууну, ошондой эле үммөт үчүн бирден ашык имам болуусун кааласа, аны өлтүргүлө. Бул үммөттүн бирден ашык имамы, башкача айтканда, бирден ашык мамлекети болушун харам кылат.
Абдуллах ибн Амр ибн Астан (розияллаху анхума) риваят кылынат. Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«ومَنْ بَايَع إِمَامًا فَأَعْطَاه صَفْقَةَ يَدِهِ، وَثَمْرَةَ قلْبِهِ، فَلْيُطِعُه إِن اسْتَطَاع، فَإِن جَاء آخَرُ يُنَازِعُه فَاضْرِبُوا عُنُقَ الآخَرِ»
«Ким имамга байъат берип, ага колун сунуп, жүрөгүнүн ихласын арнаса, мүмкүнчүлүгү жетишинче ага баш ийсин. Эгер башка бирөө келип, аны менен бийлик талашса, ал экинчисинин мойнун чапкыла». (Муслим риваят кылган).
Бул хадистен биз Аллах бекем карманууну буюрган «жамааттын» маанисин түшүнөбүз. Ошондой эле жамаатты бекем кармануунун важиб экенин жана ким аны бузуп кирүүнү, андан бөлүнүп чыгууну же ага кол салууну кааласа, анын жазасы өлүм экенин түшүнөбүз. Анткени бир халифага халифалык акды түзүлгөндөн кийин башка бир адамга халифалык үчүн байъат берүү харам кылынат. Экинчи адам биринчисинен жакшыраак болгон күндө да, ага байъат берүү харам. Ошондуктан хадисте аны өлтүрүүгө буюрулган.
Бул хадисти Муслим кеңири түрдө риваят кылган. Анда хадистин башында жамаат жок болгон учурда пайда болушу мүмкүн болгон фитналар, сыноолор жана мункар иштер айтылган. Андан соң халифага берилген байъатка бапаа кылуу жана баш ийүү буюрулган.
Абдуллах ибн Амр (розияллаху) анхума мындай деген: «Биз Расулуллах ﷺ менен бирге сапарда элек. Бир жерге келип токтодук. Арабыздан кээ бирөөлөр чатырларын оңдоп жатышты, кээ бирөөлөр жаа атуу боюнча машыгып жатышты, дагы башкалары малдарын карап жүрүштү. Ошол учурда Расулуллахтын ﷺ жарчысы: “Жамаат намазына чогулгула!” – деп жар салды».
Ошондо биз Расулуллахтын ﷺ жанына чогулдук. Ал ﷺ мындай деди:
«إِنَّه لَمْ يَكُن نبي قبْلِي إِلاَّ كَان حَقًّا عليه أَنْ يَدُلَّ أُمَّتَه عَلَى خَيرِ مَا يَعْلَمُهُ لَهُم، ويُنذِرَهُم شّرَّ ما يعلمه لهم، وإِنَّ أُمَّتكم هذه جَعَل عَافِيَتَهَا في أوَّلِها، وَسَيُصِيبُ آخِرَهَا بَلاَءٌ وأُمُورٌ تُنكِرُونَهَا، وتَجِيءُ فِتنَةٌ يُرَقِّقُ بَعْضُهَا بَعضًا، وتَجِيءُ الفتنة فيقول المؤمن: هذه مُهلِكَتِي، ثُمَّ تَنْكَشِف، وتجيء الفتنة فيقول المؤمن: هَذِه هذِه. فمَنْ أَحَبَّ أنْ يُزَحْزَحَ عن النار، ويدخل الجنة، فَلْتَأْتِه مَنِيَتُهُ وهو يؤمن بالله واليوم الآخر، وَلْيَأتِ إِلى النَّاسِ الَّذِي يُحِبُّ أَنْ يُؤْتَى إليه، ومَنْ بَايَع إِمَامًا فَأَعْطَاه صَفْقَةَ يَدِهِ، وَثَمْرَةَ قلْبِهِ، فَلْيُطِعُه إِن اسْتَطَاع، فَإِن جَاء آخَرُ يُنَازِعُه فَاضْرِبُوا عُنُقَ الآخَرِ».
«Чындыгында, менден мурун келген ар бир пайгамбар өз үммөтүнө өзү билген жакшылыктарды көрсөтүүгө жана өзү билген жамандыктардан аларды эскертүүгө милдеттүү болгон. Чындыгында, силердин бул үммөтүңөрдүн аманчылыгы анын алгачкы бөлүгүнө берилген. Ал эми анын акыркы бөлүгүнө балээлер жана силер мункар деп эсептеген иштер келет. Биринин жанында экинчиси жеңил көрүнгөн фитналар келет. Фитна келгенде момун: “Мени кыйрата турган фитна ушул”, – дейт. Андан соң ал фитна кетет. Кийин дагы бир фитна келет. Ошондо момун: “Мына ушул, мына ушул!” – дейт. Ким Тозоктон алыстатылып, Бейишке киргизилүүнү кааласа, ага өлүм Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген абалда келсин. Ошондой эле адамдардын өзүнө кандай мамиле кылышын кааласа, өзү да аларга ошондой мамиле кылсын. Ким имамга байъат берип, ага колун сунуп, жүрөгүнүн ихласын арнаса, мүмкүнчүлүгү жетишинче ага баш ийсин. Эгер башка бирөө келип, аны менен бийлик талашса, ал экинчисинин мойнун чапкыла». (Муслим риваят кылган).
Бул хадис бири-биринен жеңил көрүнгөн фитналардан, сыноолордон жана адамдарды кыйроого алып барган мункар иштерден коргонуу жана сактануу үммөттүн бирден ашык мамлекети жана имамы болушуна жол бербөө аркылуу ишке ашарын көрсөтөт.
Демек, үммөттүн Аллахтын Китеби жана Пайгамбарынынﷺ Сүннөтү менен башкарууга байъат берилген мамлекети жана халифасы бар кезде кимдир бирөө келип, халифа болууну жана адамдар үчүн башка мамлекет курууну кааласа, анын ким экенине карабастан, ага бөгөт коюу важиб. Эгер зарыл болсо, өлтүрүү аркылуу болсо да ага бөгөт коюу керек.
Эгер экинчи халифага байъат берилип, ал биринчи жамаат жана мамлекет менен атаандашкан экинчи мамлекетти курса, бул нерсе фитналарга жана сыноолорго жол ачат. Ошондой эле бөлүнүүнүн жана жамааттын жоктугунун натыйжасында бири-биринен жеңил көрүнгөн фитналарга эшик ачылат.
Бул хадис азыркы доордогу үммөт жөнүндө айтып жаткандай. Анткени бүгүнкү күндө мусулмандардын башында Ислам менен башкарган имам жок. Тескерисинче, ондогон акимдер жана бири-биринен бөлүнгөн мамлекеттер бар. Бул абал үммөттүн айбатынан айрылышына, дүйнө алдында ого бетер кор болушуна алып келди. Натыйжада кафирлер ар тараптан ага үстөмдүк кылып, мусулман өлкөлөрүнүн чыгышында да, батышында да алардын канын төгүүнү жана жерлерин басып алууну адал деп эсептеп жатышат.
Аллахтын арканын бекем кармануу, башкача айтканда, башында шариятты колдонгон имам турган жамаатты тикелөө – бөлүнүү жөнүндөгү хадисте айтылган кутулуучу фирканын сыпаты. Бул хадисте Пайгамбар ﷺ жамаатка карама-каршы болгон бөлүнүүдөн эскерткен. Хадис бир нече риваят менен келген жана алардын эч бири иснадындагы алсыздыктан куру эмес. Айрым риваяттарда – балким, иснады жагынан эң жакшыларынын биринде – «жамаат» кутулуучу фирканын сыпаты катары айтылган. Хадистин сөздөрү төмөнкүдөй:
«أَلَا إِنَّ مَنْ قَبْلَكُمْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ افْتَرَقُوا عَلَى ثِنْتَيْنِ وَسَبْعِينَ مِلَّةً، وَإِنَّ هَذِهِ الْمِلَّةَ سَتَفْتَرِقُ عَلَى ثَلَاثٍ وَسَبْعِينَ، ثِنْتَانِ وَسَبْعُونَ فِي النَّارِ، وَوَاحِدَةٌ فِي الْجَنَّةِ، وَهِيَ الْجَمَاعَةُ».
«Билип койгула, силерден мурунку ахли китеп жетимиш эки миллетке бөлүнгөн. Чындыгында, бул миллет жетимиш үчкө бөлүнөт. Алардын жетимиш экиси Тозокто, бирөөсү Бейиште болот. Ал болсо жамаат».
Башка бир риваятта мындай деп айтылган:
.«…كُلُّهَا فِي النَّارِ إِلَّا وَاحِدَةً قيل: من هي يا رسول الله؟ قَالَ: مَا أَنَا عَلَيْهِ وَأَصْحَابِي»
«…Бирөөсүнөн башкасынын баары Тозокто болот». «Ал кайсы, оо, Аллахтын Элчиси?» – деп сурашты. Ал ﷺ: «Мен жана сахабаларым карманган жолдо болгондор», – деди.
Бул хадисти имам Ахмад, Абу Давуд, Тирмизи, Ибн Мажа жана Хаким риваят кылышкан.
Бөлүнүү жана кутулуучу фирка жөнүндөгү бул хадис сахихтиги ачык-айкын болгон же сахихтиги хадис хафиздеринин имамдары арасында кеңири белгилүү жана тастыкталган сахих хадистердин катарына кирбейт. Анткени анын сабит болгон-болбогону жөнүндө хадис хафиздеринин арасында ихтилаф бар. Алардын айрымдары хадистин бардык риваяттарын алсыз деп эсептешсе, башкалары аны күчтүү деп эсептешкен. Хадисти күчтүү деп эсептөө кийинки доорлордогу хадис хафиздеринин арасында кеңири тараган жана басымдуу болгон пикир.
Бул хадис Абу Хурайра, Анас ибн Малик, Абдуллах ибн Умар жана Муавия ибн Абу Суфян аркылуу, башкача айтканда, бир нече сахабадан Пайгамбардан ﷺ риваят кылынган.
Эң чоң маселе айрым риваяттарда келген «كُلُّهَا فِي النَّارِ إِلَّا وَاحِدَةً» «Бирөөсүнөн башкасынын баары Тозокто болот» деген кошумча сөздө жатат. Ибн Хазм жана бир катар аалымдар бул кошумчаны сынга алышкан. Ал эми Ибн Таймия жана башка бир катар аалымдар аны күчтүү деп эсептешкен.
Белгилей кетчү нерсе, «كُلُّهَا فِي النَّارِ إِلَّا وَاحِدَةً» «Бирөөсүнөн башкасынын баары Тозокто болот» деген сөздү камтыган хадисти кабыл алган фикх жана усул имамдары бул сөздү карапайым адамдардын оюна дароо келе тургандай, тактап айтканда, такфир кылуу жана Тозокто түбөлүк калуу маанисинде түшүнүшкөн эмес. Тескерисинче, алар муну күнөө жана бидъат үчүн айтылган азап эскертүүсү деп эсептешкен.
Бул жерде изилдөөбүздө сөзсүз эске алынышы керек болгон бир маселе бар. Ал – бул хадистин сахих же сахих эмес экендиги жөнүндө катъий жыйынтыкка келүү маанилүү эмес. Анткени мындай катъий жыйынтыкка келүү ушул изилдөөдө көздөлгөн маселелерди аныктоодо чечүүчү натыйжа бербейт. Себеби бүгүнкү күндө үммөттүн бөлүнүп-жарылганы вакыйлыкта орду бар көрүнүш. Аны четке кагууга же жокко чыгарууга мүмкүн эмес. Пайгамбар ﷺ бул тууралуу кабар бербеген күндө да ушундай болмок.
Хадисте бөлүнүү качан болору баяндалган эмес. Ошондуктан тарыхтын ар кайсы доорлорунда китеп жазган авторлор бөлүнүү өздөрүнүн доорунда болуп жатат деп эсептешкен. Алардын айрымдары фиркаларды санап чыгууга аракет кылышкан. Кээ бирлери пикирлердеги ар кандай ихтилафты бөлүнүү деп эсептеп, фиркалардын санын жетимиштен ашырууга аракет кылышкан. Башкалары болсо хадисте айтылган сан көптүктү гана билдирет деп эсептешкен.
Бул алардын бөлүнүү түшүнүгү боюнча пикирлери ар түрдүү болгонун көрсөтөт. Алардын көпчүлүгү бөлүнүү деп бидъаттардын, пикирлердин, мазхабдардын жана жамааттардын пайда болушун түшүнүшкөн. Хадисте кутулуучу фирка «жамаат» экени баяндалгандыктан, айрым аалымдар жамаатты «ас-савад ал-аъзам», башкача айтканда, үммөттүн басымдуу көпчүлүгү деп түшүндүрүшкөн.
Хадис Мухаммаддын ﷺ үммөтүнүн бөлүнүшү жөнүндө сөз кылып, Исламдан чыгып кеткен тайпалар жөнүндө айтпагандыктан, кутулуучу фирка болгон жамааттан башка фиркалардын баарын кафир деп айтуу зарыл эмес. Тескерисинче, алар имамга баш ийүүдөн чыккандыктары үчүн күнөөкөр болушат.
Ошондуктан Ахли Сунна аалымдары ар кайсы доорлордо көбөйгөн каламий жана саясий фиркалардын көпчүлүгүн такфир кылышкан эмес. Анткени Ахли Сунна «ас-савад ал-аъзам», башкача айтканда, басымдуу көпчүлүктү түзгөн. Бул тафсир алгачкы кылымдарда, «жамааттын» имамы Ахли Суннадан болгон мезгилде туура болгон.
Мен «жамаат» – башында бир имам турган үммөт экенин, ал эми бөлүнүү – мусулмандардын бирден ашык имамы же башчысы болушу экенин баяндадым.
Кыязы, дал ушул түшүнүк алгачкы доорлордогу мусулмандардын «Ахли Сунна вал-Жамаа» эмес, «Ахли Сунна» деген терминди колдонушуна себеп болгон. Алар бул терминди муътазила, жабрия жана кадария сыяктуу каламий мазхабдардын өкүлдөрүнө же имамия жана зайдия сыяктуу саясий жамааттарга карама-каршы турган мусулмандардын эң чоң тайпасын билдирүү үчүн колдонушкан.
Каламий мазхабдар кеңири тараган доордо халифа жана мамлекет ошол тайпалардын каламий пикирлерин табанний кылышкан. Белгилүү болгондой, Аббасий халифаларынын бир катары каламий маселелерде муътазиланын пикирлерин табанний кылышкан. Ошондуктан үммөттүн жетекчилиги же халифалык «Ахли Суннанын» колунда болгон эмес. Ахли Сунна «жамааттын» бир бөлүгү болгон, бирок анын жетекчиси болгон эмес. Бирок кийин халифалар өз пикирлеринен кайтып, муътазиланын пикирлерин таштап, «Ахли Суннанын» пикирлерин кабыл алышкандан кийин, адамдар «Ахли Сунна вал-Жамаа» деген терминди колдоно башташкан. Анткени жамааттын жетекчилиги же Халифалык Ахли Суннанын пикирлерин табанний кылган адамдардын колуна өткөн.
Ошентип, Ахли Сунна жамааттын өкүлдөрү болуп калышкан. Натыйжада «Ахли Сунна вал-Жамаа» термини кийинки доорлордо колдонула баштаган. Эң ыктымалдуу пикир боюнча, бул терминди биринчи болуп ашъарийлер колдонушкан.
Бүгүнкү күндөгү үммөттүн вакыйлыгына назар салсак, «жамааттын» саясий жана шаръий түшүнүгүнө карама-каршы келген бөлүнүү ачык-айкын көрүнүп турганын көрөбүз. Бул мусулмандардын ондогон саясий түзүлүштөргө бөлүнүп жашашында жана бир имамдын же халифанын айланасында бирикпегенинде көрүнөт. Ал тургай, бүгүнкү күндө мусулмандардын имамы же халифасы таптакыр жок. Анткени эч бир саясий түзүлүштүн башчысына Ислам менен башкаруу үчүн байъат берилген эмес. Ал башчы президент, падыша, амир, валий ал-факих, кыймылдын жетекчиси же башкача аталыш менен аталабы, айырмасы жок.
Демек, бүгүнкү күндө мусулмандар жамаат абалында эмес жана бул саясий түзүлүштөрдүн эч биринде саясий-шаръий маанидеги «жамаат» жок.
Бүгүнкү күндө мусулмандар жетимиштен ашык саясий түзүлүшкө же жарым-жартылай саясий түзүлүшкө бөлүнгөн. Алардын 57си Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер. Мындан тышкары, бул мамлекеттерде жана башка өлкөлөрдө жыйырмага жакын бөлүнүп чыккан саясий түзүлүштөр же жарым-жартылай саясий түзүлүштөр бар.
Ошондуктан бөлүнүү жөнүндөгү хадисте айтылган бөлүнүүнүн көрүнүшү бүгүнкү күндө үммөттө ачык-айкын байкалууда. Мына ошондуктан бүгүнкү күндө кайсы бир өлкөдөгү кандайдыр бир тайпаны «жамаат» деп атоо пайдасыз иш. Анткени «жамаат» жок. Туурасы, «Ахли Сунна» деп гана айтуу керек.
Кутулуучу фирка жөнүндөгү хадисте кутулуучу фирка «жамаат» экени баяндалгандыктан, ал Аллахтын арканын бекем кармануу жөнүндөгү ﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلا تَفَرَّقُوا﴾ «Баарыңар Аллахтын арканын (бекем) кармагыла жана бөлүнбөгүлө!» деген аятка дал келет. Бул аятта ар кандай фитналардан, кафирлердин үммөт үстүнөн үстөмдүк кылуусунан же ага кол салуусунан кутулуу жана коргонуу Аллахтын арканын бекем кармануу, башкача айтканда, башында шариятты колдонгон имам турган жамаатты тикелөө аркылуу гана ишке ашары баяндалган.
Бул түшүнүк Абу Хурайрадан Бухарий жана Муслим риваят кылган ушул сахих хадиске да дал келет:
«وإنَّما الإمامُ جُنَّةٌ يُقاتَلُ مِن ورائِه ويُتَّقى به»
«Чындыгында, имам – калкан. Анын артында туруп согушулат жана ал аркылуу коргонулат».
Ошондой эле бул түшүнүк имамдардын көп болушуна жол бербөөгө буюрган хадистерге да дал келет.
Эгер сахабалар (розияллаху анхум) Пайгамбар ﷺ дүйнөдөн кайткандан кийин бир күндүн бир бөлүгүндө болсо да жамаатсыз калууну каалашпай, халифага байъат берүүгө шашылышып, акыры Абу Бакрга (розияллаху анху) байъат берүүдө бириккен болушса, анда бүгүнкү күндө мусулмандардын тагдырий маселеси «жамаатты» тикелөө жана Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкаруучу бир имам-халифаны дайындоо үчүн аракет кылуу болушу керек. Анткени алардын дини бир, ибадат кылган Роббиси бир, Пайгамбары бир жана Китеби бир.
Мына ушундай жол менен гана алар коргонууга жана Аллахтын арканын бекем карманууга жетишет. Ошондой эле алардын айбаты жана үммөттөр арасындагы орду кайра калыбына келет.




