Макала

Армениянын Орусияга каяшасы

Армениянын Орусияга каяшасы

Бишкектеги ШКУ жыйынына келген орус президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жолугушуу өткөрдү. Тараптар Армениянын Евро Биримдикке кошулуу ниети жана бул чечимдин Орусия менен мамилесине таасири тууралуу талкуулашты.

Путин өз сөзүндө, Ереван Евро Биримдикке кошулам десе ЕАЭБ менен кызматташууда кыйынчылыктар жараларын дагы бир жолу эскертти. Ал эми, Пашинян бул маселе боюнча референдум өткөрүү маселеси бышып жетиле электигин, так чечим кабыл алууга убакыт келе турганын айтты.

Бизге ал азыр керек эмес. Анткени бизде азыр альтернатива жок. Иш жүзүндө альтернатива түзүлө элек. Ал түзүлгөндө, эгер түзүлсө, ошондо биз, албетте, референдум аркылуу же ансыз эле тандоо жасайбыз”, – деди Пашинян.

Жолугушуунун алдында Путин журналисттер менен баарлашуусунда Армения маселеси Карабак көйгөйүнөн улам башталганын белгиледи. Ал Арменияга Гюмридеги орустун аскер базасы керек эмес болсо, эртең эле чыгып кетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Эске салсак, Тоолуу Карабак маселеси Армения менен Азербайжандын ортосундагы негизги көйгөй болуп келген. Тарыхта бул аймакта армяндар да, азерилер да жашап, Осмон халифалыгынын курамында болгон. 1991-жылы СССР кулагандан кийин жергиликтүү кагылышуулар күчөп, 1992-1994-жылдары толук масштабдуу согушка айланган. Ал эми 2020-жылы согуш кайрадан курчуган. Аймакта стратегиялык таасирге ээ Россия расмий түрдө ортомчу жана Армениянын коопсуздугун кепилдөөчү оюнчу катары убактылуу келишим түзүүгө жетишкен. Бирок Түркиянын Азербайжан тарапта түздөн-түз кийлигишүүсү жана АКШнын колдоосу саясий картаны өзгөрттү. Натыйжада, 2023-жылы бир суткадагы согушта армяндар орустун жардамы менен басып алган аймакты таштап чыгууга мажбур болду. Ушундан кийин Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоткон.

Ал эми 2025-жылдын январь айында Арменияда Евро Биримдикке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам кабыл алынган. 2025-жылдын 8-августунда Вашингтондогу Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтыкты жана эл аралык мамилелерди орнотуу боюнча келишимге кол коюшкан. Анын артынан Армения, Америка жана өз ара макулдашылган үчүнчү тараптар менен Армениянын аймагында Эл аралык Трамп жолун” (TRIP, мурдагы Зангезур коридору) куруу чечимине келишишти. Муну менен Америка 32 чакырымдык жолду 100 жылдык ижарага алууга жетишти. Натыйжада, Америка Азербайжандагы таасирин бекемдеп, Арменияда Орустун таасирин сүрүп чыгууга кадам таштады.

Азербайжан үчүн Зангезур коридору Армениянын аймагы аркылуу Нахчиван менен түз транспорттук байланышты камсыз кылган каттам. Ал эми АКШ үчүн TRIPP долбоору жөн гана жол куруу эмес. Ал транспорт, энергетика, санариптик байланыш жана башка тармактарды камтыган кеңири инфраструктуралык системага ээ болот. Эгерде бул долбоор Транскаспий транспорттук каттамы менен байланышса, анын баалуулугу Армения жана Азербайжан менен гана чектелбейт. Мындай учурда Борбор Азия — Каспий деңизиАзербайжан — Армения — Түркия — Европа багытындагы транспорттук чынжыр калыптанат. Демек, Армения бул каттам аркылуу акыркы чекит эмес, жаңы евразиялык транспорттук архитектуранын маанилүү түйүнүнө айланышы мүмкүн. Эгерде Армения альтернативдүү каттамдарды, инвестицияларды жана Батыш менен инфраструктуралык байланыштарга ээ боло баштаса, анын орус каналдарынан көз карандылыгы кескин түрдө азаят. Демек, Армения Орусия менен болгон мамилени үзүүгө эмес, тескерисинче, Орусиянын буга чейинки алмаштырылгыс ролун бара-бара азайтууга умтулуп жатат.

Ал эми, Орусия учурда Армениянын Америка менен болгон карым-катнаштарын дагы да бекемдөөсүнө тоскоол боло турган абалда эмес. Ал Арменияга эскертүүлөрдү айтуу менен чектелүүдө. Ал азыр Украинадагы согуш, жеңилгиси келбеген тагдырий согуш менен алек. Аны жоготсо баарын жоготоорун, жеңсе жоготкон аймактарында өзүнүн таасирин калыбына келтире аларын билет.

Буга кошумча, Армениядагы американын экономикалык таасиринин күчөшү, Иран аркылуу өтүүчү альтернативдүү каттамдардын маанисин азайтат. Ошондуктан бул маселе Тегеран үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошол эле учурда Иран Армения аркылуу кургактык чек арасы болгондуктан, өзүнүн Кавказга карай альтернативдүү каттамдарын сактап калууга кызыкдар.

Демек, TRIPP долбоору Транскаспий транспорттук коридору менен интеграцияланып, жаңы логистикалык долбоорлор пайда болсо, аймакта АКШнын кеңири стратегиясы калыптанат. Армения болсо транзиттик өлкө катары макамын бекемдейт. Азербайжан Нахичеван менен байланыштарын чыңдап, Каспийдеги маанилүү транспорттук түйүн катары ролу күчөйт. Түркия Кавказ жана Борбор Азия менен байланыштарын кеңейтет. Борбордук Азия өлкөлөрү Европа рыногуна чыгуу үчүн кошумча транспорттук багытка ээ болот. Европа соода үчүн дагы бир альтернативдүү каттамга ээ болот. Кытай товарларын өткөрүү үчүн кошумча багытка ээ болот. Мындай абалда Орусия гана негизги стратегиялык таасирин жоготуучу тарап болот. Ошондуктан, Путин Армениядан референдум өткөрүүнү талап кылып, учурдагы экономикалык таасирин басым катары колдонууга аракет кылууда.

Акыл Исаков

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button