Роя гезити

Британиянын күнү батып бара жатат

Британиянын күнү батып бара жатат

Улуу Британиянын өзөгүн саясий зилзала солкулдатууда. Өлкөдөгү үч аймактын премьер-министрлери өткөргөн саммит анын кесепеттеринин туу чокусу катары көрүндү. Аларды “Лондондон бөлүнүп чыгуу” деген бир гана максат бириктирүүдө. Көптөгөн байкоочулар бул жолугушууну ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү системасы иштей баштагандан берки тарыхый жана болуп көрбөгөндөй маанилүү жолугушуу деп сыпатташты.

Жолугушууга Шотландиянын премьер-министри жана Шотландия улуттук партиясынын лидери Жон Суини, Уэльстин премьер-министри жана Уэльстин улутчул «Плайд Камри» партиясынын лидери Рон ап Иорверт, ошондой эле Түндүк Ирландиянын биринчи министри, «Шинн Фейн» партиясынын өкүлү Мишель О’Нил катышты. Аларга «Шинн Фейн» партиясынын төрайымы Мэри Лу Макдональд да кошулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптарды аймактардын өз тагдырын өзү аныктоо укугун бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө жана Лондон өкмөтүнүн референдумдарды өткөрүүгө тоскоолдук кылуу укугусуз, аларды өткөрүү укугун талап кылууга милдеттендирген өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Бул жолугушуу жергиликтүү кызматтарды координациялоо үчүн өткөрүлгөн кезектеги протоколдук жыйын болгон жок. Тескерисинче, ал катышуучулар «эскилиги жеткен союздук келишимди кайра калыптандыруу» маселесин талкуулоо үчүн өткөрүлдү.

Жыйынга катышкандардын эң көрүнүктүү билдирүүлөрүнүн бири Жон Суининин Британиянын премьер-министри Энди Бернхэм Улуу Британиянын акыркы премьер-министри болуп калышы мүмкүн деген сөзү болду.

Бул силкинүү Трамптын Британиянын ансыз деле ылайланган суусуна оор таш ыргытышына туш келди. Анын билдирүүсүн маалымат каражаттары дароо илип кетишти. Ал бирдиктүү Ирландия идеясын ачык колдой турганын жарыялап, муну «эң сонун иш болмок» деп атап, «аны бириккен абалда көргүм келет» деп айтты. Бул Британияны бөлүп-жарууга ачыктан-ачык тукуруу жана Американын тарыхый союздашы деп эсептелген өлкөнүн далысына бычак саюу катары бааланды. Өзүнө айтылган сындарга карабастан, Трамп позициясынан кайткан жок. Тескерисинче, «Шотландия жөнүндө азырынча сүйлөшө электигин» белгилеп, өз позициясын кайрадан ырастады. Бул ишарадан Улуу Британиянын ыдыроо маселеси толугу менен анын үстөлүндө турганы түшүнүлдү.

Ошондой эле ал Аргентина Фолкленд аралдарына кол салса, Британияны колдобой калышы мүмкүн экенин да кыйытты. Бул позиция Американын Британия коопсуздугун камсыздоого байланыштуу ондогон жылдардан берки милдеттенмелерин түп-тамырынан бери аңтарууда.

Муну менен катар Британиянын саясий кадыр-баркы да өтө түшүп кетти. Айрыкча, анын эрке, бирок баш ийбес баласы болгон яхудий вужудунун жакында көрсөткөн жакшылыкты билбестиги жана андан жүз бурушу муну ого бетер айкындады. Британиянын айрым отурукташуу ишмердүүлүктөрүнө каршы киргизген санкцияларына байланыштуу дипломатиялык чыңалуулардын фонунда яхудий вужудунун бир катар расмий өкүлдөрү, алардын арасында улуттук коопсуздук деп аталган министрликтин башчысы Бен-Гвир да Британияга катуу чабуул жасаган билдирүүлөр менен чыгышты.

Бен-Гвир Британиянын Фолкленд аралдарында (Мальвин аралдары деген ат менен белгилүү) болушун «Аргентинанын жерлерин Британиянын мыйзамсыз басып алышы» жана элдердин байлыктарын уурдоо деп сыпаттады. Ал Лондонго каршы санкцияларды киргизүүгө жана бул аралдардын үстүнөн Аргентинанын эгемендигин таанууга чакырды.

Бул көрүнүштүн шылдыңдуу жагын ого бетер күчөткөн нерсе — жашыруун документтердин ачыкка чыгышы болду. Алар яхудий вужудунун өзү 1982-жылдагы Фолкленд согушунда Аргентинага жашыруун түрдө курал-жарак бергенин көрсөттү. Башкача айтканда, алар британ аскерлерине каршы согушкандардын тарабында болушкан.

Бир кезде «күнү батпаган империя» деп сыпатталган мамлекеттин тездик менен төмөндөп, өзүнүн түпкү аймактарынын бүтүндүгүнө коркунуч туулган, жакын союздаштары болсо ага далысынан бычак сайган абалга жетиши — кезек өзүнө да келерин ойлобогондор үчүн чоң сабак. Анткени XIX кылымда жана XX кылымдын башында Британия талашсыз түрдө дүйнөдөгү биринчи мамлекет болгон. Анын таасири жер шарынын кургактык аянтынын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө жана дүйнө калкынын төрттөн бирине жайылган. Бул үстөмдүк жөн гана аскерий көзөмөл эмес, бири-бири менен тыгыз байланышкан күчтөрдүн бүтүндөй системасы болгон. Деңиз күчү аркылуу падышалык флот океандардын кожоюнуна айланган. Экономикалык күчү Лондонду дүйнөнүн каржы борборуна, ал эми фунт стерлингди эл аралык сооданын валютасына айландырган. Жумшак күчү аркылуу англис тилин, жалпы укук системасын жана парламенттик түзүмдү беш континентке жайылткан. Британия эрежелерди өзү түзүп, аларды башкаларга таңуулаган, мамлекеттердин чек араларын чийип, кайра өзгөрткөн, падышаларды такка отургузуп, башкаларын тактан түшүргөн.

Бүгүнкү күндө саясий далилдер Британия чечүүчү тарыхый этаптын босогосунда турганын жана анын ыдырашы эми жөн гана кыялдагы сценарий болбостон, бир катар факторлор түрткү берип жаткан жакынкы келечектеги жараянга айланганын тастыктоодо. Алардын арасында ички басымдар бар. Анткени автономияны жана өз тагдырын өзү аныктоо укугун талап кылган аймактардын ортосунда бирдиктүү фронт түзүлүүдө. Ошондой эле тышкы тукуруу жана кутумдар да бар. Буга Американын бөлүнүп чыгууга карата жаңыдан пайда болгон колдоосу, яхудий вужуду сыяктуу мурдагы союздаштардын Британиянын аралдарга болгон укуктарынын мыйзамдуулугун жана деңиздин ары жагындагы аймактардын үстүнөн жүргүзгөн эгемендигине күмөн саноосу кирет. Мындан тышкары, Британиянын өзүнүн түзүмдүк алсыздыгы да бар. Анткени борбордук бийликтин экономикалык, аскерий жана саясий мүмкүнчүлүктөрү тынымсыз кыскарууда.

Британия таасиринин алсыздашы жана кулашы жагынан Советтер Союзунан мурда эле бул жолго түшкөн. Мына эми, Аллах кааласа, жакын арада өз ичинен ыдыроонун босогосунда турат. Американын тагдыры да өзүнөн мурункулардын тагдырынан алыс эмес. Бирок Аллахтын бул дүйнөдөгү сүннөтү — күчтөр бири-бирин сүрүп, алмашып турушу. Ислам үммөтү душмандарынын жок болушун уйкуда жаткан абалда күтпөшү керек. Тескерисинче, ал чечкиндүү кадамга барып, өзүн кишендеп, кордоп жаткан душмандарынын малайларын мойнунан алып ташташы жана кайрадан алдыга чыгып, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөткө гана ылайык болгон орунду ээлеши керек. Ошондо ал адамзатты кутулуу жээгине жетектейт. Ошол күнү момундар Аллахтын нусратына кубанышат.

Роя гезити

Шейх Аднан Мизьян

14.10.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button