Америка жана Кытай: күрөштү башкаруубу же тирешүүбү?

Америка жана Кытай: күрөштү башкаруубу же тирешүүбү?
Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы мамиле эми жөн гана соодадагы келишпестик же экономикалык атаандаштык болбой калды. Бул технология, камсыздоо чынжырлары, базарлар, таасир, союздаштыктар, аскерий кубат жана келечектеги эл аралык түзүмдүн формасы үчүн күрөш. Бирок таң калычтуусу, бул күрөш бири-биринен толук ажырай албаган эки күчтүн ортосунда жүрүп жатат. Күрөштү башкаруу маселеси мына ушул жерден башталат: салттуу маанидеги жаңы Кансыз согуш да эмес, толук экономикалык тынчтык да эмес.
2026-жылдын сентябрь айында Америка президенти Трамп менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу азыркы этаптын табиятын ачык көрсөттү. Эки тарап сүйлөшүү каналдарын ачык сактап, соода жаатындагы чыңалууну ооздуктоого аракет кылышты. Бирок бул негизги келишпестиктер аяктады дегенди билдирбейт. Тескерисинче, болуп өткөн окуялар сүйлөшүүлөрдүн өзү да күрөштү башкаруунун бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин тастыктайт. Сапардан кийин соода жаатындагы кадамдар жана жасалма интеллект боюнча диалог жарыяланды. Ал эми Тайвань жана технология сыяктуу маселелер келишпестиктин негизги чекиттери бойдон калды.
Вашингтон Бээжинге технология, соода жана коопсуздук маселелери боюнча басым жасап жатат. Ал эми Кытай Американын куралдарынан көз карандысыз болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө аракет кылууда. Ошол эле учурда эки тараптын ортосундагы соода жана экономикалык мамилелер уланып жатат. Бул бири-бирине карама-каршы келгендей көрүнгөн теңдеме болгону менен, улуу державалардын ортосундагы заманбап күрөштүн табиятын чагылдырат: толук кагылышууга жол бербеген байланыштарды сактоо менен бирге катуу атаандашуу.
Кытай акыркы ондогон жылдар ичинде экономикалык, өнөр жай жана технологиялык кубаттуулукту түзүп, Американын чыныгы стратегиялык атаандашына айланды. Бирок күчкө ээ болуу сөзсүз түрдө аны түздөн-түз согушта колдонууга умтулуу дегенди билдирбейт.
Кытайдын эсеп-кысабы көбүрөөк убакытка байланыштуу болушу мүмкүн. Эгер ал өндүрүшүн көбөйтүп, технологияларын өнүктүрүп, тышкы көз карандылыгын азайтып, соодасын жана мамилелерин кеңейтип, аскерий мүмкүнчүлүктөрүн күчөтө алса, анда анын сүйлөшүүлөрдөгү позициясы жылдан жылга өзгөрөт.
Демек, Кытай убакыт аркылуу күрөштө жеңишке жетүүгө аракет кылып, ал эми Америка анын убакыттан пайдалануусуна жол бербөө аркылуу жеңишке жетүүгө умтулуп жатабы? Эгер бул сыпаттама туура болсо, анда атаандаштыктын өзөгү эки державанын бүгүн эмне кылып жатканында гана эмес, он жылдан кийин кандай абалга келип калуудан коркуп жатканында да жатат. Анткени убакыттын өзү күрөш майданына айланды.
Күч дайыма эле атаандашыңа азыр сокку уруу дегенди билдирбейт. Кээде күч алдыдагы жылдарды өз пайдаңа иштете билүү. Бул Кытайдын жүрүм-турумунун маанилүү бир тарабын түшүндүрөт. Анткени ал ар бир баскычтарда сөзсүз чечүүчү жеңишке жетүүгө муктаж эмес. Айрым маселелерде атаандашынын өз максаттарына жетишине тоскоолдук кылуу менен бирге өз мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү улантуусу эле жетиштүү.
Ал эми Америка үчүн маселе башкача болушу мүмкүн. Анткени убакыт өткөн сайын Кытай технология, өнөр жай жана аскерий жактан өсүүсүн улантса, айрым тармактарда аны Америкадан бөлүп турган аралык кыскара берет. Ушундан улам Американын Кытайга карата саясатынын бир тарабын т.а. Кытайдын көтөрүлүшүнүн айрым багыттарын, айрыкча Америка стратегиялык мааниге ээ деп эсептеген технологиялар жаатындагы өнүгүүсүн жайлатуу маселесин түшүнүүгө болот.
Ошентип, убакыт бейтарап фактордон стратегиялык ресурска айланат. Кытай көбүрөөк убакытка ээ болууну кааласа, Америка анын убакыттан эч кандай чектөөсүз пайдалануусуна жол бербөөнү каалайт. Натыйжада күрөш «ким убакытты утуп ала алат жана ким атаандашын андан ажырата алат?» деген маселеге айланат.
Эгер бул мамиле жөн гана соода күрөшү болгондо, аны ооздуктоо жеңилирээк болмок. Бирок экономиканын артында барган сайын күчөп жаткан аскерий жана стратегиялык жарыш турат. Ал эми Тайвань эң сезимтал түйүн бойдон калууда. Ошондуктан Тайвандын айланасындагы ар кандай кризис аралдын чегинен тез эле чыгып, дүйнөлүк экономикалык жана аскерий кесепеттерге алып келе турган Америка-Кытай тирешүүсүнө айланышы мүмкүн. Бирок аскерий күчкө ээ болуу сөзсүз түрдө аны колдонууга умтулуу дегенди билдирбейт. Анткени душманды ооздуктап туруу башка нерсеге негизделет. Тагыраагы, түздөн-түз кагылышууга барбастан, атаандашыңа өзүңдүн ага каршы тура аларыңды билдирүү. Бул эки державанын эмне үчүн бир эле учурда эки багытта аракет кылып жатканын түшүндүрөт: бир жагынан күчүн арттыруу, экинчи жагынан байланыш каналдарын ачык кармоо.
Вашингтон өзүнүн технологиялык жана аскерий үстөмдүгүн сактап калууну, союздаштык тармагын колдоону жана Кытайдын Азияда үстөмдүк кылуучу күчкө айланышына жол бербөөнү каалайт. Бирок Кытай менен түздөн-түз согушуу оңой чечим эмес. Анткени Кытай оңой эле обочолонтууга мүмкүн болгон мамлекет эмес. Америка менен Кытайдын экономикалары татаал соода, өнөр жай жана каржы тармактары аркылуу бири-бирине байланышкан. Ошондой эле өзөктүк куралга ээ эки державанын ортосундагы ар кандай аскерий кагылышуу эки тараптын чегинен ашкан коркунучтарды алып келет.
Ар бир тарап өзүнүн алсыз жактарын азайтууга жана экинчи тарапка басым жасоо мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө аракет кылууда. Америка алдыңкы технологиялар, каржы, базарлар жана союздаштык тармагы жаатында чоң күчкө ээ. Ал эми Кытай эбегейсиз өнөр жай базасына, кеңири камсыздоо чынжырларына, дүйнөлүк соодадагы чоң үлүшкө жана технология менен коргонуу жаатында өсүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Кытай иш жүзүндө мындай деп айта алат: «Шашылуунун кереги жок. Өнөр жайды курабыз, технологияны өнүктүрөбүз, базарларды кеңейтебиз, мүмкүнчүлүктөрүбүздү күчөтөбүз, андан кийин сүйлөшүү үстөлүнө кайра кайтабыз». Ал эми Американын эсеп-кысабынын бир бөлүгү башка суроого негизделет: Кытайды ооздуктоонун баасы алда канча жогору болуп кала турган деңгээлге жетишине канчалык жол берүүгө болот?
Технологиялык чектөөлөрдү киргизүү, камсыздоо чынжырларын диверсификациялоо, союздаштарды чыңдоо жана Азиядагы аскерий катышууну күчөтүү саясаттары мына ушундан келип чыгууда.
Демек, күрөш бүгүн болуп жаткан окуялардын айланасында гана эмес, он же жыйырма жылдан кийинки күчтөр тең салмактуулугунун кандай болушу тууралуу да жүрүп жатат.
Күрөштү башкаруу тирешүүнүн жоктугун билдирбейт. Тескерисинче, ал тирешүүнүн убактысын, чектерин жана чыгымдарын көзөмөлдөөгө аракет кылууну билдирет. Ошондуктан биз мындан ары да бажы төлөмдөрүнүн, технологиялык чектөөлөрдүн, аскерий машыгуулардын жана союздаштардын көбөйүшүнө күбө болушубуз мүмкүн. Ошол эле учурда саммиттердин, сүйлөшүүлөрдүн, соода келишимдеринин жана байланыш каналдарынын да көбөйүшүн көрүшүбүз мүмкүн. Эгер Кытай убакытты өзүнүн технологиялык жана өнөр жайда көз карандысыздыгын бекемдөөгө, экономикалык жана коопсуздук жаатындагы мамилелерин кеңейтүүгө пайдалана алса, анда убакыт ал үчүн күч факторуна айланат. Америка болсо өзүнүн технологиялык үстөмдүгүн, союздаштарынын биримдигин, экономикалык жана аскерий кубатын сактап кала алса жана өзүнүн түзүмүнө толук стратегиялык альтернатива пайда болушуна жол бербесе, анда ал убакытты башкача жол менен пайдаланган болот.
Эгер маселе ушундай болсо, анда эң кооптуу жагдай эки державанын бири эртең согуш баштоону чечиши эмес, тескерисинче, алардын бири убакыт өзүнө каршы иштеп жатат деген тыянакка келиши болушу мүмкүн. Мындай учурда басым жасоо зарылдыгы күчөп, тобокелчилик көбөйөт жана манёвр жасоо мүмкүнчүлүгү тарыйт.
Ошондуктан Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы мамиленин келечеги авианосецтердин саны, ички дүң продукциянын көлөмү же ар бир мамлекет өндүргөн чиптердин саны менен гана аныкталбашы мүмкүн. Тескерисинче, ал ар бир тараптын сабыр кылуу, өз күчүн өнүктүрүү, союздаштарын сактоо жана күрөштүн жүрүшүнө болгон көзөмөлүн жоготпостон, күчтүү позициядан сүйлөшүү жүргүзүү жөндөмүнө да байланыштуу болот.
Ошол убакка чейин Америка менен Кытай кооптуу чекте аракеттенүүнү улантышат: мамилелерди үзбөстөн басым жасашат, согуш тутантпастан атаандашат жана сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аякташы мүмкүн экенине даярданып жатып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул сөзсүз түрдө согуштун алдындагы этап эмес, балким, өзүнчө Кансыз согуштун жаңы формасы болушу мүмкүн. Башкача айтканда, түздөн-түз кагылышуу каргашалуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин жана толук артка чегинүү андан да кымбатка турарын түшүнгөн эки держава башкарып жаткан күрөш.
Америка менен Кытай тынчтыкты эмес, күрөштү башкарып жатышат. Алардын ар бири келечекти өз кызыкчылыгына иштетүүгө аракет кылууда. Бирок бул күрөштүн артында экөөнүн тең чегинен чыккан чоң суроо турат: адамзат өзүнүн келечеги үчүн кандай дүйнөлүк түзүмдү каалайт? Анткени бүгүнкү дүйнө күчтү, байлыкты жана таасирди өз алдынча максатка айландыруунун ордуна, адамдардын жашоо укугун урматтаган, тынчтыкка умтулган, согуштарды жана чыр-чатактарды азайткан, адамды, анын кадыр-баркын жана келечегин көңүл борборуна койгон түзүмгө көбүрөөк муктаж.
Келечек улуу державалардын күрөшүнүн туткунунда кала бербеши керек. Адамзат башкарууда, коомдо жана эл аралык мамилелерде Ислам мабдасына жана анын мыйзамдарына муктаж. Ошондой эле адамзат бактылуу жашоого муктаж. Анткени инсаний бакыттын мааниси Жаратуучунун ыраазылыгына жетүү жана Исламдын принциптерине жана адилеттүүлүгүнө негизделген жашоону орнотуу.
Роя гезити
Набил Абдулкарим
14.10.26




