Дааватчыларга каршы кезектеги кампаниянын максаты эмне?

Дааватчыларга каршы кезектеги кампаниянын максаты эмне?
Кыргызстанда дааватчыларга каршы жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында кыркка жакын мусулман аял жана эркек кармалганы кабарланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети социалдык тармактагы баракчасында видео жарыялады. Маалыматка ылайык, кармалгандар “Хизб ут-Тахрир” партиясына мүчөлүктө айыпталууда.
Президенттик шайлоонун алдында жүргүзүлгөн бул операцияда кармалган дааватчыларга карата өлкөдө төңкөрүшкө даярдык жасаган деген куру дооматтар да таркатылып жатат.
Мындай массалык түрдө камоолор, кыйноого алуулар буга чейин азыркы президенттин үзөңгүлөшү Ташиевдин учурунда да болуп келген. Тилекке каршы, учурдагы бийлик өтмүштөн сабак албастан, кайрадан момундардын ар намысы болгон аял затына кол салууну улантып жатат.
Буга чейин “Freedom for Eurasia” уюму Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган адамдарга карата колдонулган кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жөнүндө ишенимдүү далилдерди жарыялаган. Айрыкча, диний негизде кармалгандарды кыйноо үчүн электр тогу менен урган шаймандарды колдонуу, пластикалык таяктар, муунтуу үчүн колдонулган желим пакеттер, жарым-жартылай сууга чөктүрүү үчүн колдонулган чоң суу идиштери колдонулуп келген.
А бирок, Ташиевдин таасири, мусулмандарга каршы жасаган иштеринин акыбети баарыбызга маалым. Ал эми, Жапаровдун бийлиги Ташиевди айла-амал менен кызматтан алып, бийликтин эки чылбыр бир тизгини колго тийгенден кийин бул зулумдукту улантуусуна эмне себеп болуп жатат? Өздөрүн мусулман катары эсептеген бул жетекчилер кимдин буйругун аткарууда? ЖККУнун жылдык жыйынтыктоочу саммитин өткөрүп жаткан Орус бийлигин ыраазы кылуу үчүнбү? Же экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн коммунист Кытай бийлигин ыраазы кылмакчысыңарбы?
Ал эми, адам чыдагыс кылмыштарды жасаган күч кызматкерлери кимге таянууда?! Силер 2005, 2010 жана 2020-жылдагы төңкөрүштөрдө кандай кордук менен колдонулганыңарды эстегиле. Калк өзүнө карата адилетсиздикти, зулумдукту эч качан кечирбейт!
Тарыхта да заалимдер оңдоого чакыруучуларды фитна жана башаламандыктын ээлери деп күнөөлөп келишкен. Анткени алар үммөттүн ойгонууга болгон аң-сезиминен куралдан да көбүрөөк коркушат.
Андыктан, өтмүштөн ибрат алып, мусулмандарга, өз калкыңарга жасап жаткан зулумдугуңарды токтоткула! Тескерисинче, калктын коопсуздугун коргоп, акыретиңердин камын көргүлө! Мындай камоолор же зулумдуктар дааватчыларды динди жаюудан токтотот деп ойлосоңор жаңыласыңар! Анткени, мусулмандар эч бир заалимдин зулумдугунан, жаманатты кылуучунун жаманатынан коркпостон, Исламды жашоого кайтаруу жолунда аракетин көз ирмемчелик да токтоткон эмес. Буга канкор Каримовдун абактарында зулумдуктан улам шахид болгон, майып болгон миңдеген мусулмандардын окуялары күбө. Андыктан, зулумдук жана коркутуу саясаты дааватчылардын Исламды жашоого кайтаруу эркин сындыра албайт. Алардын жүрөгүндөгү козголгон жалынын эч качан өчүрө албайт. Аллах Таала залимдерди зулумдуктан кескин кайтарып, алардын акыбети оор болорун эскертүүдө:
﴿ولاَ تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الأَبْصَار﴾
«Сен «Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен кабарсыз» деп ойлобо! Аллах аларды(н жазаларын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (коркунучтуу кыямат) күнүнө гана калтырууда» [14:42].
Акыйкат менен батылдын ортосундагы күрөш кызуу жүрүп жаткан учурда момун адам кайдыгер же сырттан карап туруучу болбошу керек. Тескерисинче, ал үммөтүнүн түйшүгүн көтөргөн, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарган жана акыйкат менен адилеттиктин бийлигин кайрадан турмушка кайтаруу үчүн ихластуу адамдар менен бирге амал кылган адам болушу зарыл. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
“Силерден жакшылыкка чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар”. (Али Имран: 104).
Ошондуктан бүгүн бузгунчу вакыйлыкка ыраазы болбоо, аны жөн гана талдап же төмөндөөгө кайгыруу менен чектелбөө үммөттүн мойнундагы важиб болуп саналат.
Акылбек Исаков




