Ислам шариятында турак жайда жашоо укугу

Ислам шариятында турак жайда жашоо укугу
Ахмад аль-Амин – Ирак
Биринчи: Ислам шариятында турак жайда жашоо укугу
Турак жайга болгон укук адамдын эң маанилүү экономикалык жана социалдык укуктарынын бири болуп эсептелет. Анткени ылайыктуу турак жай менен камсыз кылуу адамдын кадыр-баркын кепилдөөнүн негизги элементтеринин бири болуп саналат. Турак жай — дени сак жана нормалдуу жашоо үчүн зарыл болгон негизги муктаждыктардын бири.
«Сакан» (السكن) сөзүнүн тилдик мааниси:
«Сакана» (سَكَنَ) — бир нерсенин тынчып, кыймылсыз калышы. «Сакина» (السَّكِينَةُ) — бейпилдик жана салабаттуулук. «Сакана дараху» (سَكَنَ دَارَهُ) — өз үйүндө жашады. «Сакана фил-макан» (سكن في المكان) — бир жерде жашап, отурукташты. Мисалы, «Ал айыл жеринде жашачу» деп айтылат.
Аллах Таала айтат:
﴿وَإِذْ قِيلَ لَهُمُ اسْكُنُوا هَذِهِ الْقَرْيَةَ﴾
«Аларга: «Мына ушул шаарды мекен туткула жана андан каалаган жайыңарда тамактангыла» – дегенибизди эстегин!» (Аъраф: 161).
«Асканаху фил-макан» (أسكنه في المكان) — аны бир жерге жайгаштырды, ошол жерде жашоосуна жана отурукташуусуна шарт түздү дегенди билдирет. Мисалы, «Мен бир тууганымды өз үйүмө жайгаштырдым» деп айтылат.
Аллах Таала айтат:
﴿رَبَّنَا إِنِّي أَسْكَنْتُ مِنْ ذُرِّيَّتِي بِوَادٍ غَيْرِ ذِي زَرْعٍ﴾
«Оо, Робби, албетте мен урпагымдын (бир бөлүгүн) эгин өспөй турган бир өрөөнгө жайгаштырдым». (Ибрахим: 37).
Турак жай «байт» (بيت), башкача айтканда, үй деп да аталат.
Аллах Таала айтат:
﴿وَاللهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ بُيُوتِكُمْ سَكَنًا﴾
«Аллах силер үчүн үйүңөрдү башпаана кылаар жай кылды». (Нахл: 80).
Экинчи: турак жайга болгон укуктун терминдик аныктамасы
Турак жай деп адам туруктуу же убактылуу жашаган үй түшүнүлөт. Ал — адам жайдын ысыгынан, кыштын суугунан жана өтүп бара жаткандардын көздөрүнөн коргонуу үчүн баш калкалай турган табигый жай. Ошондой эле ал адамдын сырлары сакталган жана үй-бүлөсү жашаган жай болуп саналат. Албетте, адамдын турак жайга муктаждыгы анын жашоосундагы негизги муктаждыктардын бири. Бул Аллах Тааланын адамга берген нематтарынын бири.
Аллах Таала айтат:
﴿وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۢ بُيُوتِكُمۡ سَكَنٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّن جُلُودِ ٱلۡأَنۡعَٰمِ بُيُوتٗا تَسۡتَخِفُّونَهَا يَوۡمَ ظَعۡنِكُمۡ وَيَوۡمَ إِقَامَتِكُمۡ وَمِنۡ أَصۡوَافِهَا وَأَوۡبَارِهَا وَأَشۡعَارِهَآ أَثَٰثٗا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ﴾
«Аллах силер үчүн үйүңөрдү башпаана кылаар жай кылды жана силер үчүн үй айбандарынын терилеринен көчө турган күнүңөрдө жана коно турган күнүңөрдө жеңил көтөрүп кете ала турган боз үйлөрдү берди жана да (койлордун) жүндөрүнөн, (төөлөрдүн) чуудаларынан жана (эчкилердин) тыбыттарынан белгилүү бир убакытка чейин пайдалана турган курал жана буюмдар(ды жаратты)». (Нахл: 80).
Аллах Тааланын «جَعَلَ لَكُمْ» «силер үчүн … кылды» деген сөзүнүн мааниси «айлантты» дегенди билдирет. Үстүңдө болуп, сага көлөкө түшүргөн нерсенин баары чатыр жана төбө деп аталат. Сени көтөрүп турган нерсенин баары жер деп аталат. Ал эми сени төрт тарабыңдан тосуп турган нерсенин баары дубал деп аталат. Эгер булар иреттүү түрдө биригип, бири-бирине туташса, анда ал үй болот.
Бул аятта Аллах Тааланын адамдарга үйлөр аркылуу берген ниъматтары саналып өтүлгөн. Алгач шаарлардагы үйлөр, башкача айтканда, узак убакыт жашоого арналган үйлөр айтылган.
Ал эми Аллах Тааланын «سَكَناً» «жай» деген сөзү «силер ал жерде жашайсыңар жана дене мүчөлөрүңөр кыймылдан тынч алат» дегенди билдирет. Адам ошол үйдө кыймылдап, башка жерде тынч алышы да мүмкүн. Бирок бул сөз көпчүлүк учурдагы абалга карата айтылган.
Ошентип, Аллах Табарака ва Таала Өз пенделерине берген ниъматтарынын толук-камил экендигин баяндады. Ал алар үчүн баш калкалай турган, өздөрүн башкалардын көзүнөн жашыра турган жана ар кандай жолдор менен пайдалана турган үйлөрдү турак жай кылып берди. Башкача айтканда, Аллах Субханаху ва Таала үйлөрдүн түрү кандай болбосун, аларды адамдар кайтып келип баш калкалай турган, өздөрүн бейпил сезе турган, авраттарынын жана кол тийгистиктеринин сакталышына ишенимдүү боло турган турак жай кылып берди.
Үчүнчү: турак жайга болгон укуктун маанилүүлүгү
Кандай гана коом болбосун, адамды ылайыктуу турак жай менен камсыз кылуу эң зарыл муктаждыктардын башында турат. Анткени ал адамдын тамак-ашка жана жеп-ичүүгө болгон муктаждыгынан кем эмес мааниге ээ. Ошондой эле турак жай коомдук туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл. Мындай туруктуулуктун негизинде адам коомдогу өзүнөн күтүлгөн ролун аткара алат. Ошондуктан ылайыктуу турак жай адамдын негизги укуктарынын бири болуп эсептелет.
Аллах Таала айтат:
﴿وَلَقَدۡ كَرَّمۡنَا بَنِيٓ ءَادَمَ وَحَمَلۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَفَضَّلۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ كَثِيرٖ مِّمَّنۡ خَلَقۡنَا تَفۡضِيلٗا﴾
«Чындыгында, Биз Адам балдарын азиз-урматтуу кылдык жана аларды барру бахрда – кургактык жана деңизде (ат – улоо жана кемелерге) чыгарып койдук, ошондой эле аларга пакиза нерселерден ырыскы бердик жана аларды Өзүбүз жараткан абдан көп жандуулардан абзел, артык кылып койдук». (Исра: 70).
Ислам адамдын турак жайга болгон укугун коргоду. Ал тургай, анын турак жайындагы коопсуздугун да кепилдеди. Анткени турак жай — адамдын баш калкалай турган, сырлары сакталган, эс алып, жан дүйнөсү тынчтык таба турган жери. Ошондуктан турак жай адамдын татыктуу жашоосун камсыз кылган негизги муктаждыктардын бири болуп саналат. Ал адамды жайдын ысыгы жана кыштын суугу сыяктуу табигый таасирлерден коргойт.
Ислам бул укукту Ислам мамлекетинин бардык жарандарына — мусулмандарга да, зиммийлерге да кепилдеген. Тактап айтканда, бул укук ар бир мусулманга кандай кепилденсе, ар бир зиммийге да дал ошондой кепилденет.
Ар бир адам турак жайга ээ болууга укуктуу. Ал турак жай жеке менчикке алуу, ижарага алуу же кайрымдуулук катары берилүү жолу менен болушу мүмкүн. Ал тургай, вакф кылынган турак жай да болушу мүмкүн. Мисалы, жолоочу үчүн турак жай же зарылчылыкка кабылган адам үчүн мечит сыяктуу. Анткени суффа ээлери жакыр болгондуктан жана Байтулмал аларды турак жай менен камсыз кыла албагандыктан, Пайгамбардын ﷺ мечитин өздөрүнө убактылуу жашоочу жай кылып алышкан.
Бир да үй-бүлөнү же жеке адамды турак жайсыз калтырууга болбойт. Анткени бул анын жанына, мал-мүлкүнө, ибадатына жана ар-намысына зыян алып келет. Ошондой эле анын өзүнө жана аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө кыйынчылык жаратат. Адамдан зыянды кетирүү важиб болуп саналат.
Бул важиб, биринчи кезекте, адамдын өзүнө жүктөлөт. Ал турак жайды жеке менчикке алуу, ижарага алуу же кайрымдуулук аркылуу алуу жолу менен өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн бул зыянды кетирүүгө милдеттүү.
Эгер ал буга кудуретсиз болсо, анда аны жана анын үй-бүлөсүн турак жай менен камсыз кылуу важиби мамлекетке жүктөлөт. Коом үчүн болсо бул фарз кифая. Эгер коом бул милдетти аткарбай таштап койсо, алардын баары күнөөкөр болушат. Бул укукту сактоо үчүн Ислам шарияты өзүнүн бийлиги астында жашаган ар бир адамдын турак жайынын кол тийбестигин бекиткен. Эгер адам турак жайга ээ болсо, эч кимге ал турак жайдын кол тийбестигин бузууга жол берилбейт. Ал тургай, эч кимге үй ээсинин уруксатысыз анын үйүнө кирүүгө болбойт.
Аллах Таала айтат:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتًا غَيۡرَ بُيُوتِكُمۡ حَتَّىٰ تَسۡتَأۡنِسُواْ وَتُسَلِّمُواْ عَلَىٰٓ أَهۡلِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ﴾
«Эй момундар, өз үйүңөрдөн башка үйлөргө уруксат сурамайынча жана үй ээлерине салам бермейинче кирбегиле. Мына ушу туура болот. Балким өрнөк алаарсыңар». (Нур: 27).
Абу Саид аль-Худрий (розияллаху анху) риваят кылган хадисте Расулуллах ﷺ мындай деген:
«مَنْ اسْتَأْذَنَ ثَلَاثًا فَلَمْ يُؤْذَنْ لَهُ، فَلْيَرْجِعْ».
«Ким үч жолу уруксат сурап, ага уруксат берилбесе, артка кайтсын».
Төртүнчү: Исламда мамлекеттин турак жай менен камсыз кылуудагы ролу
Ислам — адам жашоосунун материалдык жактарын гана эмес, бардык тармактарын камтыган негизги эрежелерди белгилеген жалгыз дин. Ал руханий, ахлакий, ижтимаий, саясий жана экономикалык тармактарды өз ара байланыштырат жана бирдиктүү түрдө тартипке салат. Муну менен исламий акыйдага ишенип, анын негизинде жашаган коомдун жашоодо бакытка жана бейпилдикке жетишин, ошондой эле талап кылынган экономикалык жана социалдык өнүгүүгө жетүүсүн камсыз кылат.
Ислам экономикалык тармакта да эрежелерди белгилеп, укуктарды кепилдеген жана аларды белгилүү бир тартиптер менен чектерге байланыштырган. Ислам ар бир адамдын адам катары сөзсүз камсыздалышы зарыл болгон негизги муктаждыктарынын т.а. тамак-аш, кийим-кече жана турак жай муктаждыктарынын камсыздалышын кепилдеген. Ошондой эле Ислам адамды жакшы нерселерден пайдаланууга жана мүмкүнчүлүгүнө жараша дүйнө жашоосунун зинаттарынан ырахат алууга үндөгөн. Демек, Ислам ар бир адамдын жашоо укугун өзүнчө кепилдейт жана ага бакубат жашоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Исламда мамлекеттин ролу — адамдардын кызыкчылыктарын камкордукка алуу. Бул Пайгамбардын ﷺ ушул хадисине ылайык ишке ашырылат:
«كُلُّكُمْ رَاعٍ، وَكُلُّكُمْ مَسْؤولٌ، فَالْأَمِيرُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ، وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالرَّجُلُ رَاعٍ عَلَى أَهْلِ بَيْتِهِ، وَهُوَ مَسْؤُولٌ، وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ عَلَى بَيْتِ زَوْجِهَا، وَهِيَ مَسْؤُولَةٌ، وَالْعَبْدُ رَاعٍ عَلَى مَالِ سَيِّدِهِ، وَهُوَ مَسْؤُولٌ، أَلَا فَكُلُّكُمْ رَاعٍ، وَكُلُّكُمْ مَسْؤُولٌ».
«Ар бириңер камкорчусуңар жана ар бириңер жоопкерсиңер. Адамдарды башкарган амир — камкорчу жана ал өзүнүн кол астындагыларынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнүн камкорчусу жана алардан жоопкер. Аял күйөөсүнүн үйүнүн камкорчусу жана андан жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнүн камкорчусу жана андан жоопкер. Билип койгула, ар бириңер камкорчусуңар жана ар бириңер жоопкерсиңер».
Мамлекет өзүнүн ар бир жаранын турак жай менен камсыз кылуу жоопкерчилигин мойнуна алат. Ошондуктан Ислам шарияты мамлекеттин бардык жарандары үчүн турак жайга болгон укукту бекиткен. Ар бир адам турак жайга жеке менчикке алуу, ижарага алуу же кайрымдуулук аркылуу ээ болууга укуктуу. Ошондой эле Ислам аларга турак жай куруу, ага ээлик кылуу жана аны башкаларга ижарага берүү укугун берген.
Буга тарыхый далилдердин бири — рошид халифа Умар ибн Абдулазиз (роихмахуллах) жөнүндө айтылган окуя. Ал өзүнүн акимдерине: «Карызга баткандардын карыздарын төлөп бергиле», – деп кат жазган.
Ага: «Биз үйү, кызматчысы, аты жана үйүндө эмеректери бар адамдарды да кездештирип жатабыз», – деп жооп жазышкан.
Ошондо Умар мындай деп жазган: «Мусулман адамдын баш калкалай турган үйү, анын иштерин аткара турган кызматчысы, душманына каршы жихад кыла турган аты жана үйүндө эмеректери болушу зарыл. Ушулардын баарына ээ болсо да, ал карыздар болуп эсептелет. Андыктан анын карызын төлөп бергиле».
Бул кабарда момундардын амири Умар карызга баткандардын үйү, эмеректери, кызматчысы жана аты болсо да, алардын карыздарын төлөп берүүгө буйрук бергени айтылат. Бул ырайымдуулуктун, өз ара жардамдашуунун жана жарандардын иштерине кам көрүүнүн улуу көрүнүштөрүнүн бири.
Адилеттүү имамдар үммөттүн мал-мүлкүн дал ушундай жол менен сарпташат. Алар бул каражаттар аркылуу жакырларды муктаждыктан куткарышат, оор абалга түшкөндөргө жардам беришет, туткундарды бошотушат, карызын төлөөгө кудурети жетпегендердин карыздарын төлөшөт жана муктаждардын муктаждыктарын камсыз кылышат.
Ал тургай, мамлекеттин ролу жана адамдардын кызыкчылыктарына кам көрүүсү мындан да кеңири болгон. Мамлекет алыскы вилаяттарда жашаган жарандардын биринин үйүнүн дубалын оңдоп берүүнү да өз мойнуна алган.
Рошид халифа Умар ибн Абдулазиз (роихмахуллах) жөнүндө мындай риваят кылынат: «Ал мусулмандардын иштерине көз салып, алардын кабарларын угуу үчүн эшиктерин кеңири ачып койгон. Умар ибн Абдулазиздин кат ташуучусу жолго чыкканда, адамдардын кимиси ага кат берсе, ал аны сөзсүз алып кетчү.
Бир жолу Мисирден кат ташуучу жолго чыкканда, Зу Асбахтын азат кылынган кара терилүү күңү Фартуна ага кат берген. Катында ал үйүнүн дубалы жапыз экенин, адамдар дубалдан ашып кирип, тоокторун уурдап кетишерин билдирген.
Ошондо Умар мындай деп кат жазган:
«Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен.
Аллахтын кулу, момундардын амиринен Зу Асбахтын азат кылынган кара терилүү күңү Фартунага.
Сенин катың мага жетти. Анда дубалыңдын жапыз экенин, адамдар үйүңө кирип, тоокторуңду уурдап кетишерин айткан экенсиң. Мен Мисирдеги намаз жана согуш иштерине жооптуу акимим Айюб ибн Шархабилге кат жазып, Аллах кааласа, сени коркуткан нерселерден коргой тургандай кылып дубалыңды куруп, бекемдеп берүүнү буйрук кылдым».
Ошондой эле Умар Айюб ибн Шархабилге мындай деп кат жазган:
«Аллахтын кулу, момундардын амири Умардан Ибн Шархабилге.
Амма баъду: Зу Асбахтын азат кылынган күңү Фартуна мага кат жазып, дубалынын жапыз экенин, ошол дубал аркылуу анын тооктору уурдалып жатканын айтып, дубалын бекемдеп берүүнү суранды. Бул катым сага жеткенде, өзүң атка минип, анын үйүнө бар жана дубалын бекемдеп бер».
Кат Айюбга жеткенде, ал өзү атка минип, Гизага барды. Ал Фартунаны сураштырып жүрүп, акыры аны тапты. Караса, ал мискин аял экен. Айюб ага момундардын амири жазган буйрукту билдирип, дубалын бекемдеп берди».
Эгер мамлекет өзүнүн ар кандай ресурстары менен муктаж болгон жарандарынын бул укугун камсыз кылууга кудуретсиз болсо, анда бул жоопкерчилик коомдогу бай адамдардын мойнуна жүктөлөт. Алар жакырлардын жана муктаждардын тамак-ашка, жеп-ичүүгө, кийим-кечеге жана баш калкалай турган жайга болгон муктаждыктарын камсыз кылууга милдеттүү.
Андалусиялык Ибн Хазм (рохимахуллах) мындай дейт:
«Ар бир өлкөнүн бай адамдарына өздөрүнүн жакырларын камсыз кылуу фарз кылынган. Эгер зекеттин каражаттары жана мусулмандардын башка мал-мүлктөрү алардын муктаждыктарын камсыз кылууга жетишсиз болсо, султан байларды бул милдетти аткарууга мажбурлайт.
Жакырлар сөзсүз зарыл болгон тамак-аш, кышкы жана жайкы кийим-кече, ошондой эле аларды жамгырдан, жайдын ысыгынан, күндүн нурунан жана өтүп бара жаткандардын көздөрүнөн коргой турган турак жай менен камсыз кылынууга тийиш.
Мунун далили Аллах Тааланын ушул сөзү болот:
﴿فََٔاتِ ذَا ٱلۡقُرۡبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلۡمِسۡكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِۚ﴾
«Демек, тууган-урукка, бечера жана мусапырга акыларын бергин». (Рум: 38).
Ошондой эле Аллах Таала айтат:
﴿وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنٗا وَبِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَاكِينِ وَٱلۡجَارِ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡجَارِ ٱلۡجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلۡجَنۢبِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ مُخۡتَالٗا فَخُورًا﴾
«Ата-энеңерге, ошондой эле тууган-урук, жетим жана бечараларга, тууган кошуна жана бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла. Албетте Аллах өздөрү бакыл (зыкымдык) кылган жана башка адамдарды да бакылдыкка чакырган, ошондой эле Аллах Өз берешен, жоомарттыгынан берген байлыктарды жашырган текебер жана мактанчаак адамдарды жакшы көрбөйт». (Ниса: 36).
Аллах Таала туугандардын акысы менен бирге мискиндердин, жолоочулардын жана кол астындагы кулдардын акысын да важиб кылды. Ошондой эле ата-энеге, туугандарга, мискиндерге, кошуналарга жана кол астындагы кулдарга жакшылык кылууну фарз кылды. Жакшылык кылуу болсо биз жогоруда айтып өткөн нерселердин баарын камтыйт. Аларды берүүдөн баш тартуу, шексиз, жамандык кылуу болуп эсептелет.
Ашыкча турак жайы бар жана турак жайсыз калган үй-бүлөнүн абалынан кабардар болгон ар бир кудуреттүү мусулманга, эгер бул милдетти башка эч ким аткарбаса, ал үй-бүлөнү баш калкалоочу жай менен камсыз кылуу фарз айн болот.
Баш калкалоочу жай менен камсыз кылуу зарылчылыктан келип чыккан зыянды кетирүү үчүн убактылуу мөөнөткө болот. Анткени аны туруктуу түрдө камсыз кылуу кайрымдуулук кылган адамга зыян алып келет. Бирок ал өзү буга ыраазы болсо же баш калкалоочу жай менен камсыз кылынган адамдардын зарылчылыгы уланып, аларды жайгаштырган адамдын мүмкүнчүлүгү да сакталып турса, анда бул башка маселе. Анткени мындай адам ибнус-сабилге (жолоочуга) кирет. Ал эми ибнус-сабилдин абалы туруктуу эмес, убактылуу болот.
Бул өкүм турак жайсыз калган адамдын же үй-бүлөнүн дини бирдей болобу же башка болобу, айырмасыз колдонулат. Анткени адамдардын жанына, ар-намысына жана мал-мүлкүнө келтирилген же келиши күтүлгөн зыянды кетирүү — мутлак важиб. Бул милдет бир диндеги адамдар менен гана чектелбейт.
Буга Аллах Тааланын ушул сөзүнүн умумий мааниси далил болот:
﴿إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالْإِحْسَانِ وَإِيتَاءِ ذِي الْقُرْبَى وَيَنْهَى عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ وَالْبَغْيِ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ﴾
«Албетте, Аллах адилеттикке, жакшы иштерди кылууга жана тууган-урукка күйүмдүү болууга буюрат, ошондой эле бузукулуктан, жаман иштерден жана зомбулуктан кайтарат. Ал балким өрнөк болоор, деп силерге нарк-насыят кылат». (Нахл: 90).
Ошондой эле Аллах Таала айтат:
﴿لَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ أَنْ تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ﴾
«Аллах силерди диниңер туурасында силер менен урушпаган жана силерди өз мекениңерден кууп чыгарбаган кишилерден – аларга жакшылык кылууңардан жана аларга адилеттүү болууңардан кайтарбас. Албетте, Аллах адилеттүүлүк кылуучуларды сүйөт». (Мумтахана: 8).
Бул аятта уруксат берилген, биринчи аятта болсо буйрук берилген.
Ошондой эле Аллах Тааланын ушул сөзүндөгү буйруктун умумий мааниси да буга далил болот:
﴿وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَبِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَى وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا﴾
«Аллахка пенделик кылгыла жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге, ошондой эле тууган-урук, жетим жана бечараларга, тууган кошуна жана бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла. Албетте Аллах өздөрү бакылдык кылган жана башка адамдарды да бакылдыкка чакырган, ошондой эле Аллах Өз берешен, жоомарттыгынан берген байлыктарды жашырган текебер жана мактанчаак адамдарды жакшы көрбөйт». (Ниса: 36).
Бул аятта мусулман башкалардан өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн эмес.
Ал эми «ибнус-сабил» деген сыпат баш калкалоочу жай таппаган адамды да камтыйт. Ал жеке адам болобу же үй-бүлө болобу, айырмасы жок. Анткени «сабил» деген сөз «жол» дегенди билдирет. Мындай адам да ошол абалдагы адамга окшош.
Ошондуктан аяттын ачык нассына ылайык, ибнус-сабилге жакшылык кылуу важиб болот. Ал эми аны балдары жана үй-бүлөсү менен, ал тургай жалгыз болсо да көчөдө калтыруу жакшылык кылуу болуп эсептелбейт. Тескерисинче, бул жамандык кылуу жана жакшылык кылууга буйруган насска каршы чыгуу болуп саналат.
Бешинчи: турак жайга байланыштуу шаръий укуктар
Турак жай адамдын жашоосунда чоң мааниге ээ болгондуктан, Ислам шарияты, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, коомдогу ар бир адамдын турак жайга болгон укугун бекиткен. Ошондой эле бул укукка байланыштуу башка укуктарды да бекиткен. Ал укуктарды төмөнкүдөй түшүндүрөбүз:
Турак жайды эркин тандоо жана андан пайдалануу укугу
Ар бир адам өзүнүн материалдык мүмкүнчүлүктөрүнө жана социалдык деңгээлине жараша жашай турган жерин жана турак жайдын түрүн тандоодо толук эркиндикке ээ. Ошондой эле ал ысырапкорчулукка жана мал-мүлктү жөнү жок чачууга жол бербөө шарты менен, өзүнүн табитине ылайык келген жана ага ыңгайлуулукту камсыз кылган үй эмеректерин тандоодо да толук эркиндикке ээ.
Ар бир адам өзүнүн турак жайынан өзү каалагандай пайдаланууга укуктуу. Бул укукту «зыян келтирүүгө да, зыянга зыян менен жооп берүүгө да болбойт» деген шаръий эреже негизинде тартиптерди сактоо гана чектейт.
Ошондуктан адам өзүнүн турак жайынан кошуналарына зыян келтирбеген жана аларга кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратпаган түрдө пайдаланууга милдеттүү.
Турак жайга ээсинин уруксатысыз кирбөө
Бул турак жайдын кол тийбестигин бекитүү жана аны бузууга болбой турганын баса белгилөө болуп саналат. Ислам үйгө кирүүчү адамдын даражасы кандай болбосун, үй ээсинин уруксатысыз ага кирүүгө тыюу салган. Ар бир адам өзүнүн уруксаты жана макулдугу болмоюнча эч кимдин үйүнө кирбешин талап кылууга укуктуу. Анткени адамдын турак жайы — анын сырлары сакталган жана үй-бүлөсү жашаган жер. Ошондуктан уруксатсыз кирүү адамдын өзүнө жана анын турак жайынын кол тийбестигине кол салуу болуп эсептелет жана буга жол берилбейт.
Анткени Аллах Таала айтат:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتًا غَيۡرَ بُيُوتِكُمۡ حَتَّىٰ تَسۡتَأۡنِسُواْ وَتُسَلِّمُواْ عَلَىٰٓ أَهۡلِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ فَإِن لَّمۡ تَجِدُواْ فِيهَآ أَحَدٗا فَلَا تَدۡخُلُوهَا حَتَّىٰ يُؤۡذَنَ لَكُمۡۖ وَإِن قِيلَ لَكُمُ ٱرۡجِعُواْ فَٱرۡجِعُواْۖ هُوَ أَزۡكَىٰ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ﴾
«Эй момундар, өз үйүңөрдөн башка үйлөргө уруксат сурамайынча жана үй ээлерине салам бермейинче кирбегиле. Мына ушул туура болот. Балким өрнөк алаарсыңар. Эми эгер ал (үйлөрдө) эч кимди таппасаңар, андай учурда силерге уруксат берилмейинче аларга кирбегиле! Эгер силерге «кайткыла» делсе (кирүүгө уруксат берилбесе) кайтып кеткиле! Ушул силер үчүн эң таза (жол). Аллах кылып жаткан ишиңерди жакшы билүүчү». (Нур: 27-28).
Бул эки ыйык аяттан турак жайдын кол тийбестиги эң толук жана кемчиликсиз түрдө бекитилгенин далил катары алабыз. Бул укук дүйнөлүк конституциялар жана адам укуктары жөнүндөгү эл аралык декларациялар тарабынан таанылганга чейин он төрт кылым мурда эле бекитилген.
Демек, эч кимге башка бирөөнүн үйүнө анын уруксатысыз кирүүгө болбойт. Ал тургай, үйдө жашагандардын эч кимиси жок болсо да, үй ээсинен кирүүгө уруксат алмайынча ага кирүүгө акысы жок. Анткени үй — адамдын сырлары сакталган жай. Ошондуктан үй ээси жумушта же кандайдыр бир муктаждыгын өтөө үчүн сыртта жүрсө да, анын үйүнө уруксатсыз кирүүгө жана сырлары менен таанышууга болбойт.
Бул аят үй ээлеринин уруксатысыз үйлөргө кирүүгө тыюу салууну дагы да бекемдеген. Анткени анда үй ээси кайтып кетүүнү талап кылса, кирүүнү каалаган адамга кайтып кетүү буйрулган.
Аллах Таала айтат:
﴿وَإِن قِيلَ لَكُمُ ٱرۡجِعُواْ فَٱرۡجِعُواْۖ هُوَ أَزۡكَىٰ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ﴾
“Эгер силерге «кайткыла» делсе (кирүүгө уруксат берилбесе) кайтып кеткиле! Ушул силер үчүн эң таза (жол). Аллах кылып жаткан ишиңерди жакшы билүүчү”.
Ислам турак жайдын кол тийбестигин бекемдөөгө жана ага ээсинин уруксатысыз кирүүгө тыюу салууга ушунчалык чоң маани бергендиктен, Аллах Субханаху ва Таала мусулмандарга балагатка жете элек балдарына да уруксат суроонун адептерин үйрөтүүнү көрсөткөн.
Аллах Таала айтат:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِيَسۡتَٔۡذِنكُمُ ٱلَّذِينَ مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ وَٱلَّذِينَ لَمۡ يَبۡلُغُواْ ٱلۡحُلُمَ مِنكُمۡ ثَلَٰثَ مَرَّٰتٖۚ مِّن قَبۡلِ صَلَوٰةِ ٱلۡفَجۡرِ وَحِينَ تَضَعُونَ ثِيَابَكُم مِّنَ ٱلظَّهِيرَةِ وَمِنۢ بَعۡدِ صَلَوٰةِ ٱلۡعِشَآءِۚ ثَلَٰثُ عَوۡرَٰتٖ لَّكُمۡۚ لَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ وَلَا عَلَيۡهِمۡ جُنَاحُۢ بَعۡدَهُنَّۚ طَوَّٰفُونَ عَلَيۡكُم بَعۡضُكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ﴾
«Эй момундар, кол астыңардагы, ошондой эле өзүңөрдүн балакатка жетпеген (балаңар) үч убак (алдыңарга кирүү үчүн) силерден уруксат сурашсын: багымдат намазынан мурун, бешин убакытта (ысыктан) кийимиңерди чечкен чагыңарда жана куфтан намазынан кийин. (Бул үч убакыт) силердин абийирдүү жериңер (ачык болушу мүмкүн убактылар). Алар ошол (убакыттардан) кийин (уруксат сурабай киришсе) силерге да, аларга да күноө жок. (Себеби) алар силерге бириңер бириңерге келип-кетип туруучусуңар. Аллах аяттарды силерге мына ушундай баян кылат. Аллах билим жана даанышмандык ээси». (Нур: 58).
Шаръий негизсиз турак жайды тартып алууга тыюу салуу
Эгер адам турак жайга ээлик кылса, анын бул менчик укугу шарият тарабынан корголот. Ошондуктан эч кимге бул менчикти тартып алууга, бузуп талкалоого же башка жолдор менен зыян келтирүү аркылуу ага кол салууга болбойт. Бирок бул иш башкаруучу тарабынан коомдук кызыкчылык үчүн жасалса, уруксат берилет. Мисалы, жолдун тардыгынан өтүп бара жаткандар зыян тартып жаткандыктан, аны кеңейтүү зарыл болсо же ушуга окшогон башка учурларда. Мында менчик ээсине компенсация төлөнүүгө тийиш.
Жыйынтыктап айтканда, Ислам адамга турак жайга болгон укукту берген жана турак жайдын кол тийбестигин, корголушун камсыз кылган. Анткени турак жай — адамдын сырлары сакталган жана үй-бүлөсү жашаган жер. Ошондуктан эч кимге анын жеке жашоосуна тыңчылык кылууга жана уруксатысыз турак жайына кирүүгө болбойт.
Демек, турак жай — ар бир адамдын негизги муктаждыгы жана анын татыктуу жашоосу үчүн зарыл болгон нерселердин бири. Ошондуктан мамлекет адамдын жашоосу үчүн зарыл болгон башка негизги муктаждыктар менен катар бардык адамдарды турак жай менен камсыз кылууга милдеттүү.
Ислам алып келген жана Ислам шариятында белгиленген өкүм мына ушундай. Бул адам тарабынан чыгарылган конституцияларда кабыл алынган жоболордон таптакыр айырмаланат. Мындай айырмачылыктын себеби — мамлекеттин ролуна болгон көз караштын ар түрдүүлүгү. Анткени Исламда мамлекеттин ролу — Ислам шариятынын максаттарына ылайык жана алар менен шайкеш түрдө адамдардын кызыкчылыктарына кам көрүү жана аларды коргоо.




