Фикхий
Карызга алган кагаз акчанын кунсуздануусу тууралуу

Карызга алган кагаз акчанын кунсуздануусу тууралуу
Суроо:
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.
Боордошум, сизге төмөнкү суроолорду берүүгө уруксат этиңиз:
Өзүңүздү жалданма жумушчу же кызматкер катары элестетиңиз. Сиз бир нече жыл бою эмгек акыңыздан же айлыгыңыздан куру калдыңыз дейли. Анда сизге, мисалы, 10 жыл мурунку наркы менен эле эмгек акыңызды төлөп берүү тууралуу өкүм чыгарылышын адилеттүүлүк деп эсептейсизби?
Мисалы, мен сизден 84 грамм алтын алган болсом, 10 жылдан кийин болсо да сизге 84 грамм алтын кайтарып беришим керек. Бул Аллахтын шарияты.
Урматтуум, азыр 84 грамм алтын 7230 динарга барабар. Ал эми 10 жыл мурун 84 грамм алтын 1200 динарга барабар болчу. Эгер мен сизден 1200 динар карыз алып, 10 жылдан кийин ошол эле 1200 динарды кайтарып берсем, анда сизге нарктын алтыдан бир бөлүгүн, башкача айтканда, 14 грамм алтынга барабар сумманы гана кайтарып берген болом. Бул болсо сиздин мүлкүңүздүн наркын кемитүү болуп саналат.
Аллах Таала бизди мындан кайтарып, Өзүнүн Ыйык Куран китебинде мындай деген:
﴿وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ﴾
«Адамдарга нерселерин кемитип бербегиле жана жер жүзүндө бузукулук кылып каңгып жүрбөгүлө!» (Шуара: 183).
Менин түшүнүгүм боюнча, рибанын арам кылынышынан көздөлгөн максат да ушул.
Боордошум, сиздин оюңузча, бир нерсени (өзүнүн наркын өзүнөн албаган, тескерисинче, наркы өз ара макулдашуу менен белгиленген динарды) өзүнүн түпкү негизине (алтынга) кайтаруу туура эмеспи?
Жооп:
Урматтуу боордошубуз, Хафиз Гарсаллахкк (Hafedh Gharsallah).
Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух.
Азыркы кагаз акчаларга келсек, аларга «акча» деген орток иллеттин негизинде акчага тиешелүү өкүмдөр колдонулат. Башкача айтканда, бул кагаздар менен товарлардын баасы жана эмгек акы белгиленип, колдонулушу негиз болуп саналат.
Баа жана эмгек акы катары колдонулган бардык нерсе акча деп эсептелет жана адамдар арасында жүгүртүүдө болуп, жараксыз болуп калбаган, башкача айтканда, мыйзамдуу түрдө жоюлбаган мөөнөттө ага акчага тиешелүү өкүмдөр колдонулат.
Ал эми бул кагаздардын акча деп эсептелишине жана аларга акчага тиешелүү өкүмдөрдүн колдонулушуна далил болсо төмөнкүдөй:
Анткени бул милдеттүү түрдө колдонулуучу кагаз акчаларды акча, нерселердин баасы жана пайдалар менен кызматтардын акысы катары кабыл алуу жөнүндө өз ара макулдашылган. Алар менен алтын жана күмүш сатып алынгандай эле, башка товарлар жана буюмдар да сатып алынат. Демек, бул кагаз акчаларда алтын жана күмүш динар жана дирхам түрүндө чегилгенде бар болгон акчага жарактуулук иллети, башкача айтканда, «баалар жана эмгек акылар катары колдонулуу» иллети ишке ашкан болот.
Ошондуктан алтын жана күмүшкө тиешелүү акча өкүмдөрү милдеттүү түрдө колдонулуучу кагаз акчаларга да колдонулат. Алардан зекет алынат жана аларда риба ал-фадл менен риба ан-насиа арам кылынат. Ошондуктан карызды алынган өлчөмүнөн ашыкча кылып төлөөгө болбойт. Болбосо, бул риба ан-насиа болуп калат. Ошондой эле бир түрдөгү акчаны ошол эле түрдөгү акчага алмаштырууда, алтын жана күмүшкө тиешелүү шаръий өкүмдөргө ылайык, бирдей өлчөмдө жана колмо-кол алмаштыруу гана жаиз болот.
Демек, башкалардын сизге болгон карызы, акчанын наркы төмөндөсө да, жогоруласа да, эч кандай кошумчасыз, кандай болсо, ошондой өлчөмдө төлөнөт. Бул өкүм акча мыйзамдуу түрдө жүгүртүүдө болгон мөөнөттө күчүндө болот.
Акчанын наркынын төмөндөшүнөн улам келип чыккан көйгөйлөр тууралуу айткандарыңызды түшүнөм. Сиз айткандай, мисалы, он жыл мурун бирөөнүн сизге «1000» динар карызы болуп, ал бүгүн ошол карызын төлөгүсү келсе, анда бул кагаз акчанын он жыл ичинде наркы төмөндөшүнүн натыйжасында сизге оор тиери анык. Бирок акыйкат ээрчилүүгө көбүрөөк тийиш. Бул кагаз акчалар акча деген түшүнүккө туура келгендиктен, аларга рибага байланыштуу өкүмдөр колдонулат. Демек, бул кагаз акчалар мыйзамдуу түрдө жүгүртүүгө жарактуу болуп турган мөөнөттө карызды алынган өлчөмүнөн ашыкча кылып төлөөгө болбойт.
Аллах Субханаху ва Тааладан мал-мүлкүңүзгө, үй-бүлөңүзгө жана балдарыңызга береке беришин сурайм.
16.05.2013 ж.




