Комментарий

Кыргызстандын жарандары банктарга дээрлик 393 миллиард сом карыз

Кыргызстандын жарандары банктарга дээрлик 393 миллиард сом карыз

2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кредиттик портфели 602 миллиард сомго жетти. Бул сумма кредит алуучулардын банктар алдындагы төлөнө элек жалпы карызы болуп эсептелет.

Кредиттин негизги бөлүгү жеке адамдарга туура келет. Өлкө жарандары банктарга 392,8 миллиард сом (кредиттик портфелдин 65,3 пайызы) карыз. Бул кредиттердин үчтөн бир бөлүгү жеке керектөө үчүн алынган.

Комментарий: сүткорлук жаатында өлкөдө уламдан улам жаңы рекорддук көрсөткүчтөр катталууда. Себеби, мурун адамдар кандайдыр бир ишкерлик же ушул сыяктуу нерселер үчүн кредит алышса, бүгүн күнүмдүк керектөөчү зарылдыктар үчүн да кредит алынып жатат. Кабарда көрсөтүлгөндөй, бул күнүмдүк керектөөчү нерселер үчүн алынган кредиттер жалпы кредиттин 65,3 пайызына жетти.

Бул коомдун абалы өтө опурталдуу экенинин белгиси. Анткени кредит алган адам кредитин жабуу үчүн тынымсыз иштөөгө мажбур. Мындай адам айланасындагы болуп жаткан окуяларга көңүл бурбастан, жеке үй-бүлөсүнүн абалы тууралуу гана ойлонуп, эмне туура, эмне туура эмес, жакшылык жана жамандык жөнүндө ой жүгүртпөй калат. Буга кошумча, дайыма стресс абалында болуп, туугандары, башка адамдар менен мамилелердин бузулушуна чейин алып барышы мүмкүн.

Мына ушундайча капитализм экономикасынын негизи болгон кредиттик саясат адамдарды кишенсиз эле кулга айлантты. Сүткорлук адамдардын майда барат керектөөлөрүнө чейин кирип барууда. Демек, сүткорлор адамдардын ар бир иштеткен тыйынан «акча жасап жатышат». Арийне, алардын кирешелери көбөйүүдө. Тагырак айтсак, 2026-жылдын алты айында финансы секторунун таза кирешеси 22,6 миллиард сомго жеткен. Алар кирешелерин дагы да көбөйтүү үчүн мусулмандарды «Исламий каржылоо» деген жалган менен азгырышууда. Мамлекет да бул сүткордукка негизделген саясатты күчөтүп, а түгүл, айрым молдокелерибиз да бул саясатка жылчык ачып берүүгө мажбур болууда. Түпүкүлүгүндө, алардын «Исламий каржылоосу» Исламдын шарттарына туура келбейт жана көз боёмочулуктан башка нерсе эмес.

Негизи, Ислам сүткорлукту толугу менен арам кылган. Бул Исламда ачык-айкын көрсөтүлгөн тыюулардын бири.

Аллах Таала айтат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ

«Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана эгер чындап момун болсоңор, сүткорлуктан калган нерсени таштагыла». (Бакара – 278).

Сахих Муслимде Жабир ибн Абдуллахтан (р.а.) риваят кылынат:

« لَعَنَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ آكِلَ الرِّبَا، وَمُؤْكِلَهُ، وَكَاتِبَهُ، وَشَاهِدَيْهِ » ، وَقَالَ: « هُمْ سَوَاءٌ »

«Аллахтын Элчиси ﷺ сүткорлукту жеген адамды, аны берген адамды, аны жазган адамды жана ага күбө болгон эки адамды каргады. Ал: “Алардын баары бирдей”, – деди.

Андыктан Ислам сүткорлуктан кескин кайтарган. Мусулман адам андан алыс болуусу кажет. Себеби ал чоң күнөөлөрдүн бири.

Исламдын өзүнүн экономикалык түзүмү бар. Анда сүткорлорго эч кандай орун жок. Башкача айтканда, адамдардын үстүнөн – эч бир эмгек кылбастан, эч бир зыян тартпастан – акча табууга жол берилбейт. Ислам ишкерлерге инан, абдан, музороба, вужух, муфаваза сыяктуу келишимдерди сунуштайт. Бул эрежелер капитализмдегидей адамдардын эксплуатация кылынышына бөгөт коёт.

Ал эми дыйыкандарга болсо, жерин иштетип пайда табышы үчүн Байтулмалдан каражат бөлүнөт. Эгер, инсан кийим-кече, азык-түлүк же башбаанекке муктаж болуп кыйналып жатса, бул зарылдык негизги муктаждык болгону үчүн мамлекет алардын каржылоосун мойнуна алат. Бирок бул айтылгандар Ислам толук колдонулган коомго, тагырагы Ислам мамлекетине тиешелүү. Бул бакубат жашоо орнотулушу үчүн Ислам толук колдонулуусу зарыл. Андыктан элди эзген капитализмден баш тартуу, анын ордуна Исламды тикелөө шарт.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button