Роя гезити

Кытай-Өзбекстан мамилелериндеги жаңы он жылдык ураан жана анын чыныгы маңызы

Кытай-Өзбекстан мамилелериндеги жаңы он жылдык ураан жана анын чыныгы маңызы

Кытай Өзбекстан менен кызматташуу аркылуу эки тараптуу мамилелерде жаңы он жылдыктын алтын доорун баштоого даяр. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунда билдирди. Эки тараптын ортосунда өткөн сүйлөшүүлөр расмий дипломатиялык тил менен дагы бир ийгиликтүү барак катары сыпатталды.

«Жаңы он жылдыктын алтын доору», «Кытай-Өзбекстан орток тагдыр коомчулугу», «Өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүк» сыяктуу жалтырак ураандардын артында маанилүү глобалдык жана аймактык процесстер жашырылган. Эгер бул вакыйлыкка эл аралык абалдын маңызы, дүйнөлүк капиталисттик күчтөрдүн кагылышуусу жана Ислам Үммөтүнүн геостратегиялык кызыкчылыктары аркылуу каралса, маселенин чыныгы маңызы ачылат.

Бир тарапта өзүнүн камсыздоо чынжырларын жана экспорттук коридорлорун камсыздоого умтулган коммунисттик-капиталисттик күч — Кытай турса, экинчи тарапта өз алдынча мабдаий негизге ээ болбогон, табигый байлыктарын, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жана мусулман элин улуу державалардын бөлүштүрүүсүнө өткөрүп берген көз каранды режим турат.

Эл аралык абал:

● Америка үстөмдүгүнүн алсыроосу: Американын өнөр жай жана технология тармагындагы монополиясы кыйрады. Анын аскерий, экономикалык жана финансылык кубаты Иранда, Газада жана башка исламий өлкөлөрдө жүргүзгөн ойлонулбаган саясаттарынын, ошондой эле ички карыздарынын жана бажы тарифтери саясатынын кесепетинен олуттуу түрдө алсырап бара жатат. Ошентип, дүйнөнүн бардык аймактарын жалгыз өзү көзөмөлдөөгө кудурети жетпей калды.

● Европанын түзүмдүк кризиси: Орусия-Украина согушунун жана арзан энергиядан ажырап калуунун натыйжасында Европа өнөр жайы төмөндөө айлампасына түшүп, Америка менен Кытайдын ортосундагы атаандаштыктын курмандыгына айланды.

● Кытайдын экспансиялык кеңейүүсү: Кытай дүйнөлүк өнөр жай борборуна айлануу менен гана чектелбестен, электрондук чиптер, кайра жаралуучу энергия жана жогорку технологиялар тармагында Батыштан үстөмдүк кылуу деңгээлине жетти. Ошол эле учурда долларга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн эл аралык соодада юандын үлүшүн көбөйтүп жатат.

Мындай шарттарда товарларды ташуу үчүн кургактык жолдорун камсыздоо Кытай үчүн турмуштук зарылдык болуп эсептелет. Ормуз жана Малакка сыяктуу деңиз кысыктары, ошондой эле Тынч океандын суулары Американын деңиз күчтөрүнүн же аймактык согуштардын коркунучу астында турган учурда, Борбор Азия аркылуу өткөн «Бир алкак — бир жол» кургактык жолу Кытай товарларын Европа жана Жакынкы Чыгыш базарларына чыгаруунун жалгыз альтернативасы болуп саналат.

Ошондуктан Си Цзиньпин Бишкекте өзгөчө баса белгилеген «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу Бээжин үчүн жөн гана инфраструктура эмес, Батыштын санкцияларын жана деңиз блокадасын айланып өтүүгө мүмкүндүк берген стратегиялык геоэкономикалык жана аскерий маанидеги негизги кан тамыр болуп саналат.

Кытайдын Өзбекстан менен болгон мамилелеринде «жасалма интеллект, чөлдөшүүгө каршы күрөшүү, жакырчылыкты азайтуу жана маданий борборлорду ачуу» сыяктуу ураандарды көтөрүшү, чындыгында, жумшак күчтүн жамынчысы астындагы экономикалык көз карандылык тузагы болуп саналат:

1. Чийки заттарды жана базарларды монополиялаштыруу: Кытай технологиялардын жана насыялардын ордуна Өзбекстандын минералдык байлыктарын (уран, жез, газ жана сейрек кездешүүчү металлдар), ошондой эле энергетикалык тармактарын жана транспорттук коридорлорун өз көзөмөлүнө алууда. Ал сейрек кездешүүчү металлдарды жана өндүрүш чынжырларын курал катары колдонуп, азыр Өзбекстандын ресурстарын толугу менен ушул чынжырга бириктирип жатат.

2. Сакофий жана билим берүү тармагындагы экспансия: Си Цзиньпиндин сакофий борборлорду түзүү, билим берүү жаатында алмашууларды жүргүзүү жана эки элдин ортосундагы жакындашууну күчөтүү талабы Борбор Азиядагы мусулман элдеринин Кытайга болгон көз карашын жакшыртуу жана саясий-экономикалык экспансияны пикирий жана сакофий жактан бекемдөө планы болуп саналат.

3. Үч жаман күч деген каралоо: Исламга негизделген ойгонууга каршы кутум уюштуруу. Эки тараптын үч жаман күчкө (терроризм, экстремизм жана сепаратизм) каршы биргелешип күрөшүүгө макулдашуусу билдирүүдөгү эң кооптуу жагдай болуп эсептелет.

Бул терминдердин чыныгы маңызы Чыгыш Түркстандагы трагедияга мыйзамдуулук берүү. Кытай миллиондогон уйгурлардын жана башка түрк тилдүү мусулмандардын исламий өздүгүн жок кылууга умтулуп, аларды «экстремизм жана сепаратизм» деген шылтоо менен лагерлерге камоодо. Ал эми Өзбекстандын бул түшүнүктү эч тартынбастан кабыл алышы, Си Цзиньпиндин төрт глобалдык демилгесин жана «Бир Кытай» принцибин толук колдошу Чыгыш Түркстан мусулмандарына жасалып жаткан зулумдукка шериктеш болууну жана Кытайдын мусулмандарга каршы саясатын расмий түрдө актоону билдирет.

Америка менен Батыш Исламга жана анын өкүмдөрүнө каршы системалуу согуш жүргүзүп жатышат. Ошол сыяктуу эле Кытай, Орусия жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы аймактык режимдер да мусулман элдеринин арасында мабдаий ойгонуунун күч алышынан, исламий өздүктүн жана исламий башкаруу т.а. Халифалык идеясынын кайра жанданышынан коркушат. Алар «үч жаман күч» деген каралоо аркылуу ушул исламий ойгонууну жана залим режимдерге каршы ар кандай табигый кыймыл-аракеттерди бутага алышууда.

Аймактагы режимдердин өз алдынча саясат жүргүзө албашы:

Аймактагы мамлекеттердин көз каранды башкаруучулары өз элдеринен алыстап, бийлигин сактап калуу үчүн Америка, Орусия жана Кытай сыяктуу тышкы күчтөргө таянууга мажбур болушууда.

Өзбекстан режими Си Цзиньпиндин «кыраакылыгын» мактап, Кытайдын модернизациясынын жаркын келечегине үмүт артышы Ташкенттин көп багыттуу тышкы саясаттын жамынчысы астында Бээжиндин экономикалык жана коопсуздук жаатындагы көзөмөлүнө барган сайын көбүрөөк түшүп жатканын көрсөтөт. Бул Орусия Украина сазына батып, Америка стратегиялык башаламандыкка туш болуп турган шартта болууда.

Мамлекет улуу держава болушу үчүн армияга же чийки затка ээ болуу гана жетишсиз. Ал мабдаий долбоорго, өз алдынча өнөр жай базасына жана өз ресурстарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Аймактагы режимдерде булардын баары жок болгондуктан, алар Кытайдын өнөр жайын чийки зат менен камсыздап, Кытай товарларын керектеген көз каранды тараптар болууга ыраазы болушууда.

Кутулуу жолу кайда?

Кытай Өзбекстан менен баштоону көздөп жаткан жаңы он жылдык, чындыгында, төмөнкүлөрдү билдирет:

● Кытай үчүн: Камсыздоо чынжырларынын коопсуздугун камсыздоо, Америка менен болгон атаандаштыкта Борбор Азиянын ресурстарын толук көзөмөлгө алуу жана мусулмандардын биригүүсүнө тоскоол боло турган коопсуздук тосмосун түзүү.

● Өзбекстан режими үчүн: Элдин байлыктарынын эсебинен тышкы колдоочудан саясий жана финансылык кепилдиктерди алуу жана режимдин туруктуулугун камсыздоо.

● Мусулман эл үчүн: Экономикалык көз карандылык, табигый байлыктардын талап-тонолушу жана «терроризмге каршы күрөшүү» деген шылтоо менен Исламга негизделген ойгонуунун дагы да катуу муунтулушу.

Америкалык жана Батыш капитализми терең түзүмдүк кризиске туш болуп, Европанын өнөр жайы менен коргонуу тармагы башаламандыкка кептелип, Кытай болсо дүйнөнүн жүгүн өз мойнуна алууну каалабай турган ушул чечүүчү тарыхый учурда Борбор Азия элдеринин жана бүтүндөй Үммөттүн кутулуусу Кытайга же Батышка жүз бурууда эмес. Тескерисинче, улутчулдук жана мекенчилдик сазынан чыгып, өздөрүнүн исламий акыйдасына кайтуусунда, «үч жаман күч» деген каралоолорду четке кагуусунда жана рошид Халифалыктын көлөкөсүндө биригүүсүндө.

Анткени дал ушул улуу мабдаий мамлекет гана Кытайдын колонизатордук ач көздүгүн токтотууга, Чыгыш Түркстандагы мазлум мусулмандарды бошотууга жана аймактын байлыктарын алардын чыныгы ээлери болгон Ислам Үммөтүнүн өнүгүүсүнө жана бакубат жашоосуна багыттоого кудуреттүү.

Роя гезити

Устаз Ислам Абу Халил

14.10.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button