Мыйзам баарына бирдей болушу үчүн эмне кылуу керек?

Мыйзам баарына бирдей болушу үчүн эмне кылуу керек?
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сотторду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринен коркпой, иштин жагдайларына жараша чечим чыгарууга чакырды. Бул тууралуу ал Чаткал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда, күйөөсүн атайын кызматтын тергөөчүлөрү кыйноого алганын айтып кайрылган аялдын арызынан кийин билдирди.
Бул билдирүү Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүндөгү терең системалык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууда. Мындай жекече кийлигишүүлөр жана оозеки эскертүүлөр коомчулук тарабынан олуттуу сынга кабылып келет. Анткени бул тамыр жайган кызматтык зордук-зомбулук мамлекеттик мекемелердин алсыздыгын жана өз алдынча иш алып барууга жөндөмсүздүгүн ашкерелөөдө.
Биринчиден, мындай коргоо тандалма мүнөздө болбошу керек. Коопсуздук бардык жарандар үчүн бирдей камсыздалышы зарыл. Президент болсо мыйзамдардын аткарылышына жана жарандардын коопсуздугуна кепил болушу керек.
Сотторду атайын кызматтардан коркпоого чакыруу, же айрым гана адамдарды коргоого алуу адилеттиктин тандалма колдонулушуна жол ачкан кооптуу көрүнүш. Мындай мамиле мыйзам баарына бирдей деген принципке шек келтирет.
Күч түзүмдөрүнүн ээн баштыгынан, чектен чыккан аракеттеринен жана жазаланбашынан соттор менен жогорку кызматтагы аткаминерлер, же бийликке жакын адамдар гана эмес, бардык жарандар корголушу керек.
Биринчи кезекте мындай коргоого катардагы жарандар, Исламдын талаптарын карманган мусулмандар жана ишкерлер муктаж. Алар жылдар бою негизсиз кылмыш иштеринин козголушунан, опузалап акча талап кылуудан, психологиялык жана физикалык басымдан, анын ичинде жогорудагы кайрылууда сөз болгон кыйноолордон жапа чегип келишет.
Ишкерлердин күч түзүмдөрүнүн алдында коргоосуз калышы инвестициялык жагдайды начарлатып, өлкөнүн экономикасына зыян келтирет. Ал эми активдүү мусулмандарды куугунтуктоо саясий атаандаштыкты күчөтүп, нааразылык аракеттерине түрткү бере турган жагдайларды жаратат. Кийин бийлик өкүлдөрү дал ушул көйгөйлөрдү коопсуздук боюнча саммиттерде талкуулап, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун издөөгө аргасыз болушат.
Мындай билдирүүлөр көбүрөөк саясий популизмге жана шайлоо алдында упай топтоого ишарат кылууда. Анткени коом мамлекет башчысынан «эч кимден коркпогула» деген сыяктуу катуу билдирүүлөрдү жана туйгуну козгогон чакырыктарды эмес, мамлекеттик мекемелерди натыйжалуу иштешин камсыз кылган ырааттуу жана системалуу чараларды күтөт.
Мыйзамдар тергөө органдарынын жарандарга басым көрсөтүүсүнө жол ача турган бардык жылчыктарды жоюшу керек. Алар кагаз жүзүндөгү куру декларация бойдон калбастан, турмушта натыйжалуу иштеп, ар бир жарандын укуктарын иш жүзүндө коргоого тийиш.
Ошондой эле, кылмыштарды ачуу боюнча көрсөткүчтөрдү аткарууга багытталган эски советтик ыкмадан баш тартуу керек. Кылмышкерлерди табуу жана кылмыштарды ачуу иши алдын ала белгиленген пландарды аткарууга багытталбастан, мыйзамдуулукка, далилдерге жана адилеттүүлүккө таянуусу зарыл.
Кыргызстан эгемендүүлүк жарыяланган күндөн тартып ондогон жылдар бою тамыр жайган бир катар көйгөйлөрдөн арыла албай келет. Алардын катарына тууганчылыкка таянган кадр саясаты, трайбализм, ошондой эле кландык жана уруучулук бөлүнүүлөр кирет. Мына ушундай терс көрүнүштөрдү түп-тамырынан өзгөртүү үчүн күчтүү мамлекеттик мекеме зарыл. Бирок так, туруктуу жана эң башкысы, туура идеология болмоюнча, бул кемчиликтерди жоюу мүмкүн эмес.
Исламдагы адилеттүү коом, кош стандарттардан жана кландык бөлүнүүлөрдөн баш тартууга негизделет.
Бану Махзум уруусунан чыккан атактуу аял уурулук кылганда, айрым сахабалар аны катуу жазадан куткарып калуу үчүн Пайгамбардын ﷺ сүйүктүү сахабаларынын бири Усама ибн Зайд аркылуу ортомчулук кылууга аракет кылышкан. Буга жооп катары Мухаммад ﷺ калыстыктын түбөлүктүү үлгүсүнө айланган төмөнкү сөздөрдү айткан:
«Силерден мурунку элдердин кыйроосуна себеп болгон нерсе – алардын арасынан тектүү адам уурулук кылса, аны жазалабай коюшкан, ал эми алсыз адам уурдаса, ага жаза колдонушканы. Аллахка ант болсун! Эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылса, мен анын колун сөзсүз кестирмекмин!» (Аль-Бухари, Муслим)
Бул хадис Исламда мыйзам адамдарга карап өзгөрбөшү керектигин тастыктайт. Ошондой эле бул хадис, адам башаламандыктан, зулум көрсөтүүдөн тегине жана мансабына карабастан корголуп, коргоо жана адилеттүүлүк коомдун баардык катмарына тең жайылуу керек экенин белгилейт.
Адилеттүү халифтердин тарыхы да мыйзамдын иш жүзүндө иштеп, бийлик башында турган адамдын өзү адилеттүүлүктү камсыз кыла аларын көрсөтөт.
Амр ибн аль-Аастын уулдарынын бири ат үстүндөгү мелдеш учурунда карапайым мисирлик жаранды чаап жиберип, атасынын даражасына ишенип: «Мына, бул сага! Мен атактуу, тектүү адамдардын уулумун!» – деген. Зыян тарткан мисирлик Мединага барып, халифа Умарга (р.а.) арызданган.
Умар (р.а.) Мисирдин башкаруучусун да, анын уулун да борборго чакырат. Алар келгенде, халиф камчыны мисирликке берип, тарыхта эскерилип калган: «Энелери аларды эркин төрөгөндөн кийин, силер качантан бери адамдарды кулга айландырып алдыңар?» – деген сөздү айткан.
Ошондо жабырлануучу элдин көзүнчө өзүн урган адамды жооп катары камчы менен урган. Умар (р.а.) дал ушул чечими менен эч кандай кызматтык даража, же саясий таасир мыйзам бузган адамды жоопкерчиликтен коргой албасын көрсөткөн.
Халифа Али ибн Абу Талибдин (р.а.) казы алдындагы окуясы да адилеттүүлүктүн маанилүү үлгүсү болуп саналат. Төртүнчү халифа Али ибн Абу Талиб (р.а.) казаттардын биринде соот-шайманын жоготуп, кийин аны базардан карапайым бир яхудийдин колунан көрөт. Али (р.а.) ал адамды уурулукка айыптап, ишти Ислам казысы Шурайхтын кароосуна тапшырат.
Казы Шурайх халифа Алиден (р.а.) өз дооматын тастыктаган далилдерди, жана күбөлөрдү көрсөтүүнү талап кылат. Али (р.а.) күбө катары уулу Хасан (р.а.) менен кызматчысын алып келет. Бирок казы атасынын пайдасына күбөлүк бериши калыстыкка туура келбейт деген негизде Хасандын күбөлүгүн кабыл албай коёт. Ал эми кызматчынын көрсөтмөсүн жетиштүү салмактуу далил деп эсептебейт.
Натыйжада, Халифанын дооматын тастыктоого жетиштүү далилдер болбогондуктан, казы яхудийдин пайдасына чечим чыгарган.
Мамлекет башчысынын өзү карапайым адам менен казылыкта тең укуктуу тарап катары соттошуп, көз карандысыз казынын өкүмү бийлик ээсине каршы чыкканын көргөн яхудий ушунчалык таң калгандыктан, казылык жараяны жүрүп жаткан учурда Исламды кабыл алып: «Бул чындап эле пайгамбарлардын адеп-ахлагы жана мыйзамдары экен!» – деп айтып жиберет.
Андан кийин ал Алинин (р.а) соотун өз ыктыяры менен кайтарып берип, ал чындап эле Алиге (р.а.) таандык экенин мойнуна алып, Исламдын адилетүүлүгүнө таң калган.
Ислам тарыхында чыныгы адилеттүүлүктүн жана казы адилеттигинин эң жогорку үлгүлөрүн көрсөткөн окуялар арбын. Бул окуялар Ислам идеологиясынын тууралыгын тарыхый мисалдар аркылуу гана эмес, мамлекеттик башкарууда иш жүзүндө колдонууга боло турган принциптер аркылуу да көрсөтөт.
Чыныгы адилеттүүлүк орноп, мыйзамдын кадыр-баркы үстөм болушу үчүн мыйзам ар бир адамдан жогору турушу керек. Ал адам аткаминерби, президенттин тууганыбы же карапайым жаранбы, айырмасы жок. Мына дал ушул нерсе негизги жыйынтык!
Ошондой эле соттор толук көз карандысыз болуп, таасирдүү мамлекеттик мекемелердин, же бийлик элиталарынын кызыкчылыктарына тиешелүү иштер боюнча да адилеттүү чечим чыгаруудан коркпошу керек.
Мындан тышкары, тууганчылыкка жана жеке байланыштарга таянган кадр саясаты түп-тамырынан жоюлушу зарыл. Мамлекет “өз адамдарын” калкалоого эмес, адеп-ахлак менен укуктун үстөмдүгүнө негизделген түзүмдү калыптандыруусу кажет. Исламдагы сот адилеттигининүлгүлөрү дал ушулпринциптергетаянат.
Абду Шүкүр




