Пакистан менен Афганистандын ортосунда жүрүп жаткан жаңжалдагы тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы

Пакистан менен Афганистандын ортосунда жүрүп жаткан жаңжалдагы тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы
Пакистан менен Афганистандын чек арасында колонизаторлордун саясий айла-амалдарынын жана режимдердин кыянаттыгынын айынан бейкүнөө мусулмандардын каны кайрадан төгүлүүдө. Reuters агенттигинин 2026-жылдын 25-сентябрында жарыялаган кабарына ылайык, Пакистандын аба күчтөрү андан бир күн мурда Афганистандын аймагындагы 10 жайга ырайымсыз аба соккуларын жасаган. Бул төрт күндүн ичиндеги экинчи кандуу чабуул болду. Пакистан режими бул чабуулдарды «учкучсуз учуучу аппараттарга жана куралдуу топторго каршы чаралар» деген шылтоо менен жаап-жашырууга аракет кылууда. Ал эми Кабул кандайдыр бир учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөткөнүн четке кагып, карапайым тургундар бутага алынып, кыргынга учураганын ырастоодо. Бул режимдердин расмий билдирүүлөрүнүн артында коңшулаш жайгашкан ушул эки мусулман өлкөсүндөгү бейкүнөө адамдар өз өмүрлөрүнөн, үйлөрүнөн жана коопсуздугунан ажырап жатышат.
Буга Кунардагы кыргын эң эле кайгылуу мисал болуп саналат. Reuters агенттигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы маалыматына ылайык, БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү миссиясы (UNAMA) аба соккуларынын натыйжасында бир эркек, бир аял жана бир кыз каза болгонун ырастаган. Бул Исламабад режими жасаган чабуулдардын оор кесепеттери мусулман үй-бүлөлөрдүн мойнуна түшүп жатканын билдирет. Режимдер өздөрүнүн жийиркеничтүү иштерин коопсуздук шылтоосу менен канчалык актоого аракет кылбасын, бейкүнөө мусулмандардын канын төгүү Ислам шариятында өтө оор кылмыш болуп саналат. Мамлекеттин туусу астында же коопсуздукка жамынып аракет кылуу эч бир башкаруучуну акыйкатсыз кан төккөндүгү үчүн жоопкерчиликтен да, Аллахтын азабынан да куткара албайт.
Ошондой эле бул жаңжалдын негизги түйүндөрүнүн бири катары көрсөтүлүп жаткан Пакистан Талибан кыймылы маселеси да эки өлкөнүн ортосундагы кастыкты күчөтүүнүн куралына айланды. АКШнын башкы инспекторлорунун 2026-жылдын биринчи чейрегине (январь–март) арналган баяндамасында аскердик чалгындоо кызматынын баалоосуна таянып, Афганистан Талибан кыймылынын Пакистан Талибан кыймылына башпаанек бериши жана ага карата чектөөлөрдү бирдей колдонбошу чек арадагы зомбулуктун уланышына өбөлгө түзүп жатканы айтылган. Бирок бул Вашингтондон чыккан саясий баалоодон башка эч нерсе эмес. Бул көрүнүштөн Пакистан режими өз аймагындагы ички туруксуздукту жаап-жашыруу жана Американын көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн Кабулга аскердик кысым көрсөтүп жаткандыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Ал эми Кабулдун бул топторго карата позициясынын бүдөмүктүгү эки мусулман өлкөсүн бири-бирине каршы тукуруу үчүн пайдаланылып жаткан тузакка айланууда.
Пакистандын максаты — аскердик соккулар жана агрессия аркылуу Талибан өкмөтүн өз шарттарына баш ийүүгө мажбурлоо. Сүйлөшүүлөр аркылуу болсо бул кысымды саясий милдеттенмелерге айландыруу көздөлүүдө. Reuters агенттигинин 2025-жылдын 28-октябрында жарыялаган баяндамасында пакистандык булак Афганистанды Пакистан Талибан кыймылын ооздуктоо боюнча милдеттенме алууну каалабай жатат деп айыптаган. Ал эми афгандык булак Кабул бул топту көзөмөлдөбөй турганын билдирген. Ошентип, куралдуу топ маселеси эки мусулман өлкөсүнүн бири-бирине каршы курал багыттоосуна себеп болуп, алардын ортосундагы саясий соодалашуунун предметине айланды.
Бул фитнанын артындагы негизги кыймылдаткыч күч — Америка. Муну расмий документтерден да ачык көрүүгө болот. 2026-жылдын 4-августунда Вашингтондо өткөн Америка менен Пакистандын терроризмге каршы күрөшүү боюнча өз ара диалогунун биргелешкен билдирүүсүндө Пакистан Талибан кыймылы биргелешип күрөшүү зарыл болгон уюм катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле чек ара коопсуздугун чыңдоо жана куралдуу топторду колдоо тармактарын үзүү маселелери талкууланган. Бул Пакистандын коопсуздук саясаты түздөн-түз Америка тарабынан башкарылып жатканынын ачык далили.
Жогоруда айтылган америкалык баяндама бул карасанатай саясаттын чыныгы багытын дагы даана ачып берет. Анда Афганистандын ичинде алыстан аскердик операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу, Пакистан армиясы менен байланыштарды чыңдоо жана аймактан тышкаркы агенттер аркылуу Түштүк жана Борбор Азияда Американын үстөмдүк максаттарын илгерилетүү ачык айтылган. Вашингтон үчүн мусулмандардын канынын эсебинен болсо да, өзүнүн колонизатордук кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу бирден-бир артыкчылыктуу маселелерден болуп саналат. Америка өз аскерлерин Афганистандан чыгарып кеткенине карабастан, дагы эле малай режимдер жана аскердик келишимдер аркылуу мусулмандар арасында фитна тутандыруу, алардын ортосунда жаңжалдарды козутуу үчүн көзөмөлдөө куралдарын жана таасир этүү жолдорун сактап калууда.
Бул көз карандылык муну менен эле чектелбестен, аскердик-техникалык тармакта да терең тамыр жайган. 2026-жылдын 18-сентябрында Powerus жана Aureus Greenway компанияларынын биргелешкен билдирүүсүндө Пакистандын Коргоо министрлигинен учкучсуз учуучу аппараттар системаларын жеткирүү жана аларды техникалык тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча алгачкы чектелген буйрутма алынганы жарыяланган. Ошондой эле келечектеги кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлуп, алардагы долбоорлор Американын зарыл уруксаттарын алууга түздөн-түз байланыштырылган. Ушул шарттын өзү эле Пакистан армиясынын көз карандылыгы жана малайлыгы канчалык терең экенин көрсөтүп турат. Анткени анын колундагы курал-жарактарды жана технологияларды иштетүү Американын уруксатына көз каранды! Америкалык жабдуучу бул уруксатты каалаган убакта жокко чыгарууга, Пакистандын аскердик жетекчилигине өз шарттарын таңуулоого жана аны өз каалоосуна жараша башкарууга кудуреттүү.
Ал эми Катар менен Түркиянын ортомчулугу бул жаңжалды дипломатиялык жактан жаап-жашыруучу пардадан башка эч нерсе эмес. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 30-октябрындагы биргелешкен билдирүүсүндө ок атышууну токтотуу келишиминин сакталышын көзөмөлдөө механизмин түзүү жана аны бузган тарапка жазалоочу чараларды колдонуу боюнча макулдашууга жетишилгени айтылган. Ошондой эле Катардын 2026-жылдын 18-мартындагы билдирүүсүндө Түркия жана Сауд Арабиясы менен биргелешкен чакырыктан кийин айт майрамына карата убактылуу элдешүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдалган. Бирок мындай убактылуу элдешүүлөр Американын кызыкчылыктарына кызмат кылган режимдердин саясатын өзгөртө да, колонизаторлуктун тамырына таасир эте да албайт. Американын түздөн-түз көзөмөлү астындагы бул дипломатиялык аянтчалар анын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн пайдаланылууда.
Катардын Афганистан маселесинде Американын кызыкчылыгы үчүн аткаруучулук ролду ойноп жатканы расмий түрдө да ырасталган. Америкалык баяндамага ылайык, АКШнын Дохадагы элчилигинин Афганистан иштери боюнча бөлүмү бул өлкөгө байланыштуу маселелерди башкарат. Ал эми Катар Афганистанда Американын кызыкчылыктарын коргоочу жана өкүлү ролун аткарат.
Экинчи жагынан, Кытай да мусулмандар арасындагы туруксуздуктан өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн пайдаланууда. 2026-жылдын 5-январында Кытай менен Пакистандын ортосунда жарыяланган биргелешкен билдирүүдө коопсуздук тармагындагы кызматташтык кытайлык жарандарды, мекемелерди жана Кытай–Пакистан экономикалык коридорун коргоо менен байланыштырылган. Билдирүүдө өзгөчө Гвадар порту, Каракорум жолу, өнөр жай жана тоо-кен долбоорлору белгиленген. Бул документ Афганистандагы куралдуу топторго каршы катаал практикалык чараларды көрүүнү талап кылат. Пекин үчүн мусулмандардын каны же алардын коопсуздугу эмес, өз капиталынын, инвестицияларынын жана соода жолдорунун коопсуздугун сактоо маанилүү. Ошондуктан ал Пакистан режимин өз инвестицияларынын сакчысына айландырууда.
Мына ушул жерден бул жаңжалдын ачуу саясий чындыгы ачык көрүнөт: Пакистан менен Афганистандын ортосундагы чек ара келишпестиктери жөн гана коопсуздук маселеси эмес, тескерисинче, Америка менен Кытайдын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн Пакистан менен Афганистандагы мусулмандарды бири-бирине каршы тукуруу болуп саналат! Ислам өлкөлөрүнүн башкаруучулары өз коопсуздугун тышкы кафир күчтөргө канчалык көбүрөөк тапшырса, алардын шарттарына ошончолук көбүрөөк баш ийип, көз каранды болуп калышат.
Бул жерде Пакистан менен Афганистандын жоопкерчиликсиздигин ачык айтуу зарыл. Пакистандын жетекчилиги Америка менен Кытайдын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн өз элинин жана Афганистан калкынын канын курмандыкка чалууда. Ал эми Кабулдун жетекчилиги үммөттүн кызыкчылыктарын жана бейкүнөө адамдардын коопсуздугун өзүнүн тар кызыкчылыктарынан жогору коюуга алсыздык кылууда.
Исламий чечим жалган элдешүүлөргө чакыруу же бул режимдерден ырайым тилөө менен гана чектелбейт. Тескерисинче, мусулмандардын канынын төгүлүшүн токтотуунун жана колонизаторлорду аймактан кууп чыгаруунун жалгыз жолу ушлар:
Жасалма чек аралардан (Дюранд сызыгынан) жана фитналардан баш тартуу. Пакистан менен Афганистандагы мусулмандар бир үммөт. Аларды бири-бирине душман кылган көз каранды режимдерди жана колонизаторлордун жасалма чек араларын четке кагуу зарыл.
Тышкы көз карандылыкты токтотуу: Пакистан армиясы Америка менен Кытайга кызмат кылууну дароо токтотуп, өз куралдарын жана күчүн мусулмандарды коргоого багытташы керек.
Рошид Халифалыкты тикелөө: Мусулмандардын аскердик жана экономикалык күчүн бириктирген, аймактагы Америка менен Кытайдын таасиринин тамырларын жойгон жана Ислам өкүмдөрүнүн негизинде бирдиктүү мамлекетти тикелеген рошид Халифалыкты орнотуу важиб иш.
Мусулмандардын аскердик күчүн алардын өз ара согушуусу үчүн пайдаланууга болбойт. Тескерисинче, ал күч алардын душмандарына каршы багытталышы керек. Бул улуу максатты ишке ашыруу жана Ислам мамлекетин тикелөө үчүн пикирий жана саясий иш жүргүзүү бүтүндөй үммөттүн мойнундагы фарз.
Роя гезити
Устаз Салахуддин Аль-Узбекий




