Сыноодо Исламдын бириктирүүчү күчү

Сыноодо Исламдын бириктирүүчү күчү
Кавказдагы жана Кыргызстандагы акыркы кайгылуу окуялар Ислам негизиндеги бир туугандыктын, боордоштуктун жана эң оор учурларда байкалган жамааттык жоопкерчиликтин күчүн дагы бир жолу далилдеди.
Сунжа дарыясына чөгүп бараткан досун куткарам деп каза болгон сегиз жашар Хизир Дербичевдин окуясынан кийин, аны издөө иштерине он миңдеген адам чыкты. Бул кайгылуу окуя Кавказдан башка аймактарда да кеңири талкуу жаратты. Ал тургай, белгилүү россиялык продюсер Максим Фадеев элдин мындай биригүүсүнөн таасирленип, аны бир гана баланын тагдыры эмес, адамдардын бул кырсыктын тегерегиндеги биримдиги өзгөчө таң калтырганын мойнуна алды. Ал Хизирдин элесине арнап ыр жазып, «мындай биримдикти кыялданса гана болот» деп белгилеген.
Бир нече күндөн кийин ушундай эле сыноо Кыргызстанда да орун алды. Дарыяга чөгүп кеткен алты жашар Усманды издөө иштерине үч миңге жакын адам катышты. Алардын басымдуу бөлүгүн куткаруу кызматкерлери эмес, күнүмдүк тиричилигин токтотуп, жардамга келген карапайым мусулмандар түздү. Издөө иштери бир нече күнгө созулуп, акыры Аллахтын буйругу менен баланын сөөгү табылды. Усмандын жакындары оор күндөрдө колдоо көрсөтүп, чогуу кайгырган бардык адамдарга терең ыраазычылыгын билдиришти.
Эки окуя тең Ислам коомунун биригүү кудурети абдан жогору экенин көрсөттү. Адамдарды улуту, социалдык абалы же жеке кызыкчылыгы эмес, тескерисинче, бир туугандык сезими, өз ара жоопкерчилик жана каза болгон адамды издөө, аны акыркы сапарга узатуу сыяктуу жамааттык парзды (фарз кифая) аткаруу аракети бириктирди. Жардам берүү үчүн Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, ошондой эле Казакстан жана Орусиядан мусулмандар келишти.
Жеке кызыкчылыкты жана жыргалчылыкты көздөгөн, бөтөн адамдын кайгысына кайдыгерлик жана коомдук тилектештиктин солгундоосу ачык байкалган капиталисттик дүйнөдө, мындай мисалдар Исламдын адилеттүү баалуулуктары миңдеген адамдарды жалпы максаттын айланасында бириктире аларын көрсөтүүдө. Мындай ынтымак Ислам динин тутунбаган адамдарда да урмат-сыйды жана суктанууну жаратат. Анткени, чын дилден боор ооруу, өз ара жардамдашуу жана башкалар үчүн өз убактысын арнап, курмандыкка баруу бүгүнкү күндө сейрек кездешүүчү көрүнүш болуп калды.
Мындай окуялар Ислам үммөтүнүн күчү анын санында гана эмес, эң оболу бириктирүүчү ишенимде, бир туугандыкта жана муктаж болгон учурда биргелешип аракеттенүү жөндөмүндө экенин эске салат. Ошондуктан дал ушул негиз менен байланыш мамлекеттик чек араларды, улуттук айырмачылыктарды жана коомдук кайдыгерликти жеңе ала турган жападан-жалгыз күч бойдон калууда.
Бурана




