АКШ-Иран согушу күчөп, анын «кунун» араб өлкөлөрү төлөйбү?

АКШ-Иран согушу күчөп, анын «кунун» араб өлкөлөрү төлөйбү?
АКШнын президенти Дональд Трамп негизги кеңешчилери менен өткөргөн жыйындардан кийин Иранга каршы аскердик операцияларды кеңейтүүгө ыктап жатканы тууралуу «The Wall Street Journal» басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, Вашингтон төмөнкү сценарийлерди карап жатат: Ирандын аймагына абадан соккуларды күчөтүү, Ормуз кысыгы аймагындагы аралдарды көзөмөлгө алуу үчүн кургактагы аскерлерди жөнөтүү, Ирандын энергетикалык объектилерине сокку уруу.
Басылма белгилегендей, эгер президент бул кадамдарды жактырса, АКШ үчүн жаңжалдын эң кооптуу баскычы башталышы мүмкүн. Мындай учурда Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы тирешүүгө дагы терең аралашып, анын кесепетинен бензиндин баасы кымбаттап, Республикалык партиянын ноябрда өтчү Конгресстин аралык шайлоолорундагы мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасир тийгизиши ыктымал.
Ал эми Трамп бул согуштун чыгымын Перс булуңундагы өлкөлөрдөн өндүрүүнү көздөп жатат. Трамп бул өлкөлөрдү коргогону үчүн алардан компенсация талап кылды. Ал мындай деди: «Биздин чыгымдарыбыздын орду толтурулушун каалайм, анткени биз дүйнөдөгү эң бай аймактардын бирин коргоп жатабыз. Мисалы, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Бахрейн жана Кувейт сыяктуу өлкөлөрдү алалы. Дагы башка өлкөлөр да бар. Бизге алардын мунайы керек эмес. Бизде дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдөн да көбүрөөк мунай бар. Венесуэланын запастарын да эске алганда, дүйнөлүк мунай корунун жарымынан көбү биздин көзөмөлдө. Бирок союздаштарыбызды коргогонубуз үчүн бул компенсация бизге керек».
Ошол эле маалда, АКШ менен Ирандын тирешүүсү узакка созулган каршылык баскычына кирди. Эки тараптын ортосунда түзүлгөн меморандум ишке ашпай, дипломатиялык аракеттер натыйжа бербегенден кийин эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал узак мөөнөттүү каршылык фазасына өттү. Азырынча тараптардын эч бири тез аскердик жеңишке жетише албайт.
Тегеран Ормуз кысыгындагы деңиз каттамына коркунуч жарата алган ракеталарын, учкучсуз аппараттарын жана аскердик кемелерин негизги тоскоолдук куралы катары сактап келет. Ал эми Вашингтон Ормуз кысыгында эркин кеме каттамын камсыздоону жана Ирандын аймактагы таасирин азайтууну көздөйт.
Жаңжал эки тарапка тең олуттуу чыгымдарды алып келүүдө. Иран санкциялардан жана мунай экспортундагы чектөөлөрдөн жабыркап жатса, дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы өсүп, деңиз аркылуу жүк ташуунун чыгымы кымбаттоодо.
Дональд Трамптын администрациясы бирдиктүү стратегиянын жоктугу үчүн сынга алынууда. Ак үйдүн саясаты кээде аскердик соккуларга жана блокадага, кээде санкцияларга же дипломатиялык сүйлөшүүлөргө басым жасап, так багытсыз өзгөрүп келет.
Ортомчулук аракеттер да өз ара ишенимдин жоктугунан жыйынтык бере элек. Ири державалар жаңжалга түздөн-түз аралашуудан карманып турушат. Батыштагы көпчүлүк талдоочулар саясий сүйлөшүү гана туруктуу чечим боло аларын белгилешет. Анткени согуштун узакка созулушу жаңжалдын кеңейишине жана дүйнөлүк экономикага жаңы басымдын күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
Ушундай шартта, ислам өлкөлөрүндөгү малай акимдер Американын кызыкчылыгын коргоо аркылуу өз аймактарын бутага айлантып, калкын оор абалга кептеп жатат. Буга кошумча, согуштун чыгымын да аларга төлөтүү ыктымалы чоң. Ал эми, мусулмандардын душмандары менен достук мамилелери себептүү акыреттеги жазалары мындан да оор болушу шексиз.
Харун Абдулхак




