Макала

Американын Иранга каршы согушу жана дүйнөлүк түзүмдүн кризиси

Американын Иранга каршы согушу жана дүйнөлүк түзүмдүн кризиси

Б. Бахаа аль-Хусайни

2026-жылдын февраль айында Американын жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу башталгандан бери аймак эл аралык жана аймактык тартипти кайра калыптандыруудагы эң кооптуу баскычтардын бирин башынан өткөрүп жатат. Бул согуш Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чектелген аскердик тиреш бойдон калбастан, бүтүндөй капиталисттик дүйнөлүк түзүмдүн кризисин ашкерелеген жаңжалга айланды. Ошондой эле ал Американын күч-кубатынын чектерин көрсөтүп, Батышка көз каранды малай режимдердин алсыздыгын жана Ислам Үммөтүнүн көз алдында тездик менен кадыр-баркын жоготуп жатканын айгинеледи.

Ошондой эле Ирандын жогорку жетекчиси Мужтаба Хаменеинин Ислам революциясынын сакчылар корпусундагы өкүлүнүн билдирүүсү Иран режиминин ичиндеги кризистин тереңдигин ачып берди. Ал мындай деди: «Сүйлөшүүлөрдү четке каккандар жана муну күрөш деп эсептегендер билип коюшсун: душман бизди ички маселелер менен алек кылууну каалайт. Пикир келишпестиктер ар дайым болот. Бирок эң жогорку бир жетекчи турганда, баары ага баш ийет».

Бул билдирүүнү согуш, санкциялар, курчоо жана Иранды баш ийдирүү үчүн жүргүзүлүп жаткан аскердик жана экономикалык алсыратуу аракеттеринен улам бир нече айдан бери өлкө туш болуп жаткан эбегейсиз басымдан бөлүп кароого болбойт.

Америка бул согушка киришкенде так багытталган аскердик соккулар, жетекчилерди жок кылуу, маанилүү объектилерди бутага алуу жана Ирандын ички коомдук пикирин козутуу режимди кулатууга же толук багынууга мажбурлоого жетиштүү болот деп ойлогон. Бирок иш жүзүндө таптакыр башкача болду. Иран элинин кеңири катмары тышкы агрессияга каршы өз мамлекети менен бирикти. Бул алардын режимди сүйгөнүнөн эмес, тескерисинче, эзилген эл өздөрүнүн жана режимдин эмес, элге кызмат кылган инфраструктуранын бутага алынганын көргөнү үчүн болду.

Мектептерди жана көпүрөлөрдү бутага алуу режимди эмес, элдин өзүн бутага алуу болуп саналат. Бул болсо Ислам Үммөтүнө карата кастыгы бар колонизатор душмандын жүзүн көрсөтөт. Муну бир нече саясатчы да ачык билдирген. Ошондуктан эл режимдин айланасына топтолуп, ага баш ийди. Мындан тышкары, баскынчы душманга каршы каршылык күчөп, натыйжада бул согуш Вашингтондун өзү үчүн стратегиялык проблемага айланды.

Батыштын жана Американын баяндамаларында Американын чыныгы туңгуюкка кептелгени ачык айтылып жатат. Батыштагы талдоолордо Дональд Трамптын администрациясы оор тандоолордун курчоосунда калганы белгиленген. Себеби Иран дүйнөлүк энергия агымынын эң маанилүү артерияларынын бири болгон Ормуз кысыгы баш болгон таасирдүү экономикалык жана аскердик басым көрсөтүү куралдарына ээ экенин көрсөттү.

Ошондой эле эл аралык баяндамаларда Вашингтон толук аскердик жеңишке жете албагандан кийин жүзүн сактап кала турган бир мунаса издей баштаганы айтылууда. Айрыкча согуштун экономикалык жана аскердик чыгымдарынын өсүшү, ошондой эле жаңжалдын дүйнөлүк экономикага жана энергия базарларына коркунуч туудурган кеңири аймактык согушка айланып кетүү коркунучунун күчөшү Америкага басымды арттырды.

Ошондуктан Америка администрациясы Катардын жана Пакистандын ортомчулугу менен Доха шаарында кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолуна өттү. Анда кайра-кайра айтылып жаткан «алкактык макулдашуу» аркылуу Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамын кайра ачуу, Ирандын тоңдурулган каражаттарын бошотуу жана өзөктүк программа сыяктуу эң татаал маселелерди кийинки баскычтарга жылдыруу көздөлүп жатат. Бирок Американын сүйлөшүү жолуна багыт алышы анын күч-кубатын эмес, Вашингтон туш болгон оор абалдын көлөмүн көрсөтөт. Анткени Трамп өзү да бир нече жолу кырдаалдын оор экенин кыйыр түрдө моюнга алып, Иран «аралык шайлоолорго үмүт артып жатат» жана «Тегеран сунуштап жаткан нерселерге ыраазы эмесмин» деп айткан. Андан кийин дагы сүйлөшүүлөр азырынча акыркы келишимге жетпегенин ырастаган.

Ошол эле учурда Америка сүйлөшүүлөрдө өз шарттарын жакшыртуу жана Иранга басым көрсөтүү максатында чектелген аскердик соккуларды улантты. Американын Борбордук командачылыгы Ормуз кысыгынын жанындагы Иран ракеталары жайгашкан жайларга жана аскердик кемелерге сокку урганын жарыялады. Ал эми Иран Американын учкучсуз учактарын атып түшүргөнүн жана бул чабуулдар базаларды бутага алганын билдирди.

Бүгүн болуп жаткан окуялар азыркы эл аралык күрөштүн чыныгы жүзүн ачып берүүдө. Анткени Америка башында турган Батыштын капиталисттик тартиби мурункудай, айрыкча Советтер Союзунун кулашынан кийин кылгандай, өзүнүн абсолюттук үстөмдүгүн таңуулоого жөндөмсүз болуп калды. Узакка созулган согуштар, дүйнөлүк экономикалык кризистер, Кытай жана Орусия менен болгон атаандаштык, ошондой эле Батыш лагеринин өз ичиндеги ажырымдар, мунун баары Американын дүйнөнү жалгыз аскердик күч менен башкаруу мүмкүнчүлүгүн алсыратты.

Мындан тышкары, бул согуштун кесепеттери аймак менен гана чектелбей, бүтүндөй дүйнөлүк экономикага жайылды. Анткени Ормуз кысыгындагы ар кандай туруксуздук мунайдын жана энергиянын баасына, ошондой эле дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына түздөн-түз таасир этет. Эл аралык экономикалык баяндамалар согуштун уланышы мунай жеткирүүдө жана дүйнөлүк соодада дагы кеңири башаламандыктарга алып келерин эскертишти. Ошондой эле азыркы эл аралык чыңалуу Америка менен Кытайдын жана Орусиянын дүйнөлүк таасир, технология, энергетика жана соода жолдору үчүн күрөшү күчөгөн учурда болуп жатат. Бул болсо бүтүндөй дүйнө эски дүйнөлүк тартиптин кадыр-баркы улам кетип бара жаткан туруксуз өткөөл доордо жашап жатканын көрсөтөт.

Ушундай өзгөрүүлөрдүн чордонунда Ислам дүйнөсүндөгү режимдер алсыз жана шал абалда турганы көрүнүүдө. Алар өздөрүнүн саясий да, аскердик да чечимдерине ээ эмес, тескерисинче, толугу менен Батыш долбоорунун айланасында айланып калышты. Анткени бул режимдер башынан эле Үммөттүн эрки же көз карандысыз хазарий долбоордун негизинде эмес, Батыштын коргоосуна жана саясий, экономикалык, коопсуздук жаатындагы көз карандылыкка таянып курулган. Ошондуктан бүгүн бул режимдер Палестинада, Ливанда, Иранда жана Ислам өлкөлөрүнүн башка аймактарында болуп жаткан окуяларга сырттан карап турушат. Ал тургай алардын айрымдары нормалдаштыруу жана коопсуздук менен саясий координация аркылуу Батыштын долбоорун түздөн-түз же кыйыр түрдө бекемдөөгө катышып жатышат.

Ислам Үммөтү бул чындыкты эми ачык түшүнө баштады. Анткени малай режимдердин кадыр-баркы күн өткөн сайын элдин көз алдында түшүп жатат. Себеби алардын Үммөттүн кызыкчылыктары үчүн аракет кылбаганы жана аны азат кылуу же кайра ойготуу боюнча эч кандай долбоорду көтөрүп чыкпагандыгы, жада калса элдерди көзөмөлдөөчү жана Батыштын үстөмдүгүнөн кутулуудан тосуучу курал экени айкын болуп калды.

Ал эми Ислам Үммөтү канчалык алсыздыкты жана бөлүнүүнү башынан кечирип жатса да, анын аң-сезиминде өлкөлөрүн бөлүп-жарган, байлыктарын талап-тоногон, кандарын төккөн жана аларды колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн ачык базарга айландырган адилетсиз дүйнөлүк тартиптен азат болууга болгон терең эңсөө дагы эле сакталууда.

Үммөт бүгүн дүйнөлүк тартиптин ичиндеги убактылуу оңдоолорду эмес, өзүнүн биримдигин, эгемендигин жана кадыр-баркын кайра кайтарып бере турган чыныгы мабдаий долбоорду издеп жатат. Анткени көйгөй Американын же Батыштын саясаты менен гана чектелбейт. Негизги көйгөй үстөмдүк кылууга, талап-тоноого жана согуштарды тутандырууга негизделген колонизатор капиталисттик түзүмдүн өзүндө. Демек, чыныгы кутулуу Чыгыштын же Батыштын кучагына жүгүрүү менен да, алардын кызыкчылыктары үчүн сүйлөшүү жүргүзүү менен да ишке ашпайт. Тескерисинче, ал Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана момундарга ихластуу болгон, Исламды жалпы адамзат үчүн хазарий долбоор катары көтөрүп жүргөн көз карандысыз саясий жетекчиликти орнотуу менен гана ишке ашат.

Ислам Үммөтү өзүнүн акыйдасы, байлыктары, адамдык дарамети жана географиялык жайгашуусу менен көз карандылыктан чыгып, Ислам түзүмүн кайра орното алса, дүйнөдөгү эң ири күчтөрдүн бири болууга толук жөндөмдүү. Үммөттүн тарыхы буга күбө. Анткени Аллахтын Элчиси ﷺ дүйнөдөн өткөндөн кийин аз гана жылдардын ичинде Ислам мамлекети ошол доордогу дүйнөнүн эң ири эки империясы – Персия менен Румду сүрүп чыгып, адилеттик жана ырайым менен дүйнөгө жетекчилик кылган, ошондой эле Ислам рисалатын жалпы адамзатка жеткирген мамлекетке айланган.

Мына ушул улуу долбоорго Хизб ут-Тахрир чакырып, Үммөттү экинчи рошид Халифалыкты Пайгамбарлык минхажы негизинде тикелөө үчүн аракет кылууга үндөйт. Анткени ал мусулман өлкөлөрүн Батыштын үстөмдүгүнөн азат кылуунун, Үммөттү бириктирүүнүн жана анын саясий, аскердик, экономикалык чечим кабыл алуу укугун кайра калыбына келтирүүнүн чыныгы жолу болуп саналат. Натыйжада Ислам Үммөтү кайрадан дүйнөлүк күчкө айланып, бардык элдер аны менен эсептешкен даражага жетет.

Аллах Таала мындай деген:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ﴾

Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзүнө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну убада кылды”. (Нур: 55).

Ал эми Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

“Андан соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот”.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button