Америка жана Кытай: дүйнөлүк тартипти кайра калыптандырууга карай баратабы?

Америка жана Кытай: дүйнөлүк тартипти кайра калыптандырууга карай баратабы?
Инженер Висам Аль-Атраш
Киришүү
Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында Советтер Союзу кулап, бир уюлдуу доор пайда болгондон бери Америка Батыш лагерин жетектөө аркылуу Россияны алсыратууга, анын айланасын курчоого жана аны регионалдык да таасири жок мамлекетке айландырууга аракет кылды. Ошондуктан ал Россиянын өзөктүк арсенал таасирин жана континенттер аралык ракеталарынын күчүн жокко чыгарууга умтулду. Ошондой эле анын айланасында чыр-чатактарды чыгарып, акыры аны Украинага кеңири масштабдагы басып кирүүгө түрткөн жолду түздү.
Экинчи тараптан Америка Кытайды да тизелетип, аны Улуу Кытай дубалынын артына кайтарууга аракет кылды. Ал Кытайга чоң соода базары катары гана карап, андан сөзсүз пайда алуу керек деп эсептеди жана тарбияланып, көзөмөлгө алынышы керек болгон зор калкка ээ ири күч катары көрдү. Бирок ошого карабастан, Кытай өзүндөгү күч жана мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында регионалдык улуу мамлекетке айланды. Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугуна ээ болуп, улам өсүп жаткан регионалдык таасири жана амбициялары менен айырмаланды. Бүгүн болсо ал улуу мамлекет болуунун бардык шарттарына ээ болгон экономикалык күчкө айланды.
Кытай акыркы убактарда көп айтылып жаткан Америка империясынын кыйроосу фонунда дүйнөлүк тартипти жалгыз жетектөөдө Американын ордун басып, альтернатива катары көтөрүлө алабы? Же көптөгөн ойчулдар жана талдоочулар белгилегендей, биз көп уюлдуу дүйнөгө карай баратабызбы?
Советтер Союзу доорунда кеңири тараган «суук согуш» түшүнүгү Америка менен Кытайдын ортосундагы мамиленин табиятын чагылдыра алабы? Же болбосо бажы салыктары маселеси чоң талкуу жаратканына карабастан, экөө дүйнөлүк тартипти кайра калыптандыруу жолунда бара жатышабы?
Бул суроолорго жооп берүүдөн мурун, эл аралык майданда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү XX кылымды башкарган салттуу түшүнүктөрдүн негизинде карасак, так жыйынтыкка келе албайбыз. Ал убакта бири-бирине карама-каршы турган эки уюлдун ортосунда темирдей мабдаий дубал жана дээрлик толук экономикалык тосмо, эки уюлдуу формадагы «кансыз согуш» түшүнүгү турган. Анткени азыркы көрүнүш үстөмдүк кылган бир уюлдун күтүүсүз же катуу кулашын билдирбейт. Балким, 1991-жылдан кийин калыптанган бир уюлдуу түзүмдүн акырындык менен эскиришин жана белгилери толук калыптана элек жаңы тартипке жай өтүүнү чагылдырат. Бул тартипте күч борборлору бири-бири менен аралашып, таасир этүү каражаттары экономика, технология, аскердик күч жана кыйыр согуштар арасында бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу төмөндө кеңири сөз болот.
Бул өзгөрүүнүн чордонунда үч чоң чөйрө турат. Алар Иранды стратегиялык тоскоолдук жаратуучу күчкө жана эл аралык айырмачылыктардын борборуна айландырган себептер менен түздөн-түз байланыштуу. Ошондой эле алар мурда кездешпеген жаңы формадагы «кансыз согуштун» пайда болушуна шарт түздү.
«Акса ташкыны» Жакынкы Чыгыш үчүн жүрүп жаткан эл аралык күрөштө тарыхый бурулуш болду. Ал яхудий түзүмүн колдогон бир уюлдуу үстөмдүктүн чыныгы жүзүн дүйнөгө көрсөттү. Ошол эле учурда удаалаш окуялар бул үстөмдүктү аймактагы көп фронттуу алсыратуу согушунун баткагына батырды.
2014-жылы «Кассам» бригадалары өз тарыхындагы эң чоң аскердик парадды өткөрүшкөн. Анда биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар, деңиз атайын бөлүктөрү жана жаңы ракета менен снаряддар көрсөтүлгөн. Бирок Абу Убайданын Иранга жолдогон ыраазычылык сөзү ошол кезде айрымдар түшүнбөй калган негизги билдирүү болгон.
Биз сөз кылып жаткан үч чөйрө төмөнкүлөр: Кытай менен Ирандын ортосундагы кыйыр колдоо тармагы; Россия менен Ирандын ортосунда улам күчөп жаткан аскердик-техникалык альянс; Батыштагы стратегиялык изилдөө борборлорунун баяндамаларында чагылдырылган Америка күч-кубатынын чектери.
Кытай жана Иран: дүйнөлүк тартиптин ичиндеги түзүмдүк кубаттуу алака
Кытай менен Ирандын ортосундагы мамиле эл аралык өз ара аракеттенүүнүн жаңы үлгүсүнө мисалы боло алат. Бул түздөн-түз аскердик альянс эмес, тескерисинче, дүйнөлүк тартиптен сыртка чыкпастан, анын ичинде иш алып барган үнсүз кубаттуу алаканын бир формасы болуп саналат. Муну эки өлкөнүн ортосунда 2021-жылдын март айында кол коюлган Комплекстүү стратегиялык өнөктөштүк келишими бекемдейт. Бул 25 жылдык кызматташтык алкагы болуп, экономикалык жана коопсуздук тармагындагы мамилелерди күчөтүүнү көздөйт. Анын алкагында Бээжин мунай, газ жана инфраструктура тармактарына 400 миллиард доллар көлөмүндө инвестиция салууга милдеттенет. Мунун ордуна ал Ирандан туруктуу жана арзандатылган баада мунай алып турат. Бул болсо Американын санкцияларына каршы күрөштө Иран үчүн куткаруучу булак болуп берет.
Башка тараптан алганда, Американын Энергетикалык маалымат башкармалыгынын маалыматтары Иран мунайынын Азия базарларына, өзгөчө Кытайга карай агымы ортомчулардын татаал тармактары жана санкцияларды айланып өтүү механизмдери аркылуу уланып жатканын көрсөтөт. Бул агым жөн гана соода алмашуу эмес, тескерисинче, Иранга Батыш басымдарына карабастан каржылык туруктуулуктун эң төмөнкү деңгээлин сактап калууга мүмкүндүк берген маанилүү экономикалык тең салмактуулук элементи болуп эсептелет. Муну менен катар, Американын Каржы министрлигинин баяндамаларында электрондук компоненттерди жана кош багыттуу технологияларды жеткирүү тармактарынын бар экени айтылат. Аларга микрочиптер, байланыш жабдуулары жана навигациялык системалар кирет. Бул технологиялар кайрадан салттуу эмес аскердик мүмкүнчүлүктөрдү, айрыкча учкучсуз учуучу аппараттарды өнүктүрүүдө колдонулат.
Бул жерде көңүл бура турган жагдай: процесс түздөн-түз курал жеткирүү аркылуу эмес, жарандык жана аскердик колдонуу ортосунда технологиянын өтүшүнө мыйзамды түздөн-түз бузбастан мүмкүндүк берген көмүскө жеткирүү чынжырлары аркылуу ишке ашууда.
Ошондой эле америкалык аткаминерлер The New York Times гезитине билдиргендей, кытайлык компаниялар Иранга жарандык да, аскердик да максаттарда колдонууга жарактуу кош багыттуу материалдарды жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, Кытай Иранга байланыштуу согуш маселесинде этият саясат жүргүзүп, көп сандаган максаттары болгондуктан кескин позиция карманган эмес.
Технологиялык деңгээлде болсо, Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун отчётторунда көрсөтүлгөндөй, Кытайдын «Бэйдоу» навигациялык системасынын кеңейиши дүйнөлүк күч түзүмүндөгү тереңирээк өзгөрүүнү чагылдырат. Анткени навигациялык системалар мындан ары бир гана системанын монополиясында калган жок. Тескерисинче, алар көп уюлдуу мейкиндиктин бир бөлүгүнө айланып, дүйнөлүк деңгээлде технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү түздөн-түз тирешүүсүз кайра бөлүштүрүүгө шарт түзүүдө.
Бул алкакта, Кытай Иранга Булуң аймагындагы америкалык аскердик буталар тууралуу спутниктен тартылган сүрөттөрдү бергенин ырастаган америкалык чалгындоо баяндамалары туура болобу же туура болбойбу, баары бир Кытайдын ролун Иранга түздөн-түз аскердик колдоо көрсөтүү катары түшүнүүгө болбойт. Тескерисинче, бул дүйнөлүк күч түзүмүн өзүнүн ичинен акырындык менен кайра калыптандыруу катары каралышы керек. Мында космостук коммерциялык технологиялардын кош багыттуу элементке айланып жатканын да белгилеп кетүү зарыл. Анткени мындай технологиялар татаал регионалдык жаңжалдар чөйрөсүнө интеграцияланышы мүмкүн. Бул болсо аймактагы чалгындоо жана операциялык аң-сезимдин табиятын кайра түзүп, аскердик операциялардын тактыгына таасир этет. Балким, дал ушул фактор Иранга согуш башталгандан бери америкалык аскердик объекттерде жайгашкан 228ден ашуун имаратка же жабдууга зыян келтирүүгө жана аларды жок кылууга жардам бергендир. Бул тууралуу The Washington Post гезитинин талдоолорунда айтылган.
Ошентип, эки өлкөнүн ортосундагы бул алака Ирандын Кытай стратегиясындагы орду менен тыгыз байланышта. Анткени Бээжин менен Тегерандын ортосундагы мамиле «Бир алкак – бир жол» демилгесинин негизги түркүктөрүнүн бири болуп саналат. Иран Борбор Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган географиялык түйүн жана энергетика менен соода үчүн өтө маанилүү өткөөл болуп эсептелет.
Бул жагдай Америка өзүнүн кеңейүүчү саясатында таянган стратегиялык муунтуучу чекиттерди көзөмөлдөө теориясы менен түздөн-түз кагылышат. Бул жерде негизги парадокс: Кытай кризиске каршы туруучу күч катары кирген жок, тескерисинче башкаруучу күч катары кирди. Ал күчтөрдүн тең салмагын аскердик жол менен өзгөртүүгө умтулган жок, тескерисинче ага ылайыкташып, аны саясий жактан пайдаланууга аракет кылды. Бул болсо дүйнөлүк тартиптин ичиндеги күч философиясынан айырмаланаарын көрсөтөт.
Россия жана Иран: саясий жакындашуудан аскердик-өнөр жай интеграциясына чейин
Эгер Кытай өз таасирин дүйнөлүк экономикалык жана технологиялык түзүм аркылуу жүргүзүп жатса, анда Россия күч түшүнүгүн түздөн-түз аскердик интеграция аркылуу кайра калыптандырып жаткан тараптын эң ачык мисалы болот.
Украинадагы согуш башталгандан бери Москва менен Тегерандын ортосундагы мамиле чектелүү кызматташтыктан аскердик-өнөр жай интеграциясынын өнүккөн үлгүсүнө айланды. Reuters сыяктуу маалымат агенттиктери жана башка эл аралык маалымат каражаттары, ошондой эле Institute for Science and International Security жарыялаган баяндамаларда ирандык «Шахед-136» учкучсуз учуучу аппараттарынын Россия армиясында кеңири колдонулганы айтылат. Кийинчерээк алардын өндүрүшү Россиянын аймагында, Татарстандын өнөр жай объекттеринде «Герань-2» деген ат менен жергиликтүү деңгээлде жолго коюлган.
Бул өзгөрүү жөн гана жеткирүүдөн биргелешкен өндүрүшкө өтүүнү эмес, мамиленин өз ара пайдалуу кызматташуу деңгээлинен согуштук технологияларды бөлүшүү деңгээлине көтөрүлгөнүн көрсөтөт. Ошол эле абалда Америка Коргоо министрлигинин баяндамалары багыттоо системалары жана электрондук согуш тармагындагы кызматташтыктын бар экенине көңүл бурат. Бул эки тараптын ортосунда жөнөкөй алып-сатуу мамилеси эмес, аскердик билимдин жана тажрыйбанын чыныгы алмашуусу жүрүп жатканын көрсөтөт.
Ошентип, Россия менен Ирандын ортосундагы мамиле классикалык маанидеги мабдаий же саясий альянска караганда, дүйнөлүк тартиптин ичиндеги күч каражаттарын кайра бөлүштүрүүгө багытталган функционалдык аскердик альянс моделине көбүрөөк окшошуп калат. Бул жагдайда Россия президенти Владимир Путин 2022-жылдын 2-февралында Бээжинге жасаган тарыхый сапарды жана анын кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусун унутпашыбыз керек. Ошол жолугушууда Россия менен Кытай биргелешкен билдирүү жасап, Американын үстөмдүгүнө каршы турууда алардын позициялары бир экенин жарыялашкан. Ошондой эле алар эл аралык көп уюлдуулукту жактап, эл аралык мамилелерде жаңы доор башталганын билдиришкен.
Америка жана Кытай: түзүмдүк алсыроо чектеринде уланып жаткан үстөмдүк
Көптөгөн күч борборлору акырындык менен калыптанып жаткан шартта Америка эл аралык тартиптеги эң күчтүү аскердик жана технологиялык держава катары өз ордун сактап калууга аракет кылууда. Бирок бул үстөмдүк өткөн кылымдын токсонунчу жылдарындагыдай абсолюттук бойдон калган жок. Ошондой эле Американын алсырашы эл аралык окуяларды күзөткөн адам үчүн жашыруун көрүнүш болбой калды.
2022–2024-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн RAND Corporation изилдөөлөрүндө жогорку интенсивдүү согуш сценарийлериндеги Американын аскердик милдеттенмелеринин көлөмү менен коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы ажырым улам кеңейип бара жатканы белгиленген. Бул өзгөчө ок-дарылар жана алыскы аралыкка учуучу ракеталар тармагында байкалууда. Ошондой эле RAND дүйнө «persistent competition below the threshold of war» («согуш босогосунан төмөн деңгээлдеги туруктуу атаандаштык») этабына киргенин белгилейт. Бул өтө маанилүү аныктама. Анткени ал түздөн-түз согушсуз (өзөктүк кагылышуудан качуу менен) атаандаштык уланып жатканын билдирет. Мындай шартта алсыратуу согушу бул экзистенциалдык күрөшкө катышкан күчтөрдүн акырындык менен эскиришине алып келет. Алардын башында кулап бараткан Батыш цивилизациясынын коргоо желегин көтөрүп жүргөн Америка турат.
Ошондой эле Center for Strategic and International Studies борборунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, учкучсуз учуучу аппараттарды жана арзан баадагы системаларды кеңири колдонууга негизделген заманбап согуштардын табияты Американын жогорку чыгымдуу салттуу аскердик үстөмдүк моделине барган сайын күчтүү басым жасоодо. Мындан тышкары, Америка технология, жеткирүү чынжырлары, космос, жасалма интеллект жана геосаясий таасир сыяктуу көптөгөн тармактарды камтыган кеңири атаандаштыкка туш болууда.
Ушул эле жагдайда Brookings Institution Америка туш болуп жаткан чакырык мындан ары жалаң аскердик мүнөздө эмес экенин белгилейт. Тескерисинче, ал бир эле учурда дүйнө жүзүндөгү кеңири милдеттенмелер тармагын башкарууга байланышкан түзүмдүк маселе болуп калды. Бул Кытай менен атаандаштыктын күчөшү жана Россиянын кайрадан таасирдүү аскердик күч катары кайтып келиши менен коштолууда. Батыштын Россияны Украинадагы сазга батырып алсыратуу аракеттеринин баары майнап берген жок. Ал эми International Institute for Strategic Studies Американын үстөмдүгү дагы эле сакталып турганын белгилейт. Бирок ал эми туруктуу үстөмдүктү кепилдей турган деңгээлде эмес. Тескерисинче, бул үстөмдүк стратегиялык чачырандылыкты дайыма башкара билүү жөндөмүнө көз каранды болгон шарттуу үстөмдүккө айланды.
Башка тараптан алганда, 2026-жылдын май айында жарыяланган The New York Times жана Foreign Policy басылмаларындагы талдоолор эл аралык күч түзүмүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр жөн гана бир уюлдуу системанын ичиндеги акырын оңдоолорду эмес, үстөмдүк түшүнүгүнүн өзү жай кайра калыптанып жатканын көрсөткөн тереңирээк белгилерди ачып жатканын көрсөтөт.
Бир тараптан, Американын саясаты тышкы милдеттенмелердин көлөмүн аларды жетиштүү деңгээлде башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ашыра кеңейтип жатканын көрсөтөт. Бул үстөмдүк кылуучу күчтүн барган сайын күчөп жаткан стратегиялык чарчоосун билдирип, салттуу үстөмдүк моделинин натыйжалуулугун чектөөдө. Экинчи тараптан болсо, жумшак күчкө таянуу азайып, анын ордун мажбурлоо каражаттары менен катуу күчтүн ээлеши таасирдин “жагымдуу жана кабыл алынуучу” болуусу алсырап жатканын көрсөтөт. Бул болсо суук согуш аяктагандан бери Америка жетектеп келген либералдык тартиптин негизги түркүктөрүнүн бирин алсыратууда. Натыйжада Американын элеси акырындык менен эскирип келди. Бул эскирүү Ормуз кысыгы кризисинен кийин эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган темпте дагы да ылдамдады. Ошондуктан Германиянын канцлери: «Вашингтон ирандык сүйлөшүүчүлөргө шылдың болду», – деп билдирген.
Ушул чыңалган шартта Американын Иранга карата саясаты узак мөөнөттүү стратегиялык ооздуктоо саясатынын түздөн-түз уландысы катары көрүнөт. 2026-жылдын 2-майында Reuters агенттиги Ак үйдөгү бир аткаминерге таянып билдиргендей, Америка президенти Дональд Трамп Иранга каршы киргизилген блокаданы дагы бир нече айга узартууну сунуштаган. Мунун максаты Ирандын мунай экспортун муунтуп, Тегеранды жаңы келишимге кол коюуга мажбурлоо болгон. Бул багыт Америка тарабынан уланып жаткан басымдардын алкагында келип чыгууда. Ошол эле учурда европалык дипломатиялык баалоолор азыркы абалдын жакын арада чечилбей, узак убакытка созулушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Ошентип, Трамп аскердик жана дипломатиялык басымдын бардык каражаттарын колдонуп, Иран өкүлдөрү менен акыркы жана ар тараптуу келишимге жетишүүгө үмүт артып келди. Бирок бул аракеттерден эч кандай натыйжа чыккан жок.
Блокаданын узартылышы өзүнчө бир окуя эмес. Тескерисинче, ал жаңжалды башкаруунун куралы катары санкцияларды колдонууга негизделген туруктуу стратегиялык үлгүнү чагылдырат. Бул «боз аймактын» ичинде жүргүзүлөт, башкача айтканда, түздөн-түз аскердик кагылышууга түшпөстөн, мамилелердин акыркы туруктуулукка жетишине жол бербөө саясаты болуп саналат.
Ошого карабастан, Трамп администрациясы Иранга каршы эки түз аскердик операцияга аралашууга аргасыз болду: 2025-жылдын жайындагы «Түнкү балка» операциясы жана 2026-жылдын жазындагы «Даңазалуу каар» операциясы. Бирок бул операциялар да көздөлгөн натыйжаларды бере алган жок. Алар сүйлөшүүлөр аркылуу жетишүүгө аракет кылган максаттардай эле ийгиликсиз болду. Анткени сүйлөшүүлөр көп учурда саясий алдоо жана аскердик бутага алуу процессин жаап-жашыруу үчүн жүргүзүлгөн саясий манёвр болуп калган эле.
Бул удаалаш соккулар Трампты согуштун айынан негизинен кийинкиге жылдырылган саммитке жүзү жараланган абалда Кытайга барууга мажбур кылууда. Бул жерде маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, Иран жана Ормуз кысыгы маселеси сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири болот. Башкача айтканда, бул чыңалууну азайтып, талаштарды жөнгө салууга жөндөмдүү ортомчу катары Кытайдан жардам суроо саммити болот. Бул болсо Жакынкы Чыгыштагы кризистерди башкарууда мурда болуп көрбөгөн олуттуу алсыздыкты көрсөтөт. Ошого карабастан, Дональд Трамп Кытайга болгон сапарын «өтө маанилүү» деп мүнөздөп, «Бээжин менен иштер жакшы жүрүп жатат» деп билдирген. Же болбосо ал Ак үйдө өткөн чакан компаниялардын саммитинде ушундай түр көрсөттү.
Ак үйдүн маалыматына ылайык, сейрек кездешүүчү бетме-бет жолугушуу ушул жылдын 14–15-май күндөрүндө өтүшү пландалган. Ал эми ар түрдүү булактар билдиргендей, Бээжин бул саммитти өзүнүн эң чоң экономикалык жана аскердик атаандашы менен «узак мөөнөттүү туруктуураак мамилени» бекемдөө үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк катары көрүүдө. Бул тууралуу CNN маалымдаган.
Заманбап стратегиялык пикир: бир уюлдуулуктан өткөөл баскычка карай
Бул өзгөрүүлөргө негизинен караганда, болуп жаткан окуялар жаңы «кансыз согуш» эмес экенин көрөбүз. Тескерисинче, ал көп уюлдуу, тармактык формага өтүп жаткан тарыхый өзгөрүү болуп саналат. Бул жаңы форма көбүрөөк ийкемдүү болот жана жабык системага айланып калуу ыктымалдыгы аз. Ошондой эле Чыгыш күчтөрүнүн көтөрүлүшүн жана Батыш күчтөрүнүн салыштырмалуу алсырашынын эл аралык тартип түзүмүн өзгөртүү же анын негиздерин кыйратуу катары мүнөздөөгө болбойт. Эл аралык мыйзамдуулуктун эскириши, эл аралык укукка болгон ишенимдин азайышы жана Гренландия аралы маселесинен кийин Вестфалия союзуна чейин шек келтирилиши да муну өзгөртпөйт. Анткени, капиталисттик системанын ичинде жана анын чегинде жүргөн атаандаштык системанын өзүн өзгөртпөйт жана анын адилетсиз мыйзамдарын жокко чыгарбайт. Тескерисинче, мунун баары аны капиталдын муктаждыктарын камсыз кылган жана чек аралардан ашкан кызыкчылыктарга кызмат кылган капиталисттик система бойдон сактап калат. Ошондой эле бул системанын ишмердүүлүгүнүн начарлашы анын жакын арада кыйрай турганын билдирбейт. Ал болгону анын көрсөткүчтөрү алсырап, адамдардын улам өсүп жаткан муктаждыктарын, атүгүл негизги муктаждыктарын да камсыздай албай калганын билдирет. Бул муктаждыктардын башында азык-түлүк коопсуздугу жана ички коопсуздук турат. Анткени экөө тең ар тараптуу туруктуулукту камсыз кылуунун негизги шарттары болуп саналат.
Адамзат мындай абалга адамдын көйгөйлөрүн адам катары чечкен жана ушул өлүмгө алып баруучу стратегиялык боштукту толтурган Роббаний түзүмдүн көлөкөсүндө гана жете алат.
Аллах Таала айтты:
﴿فَلْيَعْبُدُوا رَبَّ هَذَا الْبَيْتِ * الَّذِي أَطْعَمَهُمْ مِنْ جُوعٍ وَآمَنَهُمْ مِنْ خَوْفٍ﴾
«Алар мына ушул Үйдүн (Каабатулланын) Раббисине ибадат кылышсын! Ал Зат аларды ачкалыктан (куткарып) тамактандырды жана кооп – коркунучтан тынч кылды». (Курайш: 3–4).
Бул сапаттык өзгөрүү, биринчи кезекте капиталисттик системанын табиятынан, андан кийин анын ичиндеги Американын саясатынан келип чыккандыктан, эл аралык мамилелердин эң белгилүү теоретиктеринин назарынан сыртта калган жок. Чарльз Краутхаммер «бир уюлдуу учур» жөнүндө айтып, аны туруктуу тартип эмес, өзгөчө тарыхый баскыч катары мүнөздөгөн. Ал эми Фарид Закария дүйнө Америка Кошмо Штаттарынын кулашына эмес, «башкалардын көтөрүлүшүнө» күбө болуп жатканын айткан. Башкача айтканда, дүйнөлүк деңгээлде күч кайра бөлүштүрүлүп жатат деп эсептеген. Ошол эле учурда Грэм Эллисон өсүп келе жаткан күч менен үстөмдүк кылуучу күчтүн ортосундагы түзүмдүк тирешүүнү түшүндүрүү үчүн «Фукидид тузагы» түшүнүгүн сунуш кылган. Ал эми Генри Киссинжер 2023-жылдын аягында көз жумар алдында эң так сүрөттөмөнү берген. Анын пикиринде, эл аралык тартип «өткөөл баскычка» кирген. Анда эски тартип жашап кете албайт, бирок жаңы тартип да төрөлө элек. Ошондой эле Пол Кеннединин улуу державалардын көтөрүлүшү жана кулашы жөнүндөгү көз карашы негизги шилтеме бойдон калууда. Ал пикирин төмөнкүдөй билдирген: «Мамлекеттин аскердик милдеттенмелери анын экономикалык базасы көтөрө ала турган деңгээлден ашып кеткенде, стратегиялык ийгиликсиздик сөзсүз болот».
Балким, дал ушул нерсе Американы акыркы убактарда чет өлкөлөрдөгү аскердик милдеттенмелерин азайтууга түрткөн. Бул НАТОдон чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ишарат кылуу аркылуу көрүндү жана Германия, Италия, Испания сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн өз аскерлерин чыгарып кетүүгө даярдык катары бааланууда.
Ошого карабастан, европалыктар Трамптын НАТОдон чыгуу варианты боюнча айткан сөздөрүнүн олуттуу эместигин түшүнүшөт. Анткени Германиянын канцлери Фридрих Мерц көз караштардагы айырмачылыктарга карабастан Американын Түндүк Атлантика альянсындагы негизги тирек экенин билдирип, Вашингтон Германиядагы аскерлеринин санын кыскартарын жарыялагандан кийин Трамп менен болгон чыңалуунун маанисин төмөндөттү.
Мерц Германиянын ARD телеканалына берген маегинде мындай деди:
«Мен дагы эле америкалыктар Түндүк Атлантика альянсындагы эң маанилүү өнөктөшүбүз экенине ишенем».
Капиталисттик түзүм аз сандагы капитал ээлеринин кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн түзүлгөн. Ошондуктан алар элдерди азапка, оор кыйынчылыктарга, согуштарга жана эпидемияларга дуушар кылышты. Элдер талыкпай эмгектенип жатышса да, алардын көргөнү көбүнчө бактысыздык жана азап болду. Бул дүйнө байлыктары тонолгон, эрки тартып алынган жана кадыр-баркы тебеленген абалда кала берет. Бул болсо бүткүл адамзатты азапка салган ушул түзүмдүн кыйроосун кабарлап турат.
Аллах Таала айтты:
﴿قَدْ مَكَرَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَأَتَى اللَّهُ بُنْيَانَهُم مِّنَ الْقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيْهِمُ السَّقْفُ مِن فَوْقِهِمْ وَأَتَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ﴾
«Алардан мурдагы (каапыр) кишилер да (өз пайгамбарларына мына ушуга окшош) айла-амалдарды кылышкан эле. Ошондо Алла алардын (курган айлакерлик) курулуштарын асты-үстү менен көчүрүп салды. Анан, алар (ойлоп чыгарып алган жалган курулуш-түзүмдөрү)нүн шыбы өздөрүнүн үстүнө кулады жана аларга өздөрү, күтпөгөн тараптан азап келди». (Нахл: 26)
Демек, биз азыр чоң державалар саясий жактан бири-бирине теңелип, зарылчылыктын негизинде бири-бирине жакындашып жаткан өткөөл баскычтын алдында турабыз. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген:
﴿بَأْسُهُم بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّىٰ﴾
«Алар өз араларында күчтүү-кубаттуу, (тактап айтканда, согуш-уруш болбостон туруп, өз-ара күч-кубаттуу экендиктери тууралуу апырта беришет, бирок согуш убагында алар алсыз-коркоктор. Ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү (ички дүйнөсү) ар түрдүү». (Хашр: 14).
Мунун баары Ислам үммөтү башынан өткөрүп жаткан оор толгоо мезгили менен катар жүрүүдө. Бул болсо эл аралык тартипти өзүнүн акыйдасына жана улуу Ислам мабдасынан келип чыккан хазарий көз карашына негиздеп өзгөртүүгө даярдык катары кабыл алуу керек. Анткени ал жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруучу үммөт. Ошондой эле капиталисттик мамлекеттерден демилгени тартып алып, адамзатты караңгылыктардан нурга чыгара ала турган саясий жана хазарий альтернативага ээ болгон жалгыз үммөт болуп саналат.
Корутунду: калыптануу абалында турган, толук бүтө элек дүйнөлүк тартип
Бул жаңы калыптануунун борборунда дүйнөлүк тартиптеги эң ири аскердик күч жана коопсуздук альянстарынын эң кеңири тармагына ээ мамлекет катары Америка Кошмо Штаттары турат. Алардын башында Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) бар. Бирок бүгүнкү бул үстөмдүк суук согуш аяктагандан кийинки мезгилдегидей эмес. Тескерисинче, ал көптөгөн фронттордун чектеринде иш алып баруу аркылуу Американы геосаясий чарчоого жана стратегиялык алсыроого жетелөөдө.
Вашингтон эми бир эле атаандашка каршы турбастан, бир убакта бир нече чакырыктарга туш болууда:
– Согуш талаасын өз желегин көтөрбөстөн калыптандыруу жөндөмүнө ээ болгон экономикалык жана технологиялык ири күч катары Кытайдын көтөрүлүшү;
– Европадагы күчтөр тең салмагына таасир эте ала турган түздөн-түз аскердик оюнчу катары Россиянын кайра кайтып келиши;
– Салттуу мамлекет катары гана эмес, ар түрдүү майдандарга жайылган таасир тармагы катары аракеттенген Иран сыяктуу регионалдык күчтөрдүн ролунун өсүшү;
– Ошол эле учурда Атлантика аралык альянстардын алсырашы.
Бул абал Кытай дүйнөлүк экономиканын жаңы борборуна айланганын билдирет. Ал Америка Кошмо Штаттары менен түздөн-түз аскердик кагылышуу аркылуу эмес, дүйнөлүк экономиканын инфраструктурасын, жеткирүү чынжырларын, технологияларды жана каржы системаларын кайра калыптандыруу аркылуу атаандашууда. Бээжин байланыш долбоорлору, санариптик инфраструктура жана альтернативдүү навигациялык системалар сыяктуу куралдар аркылуу өзүнүн таасир аймагын азыркы тартиптин ичинде кеңейтүүгө аракет кылууда. Ал учурдагы тартиптен чыгып кетүүгө эмес, анын ичинде күчтөнүүгө умтулууда. Ошондуктан Кытайды системанын сыртындагы эмес, анын ичиндеги көтөрүлүп келе жаткан күч катары кароого болот.
Ал эми Россия экономикалык үстөмдүккө эмес, аскердик күчкө, тоскоолдук жаратуу мүмкүнчүлүгүнө жана стратегиялык аймактардагы туруксуздукту кайра өндүрүүгө таянган «тоскоолдук жаратуучу күчтүн» үлгүсүн билдирет. Бул анын Украинадагы түздөн-түз катышуусунан, Сириядагы таасири азайганына карабастан аскердик жайгашуусунан, ошондой эле Ливияда жана Африканын Сахель аймагындагы айрым мамлекеттерде кыйыр таасиринин ар түрдүү формаларынан көрүнөт. Бул таасир чектелген аскердик катышууну, расмий эмес коопсуздук тармактарын жана өзгөрмөлүү саясий таасирди айкалыштырган татаал мүнөзгө ээ.
Ал эми Иран таптакыр башка үлгүнү чагылдырат. Ал өзүндө борбордук мамлекет менен расмий эмес регионалдык тармактын айкалышын камтыйт. Иран өз чек аралары ичинде гана аракеттенбестен, Иракта, Ливанда, Йеменде жана башка майдандарда саясий жана аскердик байланыштар аркылуу да иш алып барат. Бул аны толук мааниде аймактык оюнчуга айландырат.
Айрыкча Иран менен Булуң аймагынын мисалында Американын стратегиялык логикасы «мамлекетке ээлик кылуу» түшүнүгү менен гана чектелбейт. Тескерисинче, ал кайсы бир регионалдык күчтүн өзүнүн сезимтал географиялык абалын, айрыкча Ормуз кысыгына болгон кыйыр көзөмөлүн, дүйнөлүк энергетика жана соода агымдарына таасир эте ала турган геосаясий басым куралына айлануусуна жол бербөөгө багытталган. Аймактагы башкаруу чынжыры колонизатор күчтөрдүн колунан чыгып, кайрадан үммөттүн колуна өтүп кетиши мындан да коркунучтуу. Анткени анда үммөт иштин тизгинин өз колуна алып, кыска убакыттын ичинде абалды душмандарына каршы түп-тамырынан өзгөртүп жибериши мүмкүн.
Иран түштүк тарабынан Араб булуңуна, Оман булуңуна жана Араб деңизине чыгып, энергия, соода жана ири жаңжалдардын жолдору кесилишкен жерде жайгашкан. Ошол эле учурда анын түндүк тарабында Борбор Азия жана Кавказ менен түз байланыш бар. Бул аймак өтө чоң мааниге ээ. Стратегиялык жактан алганда, бул аймак Россиянын Азия ичкерисине жана Жакынкы Чыгышка карай созулган уландысы болуп эсептелет. Аны Россиядан бөлүп турган деңиздер, океандар сыяктуу табигый тоскоолдуктар да жок.
Ушул эле нерсе Кытайга да тиешелүү. Анткени бул аймак Кытай үчүн арткы дарбаза болуп саналат. Аймак калкынын көпчүлүгү мусулман болгондуктан, Кытай алардын Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга таасир көрсөтүшүнөн кооптонот. Дал ушул стратегиялык маанилүүлүгүнөн улам Америка Советтер Союзу кулагандан бери бул аймакка кирүү боюнча пландарды түзгөн. Мунун максаты бир тараптан Россиянын таасирин чектөө болсо, экинчи тараптан Кытайды курчоого алып, анын коңшу аймактарга таасир этүүсүнө бөгөт коюу болгон.
Ушул тең салмактуулуктардын арасында Европа айрыкча Американын басымы жана шантажы күчөп жаткан шартта өзгөчө абалда турат. Европа ири экономикалык күч болуп саналат жана чоң каржылык, өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Бирок ошол эле учурда коопсуздук жагынан НАТО аркылуу Америкага олуттуу деңгээлде көз каранды. Бул жагдай Европаны стратегиялык жактан жарым-жартылай гана толук күчкө айлантат. Ал экономикалык жактан активдүү болгону менен, дүйнөлүк деңгээлде аскердик жана саясий жактан жетишерлик даражадагы күч эмес.
Франция жана Германия сыяктуу айрым мамлекеттер европалык стратегиялык көз карандысыздык түшүнүгүн курууга аракет кылып жатышса да, бул долбоор Европанын ички артыкчылыктарындагы айырмачылыктар жана америкалык коопсуздук калканына болгон түзүмдүк көз карандылык алдында чектелүү бойдон калууда.Бул көрүнүштө Европа салттуу маанидеги көз карандысыз уюл катары көрүнбөйт. Тескерисинче, ал коопсуздук системасы башкалар тарабынан башкарылган шарттагы экономикалык күч болуп саналат.Ошол эле учурда ал ири державалардын ортосундагы күрөштүн кесепеттери кесилишкен негизги майдандардын бири болуп калды. Айрыкча бул энергетика жана Европанын коопсуздугу маселелеринде ачык көрүнөт. Анткени бул эки маселе Украинадагы согуш жана Россия менен болгон мамилелердин кайра калыптанышы менен түздөн-түз байланыштуу.Мунун натыйжасында Европа өзүнүн улуттук коопсуздугуна кеңири мааниде коркунуч туулган абалда калууда.
Бул факторлордун баарын бириктирип караганда, эл аралык тартип мындан ары так эки уюлдуулукка же туруктуу көп уюлдуулукка негизделбегени айкын болот. Тескерисинче, ал өткөөл мүнөздөгү аралаш түзүмгө айланган. Бул түзүмдө: Америка Кошмо Штаттары аскердик жана альянстык борбор катары; Кытай көтөрүлүп келе жаткан экономикалык борбор катары; Россия тоскоолдук жаратуучу аскердик күч катары; Иран тармактык регионалдык оюнчу катары; Европа болсо стратегиялык көз карандысыздыгы толук калыптана элек экономикалык күч катары орун алууда.
Ошентип, биз бири-бири менен тыгыз байланышкан дүйнөлүк тартиптин ичинде күчтүн толук бүтө элек кайра бөлүштүрүү баскычында жашап жатабыз. Мындай шартта абсолюттук үстөмдүк мүмкүн болбой калды, ал эми толук көз карандысыздык дагы ишке аша элек. Тескерисинче, тең салмактуулуктар өз ара көз карандылыктын жана үзгүлтүксүз атаандаштыктын жыш тармагынын ичинде калыптанууда. Биз тарыхый «асылып турган абалга» окшош бир мезгилде жашап жаткандайбыз.
Чындыгында болсо, бул Ислам үммөтү үчүн тарыхый жана алтын мүмкүнчүлүк болуп саналат. Ал аркылуу үммөт тартып алынган бийлигин кайра кайтарып, дүйнөдөгү жетекчилик ролун калыбына келтирип, токтотулуп турган мүмкүнчүлүктөрүн ишке киргизип, адамзатты капитализмдин тозогунан куткара турган жаңы эл аралык тартипти курууга жол ачат.
Жыйынтыктап айтканда, Америка менен Кытай бардык деңгээлдерде жана бардык тармактарда кризиске баткан дүйнөдө жалган цивилизацияны сактап калуу үчүн атаандашып жатышат.
Ал эми дүйнөнүн бардык бурчтарына жакшылыкты жайылта турган рошид Халифалык, Аллахтын уруксаты менен, жакында кайтып келет. Бул саясий вакыйлык ар бир тарабынан көрсөтүп турган тарыхый жана акыйдавий мыйзамченемдүүлүк болуп саналат. Анткени адамзат капитализмдин адашуусунан, бактысыздыгынан жана азабынан куткара турган жол издеп жатат. Ошондуктан Ислам үммөтү Хизб ут-Тахрир жетекчилиги астында Аллахтын уруксаты менен ачык жеңишке жетүү убагына жакындап калды. Ал жеңиш Исра жана Мираж жери болгон жерди яхудийлердин булганычынан бошотмойунча жана Константинопол сыяктуу Римди да фатх кылмайынча толук болбойт.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5).




