Роя гезити

Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу жана анын ислам үммөтүнө тийгизген таасири

Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу жана анын ислам үммөтүнө тийгизген таасири

Америка менен яхудий түзүмү Иранга каршы кыйраткыч согуш жүргүзүп жаткан учурда суннийлер менен шиалардын ортосунда мазхабдык фитнаны козутуу – айрым аалымдар жана интеллигенттер арасындагы фикрий жана саясий бузулуу канчалык деңгээлге жеткенин көрсөттү. Ал тургай алардын айрымдары: «Иран арабдар жана мусулмандар үчүн “Израилден” да кооптуу» деп жарыя кылышууда! Анын жүйөөсү боюнча, яхудий түзүмү сырттан келген жат түзүм, аны кресттүү жортуулчуларды, моңголдорду жана колонизаторлорду кууп чыккандай эле каршы туруп, кууп чыгууга болот. Ал эми Иран болсо коңшу өлкө болуп, сунний Исламга душмандык кылган ашынган сафавий идеологиясын карманат жана араб жерлерине үстөмдүк кылууну, шиачылыкты жайылтууну көздөйт.

Албетте, мындай риторика 2003-жылы Америка Иракты басып алган учурда кеңири жайылтылган баяндоону кайра кайталоодо. Анда да Америка – сырттан келген жат күч болгондуктан, аны кууп чыгарууга болот, ал эми Иран болсо мазхабдык кеңейүү аркылуу демографиялык географияны өзгөртүүнү көздөйт деп айтылган. Натыйжада кресттүү жортуулчу (америкалык) баскынчылыкка каршы жихад суннийлер менен шиалардын ортосундагы мазхабдык фитнага айланып, бардыгын кыйраткан. Ал эми бүгүн, баскынчылыктан жыйырма жылдан ашык убакыт өткөн соң, Америка Ирактан чыгып кеткен жок, тескерисинче анын таасири күчөп, аскерий базалары бардык жакка жайылды.

Ошондуктан мусулмандарга төмөнкү акыйкаттарды эскертүү зарыл:

  • Иран өлкөсү менен иран режиминин ортосун айырмалоо шарт. Иран – халифа Умар ибн ал-Хаттаб разияллаху анху доорунда фатх кылынган исламий өлкө. Фатхтан кийин ал Ислам аскерлери чыгуучу базага айланып, Хорасан, Бухара жана Самаркандга Исламды жайылтууга салым кошкон. Демек, ал исламий өлкө болуп, анын эли Ислам үммөтүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Ал эми учурдагы иран режими ондогон жылдар бою Американын орбитасында айланып, анын кызыкчылыктары үчүн Афганистанда, Иракта, Сирияда, Ливанда жана Йеменде кызмат кылып келген жана мусулмандарга каршы кылмыштарды жасаган. Бирок бул Иранды исламий өлкө болуудан чыгарып салбайт. Кандай болсо да, Палестинада кылмышкер яхудий түзүмүнүн болушу аны исламий макамынан ажыратпагандай эле, Иранды  да ал макамдан ажаратпайт.

Шаръий өкүмгө ылайык, эгер каапырлар исламий өлкөгө кол салса, анда аларды кайтаруу жана алардын агрессиясын токтотууга жетиштүү деңгээлде каршылык көрсөтүү бардык мусулмандарга важиб болуп саналат. Аллах Таала мындай дейт:

وَقَاتِلُوا الْمُشْرِكِينَ كَافَّةً كَمَا يُقَاتِلُونَكُمْ كَافَّةً وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ

“Бардык мушриктер (бул өкүмгө карабай) силерге каршы согуш кылганы сыяктуу, силер да баарыңар аларга каршы согушкула! Дагы билип койгула, Алла такыбаалар менен бирге”. (Тообо: 36).

  • Негизги, туруктуу душман менен экинчи даражадагы, өзгөрмө душмандын ортосун ажыратуу зарыл. Америка, Батыш жана яхудий түзүмү – негизги, туруктуу душман болуп саналат. Алардын Исламга жана мусулмандарга болгон душмандыгы туруктуу, өзгөрбөйт жана алмашпайт. Алардын Исламга жана мусулмандарга каршы шайтандай кылмыштарын жакын адам да, алысы да билет. Аллах Таала айтат:

لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا

“Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага шерик кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң”. (Маида: 82).

Ошондуктан, мурунку ондогон жылдар ичинде иран режими мусулмандарга каршы Иракта, Ливанда, Сирияда жана башка жерлерде жасаган кылмыштары бул согуштун чыныгы маңызын – бул бир тараптан мусулмандар, экинчи тараптан яхудийлер жана алардын артында турган Америка менен каапыр Батыш ортосундагы согуш экенин – унуттурбашы керек.

Мындай абалда мусулмандын туйгулары жана саясий позициясы анын дини жана үммөтүнүн кызыкчылыгы талап кылгандай калыптануусу зарыл, тескериси туура эмес. Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

 لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يَكُونَ هَوَاهُ تَبَعاً لِمَا جِئْتُ بِهِ

“Силерден бирөөңөр өзү үчүн жакшы көргөн нерсесин боордошу үчүн жакшы көрмөйүнчө момун болбойт”.

Аллах Таала айтат:

إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ

“Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер”. (Хужурат: 10).

Ошондуктан мусулман адам иран режими ага канчалык зулум кылган болсо да, Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранды бомбалоосуна кубануусу жаиз эмес. Анткени бул каапырлардын мусулмандарга жана исламий өлкөгө каршы агрессиясы болуп эсептелет, согуш биздин жерибизде, кыйроо биздин диярларда болуп жатат.

  • Үммөт түшүнүшү керек болгон эң маанилүү нерсе – бул агрессиянын максаты бир гана Иран эмес, тескерисинче бүткүл аймактын күчүн сындыруу жана аны Америка менен яхудий түзүмүнүн үстөмдүгү алдына коюу. Америка аймакты толук көзөмөлгө алып, үммөттүн байлыктарына жалгыз ээ болууну жана өзүнүн «Ибрахимий динин» таңуулоону каалайт. Бүгүн Иранда болуп жаткан окуялар Американын аймактык эсептерин кайра түзүшү жана иран режимин өз орбитасында айланган абалдан толук көз каранды кызматчы режимге айландыруу аракети. Ал эми иран режими мындай чектөөнү, айрыкча ички саясатта т.а. уран байытуу жана ракеталык коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуу маселелеринде кабыл албай жатат.

Ошондуктан, иран режиминин кылмыштары бизге Американын жана яхудийлердин Иранга каршы агрессиясын колдоого уруксат бербейт. Анткени иран режими да, биздин өлкөлөрдөгү башка режимдер сыяктуу эле, функционалдык кылмышкер режимдер. Бирок аларга болгон душмандык бизге исламий өлкөлөрүбүздүн басып алынышына жол берүүгө жана аларды Америка менен баскынчы түзүм үчүн жеңил олжого айландырууга уруксат бербейт.

  • Саясий аң сезими жана таза фитраты бар ар бир адам Америка менен яхудий түзүмүнүн Иран үстүнөн жеңишке жетишинин кооптуу натыйжаларын түшүнөт. Анткени бул учурда «наалатка калган» түзүмдүн жер бетиндеги үстөмдүгү дагы да күчөйт, Американын аймактагы ачкөздүгү дагы да артат. Мунун баары мусулмандар үчүн оор жана коркунучтуу кесепеттерге алып келип, аларды басынтуунун, ыйык нерселерин жана ар-намысын тебелөөнүн башаты болуп калат.
  • Бул учурда суннийлер менен шиалардын ортосундагы ихтилафты козутуу – мусулмандарга болгон душмандыгында сунний менен шианы айырмалабаган душмандык кылуучу каапырга гана кызмат кылат. Бул тууралуу Аллах Таала айтат:

تِلْكَ أُمَّةٌ قَدْ خَلَتْ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَلَكُمْ مَا كَسَبْتُمْ وَلَا تُسْأَلُونَ عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ﴾

“Алар небак өтүп кеткен кишилер. Алардын жасаган иштери өздөрү үчүн, силердин кылган иштериңер өзүңөр үчүн. Силер алар кылган иштер үчүн жооп бербейсиңер”. (Бакара: 134).

Бул аят бизге өткөндөгү талаш-тартыштардан жогору турууну үйрөтөт. Анткени биз Аллах алдында бөлүнүүнү улантканыбыз же аны жеңүүгө аракет кылганыбыз үчүн жооп беребиз. Биз үчүн Пайгамбар ﷺ  үлгү. Ал жахилияттагы асабияны, коомду бөлүп-жарып, уруулар ортосундагы чатактарды күчөткөн көрүнүштү:

 أَبِدَعْوَى الْجَاهِلِيَّةِ وَأَنَا بَيْنَ أَظْهُرِكُمْ؟

«Мен араңарда турган учурда жахилият чакырыгын (көтөрүп жатасыңарбы)?» деп жокко чыгарган жана анын ордуна ыйман байланышы менен үммөт биримдигине негизделген коомду курган.

  • Жыйынтыктап айтканда, яхудий түзүмү жана аны колдогондор Булуң өлкөлөрүн жана Түркияны Иранга каршы кеңири аймактык жаңжалга тартууда. Бул болсо аймакта кыйраткыч фитнанын тутанышына алып келүү коркунучун жаратат. Натыйжада үммөт алсыздыктын үстүнө алсыздык кошуп, душмандарына дагы да үстөмдүк кылууга жана кеңейүүгө жол ачат. Мындай шартта бөлүнүүнүн жана ажырымдын коркунучун аңдап, биримдикти бекем кармануу, душмандарына кызмат кылган жаңжалдарга кирип кетүүдөн сактануу, саптарын бириктирүү жана өздөрүнө каршы турган чакырыктарга каршы татыктуу деңгээлге көтөрүлүү мусулмандардын милдети болуп саналат. Алар тарыхындагы күч жана биримдик мезгилдеринен сабак алып, чоң кризистерди жеңген тажрыйбадан шыктануусу керек.

Мусулмандар Аллахтын арканына (динине) бекем кармануусу, тарыхый каршылык деңгээлине көтөрүлүүсү, бул кризисти мүмкүнчүлүккө айландыруусу, демилгени колго алуусу, саптарын бекемдөөcү, аскерлерди кыймылга келтирүүсү жана бүт үммөттү чечүүчү каршылыкка даярдоосу чоң милдет болуп саналат. Бул болсо Хиттин жана Айн Жалуттагы даңкты кайтарып, каапырлар менен мунафыктардын тамырын кесип, үммөттүн бийлигин, Халифалыгын жана шарият өкүмүн кайра кайтарууга алып келет.

﴿وَاللهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

“Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт”. (Юсуф: 21).

Роя гезити

Доктор Асъад ал-Ажили

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button