Арафа – ырайымдуулукка толгон күн

Арафа – ырайымдуулукка толгон күн
Арафа – Исламда эң улуу жана маанилүү күндөрдүн бири болуп эсептелет. Бул күнү Жараткандын мээрими пенделерди ороп, өткөн жана келе жаткан жылдын күнөөлөрү кечирилет, ал эми момундардын жүрөгү үмүт жана такыбалыкка толот. Мусулмандар үчүн бул күн ажылыктын эң негизги бөлүгү гана эмес, бүткүл үммөт үчүн өзгөчө бир ибадат убактысы болуп саналат.
Жараткан Аллах Таала, Арафа күнүн тозок отунан кутулуу жана дубалар кабыл боло турган күн кылды. Дал ушул себептен, мусулман адам бул күндө өзүн ибадатка, чын жүрөктөн тообо кылууга жана Аллахты эстөөгө арнап, дуба-тилектер менен алектенүүсү зарыл.
Ибн аль-Мусаййибдин риваятына ылайык, Аиша бинт Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай дегенин айткан:
«Аллах Таала пенделерин тозок отунан азат кыла турган Арапа күнүнөн артык күн жок! Чындыгында, Ал жакындаганда, периштелерге пенделери менен сыймыктанып: “Булар эмнени каалашат?” – деп айтат» (Муслим, №1348).
Ажылыкка барбаган мусулмандар үчүн Арафа күнү орозо кармоо сүннөт экенин эстен чыгарбоо өзгөчө маанилүү. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ бул күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдын күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болорун айткан. Бул ибадат жана сабырдуулук аркылуу жан дүйнөнү тазалап, Аллахка жакындашуу үчүн өтө зор мүмкүнчүлүк.
Арафа күнү момундарга кыямат күнүн эске салат. Ал күнү адамдар, кудум ажылар Арафатта Жараткандын мээримине муктаж болуп, баш ийип тургандай эле, Аллахтын алдында түз турушат. Бул күндө мусулман адам ыкластуулукту, такыбалыкты жана Жараткандын алдындагы жоопкерчиликти үйрөнөт.
Ошондой эле, Арафа күнү мусулман үммөтүнүн биримдигин түшүндүрүүчү белги болуп саналат. Ал күнү Аллахка ибадат кылуу жана анын ыраазычылыгына жетишүү үчүн ар тараптан чогулган улуттар, ар башка тилде сүйлөгөн миллиондогон адамдар бир жерге жыйылышат.
Андыктан, бул күн мусулмандарга – улуулук Аллахка жакындоо жана Мухаммад ﷺ жолун жолдоо аркылуу гана болорун, ошондой эле, биримдик тек гана ибадат учурунда эмес, балким адилетүү мамлекет, тагыраагы, Халифалыктын астында болушу важиб экендигин эске салсын!
Бул күнү, мусулмандар жеке ибадат жана кечирим тилөө менен бирге, Алла Тааланын алдындагы жамааттык жоопкерчиликтерин эстөөлөрү зарыл. Бул күнү, миңдеген момундар бир максаттын айланасында, тагыраагы Жаратканга ибадат кылуу жана Исламдын эң маанилүү түркүктөрүнүн бирин аткаруу үчүн биригишет. Бирок, тилекке каршы, бирдиктүү, адилеттүү Халифаттын астында биригүү милдети бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө.
Мындан улам, мусулмандар бул улуу фарзды татыктуу, коопсуз жана ашыкча машакаттарсыз аткаруу үчүн Ислам үммөтүнүн келечеги тууралуу, ажылык сыяктуу улуу ибадаттардын кандай деңгээлде уюштурулушу керектиги жөнүндө терең ойлонуулары абдан маанилүү.
Келечектеги Ислам мамлекетинин башкы милдеттеринин бири катары, ажылык зыяратын белгилүү бир чектелген топко гана эмес, бардык каалоочу мусулмандарга жеңилдетүү экенин айта кетүү зарыл. Бардык күч-аракеттер жана мүмкүнчүлүктөр кандайдыр бир коммерциялык пайда үчүн эмес, бир гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жалпы зыяратты уюштурууга, коопсуздукту, транспорт маселесин, жатакананы камсыздоого жана ажыларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталуусу шарт. Ислам мамлекетинде ажыларга кам көрүү, үммөткө кам көрүүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.
Сауд падышалыгы үчүн башкы максат – виза, мейманкана, транспорт же башка кызматтар аркылуу ажылыктан тек гана пайда табуу болуп жаткан учурда, зыяратчыларга кызмат кылуунун улуу маңызынын өзү жоголуп, анын рухий натыйжалуулугу жок болуп кетүүдө. Хаж аша чапкан соода-сатыктын куралына айланбастан, ибадат бойдон калуусу шарт.
Бүгүнкү күндө зыяратчылар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселеси өзгөчө актуалдуу болууда. Азыркы тапта дүйнө жүзүндө мусулмандардын саны тынымсыз өсүп бара жатат. Миллиондогон мусулмандар Харам мечитине барууну, ажылык парзын аткарууну эңсейт. Мына ушундан улам, келечектеги Халифалык мамлекети, мүмкүн болушунча көптөгөн момун мусулмандар Исламдын бул улуу түркүгүн орундата алышы үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө, зыяратчыларды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана ажылыкты уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өркүндөтүүгө милдеттүү болот.
Арафа күнү мусулмандарга жан дүйнөнү гана тазартууну үйрөтпөстөн, үммөттүн чыныгы күчү анын биримдигинде, бири-бирине болгон күйүмдүүлүгүндө жана бир гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн ибадаттарды жеңилдетүүгө умтулуусунда экенин айкын көрсөтөт.
Жараткан Аллах Таала кылган дуба-тилектерибизди кабыл кылып, күнөөлөрүбүздү кечирсин, ошондой эле бизди Арафа күнү тозок отунан бошотулган пенделеринин катарына кошсун! Аллах Таала өзүнүн нусраты менен бизге эң улуу максатка жетүүгө, тагыраагы, ага татыктуу ибадат кылууга жана жер бетиндеги ар бир булуң-бурчта өзүнүн шарияты менен өкүм жүргүзүү үчүн Ислам мамлекетин тикелөөгө жардам берсин!
Бурана




