Комментарий
Газа бомбалоодон кийин суук аба ырайынын азабында!

Газа бомбалоодон кийин суук аба ырайынын азабында!
Газа секторундагы жергиликтүү бийлик ишемби күнү нөшөрлөп жааган жамгыр ар кайсы аймактагы жер которгон адамдардын он миңдеген чатырларын суу каптаганын билдирди. Жарандык коргонуу кызматы суук аба ырайынын кесепеттеринен жабыркагандардын санын 350 миң адам деп баалады. Ошол эле учурда жергиликтүү жана эл аралык жардам уюмдары бул сезондо секторго келген алгачкы суук аба ырайынан улам гуманитардык катастрофа ого бетер курчуй турганын эскертишти.
Газадагы Жарандык коргонуу кызматы эл аралык коомчулуктан, ок атышууну токтотууга кепил болгон мамлекеттерден жана секторду башкаруу боюнча улуттук комитеттен калкты куткаруу үчүн шашылыш кийлигишүүнү талап кылды. Ошондой эле ондогон лагерлерди жана баш калкалоочу борборлорду жамгыр суулары каптагандыктан, гуманитардык катастрофа болорун эскертти. (Ал-Жазира Нет).
Комментарий:
Газа калкы урандылардын астынан чыгып, кыштын катаалдыгына туш болду. Алардын чатырларын суу каптап, жууркан-төшөктөрү суу болуп, балдарынын денелери сууктан титиреп жатат. Адам бирде бомбалоодон, бирде сууктан жана сууга чөгүүдөн өлүм менен күрөшүүгө ташталган бул кандай жашоо?!
Эл аралык коомдор жана уюмдар кайда? Убадалар, конференциялар жана билдирүүлөр кайда? Бул трагедия жардамдар канчалык маанилүү болбосун, баш калкалоочу жайсыз жана жашоо үчүн зарыл болгон шарттарсыз калган элди куткарууга жалгыз өзү жетишсиз экенин, ошондой эле айыптоо билдирүүлөрү баланы жамгырдан коргой турган чатырды куруп бербей турганын далилдеди!
Ислам үммөтү кайда? Жардам берүү жана боордоштук милдети кайда? Газанын балдары жамгырдын астында сууктан титиреп жатканда, мусулмандар кантип жылуулукта бейпил жашап жатышат? Бүтүндөй бир үммөттүн маселеси унчукпай отуруунун, алсыздыктын жана жардамсыз калтыруунун арасында кантип унутулуп калат?!
Чындыгында, Газа мезгил-мезгили менен көрсөтүлүүчү боорукердикке эмес, өзүнүн биримдигин жана күчүн кайра калыбына келтирген үммөткө, ошондой эле мусулмандарды коргоо жана алардын иштерин башкаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алган саясий жетекчиликке муктаж. Мына ушул жерден Халифалыкты кайра тикелөө маселеси саясий биримдик жана коргоо долбоору катары алдыга чыгат. Ал аркылуу үммөттүн жетекчилиги жана алсыздарды коргой турган таянычы болот. Бул болсо үммөттүн бөлүнүп-жарылуунун, алсыздыктын жана көз карандылыктын туткунунда кала беришинин ордуна келет.
Эй, Ислам үммөтү! Газа жамгырдан гана жардам сурап кыйкырып жаткан жок, тескерисинче, сенин аны жардамсыз калтырганыңдан улам да кыйкырып жатат!
Оо, Аллахым! Алардын үй-жайынан ажырагандарына баш калкалоочу жай бер, ачкаларын тойгуз, жарадарларына шыпаа бер, шахиддерине ырайым кыл жана аларды башына түшкөн кыйынчылыктан куткарып, чыгуу жолун ачып бер.
Абдулазим Аль-Хашламун




