Макала

Дипломатиялык “убаракерчилик” жана Кремлдин Казакстанга болгон иш сапары

Дипломатиялык убаракерчилик жана Кремлдин Казакстанга болгон иш сапары

Касым-Жомарт Токаев орустардын адатына ылайык, Кремлдин элитасын мусулмандардын Курман айт майрамында мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Ошентип, 27-майда Кремль делегациясынын Астанадагы үч күндүк чоң дипломатиялык сапары башталды.

Бул сапарда делегациянын курамынын көптүгү дароо көңүлдү бурду. Делегациянын дээрлик ушул курамы жакында эле, тагыраагы, 19-20-майда Бээжинге Си Цзинпин менен жолугушууга барган. Баса белгилей кетсек, Бээжинге болгон иш сапар Москва үчүн натыйжалуу болгон эмес.

Астананын демилгеси

Бул жолугушуунун өзүнө токтоло турган болсок, алгач бул окуя казак тараптын демилгеси менен ишке ашканын белгилей кетүү керек. Москва байланыштарды чыңдоого кызыкдар экени белгилүү. Бирок, Астана дал ошол процессти чакыруу, макулдашуулардын жаңы форматын даярдоо жана Казакстанды чечим кабыл алуу аянтчасы катары көрсөтүү аркылуу аныктамакчы болууда. Мунун баары Токаевдин ички жана тышкы саясий стратегиясынын бир бөлүгү катары жарыяланды.

Ал эми, «Достуктун жети негизи» деп аталган документтин даярдалышын жөн гана дипломатиялык иш-чара деп эсептөө туура эмес. Бул демилге менен Казакстан өзүнүн аймактагы өсүп жаткан лидерлигин көрсөтүп жаткандай көрүнүүдө. Токаев бул тууралуу Казакстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштык мамилелеринин жети негизи тууралуу биргелешкен билдирүүсүндө өзгөчө белгилеп, эң оболу бул документ анын өзүнө маанилүү экенин баса белгиледи.

«…Бул документтин үстүнөн өзүм иштеп, өзүм түзөтүүлөрдү киргиздим. Менимче, ал өлкөлөрүбүздүн ортосундагы болгон кызматташтыкты баяндаган тарых беттеринде сакталып калат жана абдан чоң мааниге ээ болот…», – деп билдирди Токаев.

Казакстандын эли үчүн бул маанилүү белги: Астана мындан ары өзүн Москванын «иниси» болууну чечкиндүү түрдө каалабай жатат. Бул демилге аркылуу ал өз ара мамилелердин деңгээлин эң аз дегенде тең укуктуу өнөктөштүккө көтөрүүгө умтуларын, ошондой эле, Борбор Азиядагы көз карандысыз күч борбору жана лидер катары өзүн көрсөтүүнү көздөп жатканын түшүндүрүүдө.

Мурда Орусия үчүн мындай пайдасыз жаңы конфигурация кабыл алынгыс болуп эсептелсе, ал эми азыр Путин иш жүзүндө ага ыраазы болгонго аргасыз болууда. Анын алкагында, Орусия бара-бара талашсыз үстөмдүк кылуучу оюнчунун позициясынан чегинүүгө мажбур. Ошондой эле, ал Казакстандын амбицияларын жана анын эркиндигин эске алып жүрүүгө тийиш. Албетте, Токаевдин кыялдарына убактынча ыраазы болуп туруу, баскынчылык мамилелердин түп-тамырынан өзгөрүүсүн билдирбейт. Анткени Кремл өзүнүн кой терисин жоготсо дагы, ал баары бир кооп туудурган бөрү бойдон калууда.

Чоң делегация – алсыздыктын белгиси

Орусия делегациясынын Казакстанга чоң топ болуп келиши, Астанага болгон протоколдук сый-урматтын, же Токаев менен болгон жеке мамилелердин көрсөткүчү болуп саналбайт. Тескерисинче, бул «убаракерчилик», аткаминерлердин, экономикалык блоктордун жана саясий сүйлөшүүчүлөрдүн мынчалык топтолушу, Москва үчүн бүгүнкү күндө Казакстанды өз таасиринин алкагында кармап калуу канчалык маанилүү экенин жана бул өтө шашылыш түрдө ишке ашырылып жатканын көрсөтүп турат.

2022-жылдан тарта Украина менен болгон согуштан кийин Орусиянын тышкы саясий архитектурасы тездик менен тарый баштады. Натыйжада, Батыш багыты иш жүзүндө жабылып, Европа менен болгон мамилелер алдыдагы көптөгөн жылдарга чейин талкаланды. Ал эми «Чыгышка карай бурулуу» саясаты Кремль күткөндөй стратегиялык пайданы берген жок. Муну жакында эле (19.05.26) Бээжинге дал ушундай эле курамда жасалган сапар өзгөчө тастыктайт: орус тараптын үмүтү иш-жүзүндөгү жыйынтыктан кыйла жогору болчу, бирок Кытай кызматташууга даяр экенин көрсөткөнү менен, муну өзгөчө өз кызыкчылыктары үчүн гана жасап, Орусияны куткаруучу катары анын экономикалык тобокелдиктерин өзүнө алууну каалабаганын ачык белгиледи.

Андыктан, Москва жакынкы евразиялык алкакты, башкача айтканда, Казакстан менен болгон мамилени күчөтүүгө мажбур болууда. Ошол себептен, биз дүйнөлүк майдандагы дипломатиялык активдүүлүктүн жогорулашын, ошондой эле, бардык мүмкүн болгон артыкчылыктардын, тагыраагы, интеграциялык долбоорлордун, транспорттун, энергетиканын, аскердик кызматташтыктын, гуманитардык күн тартибинин жана элиталардын жеке байланыштарынын бир убакта ишке салынып жатканын байкай алабыз. Мындай аракеттер, өз шартын таңуулаган ишенимдүү күч борборунун жүрүм-турумуна окшобойт. Тескерисинче, бул оор геосаясий кырдаалдын белгиси. Мындай шартта, Кремль жада калса салттуу түрдө өзүнө жакын болгон жана мурда ага көз каранды болгон өлкөлөрдө да өзүнүн колониялык таасирин дайыма далилдеп туруусу керек.

Орусия үчүн Казакстан жөн гана көз салып туруучу «арткы короо» эмес, ал стратегиялык транзиттик түйүн, Борбор Азиядагы эң ири экономика жана эң маанилүү логистикалык өнөктөш. Ошол эле учурда, ал согуш менен санкциялык кысым шартында Москванын постсоветтик мейкиндиктеги колониялык башкаруусунун сакталып турушунун белгиси болуп саналат. Эгер Кремлдин Казакстандагы саясий таасири байкалаарлык деңгээлде төмөндөсө, анда Орусия үчүн бүтүндөй евразиялык долбоордун кыйроосу башталат.

Позициялардын өзгөрүүсү

Астананын өзү да мындан бир нече жыл мурункуга караганда таптакыр башка орунду ээлей баштады. Казакстан өзүнүн геосаясий макамын чыңдоо үчүн абалды өзүнүн пайдасына жигердүү түрдө колдонууда. Токаев көптөн бери айтылып жүргөн көп векторлуу моделди илгерилетүүдө. Анын алкагында, Орусия маанилүү өнөктөштүн ролун гана аткарып, мурдакыдай өз шартын таңуулаган жалгыз күч борбору катары чыга албайт. Кытай, Түркия, Булуң өлкөлөрү, Европа – булардын баарына мүмкүнчүлүк берилип, алардын баардыгы Токаевдин тең салмактуулукту сактоо стратегиясына айланмакчы.

Дал ушул себептен Токаев азыркы учурду колдонуп, өзүн Борбор Азиядагы кыйла көз карандысыз аймактык лидер катары бекемдегенге аракет кылууда. Башкача айтканда, Казакстан жөн гана Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан мамлекет эмес, аймактын негизги транспорттук каттамдары, энергетикалык агымдары жана дипломатиялык байланыштары өткөн толук кандуу геосаясий оюнчу болуусу шарт.

Дүйнөдөгү саясий кырдаал ири мамлекеттердин, андан соң Украинадагы согуштан кийин өзгөчө Москванын тышкы саясий мүмкүнчүлүктөрүнүн алсырашы, дал ушул Астананын позициясын күчөткөнүн көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө Орусиянын дипломатиялык убаракерчиликке түшүп жатканы, Казакстан Орусияга эмес, тескерисинче, Орусия Казакстанга жалгыз тирек катары муктаж болуп жатканын ачыктайт. Демек, орусиянын дипломатиялык активдүүлүгү тынчсызданууга толуп, анын масштабы байкала баштаган сайын, чөлкөмдөгү тең салмактуулуктун өзгөрүүсү көрүнө баштайт.

Жыйынтык

Кремлдин дал ушундай мүнөздөгү тышкы саясий «убаракерчилиги» жөн гана анын туйгусун, же мүнөзүн түшүндүрбөйт. Бул Орусиянын саясий салмагынан жана анын баскынчы падышалык саясатынан келип чыккан натыйжанын өзгөрүшүн билдирет. Согушта ким жеңип, ким жеңилгенине гана көңүл буруу – үстүрт пикир болуп саналат. Демек, геосаясатта жана өзгөчө аймактагы Кремлдин баскынчылыгынан арылуу мазмунунда, позициянын жана макамдын өзгөрүп жаткандыгынын өзү маанилүү.

Ири мамлекеттер таасирин бир заматта жоготкон учурлар сейрек кездешет. Алгач алар талашсыз күч борборунан тең укуктуу оюнчулардын бирине айланат, андан соң өнөктөштөрүн ынандырууга, аларды кармап калууга жана өз лидерлигин дайыма далилдеп турууга мажбур болот. Андан соң, лидерлик позициядан колдоо менен таанылууга өзү муктаж болгон тараптын абалына түшүп калуу коркунучу жаралат.

Москванын аймактагы тарыхый колониялык саясатынан улам, Борбор Азия үчүн бул өзгөчө сезимтал маселе болуп саналат. Ошондуктан, Кремлдин дипломатиялык активдүүлүктү күчөтүүгө, чоң делегацияларды топтоого жана бардык саясий, экономикалык куралдарды колдонууга муктаж болуусунун өзү жана анын Курман айт майрамына туш келүүсү, аргасыз курмандыктын сиволикалык көрсөткүчү болуп саналат. Башкача айтканда, бул аймактын эрежелери менен салттарына ылайык, мурдагы тең салмактуулуктун өзгөргөндүгүн моюнга алуу болуп эсептелет. Албетте, каапырлардын курмандыктары пайдасыз. Андыктан, биз мусулмандар, жөн гана аймактын баскынчыдан кутулушуна үмүт кыла бербестен, ири державалар алы-күчүн жоготуп жаткан учурда, бул иш үчүн колдон келген баардык күч-аракеттерибизди жумшашыбыз зарыл!

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button