Египет-Кытай өнөктөштүгү Америка таасиринин ырайымы астында

Египет-Кытай өнөктөштүгү Америка таасиринин ырайымы астында
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 2026-жылдын 2-сентябрында, шаршемби күнү Египетке сапар жасады. Бул сапар экономикалык сапар катары сыпатталып, анын акыркы сапарынан он жыл өткөндөн кийин ишке ашты. Сапардын жүрүшүндө «Египеттин 2030 көз карашы» жана «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында кызматташтыкты күчөтүү маселеси талкууланды. Экономика, соода, өнөр жай, жеткирүү чынжырлары, жасалма интеллект, маалымат технологиялары жана «Бир алкак — бир жол» демилгеси боюнча 20дан ашуун кызматташтык документине кол коюлду. Ошондой эле Суэц каналы аймагындагы Египет-Кытай «ТЕДА» өнөр жай зонасынын үчүнчү этабы ишке киргизилип, ал кайра жаралуучу энергия, автоунаа, текстиль, электроника жана инженердик өнөр жай сыяктуу тармактарга багытталды. Мындан тышкары, курулуш долбоорлору же Кытай продукциясын импорттоо менен гана чектелбестен, биргелешкен өндүрүшкө жана технологияларды өткөрүп берүүгө басым жасоо менен өнөр жай жана технологиялык кызматташтыкты тереңдетүү маселеси талкууланды.
Бул сапарга кылдат назар салган адам бардык ири мамлекеттер Ислам өлкөлөрүнүн эбегейсиз байлыктарына көз артып турганына дагы бир жолу ынанат. Алар бул өлкөлөрдү талап-тоноону күтүп турган байлыктардын кени жана өз продукциялары үчүн керектөө базарлары катары карашат. Ал продукцияларды өндүрүүдө болсо мусулман өлкөлөрүнөн арзан баада импорттолгон энергияны же чийки заттарды пайдаланып, өнөр жайларын иштетишет да, кайра ошол өлкөлөргө кымбат баада экспорттошот. Ошондуктан эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган жыйырма келишимдин басымдуу бөлүгү Кытайдын кызыкчылыгына кызмат кыларын көрүүгө болот. Бул эки өлкөнүн ортосундагы соода балансындагы чоң айырмачылыктан ачык көрүнөт. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле Египеттин Кытайдан импорту болжол менен 10,4 миллиард долларга жеткен, ал эми Египеттин экспорту 600 миллион долларга да жеткен эмес. Башкача айтканда, алты айдын ичинде эле тартыштык болжол менен 9,8 миллиард долларды түзгөн. Муну менен бирге, Кытайдын экспорту керектөө товарларынан турса, Египеттин экспорту айыл чарба жана азык-түлүк продукциялары, жер семирткичтер, химиялык заттар жана курулуш материалдары сыяктуу маанилүү материалдардан турат.
Кытай жалпысынан Африкада, айрыкча Египетте өз базарларын кеңейтүүгө умтулуу менен бирге, Египеттеги инвестицияларын 10 миллиард долларга жакындатып, аны болжол менен 14 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү көздөөдө. Египетте үч миңге жакын кытайлык компания бар, алардын ичинен 200гө жакыны Суэц каналынын экономикалык аймагында жайгашкан. Ошондой эле Суэц каналындагы өнөр жай зонасынын жаңы этабынын ишке киргизилиши Кытайга дүйнөлүк соода үчүн стратегиялык мааниге ээ аймакта экономикалык катышуусун дагы да кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Египетке болгон сапары эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөн да ашып, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы соода базарлары үчүн Кытай менен Американын ортосундагы атаандаштыктын бир бөлүгүнө айланган маанилүү баскыч болуп эсептелет.
Си Цзиньпиндин сапары Кытай үчүн, айрыкча санариптик инфраструктура, жасалма интеллект жана инвестиция жаатында маанилүү экономикалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү алып келет. Буга карабастан, Кытай төрагасынын Америкага жан тарткан Египеттин вакыйлыгын, анын акимдери жана саясий-экономикалык чөйрөсү толугу менен Американын өкүлдөрү жана малайлары экенин аңдоого саясий аң-сезими жетпегендей же анын саясий аң-сезимин ач көздүгү жаап салууда. Ошондуктан, бул келишимдер иш жүзүндө колдонулганда да Кытайдын кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Анткени маселе келишим түзүү менен гана чектелбейт, аны ишке ашыруу да маанилүү. Ал эми, бул долбоорлорду ишке ашыруу египеттик кол койгондордун колунда эмес, тескерисинче, аларга Вашингтондогу кожоюну Трамптан жашыл жарык келиши керек. Албетте, Америка үчүн мында кандайдыр бир кызыкчылык болбосо же аны эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү талаштуу маселелерде Кытайга каршы басым көрсөтүү куралы катары колдонбосо, жашыл жарык күйбөйт.
Дүйнөдөгү тажрыйбалуу саясатчыларда, алардын ичинде Кытайдын төрагасында да ар дайым саясий аң-сезим жана саясий чеберчилик бар деп ойлогондор жаңылышат. Тескерисинче, алардын вакыйлыгы мунун тескериси болушу мүмкүн. Бул сапар Кытайдын төрагасында саясий аң-сезим жана саясий чеберчилик жетишсиз экенин тастыктап турат. Кытай менен Египеттин ортосунда соода келишимдерин түзүү жана инвестициялык келишимдерге миллиарддаган каражаттарды салуу жетиштүү эмес. Тескерисинче, Кытай бул инвестицияларды башка колонизатор атаандаштардан, алардын башында турган Америкадан коргошу керек. Мисалы, «Бир алкак — бир жол» демилгеси көпчүлүгү Американын таасири астында турган өлкөлөр аркылуу өтөт. Ошондуктан Америка Кытайга басым көрсөтүүнү, аны шантаж кылууну же ушул сыяктуу нерселерди каалаган учурда колдонуп, анын жолун тосо алат. Демек, Кытай төрагасынын сапарынын жана анын «Трамптын сүйүктүү диктатору» Сиси менен түзгөн келишимдеринин ийгилиги Американын Кытайга ыраазы болушуна байланыштуу. Бирок анын Кытайга ыраазы болушу өтө алыс.
Дүйнөдө өкүм сүрүп турган колонизатор мамлекеттер Ислам өлкөлөрүндөгү байлыктардын көлөмүн жана алардын стратегиялык жайгашуусунун маанисин түшүнүшөт. Ошондуктан бул күчтөр алар үчүн өз ара күрөшүүдө. Бул күчтөрдүн ортосундагы күрөштүн эң маанилүү куралы — ошол күчтөргө малай болгон режимдер. Эгер колонизаторлорго үммөттүн байлыктарын ээлеп алууга мүмкүнчүлүк берип жаткан ушул режимдер болбогондо, үммөт бул байлыктарынан жыргалчылык көрүп, экономикалык, технологиялык жана соода жагынан өнүккөн үммөттөрдүн бирине айланмак. Ошондуктан үммөткө жана анын күч-кубат ээлеринен болгон калыс инсандарга бул малай режимдерди кулатып, Аллах түшүргөн дин менен өкүм жүргүзө турган рошид халифаны орнотуу важиб. Ошондо Аллах Субханаху ва Таала бизден ыраазы болуп, үммөт Аллах ага тартуулаган жакшылыктардан жыргалчылык көрөт.
﴿وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَى آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَرَكَاتٍ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ وَلَكِنْ كَذَّبُوا فَأَخَذْنَاهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾
«Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек. Бирок алар (пайгамбарларыбызды) жалганчы дешти, анан, аларды өздөрү кылган күнөөлөрү себептүү кармадык». (Аъраф: 96).
Роя гезити
Саид Фадл




