Индияда мусулмандар массалык түрдө өлтүрүлүүдө

Индияда мусулмандар массалык түрдө өлтүрүлүүдө
Индияда 2026-жылы кеминде 60 мусулман киши колдуу өлтүрүлдү. Бул 2022-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө мусулмандардын кысымга алынган учурларына байкоо салган “South Asia Justice Campaign” уюмунун баяндамасына ылайык, 27 мусулман мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү тарабынан өлтүрүлгөн.
Андан тышкары, 33 мусулман өздөрүн «уйлардын коргоочулары» деп атаган экстремисттик топтор тарабынан өлтүрүлгөн. Мусулмандарга карата чабуул жана ар кандай зомбулуктар Уттар-Прадеш штатында эң көп ишке ашырылган. Бул аймакта жалпы 146 зомбулук фактысынын 103ү катталган.
Индияда мусулмандарга каршы зомбулуктар күн сайын күчөп бара жатат. Өзгөчө, мусулмандарга карата кастыкты пайдаланып бийликке келген Модинин учурунда мусулмандардын абалы өтө начарлады. Мусулмандарды ур-токмокко алуу кадыресе көрүнүшкө айланган. Ал эми, күч органдары кылмышты токтотуп, кылмышкерлерди жоопко тартуунун ордуна, тескерисинче, экстремисттик улутчул индус топторун калкалап, зомбулуктун дагы да күчөшүнө шарт жаратып жатат.
Бийлик мусулмандарга каршы системалуу куугунтуктарды алып барууда. Бийлик тарабынан мусулмандардын жарандыгы жокко чыгарылып, «мыйзамсыз» деген шылтоо менен алардын үй-жайлары, а түгүл тарыхый мечиттер буздурулуп жатат.
Ошого карабастан, Батыш мамлекеттери Индияны Азиядагы эң чоң демократиялуу өлкө деп мактап, зулумдукка кабылган мусулмандардын абалына көз жумууда. Муну менен алар индус улутчулдарынын кылмыштарына шерик болуп жатканы шексиз. Ал эми мусулман өлкөлөрүнүн башчылары Модини ардактап күтүп алып, алдына кызыл килем төшөп жатышат. Бул мусулмандарга карата эң чоң кыянаттык.
Бүгүнкү күндө бир гана Индияда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө мусулмандар кор болушууда. Себеби, аларды коргогон, камкордук көрсөткөн башчы жок. Бул камкордук бир гана Халифалык мамлекеин тикелөө аркылуу камсыздалат. Андыктан, мусулмандардын жанын, малын, намысын коргоо үчүн Халифалыкты тикелөө барыбызга фарз. Ошондо гана Исламдын алтын тарыхында болгондой бардык мусулмандар Халифанын калканы астында корголот.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтат:
»إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ«
«Имам (халифа) – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан». (Абу Хурайра риваяты).




