Бейиш бактары

Набий (c.а.в)дын ихсан кылууга чакыруусу 

Набий (c.а.в)дын ихсан кылууга чакыруусу 

Ибн Асакир Анастан кылган риваятында Анас (р.а) айтат: Расулулла (с.а.в) алгачкы хутбаларында минбарга көтөрүлүп, Аллага хамду сана айткандан кийин:

«يَا أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّ اللهَ قَدْ اِخْتَارَ لَكُمُ الْإِسْلامَ دِيْناً، فَأَحْسِنُوا صُحْبَةَ الْإِسْلامِ بِالسَّخَاءِ وَحُسْنِ الْخُلْقِ. أَلا إِنَّ السَّخَاءَ شَجَرَةٌ مِنَ الْجَنَّةِ وَأَغْصَانُهَا فِي الدُّنْيَا، فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ سَخِيّاً لا يَزَالُ مُتَعَلِّقاً بِغُصْنٍ مِنْهَا حَتَّى يُوْرِدُهُ اللهُ الْجَنَّةَ. أَلا إِنَّ اللُّؤْمَ شَجَرَةٌ فِي النَّارِ وَأَغْصَانُهَا فِي الدُّنْيَا، فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ لَئِيْماً لا يَزَالُ مُتَعَلِّقاً بِغُصْنٍ مِنْهَا حَتَّى يُوْرِدُهُ اللهُ فِي النَّارِ. قَالَ مَرَّتَيْنِ: اَلسَّخَاءَ فِي اللهِ، اَلسَّخَاءَ فِي اللهِ»

«Эй адамдар, Алла силер үчүн Исламды дин кылып тандады. Демек, Исламда болууну жоомарттык жана көркөм кулк менен көрктөндүргүлө. Эсиңерде болсун, албетте жоомарттык бейиштеги бир дарак болуп, анын бутактары бул дүйнөдө. Силерден кайсыл бир адам берешен болсо, тээ Алла аны бейишке киргизмейинче ошол дарактын бутагына бекем жабышкан боюнча калат. Эсиңерде болсун, сараңдык тозоктогу бир дарак болуп, анын бутактары бул дүйнөдө. Силерден кимиңер сараң болсо, Алла аны тозокко киргизгенге чейин ал ошол дарактын бир бутагына бекем жабышкан боюнча калат. Расулулла (с.а.в) «Алла жолунда жоомарттык кылгыла, Алла жолунда жоомарттык кылгыла» деп эки жолу кайталады».

Муслим, Насаий жана башкалар Жарир (р.а)дан риваят кылат: Биз күндүн ортосунда Расулулла (с.а.в) алдында элек, ал кишинин алдына кылыч асынып алган, үстү-башы бир абалда, жылаңаяк бир коом келди. Алардын көпчүлүгү, балким, бардыгы Музар уруусунан болчу. Алардын кембагалдыгын көрүп Расулулла (с.а.в)дын жүзү өзгөрүп кетти. Кийин, ичкери кирип чыккандан соң ал кишинин буйругу менен Билал (р.а) азан жана такбир айтты, кийин туруп намаз окуду. Андан соң, хутба кылды:

– «Эй инсандар! Силерди бир жандан (Адамдан) жараткан… Робиңерден корккула!». [4:1]. Андан соң «Ниса» сүрөсүнүн биринчи аятын аягына чейин окуду жана «Хашр» сүрөсүнүн он сегизинчи аятынан Алла Тааланын:

– «Эй момундар, Алладан корккула жана (ар бир) жан эрте (Кыямат Күнү) үчүн эмнени (т.а. кандай жакшы амал-аракетти) илгери кылганын карасын! Алладан корккула! Албетте, Алла кылып жаткан амалыңардан кабардар» [59:18] деген сөзүн окуп: «Динары бар адам динарынан, дирхамы бар адам дирхамынан, кийими бар адам кийиминен, буудайы бар адам бир соъ буудай жана курмасы бар адам бир соъ курма садака кылсын, мейли бир курманын жарымы болсо да», – деди. Жарир (р.а) айтты: Ансарлардын бири алаканына батпай турган капчыгын чыгарып ортого таштады. Кийин, анын артынан адамдар чыгып тамак-аш жана кийим-кечелерди ортого таштай башташты, ал тургай тамак-аш жана кийим-кечелердин эки дөбө болуп кеткенин көрдүм. Ошондо, Расулулла (с.а.в)дын жүзү күндөй жаркырап кеткенин көрдүм. Андан кийин, Расулулла (с.а.в) айтты:

«مَنْ سَنَّ فِي الْإِسْلامِ سُنَّةً حَسَنَةً فَلَهُ أَجْرُهَا وَأَجْرُ مَنْ عَمِلَ بِهَا مِنْ بَعْدِهِ مِنْ غَيْرِ أَنْ يَنْقُصَ مِنْ أُجُورِهِمْ شَيْءٌ، وَمَنْ سَنَّ فِي الْإِسْلامِ سُنَّةً سَيِّئَةً كَانَ عَلَيْهِ وِزْرُهَا وَوِزْرُ مَنْ عَمِلَ بِهَا مِنْ غَيْرِ أَنْ يَنْقُصَ مِنْ أَوْزَارِهِمْ شَيْءٌ»

«Кимде-ким Исламда бир көркөм сүннөттү пайда кылса, ошол сүннөттүн ажыры да, андан кийин ал сүннөткө амал кылгандардын ажыры да – алардын сыйлыктарынан бирер нерсе кемибеген абалда – ага болот. Кимде-ким жаман сүннөттү пайда кылса, ошол жаман сүннөттүн күнөөсү да ага амал кылгандардын күнөөсү да – амал кылгандардын күнөөлөрүнөн бирер нерсе кемибеген абалда – ага тиет».

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button