Роя гезити

Триполиден Бенгазиге чейин: Американын өкүлү болгон Түркия Ливияны кайрадан калыптандырып жатабы?

Триполиден Бенгазиге чейин: Американын өкүлү болгон Түркия Ливияны кайрадан калыптандырып жатабы?

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын 2026-жылдын 11-12-августунда Ливияга болгон сапары болуп өттү. Сырткы борборлор кирип көнүп калган өлкөгө жасалган кезектеги дипломатиялык зыярат жөн жерден болгон жок. Фидан борбор калаада Абдулхамид Дбейба, Мухаммад аль-Манфи жана Мухаммад Такала менен жолуккандан кийин Бенгазиге өтүп, ал жерде Халифа Хафтар, Саддам Хафтар, Акила Салих жана Белкасим Хафтар менен жолугушту. Эң маанилүүсү, ал Түркия чыгыш жана батыш менен болгон мамилелерин аларды бириктирүүгө жана «бирдиктүү, эгемендүү жана көз карандысыз Ливияны» курууга жардам берүү үчүн пайдаланууну каалай турганын жарыялады.

Ушул көрүнүштүн өзү эле Түркиянын саясатында болгон өзгөрүүнү көрсөтүүгө жетиштүү. 2019-жылы Триполи өкмөтүн коргоо үчүн Ливия согушуна кирген жана Хафтардын борбор калаага жасаган чабуулунун мизин кайтаргандан кийин анын күчтөрү менен аскерий колдоосу Триполинин ишенимине ээ болууда чечүүчү фактор болгон Түркия эми Ливиянын чыгышын каршылаш тарап катары карабай калды. Тескерисинче, ал эки тараптын тең ачкычтарына ээ болууга умтулууда. Эми маселе Триполинин Бенгазини жеңишинде эмес, алдыдагы келишүүнүн формасы кандай болбосун, Түркиянын Ливияда катышуусунда болуп калды.

Ошондуктан Фидандын сапарын ага чейинки жүрүп келген процесстен бөлүп кароого болбойт. 2026-жылдын 24-июлунда Фидан Анкарада Саддам Хафтарды кабыл алды. Бул жолугушуу Анкаранын Ливиянын чыгышында улам көбүрөөк катыша баштаганын даана көрсөттү. Ага чейин Саддам 29-июнда Вашингтонго барып, ал жерде Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолуккан. Жолугушууга Массад Булос да катышкан (ал АКШ президенти Дональд Трамптын араб жана Африка иштери боюнча улук кеңешчиси болуп, бир катар аймактык маселелерди, алардын башында Ливиядагы кырдаалды калыптандырууга багытталган Америка процессин көзөмөлдөө милдетин аткарат). Андан соң Саддам кийинки эки күндө Ливия маселеси менен алектенген америкалык расмийлер менен жолугушууларын улантып, аскерий түзүмдү жана Ливиянын мекемелерин бириктирүү, бирдиктүү башкарууга жетишүү жана шайлоо өткөрүү маселелерин талкуулады.

Бул байланыштардын убактысы да жөн жерден тандалган эмес. Анткени Вашингтон чыгыштагы эң көрүнүктүү күч борборлорунун бири менен түздөн-түз байланыш каналын ачып жатканы көрүнүп турду. Ошол эле учурда Анкара да аны менен өзүнүн жеке байланыш каналын түзүп жаткан эле. Эң маанилүүсү, Түркиянын мындай ачыктыгы Американын дал ошол лагерге, анын чордонунда турган Саддам Хафтарга карата күчөп бара жаткан ачыктыгы менен бир мезгилге туш келди. Бул Массад Булос жетектеп жаткан Ливиядагы бийликти жана мекемелерди кайра түзүү процессинин алкагында жүрүп жатты.

Мына ушул жерден кеңири геосаясий маанилер көрүнүп баштайт. Вашингтон менен Анкара бир эле маселе боюнча параллелдүү түрдө, ар бири өз услубунда иш алып барууда. Фидан сапары учурунда Анкаранын Ливиядагы мекемелерди бириктирүүгө багытталган аракеттерди колдоого кызыкдар экенин, эл аралык аракеттерди бириктирүүдө маанилүү роль ойноого умтуларын жана Ливиядагы мекемелерди бириктирүүгө багытталган Америка демилгесин туруктуу стабилдүүлүккө жетүү үчүн колдой турганын баса белгиледи. («Аль-Арабий аль-Жадид», 13.08.2026). Ошентип, туруктуу Ливияны жалгыз Триполи аркылуу куруу мүмкүн эмес жана өлкөнүн чыгышы түзгөн күчтү да көз жаздымда калтырууга болбойт.

Массад Булостун демилгеси түпкү маңызы боюнча шайлоого жетүүдөн мурда саясий, аскерий жана каржылык мекемелерди бириктирүүгө багытталгандай көрүнөт. Бул бирдиктүү бюджеттин кабыл алынышы, биргелешкен коопсуздук механизмдеринин түзүлүшү жана Сиртте Американын Африкадагы аскерий командачылыгы «Африкомдун» көзөмөлү астында аскерий машыгуулардын өткөрүлүшү менен коштолду. («Аль-Жазира», 02.07.2026). Бул жагдайда Америка-Ливия коопсуздук жана аскерий кызматташтыгы жөн гана машыгуудан да кеңири мааниге ээ болууда. Анткени бул аркылуу Ливиянын бирдиктүү аскерий мекемеси түптөлө ала турган негизди түзүү аракети жүрүп жатат. Мына ушундан Түркия менен Американын аракеттеринин кесилишүүсүн түшүнүүгө болот. Түркия батышта терең аскерий жана коопсуздук катышуусуна ээ жана чыгыш менен да байланыш каналдарын түзө баштады. Ал эми Америка тараптарды бир жерге чогултуу жана аскерий о.э. каржылык мекемелерди кайра түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер бул процесс чыгыш менен батыш бийликте өнөктөш боло турган келишимге алып келсе, анда алдыдагы башкаруу формасында Хафтар үй-бүлөсүнүн алдыга чыгышы көз жаздымда калтырууга болбой турган ыктымалдыкка айланат. Ал тургай, азыркы күчтөрдүн тең салмагы алдыдагы кандай гана башкаруу формасы болбосун, ага Саддам Хафтарды кошуу маселесин четке кагууну кыйындатууда.

Белгилей кетчү нерсе, Түркия менен Ливиянын кызматташтыгы саясат менен гана чектелбейт. Коопсуздук жана коргонуу стратегиялык мамилелердин тизмесинде алдыңкы орунда турат, бирок алар энергетикага, инфраструктурага, кайра курууга жана соодага жол ачууда. Түрк компаниялары Ливиянын чыгышында да өз ишмердигин кеңейтип, Бенгази, Аль-Байда, Шаххат жана Тобрук шаарларындагы долбоорлорго катышууда. Ошентип, аскерий күч экономикалык таасирге, ал эми экономика өз кезегинде саясий таасирди бекемдөө куралына айланууда.

Балким, Фидандын Бенгазиде Умар Мухтардын мүрзөсүнүн алдында турушу Түркия стратегиясынын символикалык өңүтүн эң ачык көрсөткөн нерсе болду. Бул күмбөздүн тандалышы жөн гана протоколдук маселе болгон жок. Фидан Ливиянын улуттук эс-тутумуна анын эң терең тамыр жайган символдорунун бири аркылуу кайрылууну жана 1931-жылы колонизатор Италия тарабынан өлүм жазасына тартылган каршылык күрөшүнүн баатырынын элесин эске салууну тандады.

Бул жерде Түркия өзүн ливиялыктарга өз кызыкчылыктарын гана көздөгөн Жер Ортолук деңиз державасы катары эмес, аймак менен тарыхый жана эмоционалдык эс-тутум аркылуу байланышкан мамлекет катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул Ливиядагы тарыхы колонизаторлук менен байланышкан Европага карама-каршы көрүнүш. Бул катуу таасирди толуктаган символикалык саясат: бир тараптан курал-жарак, машыгуу жана инвестиция, экинчи тараптан тарыхый эс-тутум жана иденттүүлүк.

Ошондуктан бүгүн Ливия биринчи кезекте Европа маселеси болуудан чындап эле өтүп, Түркия менен Американын салмагы улам күчөп жаткан майданга айлангандай көрүнөт. Алар “картайган” Европа континенттин муктаждыгын араң гана камсыздаган экономикалык, коопсуздук жана энергетикалык кызыкчылыктарга байланыштуу калган таасирин сүрүп чыгарууга аракет кылууда. Оюндун эрежелери өзгөргөн сайын, Ливиянын ичинде аскерий жана экономикалык жактан аракет кылган күчтөр анын чыгышы менен батышынын келечегин калыптандырууда көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ боло баштады.

Бул жерде маселе Магрибдеги коңшулук өңүтүнөн көрүнөт. Эгер Америка чыгыш менен батышты бириктирүүгө түртүп жатса, Түркия болсо экөө менен тең параллелдүү мамилелерди куруп жатса, Бенгазинин өзү да барган сайын өзүнө көбүрөөк тарткан шаардык жана экономикалык борборго айланып жатса, анда Тунис, Алжир жана Египет муну жалаң гана Ливиянын ички маселеси катары карай албайт. Анткени Ливияны кайра калыптандыруу иш жүзүндө Түндүк Африкадагы күчтөрдүн тең салмагын кайра калыптандыруу дегенди билдирет.

Демек, эң маанилүү суроо: «Бириккен Ливияны ким башкарат?» деген гана суроо эмес, «Бул биримдик жарала турган алкакты ким түзөт?» деген суроо болуп саналат. Эгер Ливиянын биримдиги Америка-Түркия калкалоосу астында ишке ашса, ал бөлүнүүнү токтотууда ийгиликке жетиши мүмкүн, бирок ошол эле учурда тышкы күч борборлоруна карата жаңы көз карандылыкты бекемдеп коюшу мүмкүн. Ал эми ливиялыктар бул эл аралык күчтөрдүн кесилишүүсүн эгемендүү мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө айландыра алышса, анда Ливия башкача тарыхый учурдун алдында турушу мүмкүн.

Кеңири жана кыйла орчундуу суроо дагы эле кала берүүдө: географиясы, тарыхы, сакофаты жана цивилизациялык иденттүүлүгү бириктирип турган исламий Магриб эмне үчүн долбоорлорду кабыл алуучу абалдан аларды жаратуучу абалга өтө албайт? Ливиянын келечеги жалгыз Вашингтон, Анкара жана Европанын иши болбошу керек. Ошондой эле Тунис, Алжир, Ливия, Марокко, ал тургай Мавританиянын ойгонуусу да элдердин тагдыры менен ойноону адатка айланткан ири державалардын күчтөр тең салмагына көз каранды бойдон калбашы керек.

Балким, Фидандын Умар Мухтардын мүрзөсүнүн алдында турган көрүнүшүнөн аймак Ливияны бириктирүүгө гана эмес, өзүнүн стратегиялык эркин бириктирүү жөндөмүн кайра калыбына келтирүүгө да муктаж экендиги алынуучу эң күчтүү сабак болуп саналат. Бул биримдик – жасалма түрдө түзүлгөн жалган чек аралардан ашып өтүүчү жана хижраттын үчүнчү он жылдыгынан тартып биринчи рошид Халифалык кучагына алган аймакка өз коопсуздугун, экономикасын жана ойгонуусун өз чечими менен курууга мүмкүнчүлүк бере турган биримдик. Ошондой эле тарых, цивилизация жана Ислам байланышын орток эс-тутумдан Пайгамбардын ﷺ пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык жөнүндөгү сүйүнчүсү ишке аша турган келечектин пайдубалына айландыруу биримдиги. Муну менен исламий Магриб колонизаторлукка каршы бир кылымдык күрөштөн кийин тышкы күчтөр кайра калыптандыруу үчүн атаандашкан жөн гана аймак бойдон калбайт.

Роя гезити

Инженер Висам аль-Атраш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button