Фикхий
Арам жол менен киреше тапкан адамдын белегин кабыл алуу жаизби?

Арам жол менен киреше тапкан адамдын белегин кабыл алуу жаизби?
Суроо:
Арам жол менен акча тапкан адамдын (мисалы, кумар оюну, риба, камсыздандыруу келишимдери же арак сатуу аркылуу) белегин кабыл алуу жаизби? Ошондой эле анын үй-бүлөсү арам жол менен тапкан ушул малдан аларга кылган нафакасын кабыл алышы жаизби? Сизге чоң рахмат.
Жооп:
Арамдын түрлөрү бар:
– Өзү арам болгон нерсе, мисалы, арак… Муну белек кылууга болбойт. Ал арактын ээсине да, белек кылынган адамга да арам. Расулуллах ﷺ айтты:
«حُرِّمَتِ الْخَمْرُ بِعَيْنِهَا»
«Арактын өзү арам кылынган». Насаи риваят кылган.
– Адамдын акысына байланыштуу арам мал, мисалы, уурдалган же тартып алынган мал… Бул аны уурдаган же тартып алган адамга арам жана аны белек кылууга да болбойт. Уурдалган мал тапкан адамга да, белек кылынган адамга да арам. Анткени бул мал өз ээсинин акысы. Ал кайдан табылбасын, өз ээсине кайтарылышы керек. Бул өкүмдүн далилдери арасында төмөнкүлөр бар:
Ахмад Самурадан риваят кылат. Ал айтты: Расулуллах ﷺ айтты:
«إِذَا سُرِقَ مِنَ الرَّجُلِ مَتَاعٌ، أَوْ ضَاعَ لَهُ مَتَاعٌ، فَوَجَدَهُ بِيَدِ رَجُلٍ بِعَيْنِهِ، فَهُوَ أَحَقُّ بِهِ، وَيَرْجِعُ الْمُشْتَرِي عَلَى الْبَائِعِ بِالثَّمَنِ»
«Эгер бир адамдын буюму уурдалса же буюму жоголуп кетсе, анан аны башка бир адамдын колунан ошол бойдон тапса, анда ал буюмга өзү (ээси) башкалардан акылуурак болот. Ал эми (ошол буюмду) сатып алуучу төлөгөн акчасын сатуучудан кайтарып алат».
Демек, бул уурдалган буюм өз ээсине кайтарыларына ачык далил.
Ошондой эле тартып алынган буюм да мал-мүлкү тартып алынган адамга кайтарылышы керек. Тартып алган адам тартып алган нерсенин өзүн ээсине кайтарып берүүгө милдеттүү. Анткени Самурадан, ал Пайгамбардан ﷺ риваят кылган хадисте мындай айтылат:
«عَلَى اليَدِ مَا أَخَذَتْ حَتَّى تُؤَدِّيَ»
«Кол алган нерсесин кайтарып бергенге чейин ага жооптуу». Тирмизи риваят кылган жана: «Бул — хасан хадис», — деген.
– Батыл мамилелерден келген арам мал (акча), мисалы, риба малы, кумардан түшкөн мал жана башка ушул сыяктуулар. Мындай мал аны тапкан адамга гана арам болот. Ал эми риба менен алектенген адамдан же кумар ойногон адамдан бул малды шаръий жол менен алган адамга анын арамдыгы өтпөйт.
Мисалы, риба менен алектенген адамга товар сатып, андан товардын акысын алсаң, же аял риба менен алектенген адамдан өзүнүн нафакасын алса, же риба менен алектенген адам туугандарынын бирине белек берсе, же ушул сыяктуу шаръий мамилелер болсо, анда бул малдын күнөөсү риба менен алектенген адамга түшөт. Ал эми товардын акысын, нафакасын же белекти алган адамга күнөө болбойт. Анткени мындай учурда арамдык эки адамдын жоопкерчилигине тең байланышпайт.
Буга далил төмөнкүлөр:
1. Аллах Таала айтты:
﴿وَلَا تَكْسِبُ كُلُّ نَفْسٍ إِلَّا عَلَيْهَا وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَى﴾
«Ар бир жандын кылган күнөөсү өзүнө гана зыян болот. Эч бир көтөрүүчү (б.а күнөөкөр жан) өзгө жандын жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт».
(Анъам: 164).
2. Пайгамбар ﷺ Мединадагы яхудийлер менен мамиле кылган. Алардын малдарынын көбү рибадан экендиги белгилүү болчу. Аллах Субханаху айтты:
﴿فَبِظُلْمٍ مِنَ الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ طَيِّبَاتٍ أُحِلَّتْ لَهُمْ وَبِصَدِّهِمْ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ كَثِيرًا وَأَخْذِهِمُ الرِّبَا وَقَدْ نُهُوا عَنْهُ وَأَكْلِهِمْ أَمْوَالَ النَّاسِ بِالْبَاطِلِ﴾
«Жөөт болгон кимселердин заалимдиктери жана көп адамдарды Алла жолунан тоскондору себептүү о.э тыюу салынган болсо да сүткордук кылгандыктары жана адамдардын байлыгын акысыз жегендиктери себептүү аларга мурун адал кылынган нерселерди арам кылдык. Дагы алардан каапыр болгон кимселер үчүн жан чыдагыс азапты даярдап койдук».
(Ниса: 160–161).
Ошого карабастан, Пайгамбар ﷺ алардын белегин кабыл алган. Ибн Аббастан (разияллаху анху) риваят кылынгандай:
«Яхудий аялдардын бири Расулуллахка ﷺ ууланган койду белек кылды. Ошондо ал ﷺ аны чакыртып:
«مَا حَمَلَكِ عَلَى مَا صَنَعْتِ؟»
«Сени мындай кылууга эмне түрткү берди?» — деп сурады.
Ал аял: «Эгер сен пайгамбар болсоң, Аллах сага муну (уулангандыгын) билдирет. Эгер пайгамбар болбосоң, адамдарды сенден куткарууну кааладым», — деди.
3. Кээ бир сахабалар жана табииндер риба менен алектенген адамдын белегин алуу жаиз деп эсептегени сахих риваяттарда келген.
а) Бир адам Ибн Масъудга (разияллаху анху) келип:
«Менин риба(дан) жеген кошунам бар. Ал мени дайыма конокко чакырат», — деди.
Ошондо Ибн Масъуд (разияллаху анху):
«مَهْنَؤُهُ لَكَ وَإِثْمُهُ عَلَيْهِ»
«Анын пайдасы сага, күнөөсү болсо анын өзүнө», — деди. Муну Абдурраззак ас-Санъани өзүнүн «Мусаннаф» китебинде риваят кылган.
б) Хасандан: «Акча алмаштыруучулардын тамагын жесе болобу?» — деп суралды.
Ал мындай деди:
«Аллах силерге яхудийлер жана насронийлер тууралуу алардын риба(дан) жей тургандыгын кабарлады. Ошого карабастан, алардын тамагын силерге адал кылды». Муну Абдурраззак ас-Санъани өзүнүн «Мусаннаф» китебинде Маъмардын риваяты аркылуу чыгарган.
в) Мансурдан риваят кылынат, ал айтты:
«Мен Ибрахимге: “Мен бир амилдин үйүнө түштүм. Ал мени коноктоп, мага белек берди”, — дедим.
Ал: “Кабыл ал”, — деди.
Мен: “Ал риба менен алектенген адам болсочу?” — дедим.
Ал: “Сен ага муну буйрубасаң же ага жардам бербесең, кабыл ала бер”, — деди». Муну Абдурраззак ас-Санъани өзүнүн «Мусаннаф» китебинде Маъмардан риваят кылган.
4. Ошого карабастан, рибадан пайда болгон арам малдын ээлери менен мамиле кылбоо абзел. Вараъ (такыбаалык) үчүн аларга товар сатпоо жана алардын белегин кабыл албоо жакшыраак. Анткени сатуучу өзүнүн товары үчүн риба аралашкан акчаны албашы жана алардын белегин кабыл алып, ал белек риба малынан болуп калбашы үчүн ушундай кылганы абзел. Ошентип, мусулман таза жана аруу болбогон бардык нерседен алыс болот.
Расулуллахтын ﷺ сахабалары да арамга жакындап калуудан коркуп, мубах болгон көптөгөн нерселерден алыс болушкан.
Расулуллахтан ﷺ сахих риваятта мындай деп айтылган:
«لَا يَبْلُغُ العَبْدُ أَنْ يَكُونَ مِنَ المُتَّقِينَ حَتَّى يَدَعَ مَا لَا بَأْسَ بِهِ حَذَرًا لِمَا بِهِ البَأْسُ»
«Пенде күнөө бар нерседен сактануу үчүн күнөө жок нерсени да таштамайынча такыбаалардын даражасына жете албайт». Муну Тирмизи риваят кылып: «Бул хасан хадис», — деген.
Жыйынтык: банктар же башка тараптар менен риба мамилесин кылган адамга товар сатуу жана анын белегин кабыл алуу жаиз. Бирок ага товар сатпоо жана анын белегин кабыл албоо абзел.
07.12.2012




