Макала

Армения «кирүү эшиги» катары

Армения «кирүү эшиги» катары

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын 6–7-августта ЕАЭБдин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жасаган иш сапары бир караганда эки тараптуу мамилелердин кадимки нукта өнүгүшү катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул сапарды АКШнын TRIPP долбооруна катышуусу, армян-азербайжан мамилелерин жөнгө салуу жана Транскаспий транспорттук каттамын калыптандыруу процесси менен байланыштырып карасак, анын артында кыйла кеңири геосаясий көрүнүштү байкоого болот.

Бул жерде Армения Орусия, Иран жана акыркы мезгилде Кытайдын таасири күчтүү болгон аймакка АКШнын инфраструктуралык жана саясий таасири үчүн «кирүү эшиги» боло алабы? деген суроо туулат. Бул суроого олуттуу көңүл бурууну талап кылган бир катар жагдайлар бар. Алардын ичинен долбоордун мүнөзүнүн өзгөрүшү өзгөчө мааниге ээ.

АКШнын ролу

Азербайжан үчүн Зангезур коридору Армениянын аймагы аркылуу Нахчыван менен түз транспорттук байланышты камсыз кылган каттам. Ал эми АКШ үчүн TRIPP долбоору жөн гана жол куруу менен чектелбейт. Ал транспорт, энергетика, санариптик байланыш жана башка тармактарды камтыган кеңири инфраструктуралык система катары каралууда.

Бул процессте америка тарап долбоордун экономикалык түзүмүндө олуттуу үлүшкө ээ болууда. Натыйжада АКШ капитал, башкаруу, технология жана логистика аркылуу аймакта өзүнүн таасирин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Дал ушул жагдай долбоордун стратегиялык маанисин арттырышы мүмкүн.

Эгерде бул долбоор Транскаспий транспорттук каттамы менен байланышса, анын баалуулугу Армения жана Азербайжан менен гана чектелип калбайт. Мындай учурда Борбор Азия — Каспий деңизи — Азербайжан — Армения — Түркия — Европа багытындагы ыктымалдуу транспорттук чынжыр калыптанышы мүмкүн. Демек, Армения бул каттамдын акыркы чекити эмес, жаңы евразиялык транспорттук архитектуранын маанилүү түйүндөрүнүн бирине айланышы мүмкүн.

Вашингтон үчүн Орусияны, Кытайды же Иранды аймактан толугу менен сүрүп чыгаруу негизги максат болушу шарт эмес. Анын ордуна аймактагы транспорт, энергетика жана коммуникация тармактарында үстөмдүк кылган шарттарды түзүү кыйла натыйжалуу стратегия болушу мүмкүн. Ушул өңүттөн алганда, Арменияга Американын таасири кирип келиши келечекте бир нече багытты камтышы ыктымал. 

Кимге зыян?

Россия үчүн эң сезилерлик кесепет, Түштүк Кавказдын транспорттук жана экономикалык системасындагы орус таасиринин акырындык менен кыскаруусу болушу мүмкүн. Эгерде Армения альтернативдүү каттамдарды, инвестицияларды жана Батыш менен инфраструктуралык байланыштарга ээ боло баштаса, анын орус каналдарынан көз карандылыгы кескин түрдө азаят. Муну менен бирге Ереван азырынча ЕАЭБден баш тарта элек. Бул Пашинянга бир эле учурда бир нече мейкиндикти пайдаланууга шарт түзүүдө: орус-евразиялык багытын экономикалык ресурс катары колдонсо, ал эми европалык багытты саясий жана инвестициялык багыт катары колдонот. Демек, кеп Орусия менен болгон мамилени үзүү тууралуу эмес, тескерисинче, Армения үчүн Орусиянын алмаштырылгыс маанисинин бара-бара азайып бара жатканы тууралуу болуп жатат.

Иран кырдаалы

Бул жерде Армениянын мааниси биринчи кезекте анын географиялык жайгашуусу менен аныкталат. Армениядагы американын экономикалык таасиринин күчөшү, дал Ирандын түндүк чек арасына жакын жерде жүз берүүдө. Эгер Армения аркылуу туруктуу «Чыгыш–Батыш» транзиттик каттамы түзүлсө, Иран аркылуу өтүүчү альтернативдүү каттамдардын мааниси ага салыштырмалуу төмөндөшү мүмкүн. Ошондуктан бул маселе Тегеран үчүн экономикалык гана эмес, стратегиялык мааниге да ээ. Ошол эле учурда Иран Армения менен түз кургактык чек арасы бар мамлекет катары өзүнүн Кавказга чыгышын камсыз кылган альтернативдүү каттамдардын сакталышына кызыкдар. Андыктан Тегерандын Армениянын толугу менен Батыштын таасириндеги плацдармга айланышына кызыкдар эмес.

Мындай шартта Иран үчүн бир жагынан Армения менен мамилелерди сактап калуу, экинчи жагынан анын инфраструктурасынын Иранга каршы басым көрсөтүүчү куралга айланып кетишине жол бербөө сыяктуу татаал саясат талап кылынышы мүмкүн. 

Кытайга байланыштуу кырдаал мындан да татаал

Кытай бир жагынан АКШнын негизги атаандашы болсо, экинчи жагынан түзүлүп жаткан жаңы инфраструктуранын ыктымал колдонуучусу. Эгер кытай товарлары Борбор Азия, Каспий деңизи жана Кавказ аркылуу Европага жеткириле баштаса, Бээжин үчүн дагы бир альтернативдүү соода багыты ачылат. Бирок бул жерде: “инфраструктураны ким көзөмөлдөйт? Жүктүн ээсиби же жүктү өткөрүүчү каттамды башкарган тараппы?” деген табигый суроо жаралат.

Дал ушул жагдайда АКШнын аралашуусу стратегиялык мааниге ээ болушу мүмкүн.

Вашингтон үчүн Кытайдын соодасына түздөн-түз тоскоолдук кылуу шарт эмес. Тескерисинче, соода жүрүп жаткан каттамдардын бирине ээлик кылуу, Америкага көбүрөөк пайда алып келет.  Ушундан улам АКШнын стратегиясын Кытайды толук блокадага алуу аракети катары эмес, Евразиядагы соода-транспорттук системага кирип, анын негизги түйүндөрүндө өзүнүн таасир рычагдарын түзүү аракети катары кароого болот.

Армения АКШнын гана куралы эмес

Еревандын да өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Орусиянын коопсуздук кепилдиктерине жана инфраструктурасына көп жылдар бою көз каранды болуп келген Армения азыр мүмкүн болушунча көп альтернативдүү өнөктөштөрдү тартууга умтулууда.

Пашиняндын логикасы жөнөкөй: Армениянын туруктуулугуна канчалык көп тышкы оюнчу кызыкдар болсо, өлкөнүн кайрадан бир гана күч борборуна көз каранды болуп калуу коркунучу ошончолук азаят. Мындай шартта Армения өз аймагын америкалык капиталдын, технологиялардын жана саясий таасирдин Түштүк Кавказга кирүүчү аянтчалардын бирине айландырууга кызыкдар. Ал эми Түштүк Кавказ аркылуу бул таасир мындан да кеңири Евразиялык транспорттук системага жайылышы мүмкүн.

Кыргызстандын кызыкчылыгы

Эгер маселе көлөмү анча чоң эмес кыргыз-армян соода жүгүртүүсү менен гана чектелсе, транспорттук байланыштар мынчалык стратегиялык мааниге ээ болмок эмес. Бирок Кыргызстан Борбор Азиянын так ортосунда жайгашкан, ЕАЭБдин мүчөсү жана Кытай менен тыгыз экономикалык байланыштарды түзүп келет. Мындан тышкары, БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы өлкөнүн дипломатиялык салмагын дагы жогорулатууда. Демек, Кыргызстан кыйла кеңири геосаясий майданда орун алган. Эгер Армения Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан менен байланышын кеңейтүүгө умтулса, анда бул өзүнчө эки тараптуу кызматташтыктын чегинен чыккан демилге болушу мүмкүн. Анын артында Кавказ — Каспий — Борбор Азия багытын бирдиктүү транспорттук жана экономикалык мейкиндикке айландырууга багытталган кыйла кеңири максаттар турушу ыктымал.

Мындан ары эмнелерге көңүл буруу керек

Инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу саясатчылардын билдирүүлөрү, мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдүн негизги көрсөткүчү боло албайт. Эгер жакынкы жылдары Армения менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жүк ташуу боюнча конкреттүү келишимдер түзүлүп, TRIPP долбоору Транскаспий транспорттук коридору менен интеграцияланып, жаңы логистикалык долбоорлор пайда болсо, мындан тышкары АКШ Борбор Азиянын транспорттук же санариптик инфраструктурасына активдүү катыша баштаса, Армениянын Казакстан жана Өзбекстан менен байланыштары бекемделсе жана Каспий менен Кавказ аркылуу жүк ташуунун жаңы каттамдары ачылса, анда АКШнын кыйла кеңири стратегиясы калыптанып жатат деген версия олуттуу негизге ээ болот.

Эгер мындай инфраструктуралык архитектура чындап түзүлсө, анын ар бир катышуучусу өз кызыкчылыгына ээ болот: Армения транзиттик өлкө катары макамын бекемдеп, Орусияга болгон көз карандылыгын азайтууга мүмкүнчүлүк алат. Азербайжан Нахичеван менен байланыштарын чыңдап, Каспийдеги маанилүү транспорттук түйүн катары ролун күчөтөт. Түркия Кавказ жана Борбор Азия менен байланыштарын кеңейтет.

Борбордук Азия өлкөлөрү Европа рыногуна чыгуу үчүн кошумча транспорттук багытка ээ болот. Европа соода үчүн дагы бир альтернативдүү каттамга ээ болот. Кытай товарларын өткөрүү үчүн жаңы ыктымалдуу багытка ээ болот. АКШ болсо өзү үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон артыкчылыкка, тагыраагы, бир нече геосаясий аймактарды байланыштырган инфраструктурага туруктуу таасирин өткөзүүгө жана аралашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Дал ушул акыркы жагдай өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. 

Жыйынтык 

Андыктан, “Армения Түштүк Кавказдагы жана Каспий аймагындагы таасирлердин тең салмактуулугун өзгөрүшү мүмкүн болгон негизги мейкиндиктердин бирине айланып баратат” деп божомолдоого болот. TRIPP долбоору ишке ашса, Армения четки өлкө макамынан маанилүү инфраструктуралык түйүнгө айланышы мүмкүн. Ал эми бул түйүн Транскаспий транспорттук каттамы жана Борбор Азия менен байланышса, Армениянын геосаясий мааниси дагы да өсөт. Мындай абалда, сөз өзүнчө бир транспорттук багыт катары «Зангезур коридору» жөнүндө гана эмес, жаңы евразиялык транспорттук архитектуранын калыптанышы тууралуу болот. Мындай архитектурада АКШ өзүнүн стратегиялык таяныч пункттарын түзүүгө, Орусия аймактагы таасирин сактап калууга, Кытай өз товарларынын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылууга, Иран стратегиялык курчоого алынбоого, ал эми Армения ири державалардын атаандаштыгын өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылат. Дал ошондуктан бүгүн Пашиняндын Кыргызстан тууралуу билдирүүлөрүнө гана эмес, бул сүйлөшүүлөрдөн кийин кандай конкреттүү инфраструктуралык байланыштар түзүлө баштай турганына көңүл буруу маанилүү.
Эгер армян багыты чындап эле Борбор Азия менен байланыша баштаса, анда Бишкекке болгон сапар велосипед тебүүгө байланышкан дипломатиялык иш-чара катары гана эмес, Евразиядагы транспорттук жана геосаясий мейкиндиктин кыйла масштабдуу өзгөрүшүнүн алгачкы белгилеринин бири болушу мүмкүн. 

Латыфул Расых 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button