Аялдар арасындагы кылмыштуулук өсүүдө

Аялдар арасындагы кылмыштуулук өсүүдө
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июль айларында 13 490 укук бузуучу аныкталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматына таянып билдирди.
Аялдар арасындагы кылмыштуулук 22 пайызга өсүп, 1 899 адамды түздү. Эркектер арасында өсүш 9,8 пайыз болуп, 11 591 адам аныкталды.
29 жаштан жогорку укук бузуучулардын саны 8 428 адамга жетип, 13,1 пайызга өскөн. 18–24 жаштагы жаштар арасында өсүш 31,7 пайызды түзүп, 3 003 адам катталды.
Жети айда аялдарга карата 7 129 кылмыш жасалган. Алардын 47,5 пайызы Бишкекте катталган. Көпчүлүк учурлар алдамчылык жана уурулукка байланыштуу.
Улгайган адамдарга карата 1 262 кылмыш катталып, анын 51,3 пайызы алдамчылык болгон. Мындай кылмыштардын көбү Бишкек жана Чүй облусунда катталган.




