Бишкектеги ШКУ саммити: кандай саясий өзгөрүүлөр байкалууда

Бишкектеги ШКУ саммити: кандай саясий өзгөрүүлөр байкалууда
31-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары кеңешинин негизги жыйыны 1-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтөт. Кыргызстандын борборуна 18 мамлекеттин лидерлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери чогулду.
Бул жолку саммит уюмдун кадимки жыйынынын алкагынан чыгып, кеңири мааниге ээ болууда. Бишкекте Евразиянын ири саясий жана экономикалык борборлорун чагылдырган мамлекеттердин өкүлдөрү бир аянтчага чогулуп, аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоодо.
31-август, негизинен эки тараптуу дипломатияга арналды десек болот. Негизги жыйынга чейин лидерлер өз ара жолугушууларды өткөрүп, эл аралык саясаттагы талаштуу жана өзгөчө сезимтал маселелерди талкуулашты.
Бири-бирине карата кызыкчылыктары, стратегиялык артыкчылыктары жана позициялары олуттуу айырмаланган мамлекеттердин, тактап айтканда, Россия, Кытай, Индия жана Ирандын бир үстөлгө чогулуусу – бул саммиттин форматын өзгөчө кылууда.
ШКУнун ролун жогорулатуу
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУнун ролун мындан ары жогорулатуу зарылдыгы тууралуу билдирүүсү, саммиттин алкагында байкалган негизги саясий белгилердин бири болду. Владимир Путин менен жолугушуусунда кытай лидери уюм дүйнөлүк саясатта кыйла олуттуу роль ойной ала турган толук кандуу эл аралык түзүмгө айланганын белгиледи. Бээжин Батышка карата атаандаштык позициясын белгилеп, ШКУнун өнүгүшүн көп уюлдуу дүйнөнү калыптандыруу жана глобалдык башкаруунун азыркы системасын реформалоо зарылдыгы менен кайрадан байланыштырды.
Бул билдирүү, ШКУнун акырындап чөлкөмдөгү кызматташтык механизминин алкагынан чыгууга умтулуп жатканын көрсөтөт. Эгер мурда уюмдун негизги күн тартиби коопсуздук маселелерине жана мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташтыгына багытталып келсе, азыр ШКУнун ролу кыйла кеңири, тагыраагы, эл аралык системанын түзүлүшү, дүйнөлүк күчтөрдүн тең салмактуулугу жана таасирдин жаңы борборлорун калыптандыруу өңүтүндө карала баштады.
Индия
Бул жагдайда Индиянын катышуусу өзгөчө мааниге ээ болууда. Нарендра Модинин катышуусу, ШКУ орус-кытай аянтчасы гана болбостон, алда канча кулач жайып баратканын ачыктайт. Нью-Дели көз карандысыз тышкы саясий багытын сактап, ошол эле учурда Россия, Кытай жана Иран менен болгон мамилелерде өз катышуусун натыйжалуу пайдаланууга аракет кылууда. Модинин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуусу буга айкын мисал боло алат. Тараптар соода, энергетика жана чөлкөмдөгү кырдаалды талкуулашты. Индия үчүн бул абдан маанилүү, анткени жакынкы Чыгышта анын экономикалык кызыкчылыктары бар жана Тегеран менен болгон шериктештик мамилелерди сактап калуу алда канча мазмундуу маселе.
Учурдагы жагдайды эске алсак, ШКУнун өзү бир эле учурда бир нече кубаттуу борборлор өз кызыкчылыктарын илгерилеткенге урунган мейкиндик экенин тастыктоодо. Бул бири-бири менен айкалышкан кызыкчылыктардын системасы калыптанып жаткандай таасир калтырууда.
Россия жана Кытай
Ошол эле учурда, саммиттин алкагындагы орус-кытай жакындашуусу, Москванын Бээжинге болгон көз карандылыгы күчөп жатканын дагы бир ирет тастыктап жатат. Владимир Путин Москва менен Бээжин мамилелерин мамлекеттер аралык кызматташуунун үлгүсү катары мүнөздөсө, Си Цзиньпин эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдей турганын ырастады.
Ошол эле учурда, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде экономикалык тең салмактуулук өзгөрүп баратканы айкын көрүнүүдө. Кытай Россиянын тышкы соодасы, инвестициялары жана технологиялык кызматташтыгы үчүн барган сайын маанилүү өнөктөшкө айланууда. Бирок Бээжин Москва менен стратегиялык кызматташтыкты тереңдетип жатканына карабастан, бул мамилени расмий аскердик-саясий союз деңгээлине чыгарууга азырынча умтулбай жатат.
Кытай менен Индиянын мамилелеринин акырындык менен жакшыра башташы да саммиттин маанилүү белгилеринин бири болду. Жолугушуунун алдында эки тарап чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырып, чыңалууну азайтууга багытталган кадамдарды жасады.
Эгер бул абал ушул багытта улана берсе, ал ШКУнун ички саясий түзүлүшүнө да таасир этиши мүмкүн. Тактап айтканда, уюмда Россия, Кытай жана Индия жөн гана мамилелерди түзүү менен алектенбестен, ошол эле учурда, алар бири-бири менен атаандашып, мунаса издей турган жагдай пайда болушу мүмкүн.
Иран
Иран өзгөчө орунду ээлейт. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчугандан кийин Тегерандын ШКУнун ишине катышуусу кошумча саясий салмакка ээ болууда. Россия менен Кытай үчүн Иран барган сайын Евразиядагы маанилүү өнөктөшкө айланууда, ал эми Тегерандын өзү үчүн бул уюм Батыштын саясий жана каржылык системасынан тышкары байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эмнелер күтүлүүдө?
Жыйынтыгында, саммиттин негизги багыттарынын бири катары ШКУнун институттук өнүгүүсүн айтсак болот. Катышуучулар уюмдун укуктук базасын өркүндөтүү, соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарды кеңейтүү, санариптештирүү, экология жана башка багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулап жатышат.
Саммиттин жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына карата Бишкек декларациясын жана бир катар башка документтерди кабыл алуу пландалууда. Сүйлөшүүлөрдүн дал ушул бөлүгү уюмдун узак мөөнөттүү келечеги үчүн маанилүүрөөк болушу мүмкүн.
Негизи көп уюлдуу дүйнө тууралуу саясий билдирүүлөрдүн өзү эл аралык системаны өзгөртө албайт. ШКУ экономикалык, каржылык, транспорттук жана технологиялык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу жана натыйжалуу механизмдерине ээ боло алабы деген маселе алда канча чоң мааниге ээ.
Жыйынтык
Андыктан, Бишкек саммити ШКУну чөлкөмдүк кызматташтык аянтчасынан кыйла өйдө болгон евразиялык саясий-экономикалык механизмге айландыруунун алгачкы милдетин аткарышы мүмкүн.
Бирок толук натыйжаны мамлекет башчылардын негизги жыйыны өтүп, жыйынтыктоочу документтер тартуулангандан кийин, 1-сентябрдан соң гана чыгарууга болот. Дал ушул лидерлердин билдирүүлөрү жана жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер, уюмдун катышуучулары көп уюлдуулук тууралуу декларациялардан кызматташуунун конкреттүү механизмдерин түзүүгө карай иш жүзүндөгү аракеттерге канчалык деңгээлде даяр экенин көрсөтөт.
Латыфул Расых




