Макала

Текебаевдин улуттук “идеологиясы”

Текебаевдин улуттук идеологиясы

Текебаев «Көчмөндөр цивилизациясынын тарыхы» аттуу жаңы илимий-тарыхый китептин бет ачарын өткөрүп, иш-чарага дээрлик бүтүндөй кыргыз элитасын чогултту. Жыйында сөз сүйлөп, кыргыз улуту башка бардык түрк жана перс улуттарынан мурда жаралганын жана башка улуттар дал ошолордон тараганын илимий жактан далилденгенине басым жасады. Ошондой эле бул китепти президент көрүп, жактырганын айтты.

Текебаев Кыргызстанда «улуттук идеологияны» калыптандырууга киришти. Өзбекстанда Каримов баштаган улуттук багыт бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Бирок Текебаев бул багытты «нацисттик» рухтун негизинде көтөрүп жаткандай таасир калтырууда.

Ал өз сөзүндө: «Биздин бул илимий жактан далилденген чындыктарыбызга биринчи кезекте коңшу мамлекеттер каршы чыгат. Эгер ишенишпесе, мархамат, генофобия институттарынан биздин далилдерибизди тастыктап алышсын», — деди.

Гитлер башында турган нацисттик Германия да дал ушундай генофобиялык илимий негиздерге таянып, «немис улуту жогорку раса, муну бүт дүйнө таанышы керек» деген идея менен башталган. Өзбекстан жана башка коңшу мамлекеттер да улуттук идеяны негиз кылышса да, өздөрүн башка улуттардан жогору коюп, «алардын атасымын» деген доомат менен чыгышкан эмес.

Маселенин саясий жагына карасак, бул идея Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилени бузуп, акырындап жакындап келе жаткан байланыштарыбызга доо кетириши мүмкүн болгон бузук риваят. Текебаевдин илимий изилдөөсү далилденген күндө да, эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени биз улуттук негиздеги түзүлүштө жашап жаткан жокпуз. Улутчулдуктан идеология да, түзүм да келип чыкпайт. Тескерисинче, улуттук текеберлик, башка улуттарды басынтуу, туруктуу улуттук чыр-чатак жана кастык келип чыгышы мүмкүн.

Идеология — адамдын жашоосун белгилүү бир ишенимге байлоочу негиз. Демек, идеология болушу үчүн акыйда (ааламдын жаралышы жана акырет жашоосу тууралуу негизги түшүнүк) болушу шарт. Улутчулдуктан акыйда жаралбайт жана келип чыкпайт.

Демек, Текебаев кыргыз элинин койнуна куру убадаларды толтургусу келип жатат. Шайлоонун алдында президенттен өз укугун талап кылуу күчөп бара жаткан учурда, Текебаев улутту улуттук сыймык идеясынын негизинде бириктирүүгө аракет кылууда.

Ал тургай Текебаев өзүнүн мурдагы принциптерине, башкача айтканда, демократиянын негиздерине да карама-каршы келген улуттук идеяны көтөрүп жатат.

Ал немистердин арасында жашап, «нацизм» идеясынан таасирленип, аны өздөштүргөндөй көрүнөт. Бул идея куру жана жараксыз болгону аз келгенсип, өтө кооптуу жана зыяндуу. Айрыкча кыргыз эли сыяктуу саны аз улут үчүн өлкө ичинде бөлүнүп-жарылууга, ошондой эле тышкы күчтөр үчүн улуттук чыр-чатактарды жаратууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле, улутчулдук мусулмандар үчүн шариятыбыз тыюу салган байланыш. Шариятыбыз бизге: «Дүйнөдө эки улут бар: мусулмандар жана каапырлар», — деп үйрөтөт. «Мусулмандар бири-бири менен ага-ини» деген идеологиянын негизинде жашоо мусулмандын милдеттеринин бири.

Андыктан, улутчулдук чакырыктардан сак бололу, булар шайлоодо жеңишке жетүү жолунда бүтүндөй бир улутту тобокелге салуудан да кайра тартпайт.

Абу Али

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button