Комментарий

Европа өтмүштөгү кыялдары менен ачуу чындыктын ортосунда

Европа өтмүштөгү кыялдары менен ачуу чындыктын ортосунда

Германия канцлери Мерц АКШ президенти Трампты Орусия президенти Путин менен жолугушуусунда күтүүсүз кадамдарга барбоого чакырды. (Рейтер).

Комментарий:

Биринчиден: Европа континенти өзүн тең салмактуулуктан чыгарган ири кризистерди башынан өткөрүп жатат. Алардын катарына Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу кесепеттери, Америка менен болгон мамиледеги чыңалуулар, Орусия-Украина согушу, Американын Иранга каршы согушунун кесепеттери кирет. Ошондой эле Европа мамлекеттеринин ортосундагы келишпестиктер, бир коомдун ичиндеги бөлүнүүлөр, анын элдеринин ортосунда терең тамыр жайган ажырымдар, энергетикалык кризис, Кытай менен болгон соода жаңжалдары жана башкалар кирет.

Бул ири кризистер Европаны, атүгүл коопсуздук жана стратегиялык кызыкчылыктарга байланыштуу маселелерде да, бирдиктүү чечим кабыл алууга жөндөмсүз континентке айлантты. Рейтер агенттигинин билдиришинче, Германиянын канцлери Фридрих Мерц Американын президенти Трампты келерки аптада Кытайда Орусиянын президенти Путин менен Украина маселеси боюнча өткөрүлүшү күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир күтүүсүз кадамдарга барбоого чакырды.

Ал мындай деп кошумчалады: «Ошондуктан мен Америка Кошмо Штаттарына биздин кайрылуубузду толук ачык-айкын жеткиргим келет: сураныч, эч кандай күтүүсүз кадамдар болбосун. Европа командасынын жана Украина командасынын бир бөлүгү катары оюнду уланткыла».

Экинчиден: Европалыктар Европанын стратегиялык көз карандысыздык маселесин аңдап жетип калышты. Бул түшүнүк Европанын коопсуздук жана аскерий чечимдерин өз алдынча кабыл алуу, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарына чечүүчү деңгээлде көз каранды болбостон, өзүнүн коргонуу каражаттарын өнүктүрүү жөндөмдүүлүгүн билдирет. Бирок бул таттуу кыял аны ишке ашпай турган кыялга айланткан олуттуу тоскоолдуктарга туш болууда. Бул Европанын аскерий жана коопсуздук түзүмүнүн алсыздыгынан гана эмес, анын мамлекеттеринин ортосундагы саясий бөлүнүүлөрдөн да келип чыгууда. Франция коргонуу жаатындагы көз карандысыздык идеясын бекемдөөгө чакырып жаткан учурда, башка мамлекеттер, айрыкча Польша сыяктуу Чыгыш Европанын айрым мамлекеттери, өзгөчө Орусиянын коркунучтары күчөп жаткан шартта, чыныгы коопсуздук кепилдиги дагы эле Америка менен байланыштуу деп эсептешет.

Брюсселдеги Брюгель изилдөө институту жана Германиядагы Киль дүйнөлүк экономика институту даярдаган изилдөөдө Европа Американын колдоосу жок өз коопсуздугун камсыз кылышы үчүн жыл сайын коргонуу инвестицияларына 260 миллиарддан 270 миллиард долларга чейин каражат сарпташы зарыл экени көрсөтүлгөн. Бул Европа Биримдигинин ички дүң продукциясынын 1,5 пайызына барабар.

Акыркы окуялар саясий амбициялар менен аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнүн ортосундагы чоң айырманы көрсөттү. Европа шал болуп, майыптар арабасына байланып калган, Америка аны өз колу менен кыйроонун туңгуюктарына түртүп жаткан карыяга окшоп калды.

Европадагы саясий бөлүнүүгө жөнөкөй мисал катары, «Форин Полиси» журналы Европанын саясаты боюнча белгилүү изилдөөчү Кристи Райктын макаласын жарыялады. Ал макаласында Европа мамлекеттеринин Трамп менен болгон мамилелерин төрт топко бөлгөн:

Биринчи топ: Бул топко Трамптын дүйнөгө болгон көз карашын бөлүшкөн жана анын услубун туураган оңчул популист лидерлер кирет. Алардын катарына Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, азыраак деңгээлде Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони жана Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо кирет.

Экинчи топ: Бул топко Польша, Түндүк Европа мамлекеттери жана Балтика мамлекеттери кирет. Алардын көпчүлүгү НАТОго мүчө мамлекеттердин арасында коргонууга эң көп каражат сарптаган мамлекеттердин катарына кирет. Алар Америка менен натыйжалуу мамиле түзүү үчүн прагматикалык аракеттерди көрүп, аны менен стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө умтулушат жана коопсуздук боюнча так көз карашка ээ.

Бул топ Американын ролу алмаштырылгыс жана Америка канчалык басым жасабасын, канчалык чоң жеңилдиктерди талап кылбасын, анын ордун басууга эч кандай жол жок деп эсептейт. Айрыкча, бул мамлекеттер Орусиянын коркунучуна эң көп дуушар болгон жана Европанын коргонууга жетиштүү каражат сарптабай жатканына эң көп тынчсызданган мамлекеттер болуп саналат. Алар Орусиянын агрессия жасоо ыктымалдыгынан жана Американын европалык союздаштарынан баш тартуу коркунучунан көбүрөөк кооптонушат. Анткени бул топтун көз карашында, европалык союздаштар өз коопсуздугунун чыгымдарын көтөрүүнү каалашпайт.

Үчүнчү топ: Бул топко Германия гана кирет. Анын негизги көңүлү чек аралардын кол тийбестиги принцибин бекемдөөгө бурулган. Бул принцип чыгышта же батышта жайгашканына карабастан, ар бир мамлекетке тиешелүү жана мамлекет кичинекей болобу же күчтүү болобу, ар бири бул принципти сактоого милдеттүү.

Төртүнчү топ: Бул топту Франция түзөт. Ал Трамптын администрациясынын алдында Атлантика океанынын эки жээгинин ортосунда өкүм сүрүп жаткан азыркы чыңалууну Европага жетекчилик кылуу амбициясын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк катары карайт.

Жыйынтыктап айтканда: Дуглас Мюррей 2017-жылы жарык көргөн «Европанын таң калычтуу өлүмү» аттуу китебинде Европанын кулоо коркунучун өз көзү менен көргөн күбө катары жана өзүнүн жеке баяндоосу аркылуу сүрөттөп, континент өзүн-өзү өлтүрүү абалында турганын баяндаган. Ал өзүнүн эмгеги аркылуу европалыктарды өздөрүн коргоого жана каршылык көрсөтүүгө болгон ишенимин бекемдөөгө үндөп, коомду түп-тамырынан өзгөртүүгө жөндөмдүү болууга шыктандырууну көздөйт. Бирок, албетте, сан жеткис кыйынчылыктар бар. Анткени континентте саясий тармактан экономикалык, андан сакофий тармакка чейин кризистер топтолуп калды. Бул акыркы ондогон жылдарда курчуп кеткен миграция жана качкындар маселелери менен коштолгон көп маданияттуулук саясатынын ийгиликсиздигинен көрүнүүдө.

Көрүнүп тургандай, Европа өз жетекчилеринин колу менен, алардын алсыздыгынын натыйжасында же Американын планына ылайык аракеттенүүсүнөн улам, тездетилген жана таң калычтуу өлүмгө карай бара жатат. Балким, Европа бүгүн өзү дүйнө мамлекеттерин басып алган мезгилде аларга таттырган азапты өзү да татып жаткандыр.

Аллах Таала мындай деди:

﴿وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاءَ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ﴾

«Алла чыныгы ыйман келтирген кишилерди билиши, ошондой эле араңардан шейиттерди ылгап алуусу үчүн Биз бул күндөрдү (жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз. Алла залим кишилерди жакшы көрбөйт». (Аали Имран: 140).

Хасан Хамдан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button