Жакынкы Чыгышта кайрадан чыңалуу күчөп жатат

Жакынкы Чыгышта кайрадан чыңалуу күчөп жатат
Пакистан Сауд Арабиясынын Йемендеги хуситтерге каршы жүргүзүп жаткан аскердик операциясына иш жүзүндө кошулду. Пакистандын жогорку даражалуу аскер өкүлүнүн билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн согуштук учактары Йемендеги хуситтердин позицияларына жасалган аба соккуларына катышкан.
Айрым маалымат булактар, Исламабад Сауд Арабиясына болжол менен 8 миң аскер кызматкерин жөнөткөнүн жазды. Бул кадам аймактагы кырдаал кескин курчуп турган учурда Сауд Арабиясынын аскердик күчтөрүн олуттуу бекемдөөгө багытталган.
Ошол эле учурда Сауд Арабиясына Түркия да аскердик колдоосун күчөтүүгө даярданып жатат. «Middle East Eye» басылмасынын маалыматына ылайык, Анкара жакынкы апталарда падышалыкка кошумча аскердик бөлүктөрдү, учкучтарды жана авиацияны жөнөтүүнү пландап жатат.
Мындан тышкары, хуситтердин чабуулдарынан Сауд Арабиясынын стратегиялык объектилерин жана маанилүү инфраструктурасын коргоо үчүн абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу каралууда.
Комментарий:
Буга чейин Эр-Риядда Сауд Арабиясынын, Түркиянын жана Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары Мекке биргелешкен коргонуу келишиминин алкагында коопсуздукту жана коркунучтарды талкуулоо үчүн жолугушкан. Бул жолугушуу хуситтер Йемендин Батыш жээгиндеги бир катар стратегиялык аймактарды басып алгандан кийин жүз берди. Бирок, Хуситтер Йеменде Ирандын күчтүү колу болгонуна карабастан, Америка менен Сауд Арабия ага каршы чечкиндүү чараларды көрүшкөн жок. А түгүл, АКШнын президенти Трамп Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “Баары жакшы болот жана мүмкүн болушунча эң жакшы абалда болот” деди. Бул болсо Йемендеги абал Трамптын көзөмөлү астында жүрүп жатканына ишара кылат. Ошондой эле, Америка Йемен өкмөтүнүн аскердик кийлигишүү өтүнүчүн четке какты. Анткени, бул өкмөттүн көпчүлүк мүчөсү Британия таасири астында.
Демек, АКШ бул үчтүк союзду акырындык менен Йемендеги британия малайларын бийликтен четтетүү үчүн ишке салып жатат. Ошондой эле, Ирандагы режимди азгырып өзүнө тартуу жана Америкага карата жумшак позицияны ээлөөгө жол ачуу үчүн колдонууда.
Андыктан, Йемен үчүн согушуп, мусулмандардын канын майдан катары колдонуп жаткан колонизатор державалардын аймакта өз таасирин сактап калуусуна жана кеңейтүүсүнө жол бербөө керек. Бул үчүн аларга кызмат кылып жаткан малай акимдерден кутулуу керек. Бул нерсеге Аллах убада кылган пайгамбарлык үлгүгө негизделген Туура Жолдогу Халифалыкты куруу менен гана жетишүүгө болот. Аллах Таала айтты:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾
{Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарды жер жүзүндө (халифа) кылууну убадалады}.




