Жаңы дүйнөлүк түзүм калыптана баштадыбы?

Жаңы дүйнөлүк түзүм калыптана баштадыбы?
Тарых бою эл аралык мамилелерде биринчи мамлекеттин орду үчүн атаандашуу болуп келгендиги табигый көрүнүш. Бул орунду ким ээлесе, ага көз арткан башкалардын атаандаштыгына туш болот.
Бул абал 1991-жылга чейин өзүнүн табигый нугунда уланып келген. Ошол жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи мамлекеттин ордун ээлеген Американын негизги атаандашы болгон Советтер Союзу кулап, Америка эл аралык майданда жалгыз үстөмдүк кыла баштады. Советтер Союзунун мураскери болгон Орусия Ельциндин жетекчилигинде Америка менен атаандашууга аракет кылган жок. Тескерисинче, анын өнөктөшү болууга жана советтик таасир аймактарын сактап калган ири мамлекет бойдон калууга аракет кылды. 1999-жылы Путин бийликке келгенге чейин ушундай болду. Путин да бул саясатты улантып, ошол эле учурда Франция менен Германия ага жакындаганда Европа менен да иш алып барды. Алар Британиянын жашыруун дем-күч берүүсү менен 2003-жылы Американын Иракты басып алышына каршы турган бир окту түзүштү.
Советтер Союзу кулагандан кийин Европа 1991-жылы Европа Биримдигин түзүп, Балкан жана Жакынкы Чыгыш кризистеринде таасирдүү рол ойноого аракет кылды. Андан соң 2001-жылы АКШ долларына атаандашуу үчүн өзүнүн евро валютасын чыгарды, бирок бул аракеттердин бардыгына карабастан, Америкага атаандаш боло алган жок. Бирок Путин Американын НАТОну Орусиянын таасир аймактарына кеңейтпөө боюнча түшүнүшүүлөрдөгү милдеттенмелерин бузганын көргөндө, 2008-жылы дүйнөлүк каржы кризисинен улам Американын абалынын солгундашын, ошондой эле анын Ирак менен Ооганстанда жеңишке жете албай, ал жерлерден чыгып кетүүгө даярданып жатканын пайдаланды. Ошентип, ал Абхазия менен Түштүк Осетияны басып алып, аларды Америка өз таасирин орнотуп, Орусиянын таасирин жок кылууга жетишкен Грузиядан ажыратып алды. Андан соң Америка 2014-жылы Украинадагы Орусиянын малайларын бийликтен кулаткандан кийин, Путин Крымды басып алды.
Ошого карабастан, Орусия Америка менен атаандашкан жок жана анын өнөктөшү катары саясатын уланта берди. 2015-жылы Америка менен болгон түшүнүшүүлөрдүн негизинде Сирияга кийлигишти. Америка болсо Сирия революциясын талкалап, өзүнүн малайы Башарды анын ордуна башка адам келгенге чейин коргоп турууну каалаган.
Ошол эле учурда Орусия Европа менен иштешүүнү улантты. Европа аны менен 2015-жылдагы Минск келишимин түзүп, Орусиянын Чыгыш жана Крым маселесине көз жумду мамиле кылды. Анткени эки тарап тең Американын эл аралык майдандагы жалгыз үстөм абалына каршы өз позицияларын бекемдөө үчүн бири-бири аркылуу күчтөнүүгө аракет кылып жатышкан.
Орусия менен Европа ар бири өз жолу менен Кытай менен түшүнүшүү аркылуу эл аралык позициясын бекемдөөгө аракет кылды. Америка болсо Кытайды өзүнө баш ийдирип, Жапония сыяктуу өзүнүн орбитасында айланган мамлекетке айландыра алган жок. Ошентип, үч көз карандысыз күч пайда болуп, алардын ар бири экинчиси менен кызматташуу аркылуу эл аралык позициясын бекемдөөгө аракет кыла баштады.
Америка муну көргөндө, бул күчтөрдүн кызматташтыгын ыдыратып, аларды бири-биринен алыстатууну жана алардын ар бири менен өз-өзүнчө калып, жалгыз үстөм болууну каалады. Ошондуктан Орусияны чагымга салып, 2022-жылы Украинанын чыгышын басып алууга түртүү менен Украина согушун тутандырды. Натыйжада Орусия менен Европаны бири-биринен алыстатууга жетишти, Орусия менен Кытайдын ортосунда альянс түзүлүшүнө тоскоолдук кылды, Кытайды өз аймагындагы мамлекеттер менен болгон көйгөйлөргө алаксытты, алардын айрымдары менен коопсуздук келишимдерин түзүп, аскерий базаларын күчөттү. Ошондой эле Кытайга каршы экономикалык согуш жарыялап, эгер Тайванды өзүнө кошууга аракет кылса, ага түздөн-түз жана Жапония аркылуу коркутту.
Ошентип, Америка эл аралык майдандагы жалгыз үстөмдүгүн сактап калды. Муну дагы да бекемдөө жана Панама менен Венесуэладагы Орусия менен Кытайдын ишмердигин чектөө үчүн ал өлкөлөргө өз үстөмдүгүн орнотту. Ошондой эле Канаданы өзүнө кошууну талап кылып, ага каршы кампания жүргүздү жана Гренландия аралын ээлеп алуу үчүн Европага каршы кампания баштады.
2026-жылдын 28-февралынан тартып Америка өзүнүн орбитасында айланып келген Иранды өзүнө көз каранды мамлекетке айландыруу үчүн ага каршы согуш баштады. Ошондой эле муну Ирандын жанында турууга батына албаган Орусияга жана Америкага каршы чыгууга батынбаган Кытайга өзүнүн чакырыгын көрсөтүү үчүн жасады. Анткени Иран бул эки мамлекет менен мамилелерин бекемдеп, алардын БРИКС экономикалык уюмуна кирген.
Эгер Америка Иранга карата максатына жеткенде, анын позициясы абдан күчтөнүп, эл аралык майдандагы жалгыз үстөмдүгүн дагы бир жолу бекемдемек. Андан соң Орусия менен Кытайга каршы чабуулга өтүп, Гренландия менен Канадага өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн аракет кыла баштамак. Бирок Ирандын туруштук бериши Американын бардык аракеттерине тоскоолдук кылып, тескерисинче, анын эл аралык позициясын солкулдатып, Орусияны, Кытайды жана Европаны ага каршы шыктандырды.
Ошондуктан Орусиянын тышкы иштер министри Лавров 2026-жылдын 18-августунда Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Сон менен болгон жолугушуусунда: «Эки өлкө жаңы жана адилеттүү дүйнөлүк түзүмдү орнотуу үчүн иштеп жатышат», — деп жарыялады. Алардын ортосундагы стратегиялык альянстын негизинде Пхеньян өткөн жылы Москвага Орусиянын аймагынан украин күчтөрүн кууп чыгарууга жардам берген. Орусия өзүн союздаштары бар дүйнөлүк уюл катары көрсөтүү үчүн бул альянсты бекемдөөгө аракет кылууда жана Түндүк Кореядан дагы көбүрөөк колдоо алууну каалайт. Ошондуктан Украинанын чалгын кызматы 2026-жылдын 22-августунда Американын CNN телеканалына: «Түндүк Корея Орусияга 8500дөй аскерден турган жаңы кошумча күч жөнөттү. Алардын арасында Украинанын тереңиндеги буталарга чабуул жасай ала турган учкучсуз учуучу аппараттар боюнча адистешкен бөлүк да бар», — деп билдирди.
Демек, Орусия дүйнөлүк саясатта рол ойной турган деңгээлден кыйла төмөн турган Түндүк Кореянын колдоосуна муктаж жана андан башка союздаш таба алган жок. Ал Украинада кыйынчылыкка туш болуп, жеңишке жете алган жок. Орусиянын президенти Путин 2026-жылдын 27-июлунда Орусия парламенти — Думада сүйлөп жатып муну көрсөтүп: «Жаңы дүйнөлүк түзүм калыптанып жаткан шартта Орусия чечүүчү жана бурулуш баскычтан өтүп жатат», — деди. Эгер Орусия жаңы дүйнөлүк түзүмдү орнотууга өзүнө ишенгенде, Иранды түздөн-түз колдоорун жарыялап, Панама менен Венесуэлада Америкага каршы турмак.
Франция да Европа менен бирге ушул күнгө чейин дүйнөлүк уюл түзө алган жок. Анын президенти Макрон 2026-жылдын 13-июнунда: «Дүйнөдө жалпы эл аралык эрежелерди сактоо артка кетип, мажбурлоо саясаты жана маалыматтык кагылышуулар күчөп жатат. Бул эл аралык түзүмдү оор сыноонун алдына коюуда», — деди.
Германия да бул маселе тууралуу сөз кылды. Анын канцлери Мерц 2026-жылдын 13-февралында Мюнхенде өткөн дүйнөлүк коопсуздук конференциясында: «Биз билген дүйнөлүк түзүм эми жок… Американын жетекчилик ролу чакырыкка туш болуп, балким, артка кетүүдө», — деди. Ал «улуу державалардын ортосундагы күрөштүн кайра кайтып келиши», «Орусиянын күч колдонгон ревизионисттик багыты жана Кытайдын дүйнөлүк түзүмдү калыптандырууга жетекчилик кылууга умтулуусу» жөнүндө сөз кылды. Ошондой эле «Германиянын Франция менен бирге Европанын өзөктүк күчүн түзүү жана Европанын аскерий, саясий, экономикалык жана технологиялык күчүн бекемдөө үчүн аракет кылып жатканы» жөнүндө айтып: «Европа тарыхтан алган узак дем алуудан кайра кайтып келди», — деди. Андан соң: «Бул жаңы дүйнөлүк түзүмдө күчүбүз менен акылмандыгыбызды пайдалануу жоопкерчилиги биздин мойнубузда», — деди.
Демек, Германия жаңы түзүм калыптана баштады деп эсептейт. Европа, Орусия жана Кытайдын ар бири өз жолу менен бул дүйнөлүк түзүмдүн эрежелерин белгилөө үчүн аракет кылууда. Бирок алар эл аралык майдандагы жалгыз үстөмдүгүн бекем кармап, ал түзүм менен бул күчтөрдүн ортосуна тоскоолдук кылып жана аларга үстөмдүк кылууну каалап жаткан Америка менен атаандашуу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасай элек.
Көрүнүп тургандай, абал дагы бир канча убакытка чейин ушундай бойдон калат. Бирок жаңы дүйнөлүк түзүмдү калыптандыруу үчүн аракет кылып жаткан бир күч бар. Ал — Ислам үммөтүнүн күчү. Анын мамлекетин кайра тикеленүүсүнө жол бербөө үчүн ага каршы катуу кутумдар жүргүзүлүп жатканына карабастан, бул үммөт тогуз кылым бою атаандашсыз биринчи мамлекеттин ордун ээлеген жана дагы төрт кылым атаандаштары бар шартта ошол орунда турган. Бирок анын уулдарынын арасындагы ихластуулар аны Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык катары кайра тикелөөгө олуттуу аракет кылып жатышат.
Роя гезити
Асъад Мансур




