Жүзүн жаап жүргөндөргө салынчу айып пулду азайтуу сунушталды

Жүзүн жаап жүргөндөргө салынчу айып пулду азайтуу сунушталды
Коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөндөргө салынуучу айып пулду азайтуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна чыгарылды. Ага ылайык, азыркы 20 миң сомдук айып пулду 10 миң сомго чейин төмөндөтүү каралууда.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга биринчи жолу мыйзам бузган учурда айып пул салбастан, эскертүү берүү сунушталууда. Эгерде алар бир жыл ичинде эрежени кайра бузса, 10 миң сом айыпка жыгылат.
Демилгечилер мындай өзгөртүүлөрдү Кыргызстанга жүзүн жабуучу кийимдер диний жана маданий салтка кирген өлкөлөрдөн туристтер көп келери менен түшүндүрүшүүдө.
Ошондой эле 20 миң сомдук айып пул жарандар үчүн оор каржылык жүк жаратарын белгилешкен. Мисал катары 2025-жылдын апрель айында Ош шаарында жүзүн жаап жүргөн 300гө жакын адам аныкталганы келтирилген. Ал учурда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген.
Комментарий: Бийликтин аялдардын никабына тыюу салышы реалдуудукта карама-каршылыктарга туш болууда. Бул чындыкты жогоруда көрсөтүлгөн кабар ырастап турат. Себеби, никаб кийүүнү милдеттүү деп карманган биздин жарандарыбыз да, чет өлкөлүк жарандар да бар. Кала берсе, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө никаб илгертен коомго кирип, маданий салтынын бир бөлүгүнө айланган. Ошондуктан, бийлик никабга карата айып пулдун көлөмүн азайтууга мажбур болууда.
Буга чейин расмий бийлик аталган мыйзамды никаб салтыбызда жок, коопсуздукту камсыздоо зарыл деген шылтоо менен кабыл алган. А бирок, никаб аркылуу коопсуздукка коркунуч жараткан бир дагы кылмыш катталган эмес. Андан тышкары, өлкөдөгү коопсуздукка тиешелүү технологиялар ар кандай кылмыштардын бетин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. А түгүл, Ички иштер министрлиги маалымдагандай, коопсуздук системасына кирген видеокамералар медициналык беткап жана көз айнек тагынган учурда да адамдын өздүгүн аныктай алат. Ошондуктан, никаб коопсуздукка коркунуч жаратат деген сөздөр курулай шылтоодон башка нерсе эмес.
Демек, никабга каршы мыйзамдын чыныгы максаты коомдо Исламдын жайылуусуна, диний баалуулукка каршы күрөшүү. Бул үчүн ар кандай шылтоолорду айтып, чектөөлөрдү киргизүүдө. Ошол эле маалда, уятсыз жарым жылаңач жүргөндөргө эч бир тескөө жок. Тескерисинче, уятсыздыкты пропагандалаган ырчы, артисттердин концерттери уюштурулуп жатат. Алар биздин салтыбызга, маданиятыбызга туура келбесе да!
Харун Абдулхак




