ИГАД уюму жана анын Судандагы ыплас ролу

ИГАД уюму жана анын Судандагы ыплас ролу
Чыгыш Африканы өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык уюм (IGAD) 30-июль, бейшемби күнү Хартумда өз кеңсесин ачканын жарыялады. Уюмдун башкы катчысы Воркнех Гебейеху: «Кеңсенин ишмердүүлүгү тынчтык жолдорун колдоо менен гана чектелбестен, кайра куруу долбоорлоруна салым кошууга чейин кеңейет…», — деди.
ИГАД Африкадагы субрегионалдык өкмөттөр аралык уюм катары белгилүү. Ал 1996-жылы түзүлүп, штаб-квартирасы Жибутиде жайгашкан. Ага Судан, Түштүк Судан, Эфиопия, Кения, Уганда, Сомали, Жибути жана Эритрея кирет. Ал алгач өнүктүрүү, чөлдөшүү жана кургакчылыкка каршы күрөшүү менен алектенген уюм катары 1986-жылы «Өнүктүрүү жана кургакчылыкка каршы күрөшүү боюнча өкмөттөр аралык уюм» деген ат менен түзүлгөн. 1996-жылы анын түзүлүшү кайра каралып чыгып, «Өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык уюм» болуп, анын ыйгарым укуктары коопсуздук жана тынчтык маселелерин да камтый тургандай кеңейтилген!
Ушуга байланыштуу Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) басма сөз баянатында мындай деди: «Мындай уюмдарды ири колонизатор мамлекеттер түзүп, алар аркылуу биздин өлкөлөргө каршы өздөрүнүн кутумдарын ишке ашырышат. ИГАД уюму Түштүк Суданды бөлүп салууда активдүү роль ойноду. Анын камкордугу астында Мачакос протоколу түзүлүп, анда түштүккө өз тагдырын өзү аныктоо укугун берүү каралган. Ошондой эле ал каргыш тийген Найваша келишиминде да маанилүү роль ойноду. Бул келишим Түштүк Судандын бөлүнүп кетишине түздөн-түз себеп болгон».
Ал мындай деп кошумчалады: Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда азыркы согуш башталгандан кийин бул уюм аткара баштаган роль ачык-айкын болду. Анткени ал армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүн бир даражага койду. А түгүл Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчиси Хамидтиге 2024-жылдын январында Кампалада өткөн уюм лидерлеринин кезексиз саммитине катышууга уруксат берди. Мындан улам Судан өкмөтү 2024-жылдын 20-январында уюмдагы мүчөлүгүн тоңдурган. Тилекке каршы, азыр ага кайра кайтып келип, өзүнүн ыплас ролун аткарууга уруксат берилүүдө.
Устаз Абу Халил өз билдирүүсүн Судан калкына кайрылуу менен жыйынтыктады: Пайгамбар ﷺ айтат: «لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ» — «Момун бир ийинден эки жолу чактырбайт». Анда Түштүк Суданды Американын кызыкчылыгы үчүн бөлүп салууга себепчи болгон тарапка, Американын планын ишке ашыруу үчүн Дарфурду бөлүп салууда ошол эле ролду кайра ойноого кантип жол берип жатасыңар?! Билип койгула, бизди колонизаторлуктан жана анын регионалдык жана жергиликтүү куралдарынан Ислам мамлекети гана куткарат. Ал мындай уюмдардын өлкөнүн иштерине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Ал тургай, аларды түзгөн ири колонизатор мамлекеттерден болгон кожоюндарынын да биздин ички иштерибизге кийлигишүүсүнө жол бербейт.
Роя гезити




