Комментарий

Иордания Палестина үчүн альтернативдүү мекенби?

Иордания Палестина үчүн альтернативдүү мекенби?

Ассошиэйтед Пресс агенттиги 2026-жылдын 23-октябрында кабарлагандай, Халил шаарынын сыртындагы «Йехуда» жол кесилишине жакын жерде жыйырма мүнөткө жакын созулган кагылышууда яхудий түзүмүнүн эки аскери жана шаардан болгон куралчан эки палестиналык набыт болду. Бир нече сааттын ичинде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Халил шаарын курчоого алууну жана Батыш жээкти толугу менен жабууга даярданууну буйруду. Бул бир айдын ичиндеги төртүнчү жабуу болду. Ошол эле учурда жолдор яхудий айдоочулар, анын ичинде отурукташкандар үчүн ачык бойдон калды. Бен-Гвир да палестиналыктардын эркин жүрүп-туруу укугун чектөөнү баса белгилөөдөн кечиккен жок.

Комментарий:

Дубал салууга жана отурукташууга каршы күрөшүү башкармалыгы ушул айдын башынан бери зайтун тергендерге карата 409 кол салуу учурун каттаган эле. Ал эми «Гаарец» гезити 2-октябрда оңчул Аргаман институтундагы Черчилль программасы тарабынан даярдалган «Израилдин коопсуздугу үчүн жаңы көз караш» аттуу документти жарыялаган эле. Анда Батыш жээкти аннексиялоо, Палестина администрациясын таркатуу жана Иорданияга көчүп кетүүгө үндөө сунушталган. Бул болсо Иордан дарыясынын чыгыш жээгинде палестиналыктар үчүн альтернативдүү мекен түзүү идеясын ишке ашырууга алып келет. Ошондой эле баскынчы түзүм 2026-жылдын февраль айында Батыш жээктеги жер реестрлерин ачууну чечкен. Мунун максаты — сыртынан мыйзамдуу көрүнгөн, бирок түпкүлүгүндө мажбурлоого негизделген жол менен жерлерди тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Палестинада болуп жаткан окуялар яхудийлердин Палестина калкын Иордан дарыясынын чыгыш жээгине көчүрүп, ал жерди Палестинанын ордуна альтернативдүү мекенге айландыруу ниетин тастыктап турат. Анткени 2025-жылдын январь жана февраль айларында жүргүзүлгөн «Темир дубал» операциясынын натыйжасында Женин, Нур-Шамс жана Тулкарм лагерлери бошотулган. БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул лагерлерден 33 миңден ашуун качкын мажбурлап көчүрүлгөн. Ал эми 2025-жылдын октябрь айына карата Женин лагериндеги имараттардын 52 пайызы, Нур-Шамс лагериндеги имараттардын 48 пайызы жана Тулкарм лагериндеги имараттардын 36 пайызы талкаланган же зыянга учураган. Ошондой эле 2023-жылдын январь айынан бери палестиналыктардын 130дан ашуун конушу толугу менен көчүрүлүп, 6400дөн ашуун адам өз жеринен сүрүп чыгарылган. Быйыл отурукташкандардын кол салуулары көбөйүп, күнүнө орто эсеп менен жетиге жакын кол салууга жеткен. Отурукташкандар 248 жаңы отурукташуу пунктун түзүшкөн. Алардын аянты бир миллион дунамдан ашып, Батыш жээктин аймагынын 18 пайызын түзөт.

Бул иштер айрым отурукташкандардын өз алдынча жасаган аракеттери эмес. Анткени алардын өкмөтү отурукташуу пункттарына 20 миллион долларга жакын каражат бөлүүнү бекиткен жана отурукташтырууга бөлүнгөн бюджет 122 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2026-жылдын февраль айында яхудий түзүмүнүн Министрлер кабинети жерлерди араб эместерге сатууга тыюу салган 1953-жылдагы Иордания мыйзамын жокко чыгарууну жана каттоодон өтпөгөн жерлерди баскынчы вужуддун жерлери катары кайра классификациялоону чечкен.

Мунун сөзсүз натыйжасы — Батыш жээкти жашоого жараксыз аймакка айландыруу аркылуу анын калкын өз жеринен мажбурлап көчүрүү, Палестина маселесинин маңызын бурмалоо жана аны убактылуу түзүлгөн, «Иордан дарыясынын чыгыш жээгиндеги өткөөл эмират» деп аталган өлкөдөгү альтернативдүү мекен маселесине айландыруу болуп саналат. Кыязы, англистер эмиратты түзгөн учурда колдонгон өткөөл процесс эми яхудийлердин колу менен ишке ашырылып жаткандай. Муну Америка да колдоп жатат. Анткени Трамп Америка атынан яхудий түзүмүнүн мамлекети кичинекей экенин жана аны кеңейтүү зарылдыгын билдирген.

Король Абдулла II Иорданияны альтернативдүү мекенге айландыруу маселесин 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясына алып чыкты. Ал дүйнө Газа менен алек болуп турган учурда «Батыш жээкте өтө кооптуу жана андан да агрессивдүү иштер болуп жатканын» айтып, бул иштер Иордан дарыясынын чыгыш жээгиндеги өз падышалыгын бутага алып жатканын белгиледи. Ал отурукташуу пункттарын кеңейтүү үчүн палестиналыктардын үйлөрүн бузуп жатышканын мажбурлап көчүрүү деп сыпаттады. Ошондой эле жерлерди каттоо мыйзамын «иш жүзүндө жерлерди аннексиялоо» деп атады. Бул аракеттер бүтүндөй бир элди өз жерин таштап кетүүгө мажбурлоого алып келерин билдирди. Сөзүнүн аягында 1948-жылы яхудий түзүмүн түзгөн БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрылып: «Биз азыр аракет кылабызбы?» — деген суроо менен сөзүн жыйынтыктады.

Ал эми падышанын көз жашы, өз падышалыгынын башына түшүшү мүмкүн болгон нерселерге тынчсыздануусу жана баш ийген Улуттар Уюмунан жалбарып жардам сурашы «Ак өгүз жеңилген күнү мен да жеңилгем» деген макалга окшош. Бирок айырмасы кызыл өгүз ак бир тууганынын башына түшкөн нерсе өзүнүн да башына түшөрүн түшүнгөн. Ал эми падыша болсо бир тууганын жеген тарап аны коргойт деп дагы эле үмүттөнүп жатат! Анткени ал яхудий түзүмүн түзгөн жана анын ак өгүздү жешин жактырган уюмдун минбарына кайрылууда. Ал тургай, андан мурда Улуттар Лигасы яхудийлердин Палестинаны басып алышына шарт түзүү үчүн зарыл болгон бардык иштерди Британияга тапшырган эле. Эми падыша Британия, Америка жана Франция анын тактысын коргоо жана яхудийлердин тизгинин тартуу үчүн аракетке өтөт деп күтүп жатабы? Анын алдында баскынчы душмандын Газага каршы жүргүзгөн зулумдук согушуна каршы турууга алтын мүмкүнчүлүк болгон эле. Ошол кезде Газа калкы яхудий түзүмүн жер жүзүнөн жок кылуу жана Палестинаны баскынчылыктын ыпластыгынан тазалоо үчүн айыгышкан согуштун отуна кирүүгө даяр турган.

Чындыгында, Иорданияда, Палестинада жана башка жерлерде жашаган мусулмандар колонизаторлор жана алардын малайлары таңуулаган кишендерден бошонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Алар арстандардай атылып чыгып, яхудийлерге шайтандын азгырыктарын унуттуруп, алардын айла-амалдарын өздөрүнүн башына кайтарууну каалашат.

Эй, падыша! Сен үчүн мусулмандарга каршы кутум уюштурган мамлекеттер уюмунун минбарында кайгырып, айласыз абалда турбаганың жакшыраак болмок. Англистер чоң атаң Хусейн ибн Алиге эмне кылганын, аны Кипрге сүргүнгө айдап, берген бардык убадаларынан баш тартышканын көрбөдүңбү? Чоң атаң Абдуллага каршы кутум уюштуруп, аны Акса мечитинин короосунда өлтүрүшкөнүнчү? Чоң атаң Талалды Түркияга сүргүнгө айдап, Аллах анын жанын алганга чейин Иорданияга кайтып келишине тыюу салышканынчы? Андан кийин атаңды өздөрү сызып берген жол менен жүрүүгө мажбурлашканынчы? Аллах Таала айткандай, сенин жана башка өкүмдарлардын жүрөктөрү Аллахты зикир кылуу менен жумшара турган убакыт келе элекпи?

Аллах Таала айтты:

﴿أَلَمْ يَأْنِ لِلَّذِينَ آمَنُوا أَن تَخْشَعَ قُلُوبُهُمْ لِذِكْرِ اللَّهِ وَمَا نَزَلَ مِنَ الْحَقِّ وَلَا يَكُونُوا كَالَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِن قَبْلُ فَطَالَ عَلَيْهِمُ الْأَمَدُ فَقَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَكَثِيرٌ مِّنْهُمْ فَاسِقُونَ﴾

«Ыйман келтирген заттар үчүн көңүлдөрү Алланы эсте тутуу жана түшүрүлгөн Чындык-Куранга кунт коюу (убагы) келбедиби? (Ошондой эле алар үчүн) илгери Китеп тартуу этилген, андан соң (алар менен пайгамбарлары ортосундагы) мөөнөт узарганда, жүрөктөрү катып кеткен кимселер (тактап айтканда, яхудий – жөөт жана насранийлер) сыяктуу болуп калбастыктын (убагы келбедиби)? Алардан (яхудий – жөөт жана насранийлерден) көптөрү бузуку-баш ийбестер!» (Хадид: 16).

Же Аллах Субханаху ва Таала айткандай:

﴿أَوَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّنَ الْقُرُونِ يَمْشُونَ فِي مَسَاكِنِهِمْ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ أَفَلَا يَسْمَعُونَ﴾

«Акыры аларга (мушриктерге) Биз алардан мурда канча кылымдарды – урпактарды жок кылганыбыз жана өздөрү ошолордун журттарында жүргөндөрү маалым эмеспи?! Албетте мында аят – үлгүлөр бар го! Акыры алар түшүнүшпөйбү?!» (Сажда: 26).

Мухаммад Жилани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button