Кайра куруу жана экономиканы өнүктүрүү жатып берүүнү актайбы?!

Кайра куруу жана экономиканы өнүктүрүү жатып берүүнү актайбы?!
Франция президентинин Дамаскка сапары саясий окуяларды күзөткөндөрдүн жана серепчилердин көңүлүн бурган өзгөчө окуя болуп калды. Себеби бул ири мамлекеттердин башчылары тарабынан жасалган алгачкы сапар болду. Аны тосуп алуу формасы дагы көптөгөн комментарийлерге, сын-пикирлерге жана өз ара талаш-тартыштарга себеп болду. Анткени аны диний, тарыхый жана цивилизациялык символдук мааниге ээ болгон Умавий мечитинде тосуп алуу аркылуу урмат көрсөтүлүшү, айрыкча ал адамдын Исламга жана мусулмандарга болгон ачык душмандыгы сөзүндө да, иш-аракетинде да белгилүү болгондугун эске алганда Сириянын ичинде да, сыртында да көптөгөн мусулмандар үчүн катуу сокку болду.
Адаттагыдай эле Сирия бийлигинин бул жүрүм-турумун, анын кабыл алган ар бир чечимин жана жасаган ар бир аракетин эч күмөнсүз туура деп көргөн көптөгөн актоолор менен негиздемелер айтылды. Алардын эң башкысы: «өлкө саясаты үчүн эмне пайдалуу экенин башкаруучу жакшы билет» деген түшүнүккө жана элдердин төмөндөшүнүн белгилеринин бири болгон сокур баш ийүүгө таянат.
Бул кемсинткен жана Куран үммөтүнө ылайык келбеген тосуп алууну актоо үчүн айтылган эң көрүнүктүү жүйөлөрдүн бири — ири мамлекеттер менен бекем жана достук саясий мамилелерди түзүү Сирия экономикасынын жанданышына жана кайра курулушуна көмөк көрсөтөт деген жүйө болду. Айрыкча бул сапардын негизги темасы экономикалык кызматташуу жана Франциянын инвестициялары тууралуу келишимдер болгон. Анткени сапардын программасынан көрүнүп тургандай, анын эң негизги максаттарынын бири экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана өлкөнү кайра курууга катышуу болгон. Франция согуштан жабыркаган Сириянын инфраструктурасын жана жарандык мекемелерин кайра курууда негизги рол ойноого умтулууда.
Макрон өзү менен Франциянын эң ири компанияларынын башкы аткаруучу директорлорунан турган делегацияны алып келди. Алардын арасында энергетика тармагындагы Тотал Энержи, ошондой эле порттор жана логистика тармагындагы Си Эм Эй Си Жи Эм компаниялары болуп, алар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, соода алакаларын кайра жандандырууну көздөштү.
Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн алкагында туризм, айыл чарба, өнөр жай, аба жана деңиз транспорту тармактарында, анын ичинде Эйрбас учактарын жеткирүү боюнча, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүү жаатында келишимдерди түзүү маселелери каралды.
Демек, кыскача айтканда, бул сапардын маңызы — Макрондун Сирияда күтүлүп жаткан кайра куруу жана инвестициялык долбоорлордон өз өлкөсү менен анын инвестициялык компаниялары үчүн үлүштү алдын ала камсыз кылууга шашылышы болду. Ал эми бул долбоорлор боюнча эң жогорку чечим Америка тарабынан көзөмөлдөнөт. Анткени саясий божомолдор Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагынын, айрыкча Шам аймагынын келечегин ири инвестициялык долбоорлордун аянтчасы катары сүрөттөп жатат. Бул жагдай аймакты зор кенге, ал тургай дүйнөдөгү ири капиталисттик мамлекеттерди жана алардын саясаттарын көзөмөлдөгөн ири компаниялардын шилекейин агызган каржылык кендердин чордонуна айлантат.
Бул сапардын программасы экономикалык жана инвестициялык жагы менен гана чектелбегенине карабастан, экономикалык тарап сапардын эң башкы темасы болгондуктан, ошондой эле бул сапарды мактап, актап жана кубаттагандардын эң негизги жүйөсү болгондуктан бул макала анын экономикалык тарабына көңүл бурат.
Алгач дагы бир жолу баса белгилеп кетүү зарыл: Аллахтын пенделерине болгон рисалатын көтөргөн үммөт эч качан материалдык-экономикалык пайдаларды өзүнүн артыкчылыктарынын эң жогорку даражасына коё албайт. Анткени бул тепкичтин эң жогорку чокусунда мабда, башкача айтканда Исламдын өзү турат. Башкача айтканда, шарияттын үммөттө, мамлекетте жана анын саясатында өкүмдар болушу турат. Ошондуктан канчалык чоң болбосун материалдык пайда үчүн Исламдын өкүмдарлыгынан жана анын шариятынын коомдогу жана мамлекеттеги үстөмдүгүнөн эч бир нерсени курмандыкка чалууга болбойт. Экономика турмуштун өзөгү деп сыпатталгандыгына жана анын маанилүүлүгүнө карабастан маселе ушундай.
Шарияттын өкүмдарлыгы талап кылган жана андан кийин дароо эле үммөт менен мамлекеттин артыкчылыктар тепкичинде турган нерсе — үммөттүн өз мамлекетине, жерине жана мүлктөрүнө болгон бийлиги. Башкача айтканда, өлкөнүн саясий, коопсуздук, экономикалык жана сакофий чечимдери толугу менен өзүнүн колунда болушу керек. Чет элдиктердин мамлекеттин өкүмдарлыгына, анын жерине жана саясий чечимдерине эч кандай киришүүсүнө жол берилбеши керек.
Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).
Муфассирлер айткандай, бул аяттын мааниси Аллах Таала каапырлардын момундарга үстөмдүк кылышын арам кылган.
Шарияттын өкүмдарлыгы Исламда экономикадан да, башка бардык нерседен да жогору турарын бул жакка калтырсак да, көпчүлүк адамдар кубаттап жаткан, шарияттын чегинен ашкан мындай мамилелер өлкөнүн экономикалык өсүшүнө алып келет деген түшүнүк — элес гана. Бул саясатты, экономиканы жана шариятты бирдей деңгээлде түшүнбөгөндүктүн кабарын берет. Анткени Сирия бийлиги экономика тармагында жүргүзүп жаткан багыт өлкөгө экономикалык коопсуздук алып келе турган багыт эмес. Тескерисинче, ал Сириянын экономикасын, андан соң бүтүндөй Сириянын өзүн чет элдик эркке көз каранды кылып коё турган багыт болуп саналат.
Муну түшүнүү үчүн, тилекке каршы, Сириядагы жана башка Ислам өлкөлөрүндөгү мусулмандардын көпчүлүгүнө саясий жана экономикалык сакофаттын, ошондой эле исламий сакофаттын алсыздыгынан улам белгисиз болуп келген бири-бирине карама-каршы эки саясий түшүнүктү түшүндүрүү зарыл. Бул эки түшүнүк: көз каранды экономика жана эгемендүү экономика.
Көз каранды экономика тышкы күчтөргө таянууга жана экономикалык тагдырды чет мамлекеттерге же чет элдик мекемелерге байлоого негизделет. Ал мамлекетти ири державалардын же Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу эл аралык каржы мекемелеринин көрсөтмөлөрүнө жана насыя же жардам алуу үчүн коюлган шарттарына баш ийдирет. Көпчүлүк учурда мындай экономика ренталык же бир тараптуу экономика болуп, чийки заттарды экспорттоого гана таянат. Мындан да кооптуусу — бул ресурстарды казып алуу жана экспорттоо ишин ири чет элдик компаниялар көзөмөлдөп, пайдасын чет өлкөлөргө чыгарып кетиши жана жергиликтүү жумушчу күчүн четке сүрүшү. Мындай көз каранды экономика калган муктаждыктардын басымдуу бөлүгүн сырттан импорттойт. Өзүнүн негизги турмуштук керектөөлөрүнүн көбүн тыштан алып келгендиктен, дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөрдүн жана экспорттоочу мамлекеттердин саясий басымынын барымтасында калат.
Ошондой эле анын улуттук валютасы толугу менен чет элдик валютага, мисалы, АКШ долларына байланат же карыздардын айынан ашкере инфляцияга жана наркынын тынымсыз төмөндөшүнө дуушар болот.
Ал эми эгемендүү экономика мамлекеттин көз карандысыз чечимине жана өзүн-өзү камсыздоого негизделет. Анда мамлекет тышкы басымдарга же таңуулоолорго баш ийбестен өзүнүн каржылык жана акча саясатын толук өз алдынча аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал өнөр жай, айыл чарба жана технология сыяктуу тармактардын көп түрдүүлүгү менен айырмаланып, негизги товарларды жана азык-түлүктү импорттоого болгон көз карандылыкты азайтат. Мындай экономика буудай, дары-дармек, энергия жана башка стратегиялык товарлар боюнча өзүн-өзү камсыздоого жетишүүгө умтулат. Бул калктын коопсуздугун коргоп, блокададан же саясий өзгөрүүлөрдөн коргойт. Ошондой эле чийки заттар жана энергия булактары болгон мунай, газ жана кен байлыктары жергиликтүү күчтөр тарабынан башкарылып, жергиликтүү өнүгүүгө жана бекем инфраструктураны курууга кызмат кылат.
Эгер убактылуу чет өлкөлүк адистердин тажрыйбасына муктаж болсо, анда алар менен белгилүү мөөнөткө жана белгиленген акы төлөнүүчү келишим түзүлөт. Бирок аларга казып алуу жана сатуу боюнча артыкчылыктуу укуктар берилбейт. Анткени мындай укуктарды берүү өлкөнүн байлыктарын чет элдиктерге талап-тоноого жол ачат.
Мындан тышкары, эгемендүү экономика өз алдынча валютага ээ болот. Ислам шариятында бул алтын жана күмүш же аларды чыныгы негизде алмаштырган кагаз акча болуп саналат. Башкача айтканда, акчанын ар бир бирдиги алтындын же күмүштүн белгилүү жана туруктуу салмагына барабар болот. Ошондой эле ал реалдуу өндүрүш жана ар түрдүү резервдер менен камсыздалат. Бул ага кризистерге каршы бекем туруктуулук берет.
Эгемендүү экономиканы кабыл алуунун зарылдыгынан тышкары, согуш абалындагы же жакын арада согуш коркунучу бар мамлекеттер согуш экономикасы деп аталган системаны кабыл алышы керек. Алар тынчтык экономикасына таянуу менен өз элин, өлкөсүн жана байлыктарын тобокелчиликке салбашы керек. Бул болсо өзүнчө макаланы талап кылган дагы бир эки түшүнүктүн карама-каршылыгы.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жаңы Сирияда биз көрүп жаткан экономикалык багыт — эгемендүү экономикадан өтө алыс болгон көз карандылык экономикасы. Биз яхудий түзүмү менен токтобошу керек болгон согуш абалында турганыбызга карабастан, Сириянын башкаруучусу согуш экономикасынан өтө алыс болгон пландарды ишке ашырууда. Анын бул жүрүм-туруму аймактын жакынкы келечегин яхудий түзүмү менен согуш жок абалда көрүп жатканын айгинелейт. Тескерисинче, ал түзүм кадимки коңшу болуп, анын экономикасы Сириянын жана бүтүндөй аймактын экономикасы менен өз ара толуктоочу байланышта болот деп эсептейт. Дал ушуну Америка пландап жатат, ал тургай аны ишке ашырууну ырааттуу түрдө улантууда.
Роя гезити
Ахмад Аль-Касас




