Карактагы Хаммуд чиркөөсүнүн христиандарына кол салуу Ислам айыптаган жана Халифалыктын адилеттүүлүгүнө туура келбеген кылмыш

Басма сөз баянаты
Карактагы Хаммуд чиркөөсүнүн христиандарына кол салуу Ислам айыптаган жана Халифалыктын адилеттүүлүгүнө туура келбеген кылмыш
«Аль-Мамлака» телеканалы 2026-жылдын 23-октябрында, жума күнү түштөн кийин аты аталбаган булакка таянып билдиргендей, куралчан эки адам унаадан түшүп, Карактагы Хаммуд чиркөөсүндө өтүп жаткан жаназа аземи учурунда ок чыгарышкан. Натыйжада 7 адам өлтүрүлүп, дагы 34 адам жаракат алган. Бул кылмыштуу кол салууга байланыштуу төмөнкүлөрдү баяндайбыз:
– Биз Иорданиядагы мусулман эмес калк, анын ичинде христиандар да Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө кылымдар бою «Алар адилеттүү мамиле көрүүдө биз менен бирдей укукка ээ жана аларга карата да бизге карата колдонулган адилеттүүлүк талаптары колдонулат» деген эреженин, ошондой эле «Мусулман эместер жалпы түзүмдүн алкагында өз ишенимдери жана ибадаттары менен калтырылат» деген эреженин негизинде коопсуздукта жана бейпилдикте жашап келишкенин баса белгилейбиз. Бул жерде аталган кол салууну жалпы мусулмандар, аалымдары да, карапайым калкы да айыптаганына көңүл бурабыз. Бул болсо мындай кылмыштарды Ислам жактырбастыгын гана эмес, алардын мусулмандар арасында эч кандай тиешеси жок экенин жана аларга жат көрүнүш экенин тастыктайт. Мындай кылмыштарга шарт түзгөн чөйрө Халифалык кулатылгандан кийин гана пайда болду.
– Бул кол салуу Американын жана Европанын канкор, адамгерчиликсиз жана адеп-ахлаксыз пландары менен кылмыштарынын алкагында болуп жатат. Мындай кол салуудан биринчи кезекте пайда көрүүчү — Газага жана Батыш жээкке тынымсыз кол салып, бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жаткан яхудий түзүмү. Ал кеңейүү, аймактарды басып алуу жана калкты күч менен көчүрүү пландарынын алкагында өз кылмыштарын дүйнө жүзү айыптап жаткан туңгуюктан чыгуу үчүн шылтоолорду ойлоп табууга, Иорданияга каршы агрессияга даярданууга, фитналарды козгоого жана Ислам менен мусулмандарга каршы чабуулдарды ого бетер күчөтүүгө умтулууда.
Мындай айыптоого татыктуу кол салуунун Исламга эч кандай тиешеси жок. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында Исламга жана мусулмандарга каршы жасалып жаткан сан жеткис кылмыштуу кол салуулардын бири болуп саналат. Бул Америка, Европа жана яхудий түзүмү тарабынан жасалып жаткан террордук кылмыштардын узун тизмегинин бир бөлүгү. Алар бул кылмыштарды Исламга жана мусулмандарга жабыштырып, «экстремисттик жана террордук Ислам» бар деген түшүнүктү жайылтуу, мусулман өлкөлөрүндө фитна козгоо жана исламофобия аркылуу дүйнөнү Исламдан коркутуу үчүн жасашууда. Муну менен алар мусулмандардын Халифалыкты тикелөөгө жана исламий жашоону кайрадан баштоого болгон умтулуусунун жана аракетинин алдын алуу максатында мусулман өлкөлөрүнө каршы жасаган жапайы кол салууларын актоону көздөп жатышат.
– Ушуга байланыштуу мусулман эместердин укуктары Аллахтын шариятында корголгонун баса белгилейбиз. Аларды өлтүрүүгө, атүгүл аларга зыян жеткирүүгө да жол берилбейт. Анткени Расулуллах ﷺ мындай деген:
«مَنْ قَتَلَ قَتِيلاً مِنْ أَهْلِ الذِّمَّةِ لَمْ يَرَحْ رَائِحَةَ الْجَنَّةِ، وَإِنَّ رِيحَهَا لَيُوجَدُ مِنْ مَسِيرَةِ أَرْبَعِينَ عَاماً»
«Ким зиммийлерден бир адамды өлтүрсө, Бейиштин жытын да жыттабайт. Чындыгында, анын жыты кырк жылдык аралыктан сезилет». Расулуллахтан ﷺ кийинки халифалар да ушул жолду карманып, ага амал кылышкан. Факихтер Исламдын бийлиги астында жашаган мусулман эмес зиммийлерге кол салуунун арам экенин белгилешкен.
Халифалык мамлекетинин жоктугу светтик түзүмдүн өкүм сүрүшү жана колонизатор Батыш менен кызматташуу шартында мындай кол салуулардын болушуна жана кайталанышына жол ачкан биринчи жана эң негизги себеп. Анткени Халифалыктын адилеттүүлүгүн жана анын бийлиги астында жашагандарга камкордук көргөнүн христиандар абдан жакшы билишет. Алар ушул кылымдар бою Халифалыктын көлөкөсүндө гана коопсуздукта жана бейпилдикте жашай алышкан.
Хизбут-Тахрирдин Йордания вилаятындагы маалымат бөлүмү
24.10.26




