Комментарий

Кытай Борбор Азияны көзөмөлдөгөн спутниктерди учурмакчы

Кытай Борбор Азияны көзөмөлдөгөн спутниктерди учурмакчы

Кытай Борбор Азиядагы мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана айыл чарба жерлерин көзөмөлдөө үчүн спутникалык тармак түзөт. Бул тууралуу Үрүмчү шаарында өткөн «Кытай – Евразия» эл аралык көргөзмөсүндө маалым болду.

Долбоордун биринчи этабында беш спутник учурулат. Алар аба ырайына карабастан күнү-түнү мөңгүлөрдүн, дарыялардын, көлдөрдүн абалын, жер кыртышындагы өзгөрүүлөрдү жана айдоо жерлерин көзөмөлдөйт.

Долбоорду Шинжаңдагы илимий лаборатория ишке ашырат. Ал эми спутниктерден алынган маалыматтар атайын эсептөө борборунда иштетилет.

Долбоордо жасалма интеллект технологиялары да колдонулат. Анын жардамы менен жаратылыштагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү, айыл чарбасына мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды бир нече тилде иштетүү мүмкүн болот. Кабарда ачыкталгандай, бул системанын мүмкүнчүлүктөрүн Борбор Азия өлкөлөрү да пайдалана алышат.

Комментарий:

Бүгүнкү күндө Борбор Азия ири державалардын кызыкчылыктары кесилишкен аймактардын бирине айланууда. Ошондуктан алар Борбор Азияда таасирин күчөтүү үчүн күрөш алып барышууда.

Борбор Азия өзүнүн географиялык жайгашуусу менен Кытай үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бир тараптан, Кытайдын экономикасынын локомотиви эсептелген «Бир алкак, бир жол» долбоору дал ушул Борбор Азия аймагынан башталат. Башка тараптан, АКШ Кытайдын таасири жайылышына бөгөт коюп, аны обочолонтуп кармап туруу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке салууга аракет кылат.

Ошон үчүн Кытай өзүнүн стратегиялык максаттарын жүзөгө чыгаруу үчүн бул региондо таасирин жайып, көзөмөлүн күчөтүүнү көздөп жатат. Мындан улам, жогоруда аталган долбоорду экологиялык демилге катары гана эмес, аймактагы технологиялык жана саясий таасирди күчөтүүнүн бир куралы катары да баалоо кажет.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, долбоордун негизги максаты – мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө делген. Бирок бул спутникалык системалардын мүмкүнчүлүгү аны менен эле чектелбейт. Спутниктер экологиялык маалыматтардан тышкары жолдор, көпүрөлөр, гидротехникалык курулмалар, чек араларды көзөмөлдөө, стратегиялык жана башка маанилүү объектилер тууралуу маалыматтарды да чогултат. Мындай маалыматтар илимий максатта гана эмес, стратегиялык жактан да баалуу болуп саналат. Долбоор боюнча алынган маалыматтар Кытайдагы эсептөөчү борбордо иштетилери айтылууда. Бул маалыматтарды сактоо, талдоо жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү негизинен Кытайдын колунда болот.

Акыркы жылдары Кытай Борбор Азиядагы транспорттук, энергетикалык жана санариптик долбоорлорго активдүү инвестиция салып келет. Жаңы спутниктик тармак  да бул кызматташтыктын бир бөлүгү болуп, Кытайдын аймакты көзөмөлдөөчү жана саясий таасирин күчөтүүчү куралы болуп калышы шексиз.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button