Комментарий

Кытайдын саясатын чагылдырган уюм катталды

Кытайдын саясатын чагылдырган уюм катталды

Кыргызстанда «Борбор Азия менен Кытайдын тынч жол менен биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы» аттуу коомдук уюм катталганы белгилүү болду. Бул жаңылык коомчулукта кызуу талкуу жаратып, уюмдун аталышы региондун Кытай менен ыктымалдуу саясий биригүүсүнө ишарат катары кабыл алынды.

Маалымат каражаттары ачыктагандай, уюм Юстиция министрлиги тарабынан каттоодон өткөн. Анын жетекчиси катары Кытай өлкөсүнүн жараны Шао Куйнин көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда уюмдун максаттары жана ишмердүүлүгүнүн багыттары тууралуу расмий түшүндүрмө азырынча бериле элек.

Эл арасында бул жаңылыккка карата терс пикирлер жаралгандан кийин Юстиция минитрлигинин регионалдык башкармалыгы расмий билдирүү жарыялап, коомдук бирикме 2025-жылдын 30-декабрында ыкчам мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу катталганын билдирди. Кийинчерээк каттоо тууралуу буйрук жокко чыгарылгандыгы маалым болду.

Мекеме каттоонун эмне себептен жокко чыгарылганын, уюм андан кийин башка аталыш менен кайра катталганы же катталбаганы, ошондой эле коомдук бирикме так кандай ишмердүүлүк менен алектенери тууралуу маалымат берген жок.

Комментарий: «Борбор Азия менен Кытайдын тынч жол менен биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы» деген аталыштагы коомдук уюмдун мамлекеттик каттоодон өтүшү коомчулукта тынчсыздануу жаратты. Себеби адамдар Кытайдын өлкөдөгү экономикалык экспансиясы саясий өңүткө өзгөрүп кетүүсүнөн кооптонушат. Ансыз да Кытайдын экономикалык экспансиясы күчөп жаткан шартта, бийликтин мындай уюмду каттоого алуусу элди тынчсыздандырууда. Анткени, өлкөнүн тышкы карызынын чоң бөлүгү Кытайга таандык. Ал эми эки өлкөнүнүн соода алакасынын көлөмү 27 млрд долларга жетсе, Кыргызстандын импорту экспорттон кыйла жогору, башкача айтканда соода балансы Кытайдын пайдасына болуп жатат. Бул жагдай Кытайга көз карандылыкты көрсөткөн факторлор. Ушул себептерден улам, адамдар Кытайдын чеңгелине түшүп калуудан кооптонууда.

Жогоруда айтылган уюмдун аталышы бул Кытай бийлигинин Борбор Азияга карата көз карашын чагылдарат десек жаңылышпайбыз. Кытай тарыхый жана учурдагы геосаясий себептерден улам Борбор Азияны өзүнүн таасири астындагы регионго айлантууга умтулууда.

Бирок, кылымдар бою уланып келген регион менен Кытайдын ортосундагы күрөш элдин эс-тутумунда Кытай жөнүндө терс маанини калыптандырган. Кытайдын жаңыдан таасирин жайышына тоскоолдук жараткан бул терс элести өчүрүү үчүн адамдардын аң-сезимин өзгөртүү зарыл. Ошондуктан, Кытай бул жаатта аракеттерди көрүүгө, башкача айтканда «жумшак күчкө» өзгөчө көңүл бурууга өттү.

Жогоруда ачык эле Кытайдын саясий көз карашын чагылдырган уюмдун ачыкка чыккандыгы бул бир гана учур. Бирок, аталышы эч бир кооптонуу жаратпаган дагы канча Кытай уюмдары иш алып барып жатат?! Жылдан жылга алардын саны көбөйөрү шексиз.

Ал эми Кытайдан «экономикалык пайданы» үмүт кылып жаткан бийлик болсо Кытайдын аброюн көтөрүү үчүн алдыга озунууда. Кытай уюмдары биякта турсун, бийликтин маалыматтык машинасы учурда Кытайдын аброюн көтөрүү үчүн толук ишке киргизилген. Президенттин маалымат катчысынан баштап жалданган блогерлерге чейин, баары Кытайды колдоп, аны актоо менен алек. Андан тышкары эки өлкөнүн ортосунда уюштурулган маданий иш-чаралар, жогорку окуу жайларда Кытай бөлүмдөрүнүн ачылышы жана башка иш-аракеттердин баары Кытайдын «жумшак күчүнө» кызмат кылышууда.

Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу өлкөнүн кызыкчылыктарына, эгемендигине жана коопсуздугуна зыянын жеткирчү жагдайда бара жатат. Соода жүгүртүүсүнүн кескин өсүшү, импортко болгон көз карандылык, Кытай капиталынын таасиринин күчөшү өлкөнү бара-бара тышкы таасирге көбүрөөк көз карандылыкка алып барат. Мындай көз карандылык экономикалык гана эмес, саясий чечимдерге да таасир эте баштайт.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button