Чет өлкөлүктөргө жерди 50 жылга ижарага берүү сунушталды

Чет өлкөлүктөргө жерди 50 жылга ижарага берүү сунушталды
Министрлер кабинети Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун сунуштады. Ага ылайык, “президенттин чечими менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүү” каралууда.
Долбоордун алкагында “жер тилкесин убактылуу пайдалануу (ижара) укугун күрөөгө берүүгө” уруксат берүү да сунушталууда.
Комментарий:
Буга чейин Жер кодексине өзгөртүү киргизилип, мамлекет тарабынан жарандарга курулуш үчүн жер тилкелерин бекер берүү токтотулган. Мындан улам, калк ичинде нааразылык күчөгөн. А бирок, расмий бийлик элдин нааразылыгын эске алуунун ордуна, тескерисинче чет элдиктердин кызыкчылыгын коргой турган чечимди алга сүрүүдө. Бул чечим ансыз да көбөйүп, өлкө ичинде мыйзам бузуулар менен калктын тынчтыгын бузуп жаткан кытай “инвесторлорунун” арбышына жол ачаары талашсыз.
Расмий органдардын маалыматына ылайык, 2025-жылы чет элдик жарандар Кыргызстандан 2408 кыймылсыз мүлк сатып алган. Албетте, бул ортомчуларсыз сатып алынган мүлктөрдүн тизмеси. Ал эми, кыргыз жарандары аркылуу сатып алынган мүлктөр мындан эселеп көп экени талашсыз.
Мунун каршысында, мусулмандар бир үммөт катары жашап турган мезгилдерде Ислам жетекчилери калкты жер жана үй менен камсыздоону өздөрүнүн милдети катары билишкен. Халиф Умар ибн Хаттаб (р.а.) доорунда Куфа, Басра жана Фустат сыяктуу шаарлар курулуп, үй-бүлөлөргө жер тилкеси, турак-жай, суу жана жол инфраструктурасы берилген. Ал эми, турак-жай сыяктуу адамдын жеке мүлкү Исламда кол тийгис укук болуп эсептелген.
Ал эми, Ислам жери жалпы элдин мүлкү болуп, каапырларга берилишине катуу тыюу салынган. Буга халифа Абдулхамид 2 менен жөөттөрдүн өкүлү Херзлдын окуясы ачык мисал. Ошондо, Херзл мамлекеттин карыздарын жабуунун акысына Палестинада еврейлер үчүн жер бөлүп берүүнү сураган. Буга Абдулхамид: «Денемди бычак менен тилип салуу мага Палестинанын бир карыш жеринен баш тартуудан жеңилирээк. Анткени ал менин жеке мүлкүм эмес, Ислам үммөтүнүн мүлкү. Мен тирүү турганымда денебиздин бөлүк-бөлүк кылынышына макул боло албайм… Яхудийлер акчаларын өздөрүндө сактай беришсин. Эгер Халифалык мамлекети кулатылса, анда Палестинаны акысыз эле аласыңар…», – деген.
Демек, адамдарды эзип, эксплуатация кылган капитализм шартында жергиликтүү калктын эмес, чет элдиктердин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Себеби, бизди башкарып жаткан демократия түзүмүнүн анык жүзү ушул. Андыктан, адамдарды эмес, түзүмдү түп тамыры менен өзгөртүп, казино, сүткордук, коррупция жана зулумдукту толугу менен токтото турган Алла Таала адамзат үчүн тартуулаган, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) көрсөткөн жол менен жашасак гана эки дүйнө бактысына жетебиз.
Нурдин Асаналиев




