Роя гезити

Кыянатчы режимдерден жакшылык күтүлбөйт

Кыянатчы режимдерден жакшылык күтүлбөйт

2026-жылдын 5–6-октябрь күндөрү Марокко–Бириккен Араб Эмираттары биргелешкен аскерий комитетинин үчүнчү жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыктоочу отурумуна Марокконун Падышалык куралдуу күчтөрүнүн башкы инспектору жана Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы биргелешип төрагалык кылышты. Эки жооптуу жетекчи эки өлкөнүн ортосундагы аскерий кызматташтык жеткен деңгээлди, айрыкча, аскерий мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү, коргонуу өнөр жайы, аскерий даярдык, ошондой эле тажрыйба жана билим алмашуу тармактарындагы жетишкендиктерди жогору баалашты. Ошондой эле бул кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү ниеттерин дагы бир жолу ырасташты.

Ар-Роя: Аллахтын жана Анын Элчисинин ﷺ душмандарына дос болуп, Америка жана яхудий вужуду менен бир сапка тизилген, яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырганы менен мактанып, аны дипломатиялык кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу деп атаган, Америка жана яхудий вужудунун жетекчилери менен өз ара сапарларды уюштуруп, кучакташып көрүшкөн режимдердин мындай иштери таң калычтуу болбой калды. Мындай режимдердин Ислам Үммөтүнө каршы ачык-айкын союз түзүп, Исламий хазарий долбоорду душман катары карашы, Ибрахим келишимдерин болсо саясий ишмердүүлүктүн жана аймактык союздашуунун алкагы кылып алышы таң калычтуу болбой калды. Бирок Мекке келишиминен кийин башталган бул багыттагы эң кооптуу жагдай — куфрдун калкалоосу астындагы саясий союздардын аскерий союздарга жана куралдуу аймактык уюшмаларга айланып, Ислам Үммөтүнө каршы кресттүүлөр согушунда өкүлдүк согуш жүргүзүүчү ролду аткарышы. Натыйжада алар коңшу мамлекеттерди жана алардын армияларын алсыратып, куралдануу жарышына түртөт жана кафир колонизатордун бизге үстөмдүк кылышына жол ачат. Ошол эле учурда алар өз күчүн Американын колдоосунан жана яхудийлердин долбооруна кызмат кылуудан алып, аскерий жана технологиялык артыкчылыктын үлгүсүн жаратышат. Бул болсо аймактагы башка малайларды кызыктырып, аларды да ачык нормалдашуу кербенине кошулганын жарыялоого түртөт.

Бул аскерий союздар бир тараптан Американын пешкалары (Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан), экинчи тараптан Британиянын пешкалары (Бириккен Араб Эмираттары жана Марокко) ортосунда түзүлүп жатат. Бул Америка өзүнүн аскерий мүмкүнчүлүктөрүн алсыратып жаткан стратегиялык чарчоо абалынан чыгуу үчүн убакыт утуп алууга аракет кылып жаткан учурга туш келүүдө. Анткени Америка Иран жана анын кол алдындагы күчтөр менен болгон күрөштү биротоло чечүүгө аракет кылууда. Ал эми Европа Россиянын гибриддик согушунун жүрүшүнө чек коюуга аракет кылууда. Ошол эле учурда Кытай аскерий, технологиялык жана экономикалык жактан алдыга жылып жаткан шартта экөө тең ордунан жыла албай турат.

Ал эми бул кыянатчыл багыттардын эң башкы бутасы — мусулмандар. Анткени аларды бул жырткыч капиталисттик мамлекеттердин залим башкаруучулары өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жаткан тайпалык, мазхабдык согуштардын жана башка алсыратуучу согуштардын отунуна айландыруу көздөлүүдө. Йеменде, Суданда, Африка мүйүзүндөгү жана Африканын Сахель аймагындагы бир катар өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар буга эң жакшы далил. Бул бытыранды абалга түшкөн өлкөлөрдүн орток жагы — алардын дээрлик бир эле оюнчулар, башкача айтканда, ошол эле аймактык өкүлдөр тарабынан өз ара талашка салынып, бөлүп-жарып жатышы.

Демек, бул шектүү аскерий союздар Үммөтүн аркасына сайылган уулуу канжардан башка эч нерсе эмес. Бул канжарды кыянаттык кылууну жана Үммөтүн душмандарынын сабында турууну кесипке айлантып алган режимдер көтөрүп жүрүшөт. Алардын башкаруучулары жүздөрүн Ак үйдү көздөй буруп, яхудийлерге дос болгондугу менен мактанып турганда, акыл-эстүү эч бир адам бул союздар Исламга жана мусулмандарга жакшылык алып келет деп күтпөйт. Ошондуктан Үммөт бул кыянатчылардан баш тартып, алардын бийлигин кулатып, өзүн Аллахтын Китеби жана Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтү менен башкара турган рошид халифага байъат бериши керек. Ал халифа бардык залимдерден жана кыянатчылардан өч ала турган армияларды мобилизациялап, бул кылмышкер эл аралык түзүмдү кулатып, дүйнөнү асман жана жер жашоочулары ыраазы боло турган раббаний түзүмдүн негизинде кайрадан тартипке салат.

Кафир колонизатор Батыштын артынан ээрчип, мусулмандардын аркасынан бычак сайган, аларга саясий же аскерий жактан кыянаттык кылган же Палестинаны коргоону шылтоо кылып, алардын каны менен соода кылган ар бир адам Расулуллахтын ﷺ төмөнкү сөзүн эстеши керек:

لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يُعْرف به

«Кыяматкүнүар бир кыянатчынын өзүн тааныта турган туусу болот».

Роя гезити

14.10.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button