Франция жана заманбап мамлекеттин кризиси: нааразылык мектептердин босогосуна чейин жеткенде

Франция жана заманбап мамлекеттин кризиси: нааразылык мектептердин босогосуна чейин жеткенде
Франция терең цивилизациялык кризисти башынан өткөрүп жатканын далилдөө үчүн жаңы нааразылык акциясына муктаж эмес эле. Бирок, буга чейинки бардык нааразылык акцияларынан да маанилүүрөөк бир белги пайда болду. Ал белги — элдин нааразылыгы мектептердин босогосуна чейин жетип, окуучулардын өздөрү көчөлөргө чыгып, заманбап мамлекеттин эң жөнөкөй убадаларын да аткара албай калган шарттарга каршы нааразылык билдириши. Бул убадалар сабакка катышкан мугалим, билим алууга ылайыктуу класс, талапка жооп берген мектеп имараты жана ишеним артууга боло турган келечек.
2026-жылдын сентябрь айынын аягынан тартып Париждеги мектептерде нааразылык акцияларынын толкуну башталды. Буга мугалимдердин жетишсиздиги себеп болуп, нааразылыктын отун тутантты. Андан соң бир нече күндүн ичинде бул толкун Франциянын бардык аймактарындагы жүздөгөн мектептерге жайылды. Окуучулар мугалимдердин жетишсиздигин жоюуну, айрым учурларда бир класста 35ке жакын окуучу окуган класстардын ашыкча толушун азайтууну, эскирип, начар абалга келген имараттарды жана жабдууларды оңдоону, ошондой эле окуудагы басымды жана Parcoursup системасы аркылуу университетке өтүү процессин коштогон тынчсызданууну жеңилдетүүнү талап кылышты. Франциянын «Le Monde» гезити жарыялаган эсептөөлөргө ылайык, нааразылык акциялары Франциядагы орто мектептердин болжол менен 30 пайызын камтыды.
Бул күчөп бараткан кыймылдар жаңы кризистин отун тутантпай өтүп кетиши мүмкүн эмес эле. Анткени мамлекет аларга социалдык жана саясий жактан өтө чыңалган кырдаалда мамиле кылып, элдин топтолушуна жол бербөөгө жана алдыдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө коркунуч туудурушу мүмкүн болгон студенттик кыймылды басууга умтулду. Мунун натыйжасында айрым демонстрациялар кагылышууларга жана кыйратуучу аракеттерге айланды. Полиция болсо отко май куйгандай жооп кайтарды. Иш репрессия жана күч колдонуу менен гана чектелбестен, камакка алынгандардын саны беш миңден ашты. Юстиция министрлигинин 5-октябрдагы маалыматына ылайык, алардын 87 пайызы жашы жете электер болгон, ал эми 1800дөн ашуун адам соттук куугунтукка алынган. Ал тургай жаракат алгандардын абалы өтө кооптуу деңгээлге жетти. Полициянын кийлигишүүсү учурунда бомба жарылып, он беш жаштагы окуучу колунан ажырады. Ошол эле учурда Полициянын башкы инспекциясы жаракат алуу же күч колдонуу фактыларына байланыштуу он тергөө ишин баштады. Ал эми бийлик өз кезегинде жүздөгөн полиция кызматкерлери жаракат алганын, бир катар жерлерде кол салуулар, кыйратуулар жана өрттөөлөр болгонун жарыялады. Бирок бул окуялардын маанилүүлүгү аларды коштогон башаламандыктын көлөмүндө эмес, Франциядагы кризистин жаңы муунга чейин жеткенинде жатат. Бул муун да мамлекеттин расмий саясаттарына каршы чыга баштады. Буга чейин «сары жилетчендер» кыймылы, пенсиялык реформаларга каршы нааразылыктар, фермерлердин нааразылык акциялары, ошондой эле жашоо наркынын кымбатташына жана үнөмдөө саясатына байланыштуу иш таштоолор менен коомдук чыңалуунун толкундары болуп өткөн. Бул кыймылдардын катышуучулары жана талаптары ар түрдүү болгонуна карабастан, мамлекет коомдон улам көбүрөөк курмандык талап кылып жаткан учурда, француз моделинин туруктуу негиздери деп эсептелген нерселерди камсыз кылуу жөндөмүнүн төмөндөп баратканы тууралуу күчөп жаткан сезим алардын баарын бириктирген фактор болуп эсептелет. Ал нерселер: күчтүү мектеп системасы, натыйжалуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо, кеңири социалдык коргоо жана өсүп жаткан экономикалык мүмкүнчүлүктөр.
Мына ушул жерде Макрон бул кризисти бекемдеп, тереңдеткен факторлордун бири катары эмес, өзүнөн мурда эле башталган кризистин жүзү катары көрүнүүдө. Франциянын мамлекеттик карызы ушул кылымдын башында ички дүң продукциясынын болжол менен 60 пайызын түзсө, 2026-жылдын экинчи чейрегинде 119 пайызга чейин өсүп, болжол менен 3,596 триллион еврого жетти. Франция бул этапка бюджеттин чоң тартыштыгы жана карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардын өсүшү менен кирүүдө. Ошол эле учурда өкмөт 2027-жылдын бюджетинде ири көлөмдөгү каражатты үнөмдөөгө аракет кылууда. Бирок ал катуу бөлүнүп-жарылган парламентке жана үнөмдөө саясатынын чараларын мурдагыдай оңой кабыл албай калган коомго туш болууда.
Маселенин экинчи тарабында болсо Франция Европага каршы күчөп жаткан коркунучтардын алдында өзүнүн өсүп жаткан геосаясий амбицияларына ылайык келген аскердик кубаттуулугун калыбына келтирүүгө аракет кылууда. 2017–2027-жылдар аралыгында армиянын бюджети дээрлик эки эсеге көбөйдү. 2026-жылы пенсияларды эсепке албаганда коргонууга бөлүнгөн каражат 57,1 миллиард еврого жетип, бир жылдын ичинде 6,7 миллиард еврого өстү. Мамлекет 2030-жылга карата бул сумманы 76,3 миллиард еврого жеткирүүнү пландаштырууда. Ошондой эле 2024–2030-жылдар аралыгына мурда эле белгиленген 413 миллиард еврого кошумча катары, 2026–2030-жылдар үчүн аскердик программалоо мыйзамына дагы 36 миллиард евро кошулду. Мында ок-дарыларга, учкучсуз учуучу аппараттарга, абадан коргонууга, космос тармагына жана жогорку интенсивдүүлүктөгү согуш үчүн зарыл болгон аскердик мүмкүнчүлүктөргө барган сайын көбүрөөк көңүл бурулууда.
Бул чыгымдарды курал-жарак сатып алуу менен гана чектеп кароого болбойт. Бул Франциянын күч-кубатынын негизин кайра куруу аракети. Башкача айтканда, өзөктүк ооздуктоо күчүн модернизациялоо, учактарды, суу астындагы кайыктарды, кемелерди жана ракеталарды өнүктүрүү, ошондой эле узакка созулган согушту жүргүзүү үчүн өнөр жай жана аскердик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аракети. Украинадагы согуш бүтүндөй Европаны Кансыз согуштан кийинки армиялар кыскартылып, «тынчтыктын дивиденддеринен» пайда көрүлгөн ондогон жылдар аяктаганын түшүнүүгө мажбур кылды. Ошондуктан Франциянын кайрадан куралданышы Макрон ойлоп тапкан нерсе эмес, бирок анын бийлиги тушунда бул процесс кыйла тездеди.
Мына ушул жерде Франциядагы кризиске тарыхый өлчөм, цивилизациялык тереңдик жана динди турмуштан ажыратуу акыйдасына байланышкан мабдаий тамырларды берген карама-каршылык жатат. Мамлекет дүйнөлүк өзөктүк держава бойдон калууну, өз алдынча аракеттенүүгө жөндөмдүү армияга ээ болууну, Европада жетекчи ролду аткарууну, Украина, Жакынкы Чыгыш жана миграция маселелеринде саясий маневр жүргүзүүнү каалайт. Ошол эле учурда кеңири социалдык камсыздоо мамлекетин, күчтүү мамлекеттик мектеп системасын жана чоң чыгымдарды талап кылган коомдук кызматтарды сактап калууну көздөйт. Бирок бул амбициялардын баары көп жылдардан бери өндүрүштүн өсүшүнүн жайлашынан, карыздын топтолушунан жана бюджет тартыштыгынан жапа чегип келген экономиканын үстүнө жүктөлүүдө. Ошентип, Франциянын дүйнөдө кандай мамлекет болгусу келгени жөнүндөгү элеси менен анын мекемелери өлкө ичиндеги өз жарандарына эмнелерди камсыздай аларынын ортосундагы ажырым кеңейди. Натыйжада бүгүнкү күндөгү туруксуз абалдагы Франция пайда болду.
Ошондуктан эскилиги жетип, урап бараткан мектебинин алдында турган француз окуучусунун көрүнүшү көптөгөн саясий баяндамаларга караганда кризистин акыйкатын алда канча жаркыныраак чагылдырат. Анткени туруксуз дүйнөдө көз карандысыз стратегиялык күч болууну каалаган Франция сабакка келбеген мугалим, окуучуларга жык толгон класс, эскилиги жеткен имарат жана кепилденген деп эсептебеген келечек тууралуу суроо берип жаткан муунга туш болууда. Ал эми мунун артында анын бузук мабдасын ичинен курт жеп жатат. Иденттүүлүк, миграция жана ылайыктуулук (динди турмуштан ажыратуу) кризистери топтолуп, саясий поляризация тереңдеп, алсыз өкмөттөр биринин артынан бири алмашууда. Ашкере оңчулдар саясий төмөн деңгээлдин сазынан азыктанып күч алууда. Ошол эле учурда коомдо саясий элита мамлекет берген убадалар менен аларды ишке ашырууга жетиштүү каражаттын ортосунда канааттандырарлык мунаса табууга жөндөмсүз болуп калды деген ишеним барган сайын күчөөдө.
Мындан Франциянын негиздерин солкулдатып жаткан түзүмдүк цивилизациялык кризистин бар экени ырасталат. Ырас, Франция — өзөктүк кубатка, өнүккөн өнөр жайга, бекем институттарга ээ жана Европада борбордук орунду ээлеген мамлекет. Бирок цивилизациялар армияларынын көлөмү же курал-жарак өндүрүү жөндөмү менен гана өлчөнбөйт. Алар мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимди кайрадан жаңыртуу жөндөмү, ошондой эле мамлекет жаңы муун коргоону талап кылып жаткан келечек чындап эле ишенүүгө татыктуу экенине (ошол муунду) ынандыра алуу жөндөмү менен да өлчөнөт.
Мына ушул жерде Франциянын кризиси өзүнүн эң терең катмарына жеткени байкалат. Анткени ал өзүнүн амбицияларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бере турган экономикалык жана социалдык негизди таба албай жатат. Ал тургай анын капиталисттик мабдасынын өзү жараткан кризистерге чечим табуу жөндөмү да алсырап баратат. Себеби кыйроого бет алган капиталисттик мамлекет эң заманбап ракеталарды жана учактарды каржылай алат, бирок окуучуну өзүнүн мектеби менен келечеги инвестиция салууга татыктуу экенине ынандыра албайт. Бул болсо мамлекет менен коомдун, бүгүнкү күн менен келечектин, Франция өзү жөнүндө жараткысы келген кыялдагы элес менен анын жарандары мектептеринен жана көчөлөрүнөн көрүп жаткан чыныгы вакыйлыктын ортосундагы мамиленин өзөгүнө сокку урат.
Ошентип, Франция капитализмдин караңгылыгында башаламан абалда калууда. Аны бул тозоктон жана кабат-кабат топтолгон караңгылыктардан Аллахтын уруксаты менен жакында тикелене турган рошид Халифалык мамлекетинен башка эч нерсе куткара албайт. Аллах Таала айтат:
﴿قَدْ مَكَرَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَأَتَى اللَّهُ بُنْيَانَهُم مِّنَ الْقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيْهِمُ السَّقْفُ مِن فَوْقِهِمْ وَأَتَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ﴾
«Алардан мурдагы (каапыр) кишилер да (өз пайгамбарларына мына ушуга окшош) айла-амалдарды кылышкан эле. Ошондо Алла алардын (курган айлакерлик) курулуштарын асты-үстү менен көчүрүп салды. Анан, алар (ойлоп чыгарып алган жалган курулуш-түзүмдөрү)нүн шыбы өздөрүнүн үстүнө кулады жана аларга өздөрү, күтпөгөн тараптан азап келди». (Нахл: 26).
Роя гезити
Инженер Висам Аль-Атраш
14.10.26




