Ливан кайда баратат?

Ливан кайда баратат?
Ливандын расмий бийлиги, башкача айтканда мамлекет башчысы Жозеф Аун, премьер-министр Наваф Салам жана парламент төрагасы Набих Берри өкүлчүлүк кылган бийлик яхудий түзүмү менен тынчтык жараянына карай баратканы айкын болуп калды. Муну Аун Американын президенти Трамп менен жолугушуусунда: «Акыркы максат – Ливан менен “Израилдин“ ортосундагы кастык абалын түбөлүккө токтотуу», – деген сөзү аркылуу көрсөткөн. Ошондой эле ал парламент төрагасынын атынан: «Ливан парламентинин төрагасы түштүктөн чыккан жана кастык аракеттерин токтотууну колдойт, бул багытта чоң аракет кылып жатат», – деген.
Ал эми парламент төрагасы өзү да мамлекет башчысы жана премьер-министр менен болгон мамилесин ырастап, алардын яхудий түзүмү менен тынчтыкка карай багыт алган ролу көрүнүп турганына карабастан: «Менин президент Аун менен болгон мамилем эң жакшы жана президент Салам менен болгон мамилем туруктуу», – деди.
Өз кезегинде Трамп Аун менен жолугушуусунда: «Ибрахим келишимдери абдан ийгиликтүү болду, жакын арада аларга дагы көптөгөн мамлекеттер кошулат», – деп билдирди. Кыязы, бул Ливан менен Сирияга ишарат болду.
Түштүк Ливандагы жер үстүндөгү аскерий абал яхудий түзүмүнүн чабуулдары уланып жатканын көрсөтүп турганына карабастан, Ливандагы Ирандын партиясы буга чейин бир нече жолу бул чабуулдарга жооп кайтарарын жана 2024-жылдын ноябрындагы өзүнө ок атышууну токтотууну милдеттендирген келишимге кайра кайтпай турганын билдирген эле. Бирок көрүнүп тургандай, партиянын өзүнө Исламабад келишимин кабыл алуу аркылуу жүктөлгөн милдеттенмеси б.а. Америка менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү келишими жана Ливан бийлиги менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы алкактык келишимди карманбаганы бүгүн аны бул чабуулдарга жооп кайтаруудан тосуп жатат. Бул болсо Ирандын Америка менен Иран ортосунда он үч күн мурда башталган азыркы чыңалуу толкунунда ага катышпоосу тууралуу берген убадаларынын негизинде болуп жатат. Азырынча этият токтоп туруу абалы өкүм сүрүүдө. Ошол эле учурда Ливандагы Иран партиясынын акыркы саясий өзгөрүүлөргө карата позициясы билдирүү жасоо менен гана чектелип жатат.
Партия өзүнүн депутаты Фадлаллах жана башка депутаттары аркылуу көчөгө чыкпай турганын, өкмөттөн чыгып кетпей турганын жана аны кулатууга аракет кылбай турганын жарыялады.
Мындан тышкары, Америка көзөмөлдөгөн «сыноо аймактары» деп аталган жерлерде яхудий түзүмү менен Ливан бийлигинин ортосунда жер үстүндө аскерий координация жүргүзүлүүдө.
Бул жагдайлардын баары – мейли саясий бийликтин түздөн-түз аракеттери аркылуу болсун, мейли саясий тараптардын кыйыр аракеттери аркылуу болсун – Ливандын яхудий түзүмү менен туруктуу тынчтыкка карай тездик менен бара жатканын көрсөтүп турат. Бул Америка каалап жаткан жана катуу колдоп жаткан багыт. Ал үчүн азыркы учурда яхудий түзүмүнө Ливандын ичиндеги бийлик менен саясий тараптарды ыңгайсыз абалга калтырган чабуулдарын азайтуу боюнча кысым көрсөтүүгө туура келсе да Америка дал ушуну каалап жатат.
Америка Ливандын яхудий түзүмү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоо жараянын бекемдөө үчүн мүмкүн болгон бардык каражаттарды колдонду. Ал адегенде куралды бийликтин колуна гана топтоо деген шылтоо менен Ливандагы куралдуу уюмдардын аскерий катышуусун жоюуга аракет кылды. Андан кийин яхудийлердин кылмыштуу чабуулдары болду. Андан соң Ливан маселесин Иран менен байланыштырып, Америка Ливандын эгемендүүлүгүн каалай турганын көрсөтүп, ага Ирандан алыс түз жол ачып берип жаткандай түр көрсөттү. Мунун жыйынтыгында Ливан ачык жана түз түрдө яхудий түзүмү менен тынчтык жараянына бара баштады. Бул жараян ага коңшулук укугун, мубарак Палестина жерин басып алуу укугун жана мусулмандардын жеринен бир карыш болсо да басып алып турган чакта эч качан татыктуу болбогон туруктуу тынчтык укугун таанып берүүнү билдирет.
Учурдагы көрүнгөн абал Ливандын Ибрахим келишимдерине же кандай гана аталыш менен аталбасын ошого окшогон келишимдерге карай бара жатканын көрсөтүүдө. Бирок чындап эле ушундай болуп, иш жүзүндө ишке ашабы?
Аллах Тааланын жана Анын Элчисинин ﷺ яхудийлер менен согушуу, аларды мусулмандардын жерлеринен сүрүп чыгаруу жана Шам жеринин кайрадан мусулмандардын негизги мекенине айланышы жөнүндөгү убадасы сөзсүз ишке ашат. Мунун белгилери абдан көп. Алардын бири мусулмандардын яхудийлерге каршы согушуусу үчүн көп нерсенин деле кереги жок экени «Акса ташкыны» операциясынан кийин айкын болду. Ал тургай Америкага каршы турууда да ушундай болду. Ирандагы Революциялык сакчылар корпусунун бир бөлүгү өз кызыкчылыгы үчүн болсо да Американын зор аскерий күчүнө каршы туруп келди.
Ошондой эле үммөт душмандарын муунтуп коё ала турган географияда жашап жатканы айкын болду. Мунун эң көрүнүктүү мисалы Ормуз кысыгы. Эгер Гибралтар, Малакка, Босфор, Дарданелл, Баб аль-Мандеб кысыктары жана Суэц каналы Аллах Таалага, Анын Элчисине ﷺ жана мусулмандарга чын ихластуу болгон бирдиктүү жетекчиликтин т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын колунда болуп, ал жетекчилик улуулук менен үстөмдүктү эңсеген үммөткө башчылык кылса, анда абал кандай болмок?!
Ушулардын жана бул жерде санап чыгууга мүмкүн болбогон башка көптөгөн жагдайлардын баары түзүлүп жаткан бул келишимдердин жакын арада, Аллах Тааланын уруксаты менен, шамалга сапырылгандай жок болуп кетерин тастыктайт. ИншаАллах, акыркы жеңиш такыбаларга таандык болот.
Роя гезити
Инженер Мажди Али




