Роя гезити

Марокко Американын коопсуздук эсептеринде: ал жаңы Атлантикалык платформага айланып баратабы?

Марокко Американын коопсуздук эсептеринде: ал жаңы Атлантикалык платформага айланып баратабы?

Америка менен Марокконун ортосундагы аскерий мамилелердин тездик менен өнүгүшүн Британия менен таасир талашуу катары гана кароого мүмкүн болбой калды. Тескерисинче, биз Британиянын бут алдындагы пайдубалды акырындык менен алып салууга багытталган олуттуу аракеттин күбөсү болуп жатабыз. Бул аракет Алжир менен болгон мамиленин чыңалуусунан жаралган боштуктан пайдалануу. Анткени кыска убакыттын ичинде бул мамиле эки тараптуу коргонуу кызматташтыгы деңгээлинен кыйла татаал баскычка өттү. Анын өзөгүн он жылга созула турган узак мөөнөттүү өнөктөштүк жана Марокконун географиялык ордун Американын Батыш Жер Ортолук деңизи менен Африкадагы коопсуздук кызыкчылыктарына байланыштыруу түзөт.

2026-жылдын 16-апрелинде Америка менен Марокко Америка–Марокко коргонуу боюнча консультативдик комитетинин он төртүнчү жыйынынын соңунда 2026–2036-жылдарга арналган аскерий кызматташтыктын жол картасына кол коюшту. Бул келишим 2020-жылы кол коюлган, орток коркунучтарга каршы туруу боюнча аскерий кызматташтык келишиминин уландысы болуп эсептелет. Ал келишим ошол учурда эки өлкөнүн ортосундагы он жылдык коргонуу кызматташтыгынын алкагын белгилеп берген эле. Бирок эки келишимдин ортосундагы айырма мезгилдин мүнөзүндө. Эгерде 2020-жылдагы келишим коопсуздук жаатындагы чакырыктарга каршы кызматташтыкты жана координацияны күчөтүүгө басым жасаган болсо, жаңы жол картасы аскерий технологиялар, коргонуу өнөр жайы, киберкоопсуздук, окутуу жана тажрыйба алмашуу сыяктуу тармактарды камтыган кыйла кеңири өнөктөштүккө өтүүнү чагылдырат. Муну менен бул мамиле убактылуу маселелерге азыраак көз каранды болуп, узак мөөнөттүү стратегиялык көз карашка көбүрөөк байланышкан мамилеге айланууда.

Болжол менен үч айдан кийин эң маанилүү практикалык кадам жасалды. 2026-жылдын 13-июлунда Марокконун Падышалык куралдуу күчтөрү менен Американын Африкадагы аскерий командачылыгы (АФРИКОМ) Тан-Тан шаарында Көп тармактуу окутуу жана сыноо боюнча Африка борборун (AMTEC) түзүү тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Меморандум Германиянын Штутгарт шаарындагы «АФРИКОМдун» штаб-квартирасында Марокконун Падышалык куралдуу күчтөрүнүн башкы инспектору жана Түштүк аймактын командачысы, генерал-полковник Мухаммад Барид менен Американын Африкадагы аскерий командачылыгынын башчысы генерал Дагвин Андерсон тарабынан кол коюлду.

Көп тармактуу машыгуу аймагын, учкучсуз учуучу аппараттар академиясын жана инновация менен сыноо борборун камтый турган бул долбоор мындан ары салттуу аскерий машыгуулар менен гана чектелбей турганын көрсөтөт. Тескерисинче, ал жаңы согуштардын мүнөзүн аныктаган тармактарга – жасалма интеллектке, электрондук согушка, учкучсуз системаларга жана технологияларды реалдуу операциялык шарттарда сыноо мүмкүнчүлүгүнө багытталууда.

Мына ушундан улам жол картасы менен курулушу пландалган борбордун ортосундагы байланыштын мааниси көрүнөт. Анткени бул борбор өзүнчө бир долбоор эмес, тескерисинче, Америка стандарттары жана технологиялары менен байланышкан аймактык аскерий мүмкүнчүлүктү түзүүгө багытталган кеңири стратегиянын бир бөлүгү болуп көрүнөт.

Муну түшүнүү үчүн Кансыз согуш аяктагандан кийин Америка стратегиясында болгон өзгөрүүгө көңүл буруу керек. Анткени негизинен Советтер Союзуна каршы туруу жана Атлантика аймагын коргоо үчүн түзүлгөн Түндүк Атлантика келишими уюму (НАТО) салттуу атаандашы кулагандан кийин өзүнүн ролун кеңейтти. Анын ишмердүүлүгү мүчө мамлекеттеринин чек араларынын ичиндеги жамааттык коргонуу менен гана чектелбей калды. Тескерисинче, Балканда, андан кийин 2011-жылы Ливияда болгондой, өзүнүн баштапкы аймагынан тышкаркы операцияларга да катыша баштады.

Бул өнүгүү альянстын маанисин жокко чыгарган жок, бирок анын ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн өзгөрттү. Анткени Америка барган сайын расмий мүчөлүктөн тышкаркы өнөктөштөр тармагына көбүрөөк таяна баштады. Булар стратегиялык жайгашууга жана аймактык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, өнүккөн коопсуздук ролдорун аткара алган мамлекеттер. Марокко ушундай мисалдардын бири. Ал НАТОнун мүчөсү болбосо да, альянстан тышкаркы Американын негизги өнөктөшү болуп эсептелет жана аны менен өнүккөн коргонуу байланыштарына ээ. Америка болсо ушул удаалаш кадамдар аркылуу Мароккону өзүнүн стратегиялык көз карашына ылайыкташтырууга аракет кылууда. Бул стратегия таасирин чыгымы азыраак жана союздаштарга көбүрөөк таянган каражаттар аркылуу сактап калууга негизделген.

Марокконун мааниси баарынан мурда анын географиялык жайгашуусунда. Ал Атлантика океанына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, Жер Ортолук деңизинин батыш кире беришин көзөмөлдөйт жана дүйнөдөгү эң туруксуз аймактардын бирине айланган Сахель аймагына жакын жайгашкан. Ошондуктан Американын эсептеринде анын баалуулугу аскерий кубаттуулугу менен гана эмес, Атлантика, Жер Ортолук деңизи жана Батыш Африка деген үч стратегиялык мейкиндикти бириктирген географиялык абалы менен да байланыштуу.

Мына ушул жерде Атлантика факторунун мааниси көрүнөт. Анткени эл аралык атаандаштык эми кургактагы аскерий базалардын айланасында гана жүрбөстөн, порттор, соода жолдору, энергетикалык коопсуздук жана жеткирүү чынжырлары үчүн да жүрүп жатат. Африкада Кытайдын экономикалык, ал эми Орусиянын коопсуздук жаатындагы катышуусу күчөгөн сайын, Америка Батыш Африкадан Жер Ортолук деңизине чейин созулган кеңири мейкиндикте өз кызыкчылыктарын коргой ала турган өнөктөштөр тармагын түзүүгө көбүрөөк кызыга баштады.

Бул жагдайда Марокконун мааниси анын көп тараптуу байланыштарынан улам дагы өсүүдө: Америка менен коргонуу өнөктөштүгү, Европа менен экономикалык байланыштары (аларды алсыратуу көздөлүүдө), Батыш Африкадагы өсүп жаткан экономикалык катышуусу жана яхудий түзүмү менен болгон нормалдашуу келишимдеринен кийин жаңы коргонуу технологиялары тармагына ачылууда. Бирок бул өзгөрүү аймактык кесепеттерсиз өтүшү мүмкүн эмес, айрыкча Алжир үчүн. Себеби Америка менен Марокконун кызматташтыгы расмий түрдө Алжирге каршы багытталбаса да, Марокконун Батыштын коопсуздук тармактарындагы ордунун өзгөрүшү анын айланасындагы стратегиялык чөйрөгө сөзсүз таасир этет.

Ошентип, Алжир жаңы вакыйлыкка туш болууда: батыш тарабында аскерий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап жаткан Батыштын өнөктөшү бар, ал эми өзү үчүн маанилүү болгон Сахель аймагы Франция таасиринин Американын пайдасына алсырашы жана Африка үчүн күчөп жаткан эл аралык атаандаштыктын натыйжасында терең кайра түзүлүү процессин баштан кечирүүдө. Бирок бул өзгөрүүлөрдү башка өңүттөн да кароого болот. Анткени Алжир олуттуу күч факторлоруна ээ: стратегиялык географиялык жайгашуу, маанилүү энергетикалык ресурстар, ошондой эле олуттуу адамдык жана аскерий мүмкүнчүлүктөр. Азыркы этап анын эл аралык ордун кайра аныктоо үчүн мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн. Бул өнөктөштүктөрдү диверсификациялоого, жергиликтүү өнөр жай жана технологиялык базаны (айрыкча оор өнөр жай тармагында) түзүүгө жана тышкы көз карандылыкты азайтууга негизделиши керек.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, өз чечиминин көз карандысыздыгын сактап калган мамлекеттер сөзсүз эле баарынан обочолонгон мамлекеттер эмес. Тескерисинче, алар ири державалар менен тең ата мамиле түзө алган мамлекеттер. Бул сабак Алжир үчүн да, ошондой эле колонизаторлуктун кишенинен бошонууну каалаган ар бир тарап үчүн да маанилүү болушу мүмкүн.

Акырында, Америка–Марокко аскерий жол картасы жана Тан-Тандагы AMTEC долбоору XXI кылымда таасирди түзүүнүн мүнөзү өзгөрүп жатканын чагылдырат. Анткени күч эми аскерий базалар аркылуу гана эмес, өнөктөштүк тармактары, технологиялар жана таасир борборлору аркылуу да курулууда.

Ошентип, суроо ачык бойдон калууда: Марокко чындап эле Атлантикадагы жана Африкадагы Американын коопсуздук түзүмүнүн негизги таянычтарынын бирине айланабы? Жана андан да терең суроо бар: Магриб аймагы башкалардын долбоорлору атаандашкан мейкиндик бойдон кала береби же өзүнүн тарыхый ордун кайра кайтарып, аймакка мурдагы макамын кайтарып бере турган өзүнүн цивилизациялык долбоору аркылуу кайрадан жандана алабы?

Анткени убада кылынган рошид Халифалык илим, өнүгүү жана адилеттик баалуулуктарын камтыгандыктан, Түндүк Африканы келечекти түзүүчү активдүү күчкө айланта турган чыныгы ойгонуунун алкагын түзүшү мүмкүн. Ошондо ал эл аралык таасир карталары түзүлгөн жөн гана аянт эмес, келечекти калыптандыруучу аймак болот.

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَىٰ أَمْرِهِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт».
(Юсуф: 21)

Роя гезити

Инженер Висам аль-Атраш.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button