Сакофий

Мурсалдын сахих хадис аныктамасындагы орду жана ага амал кылуу

Мурсалдын сахих хадис аныктамасындагы орду жана ага амал кылуу

Биз амал кыла турган мурсал – санадынан сахаба түшүп калган хадистин абалы

Суроо:

«Шахсия» китебинин 1-бөлүгүнүн 336-бетинде (кырг. 265-б.), сахих хадистин аныктамасы тууралуу бөлүмдө мындай делген: «Сахих кабар деп санады забит, адилеттүү адамдан тээ акырына чейин забит, адилеттүү адамдан накл кылынган хадис айтылат, ал шазз да, илдеттүү да болбойт. Башкача айтканда, анын санады забит, адилеттүү адамдан накл кылынып, тээ Расулуллага ﷺ чейин, же сахабага, же табиунга чейин жетип барат. Мурсал, мункатеъ же муъзал кабарларга түшүп калбашы үчүн: «Забит, адилеттүү адамдан – забит, адилеттүү адамга», – деп айтылды. Себеби, бул мурсал, мункатеъ жана муъзал сахих кабардан болбойт. Мурсал – бул табиун Расулулладан ﷺ сахабанын аты айтылбастан риваят кылган кабар. Мункатеъ болсо, бир орунда же бир нече орунда риваят кылуучулардын бири түшүп калганын түшүндүрөт. Муъзал болсо бир орунда же бир нече орунда эки киши же андан көбүрөөк киши түшүп калган кабар. Мурсал, мункатеъ жана муъзалдын баары санады байланбаганы үчүн сахихтиктен чыккан».

Бирок бул ошол эле китептин 342-343-беттеринде (кырг. 271-272-б.) мурсалга амал кылуу кабыл алынганына карама-каршы келип жаткандай көрүнөт. Мунун түшүндүрмөсү кандай? Аллах ыраазы болсун.

Жооп:

Мурсал хадистин хадис терминологиясындагы сахих хадистин аныктамасына киргизилбеши менен, мурсал хадиске ылайык амал кылуунун ортосунда эч кандай карама-каршылык жок.

Ар бир илимдин ээлери өз илимдери үчүн атайын терминдерди, башкача айтканда өздөрүнө тиешелүү урфка ылайык маанилерди белгилешет. Ал терминдер алар белгилеген чектин ичинде гана колдонулат жана андан ашып кетпейт.

Эгер бизден: «Хадис терминологиясында “сахих хадистин” аныктамасы кандай?» деп суралса, жооп «Шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндө, «Хабару-л-Ахаддын бөлүмдөрү» деген баптын «1»-пунктунда айтылгандай болот: «Сахих кабар деп санады забит, адилеттүү адамдан тээ акырына чейин забит, адилеттүү адамдан накл кылынган хадис айтылат, ал шазз да, илдеттүү да болбойт. Башкача айтканда, анын санады забит, адилеттүү адамдан накл кылынып, тээ Расулуллага ﷺ чейин, же сахабага, же табиунга чейин жетип барат. Мурсал, мункатеъ же муъзал кабарларга түшүп калбашы үчүн: «Забит, адилеттүү адамдан – забит, адилеттүү адамга», – деп айтылды. Себеби, бул мурсал, мункатеъ жана муъзал сахих кабардан болбойт. Мурсал – бул табиун Расулулладан ﷺ сахабанын аты айтылбастан риваят кылган кабар. Мункатеъ болсо, бир орунда же бир нече орунда риваят кылуучулардын бири түшүп калганын түшүндүрөт. Муъзал болсо бир орунда же бир нече орунда эки киши же андан көбүрөөк киши түшүп калган кабар. Мурсал, мункатеъ жана муъзалдын баары санады байланбаганы үчүн сахихтиктен чыккан…».

Мындан көрүнүп тургандай, «мурсал» хадис хадис илиминин терминологиясы боюнча «сахих» хадиске кирбейт. Бирок бизден: «Кайсы хадис алынат жана ага амал кылынат?» деп суралса, мындай деп жооп беребиз:

1. Хадис терминологиясы боюнча сахих жана хасан хадистер.

2. Ошондой эле мурсал хадис, башкача айтканда санадынан сахаба түшүп калган хадис. Ал хужжат болуп эсептелет жана ал шаръий далил болууга жарактуу. Анткени анда матн, санад жана риваятчыга тиешелүү шарттар толук табылган. Санадынан түшүп калган адам сахаба болгондуктан, анын ким экени белгисиз болушу зыян келтирбейт. Себеби анын сахаба экени белгилүү болсо, ал ишеничтүү адам болуп эсептелет.

3. Имамдардын, алардын шакирттеринин жана башка аалымдар менен факихтердин китептеринде келген хадистер да хасан хадистин катарына кирет жана алар далил болууга жарактуу. Себеби алар бул хадистерди бир өкүмгө далил катары келтиришкен же алардан өкүм истинбат кылышкан. Ошондуктан ал хадистер хасан хадис болуп эсептелет. Алар усулул-фыкх китептеринде болобу же фыкх китептеринде болобу айырмасы жок. Бирок ал китептер «ал-Мабсут», «ал-Умм», «ал-Мудаввана ал-Кубра» сыяктуу ишеничтүү китептерден болушу шарт. …

Дагы башкалар даиф (алсыз) хадисти башка даиф хадистер менен кубатталса кабыл алышат… «Биз болсо муну кабыл албайбыз».

Демек, бул жерде эч кандай карама-каршылык жок. Себеби хадис терминологиясы өзүнчө бир илим, ал эми хадиске амал кылуу дагы өзүнчө бир илим. Бардык учурларда экөө сөзсүз түрдө дал келүүсү шарт эмес. Бир илим экинчи илимге каршы далил боло албайт, эгерде буга шаръий жактан эсепке алынуучу далил болбосо.

Маселе дагы даана болушу үчүн айта кетсек, мындай көрүнүш ушул илимде гана эмес, башка илимдерде да бар.

Мисалы, тилдеги түзүлүш (мабани) илиминин («нахв» ж.б.) аалымдары фаил, мафъул бих, наибул-фаил сыяктуу терминдерди белгилешкен. Бирок маанилер илиминин («фикхул-луга») аалымдары кээ бир учурларда алардын терминдерине кошулушпайт.

Нахв аалымдары: «أكل زيد التفاحة» («Зайд алманы жеди») деген сүйлөмдө Зайдды марфуъ (зат атооч жөндөмөсүндө турган сөз) болгон фаил (иш аракетти аткаруучу; ээ) деп эсептешет жана “алманы жеди” этиши ага таандык кылынат. Маани аалымдары да бул жерде аларга кошулушат. Анткени маани менен түзүлүш бири-бирине туура келет.

Бирок нахв аалымдары: «أُكِلَتِ التفاحةُ» («Алма желди» же «Алма жеп коюлду») деген сүйлөмдө да «алма» сөзүн наибул-фаил (фаилдин ордун басуучу сөз; зат атоочтун пассивдүү формасы) деп аташат. Ал эми маани аалымдары буга макул болушпайт. Анткени алманын бул иш-аракетке эч кандай тиешеси жок. Ал наибулфаил болгон жок, эч нерседе фаилдин ордун баскан жок. Тескерисинче, мааниси жагынан ал дагы эле желген нерсе бойдон калууда.

Ушул сыяктуу көрүнүштөр көптөгөн илимдерде кездешет. Ар биринин өз жолу, өз услубу жана өз терминологиясы бар. Айтылгандай, терминология маселесинде талаш жок. Бул жерде да ошондой. Хадис терминологиясы өзүнчө илим, хадиске амал кылуу өзүнчө илим. Ошондуктан экөө кандайдыр бир маселеде айырмаланса, бул карама-каршылык бар дегенди билдирбейт.

«Шахсия» китебинин 1-бөлүгүнүн 342-бетинде (ылдыйдан 4-сап) мындай делген: «анын сахаба экени белгилүү болсо». Суроо: ал санаддан түшүп калган болсо, анын сахаба экени кантип белгилүү болот? Кантип ар бир мурсал хадисте санаддан түшүп калган адам сахаба деп эсептелет? Кантип бардык табииндердин сахабалардан риваяттарын, алардын адилеттүү адамдардан риваят кылышканын жүйө кылып кабыл алабыз, ошол эле учурда айрымдарынын (жок дегенде кээ бирлеринин) Пайгамбардын ﷺ хадистерин сахабалардан укпаганы тууралуу күчтүү божомол бар болсо? Анан «табииндердин кичүүлөрү менен чоңдорунун ортосунда айырма жок деген көз караш белгилүү» деген сөздү кантип түшүнөбүз? Анткени бардык мурсалдарды четке каккандар үчүн бул туура болушу мүмкүн (себеби санадда үзүлүү же муъзал бар деп эсептешет). Бирок кичүү табииндердин, же жок дегенде айрымдарынын абалы жогоруда айтылгандай болсо, бул сөз биздин көз карашыбыз боюнча кантип туура болот?

Мунун жообу мындай: Биз амал кыла турган мурсал хадис – бул санадынан сахаба гана түшүп калган хадис. Муну аныктоо үчүн санаддын риваятчыларын жана ага байланыштуу жагдайларды кылдат изилдөө керек. Эгер изилдөөнүн натыйжасында санаддан түшүп калган адам сахаба экени аныкталса, анда хадис кабыл алынат жана ага ылайык амал кылынат. Мында хадисти Расулуллахка ﷺ мурсал кылып жеткирген табиин чоңбу же кичинеби – айырмасы жок. Маанилүүсү, санаддан түшүп калган адамдын сахаба болушу.

Ал эми изилдөө жана текшерүү аркылуу санаддан бир сахаба менен кошо дагы бир табиин түшүп калганы аныкталса, анда бизде мындай хадис кабыл алынбайт жана ага амал кылынбайт. Себеби биз мурсал хадиске эмне үчүн амал кыла турганыбызды мурда түшүндүрүп мындай дегенбиз: “Мурсал хадис – бул риваяттары арасында сахаба түшүп калган хадис. Мисалы, табиундун «Расулулла ﷺ андай деди же мындай кылды» дегени сыяктуу. Бул хадисте Убайдулла ибн Адий ибн Хайяр, кийин Саид ибн Мусайяб сыяктуу табиундар сахабалар жамаатын көрүп, алар менен бирге отурушкан жана анда «Расулулла ﷺ айтты» деп айтышат. Бул хадисте бардык табиундардын ортосу тең көрүлөт т.а. табиун сахабаны атабастан Пайгамбардан ﷺ риваят кылат жана чоң табиун менен кичи табиундун ортосу айырмаланбайт. Хадистаануучу аалымдар, усул илими аалымдары жана имамдар мурсал хадисти хужжат кылууда ихтилафка барышкан. Алардын айрымдары хужжаттыкка жарабайт жана мункатеъ хадис сыяктуу ал да рад кылынган деп эсептешет, кээ бирлери хужжат кылат. Мурсалды хужжат кылбай тургандар аны илдети үчүн четке кагышат. Себеби, анда белгисиз бир риваятчы алып ташталып, кээде ишенимсиз кимсе болот, акыйкатта болсо риваятта этибардуу жак ишеничтүү, анык кимсе болуп эсептелет, белгисиз кимседен хужжат алынбайт. Бул болсо, мурсалды рад кыла турган себеп. Анын ушул илдет менен четке кагылуусу туура. Бирок, бул себеп мурсалда болушу мүмкүн эмес, себеби алып ташталган риваятчы сахаба болуп эсептелет. Сахаба өздүгү жагынан ким экендиги белгисиз болсо да, бирок, сахаба экендиги белгилүү, бирок сахабалардын баары адилеттүү, ишеничтүү адамдар болуп эсептелишет. Ошондуктан, мурсал хадисти рад кылган себеп мурсалга дал келбейт, мурсалды рад кылууга башка себеп да жок. Арийне, мурсал матн, санад жана риваятчынын шарттарын толук алган, ал эми, санаддагы алып ташталган шахс болсо сахаба. Ал ишеничтүү болгону үчүн анын белгисиздигинин мааниси жок. Бул мурсал хадистин далил кылуу мүмкүн болгон хужжат экендигине далалат кылат. Кээде: «Бул жерде себеп табиундун табиундан, ал болсо сахабадан риваят кылуу ыктымалы бар, ошондо сахабанын түшүп калуусу бир риваятчынын түшүп калуусун түшүндүрбөйт, тескерисинче, эки риваятчы түшүп калуусунун ыктымалы болгон бузулуу жүз берет жана алардын биринде т.а. сахабада адилеттүүлүк табылып, экинчиси т.а. табиун жөнүндө күмөн туулат, натыйжада бул хадис жаракат себептүү же забт жоктугу себептүү рад кылынат», – деп айтылат. Буга жооп мындай, мурсал хадистин таърифи: «Табиун Пайгамбардан ﷺ сахабаны айтпастан риваят кылуусу», – деп айтылган. Демек, анда табииндин аты аталбаган башка бир табиинден риваят кылуусу кирбейт…”. Демек, маселе ачык жана анда эч кандай бүдөмүк нерсе жок.

09.07.2010-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button