Мусулман Аллахка кулчулук кылуу менен прагматизм ортосунда

Мусулман Аллахка кулчулук кылуу менен прагматизм ортосунда
Ахмад ас-Саварний
Бүгүнкү күндө бирер мусулмандан: «Сенин жашоодогу максатың эмне?» – деп суралса, ал толук ишеним менен: «Жалгыз Аллахка ибадат кылуу», – деп жооп берет. Бул жерде бардыгы Аллах Тааланын ушул сөзүн жатка билет:
﴿وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ﴾
«Мен жиндер менен инсандарды жалгыз Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». (Зарият: 56).
Бирок ибадаттын чыныгы түшүнүгүн иш жүзүндө колдонууга келгенде, башкача айтканда, ибадат жашоонун бардык тармактарын камтый тургандыгы жөнүндө сөз болгондо, көптөгөн адамдар, алардын ичинде исламий жамааттардын мүчөлөрү да, ибадаттын бардык тармактарды камтыган маанисинен качып жатканын көрөбүз. Алар буга учурдагы абалды, Исламга душман болгон Батыш мамлекеттеринин басымын шылтоо кылышат. Ошондой эле чыныгы Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу мамлекеттин жана коомдун бардык тармактарында Аллахка кулчулук кылуунун толук маанисин ишке ашыруу үчүн бийлик жана мамлекеттеги таасирдүү адамдар менен кагылышууга барбашыбыз керек деген жүйөлөрдү келтиришет.
Саясий, экономикалык, социалдык жана башка бардык тармактарда Ислам менен өкүм жүргүзө турган Ислам мамлекетин тикелөө жөнүндө сөз болгондо, бул топтогу адамдардын: «Батыш буга жол бербейт, бизге каршы күрөш жүргүзүлөт, Батыш бизге каршы аёосуз согуш ачат», – деп айтып жатканын көрөсүң. Мындан башка да шылтоолорду келтиришет. Биз бул макалада алардын баарын төгүндөйбүз.
Бул маселелерди талкуулоону баштоо үчүн, эң оболу, Аллах Субханаху ва Таала каалагандай кулчулук кылуу түшүнүгүн жана адам кантип Аллахтын чыныгы кулу боло аларын билип алышыбыз зарыл.
Аллахка кулчулук кылуу түшүнүгүнө келсек, биз аны вахий түшүрүлгөн мезгилдин алкагында түшүнүшүбүз керек. Анткени, Куран Расулуллахка ﷺ Меккеде турган кезде түшүрүлгөн. Ал убакта Курайш коомунда кулчулук кылуу түшүнүгү кожоюнга толук баш ийүү деген мааниде белгилүү болчу. Кулдун кожоюнунун буйруктарын жана тыюуларын талкуулоого акысы жок эле. Ошондой эле кожоюнунун үйүнөн анын уруксатысыз чыгууга да акысы жок болчу. Ал тургай, кожоюнунун уруксатысыз үйлөнө да алчу эмес.
Кул эч кандай укуктук коргоосу жок, сатылып жана сатып алына турган товар жана буюм катары каралчу. Ал эми кожоюндар кулдарды жазалоо, кыйноо жана өлтүрүүдө эч кандай жоопкерчиликке тартылбастан, чексиз бийликке ээ болушкан.
Кул болуунун мына ушундай ачык-айкын түшүнүгү өкүм сүрүп турган учурда Курани Карим түшүрүлүп, кулчулук кылуу жалгыз Аллахка гана таандык экенин белгиледи жана бардык адамдарды — эркин жана кулдарды да — Аллахтын кулдары деп жарыялады. Мына ушул жерде аяттар Жаратуучуга кулчулук кылуунун маанисин жана бардык адамдар Аллахка кул сыяктуу толук баш ийүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Аллах Таала мындай деди:
﴿إِن كُلُّ مَن فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ إِلَّا آتِي الرَّحْمَنِ عَبْداً﴾
«Асмандардагы жана Жердеги бар жандуу Рахман (алдына) моюн сунуп келет». (Мариям: 93).
Андан соң Аллах Таала момундардын Ага кулчулук кылышын алар үчүн урмат катары баяндады:
﴿وَعِبَادُ الرَّحْمَنِ الَّذِينَ يَمْشُونَ عَلَى الْأَرْضِ هَوْناً وَإِذَا خَاطَبَهُمُ الْجَاهِلُونَ قَالُوا سَلَاماً﴾
«Рахмандын (сүйүктүү) пенделери Жерде кичи пейилдик менен жүрө турган, наадан кимселер сөз атса (акаарат кылса) да «Саламат болгула» деп жооп кыла турган кишилер». (Фуркан: 63).
Ошондой эле Аллах Таала алардын үстүндө шайтандын үстөмдүгү жок экенин билдирди:
﴿إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ﴾
«Чынында, Менин пенделеримдин үстүндө сен үчүн эч кандай бийлик-өкүмдарлык жок, бирок сени ээрчиген адашкан кимселерди гана (бул Туура Жолдон аздыра аласың)». (Хижр: 42).
Андан соң Аллах Таала Өзүнүн урматтуу Расулу Мухаммадды ﷺ Исра окуясында «кулу» деп сыпаттоо менен аны урматтады:
﴿سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلاً﴾
«(Аллах) бир түнү Өз пендесин (тактап айтканда, Мухаммадды) сейил кылдырган (бардык айып – кемчиликтен) таза Зат». (Исра: 1).
Ошондой эле Китепти түшүрүү жөнүндө сөз болгондо да аны «кулу» деп сыпаттады:
﴿تَبَارَكَ الَّذِي نَزَّلَ الْفُرْقَانَ عَلَى عَبْدِهِ لِيَكُونَ لِلْعَالَمِينَ نَذِيراً﴾
«Бардык адамдарды (акырет азабынан) коркутуучу болсун, деп Өз пендеси (Мухаммадга) Фуркан – Куран түшүргөн Зат – Алла Берекеттүү-Улуу». (Фуркан: 1).
Урматтуу Пайгамбарыбыз ﷺ Исламга жана «Аллахтан башка илах жок, Мухаммад Аллахтын Расулу» деп күбөлүк берүүгө чакырганда, мушриктер биринчи күндөн тартып эле Аллахка кулдар сыяктуу толук баш ийүүгө тийиш экенин түшүнүшкөн. Башкача айтканда, алар Аллахтын буйруктарына моюн сунуп, тыюуларынан тыйылып, Пайгамбардын ﷺ тикелөөгө жана жашоонун бардык тармактарында Исламды колдонууга умтулуп жаткан Ислам мамлекетиндеги саясий өкүмүнө баш ийүүгө тийиш экенин түшүнүшкөн. Бул Аллахка толук кулчулук кылууну ишке ашыруу, Анын өкүмдөрүнө эч кандай каршылык билдирбөө, ал тургай жүрөктөрүнүн түпкүрүндө да нааразычылык сезбөө, тескерисинче, вахийге толук моюн сунуу дегенди билдирет. Мына ушул Исламдын чыныгы мааниси. Аллах Таала мындай деди:
﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجاً مِّمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً﴾
«Жок (эй Мухаммад), Роббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт». (Ниса: 65).
Ал эми бүгүнкү күндө айрым адамдардын учурдагы абал Аллахка толук кулчулук кылууну ишке ашырууга жол бербейт деп каршы чыгышына келсек, Аллахка толук кулчулук кылуунун ичине мусулмандардын Ислам менен өкүм жүргүзгөн, Аллахтын шариятын колдонгон жана Исламды даъват жана жихад жолу менен дүйнөгө жеткирген мамлекетке ээ болушу да кирет. Мындай каршы пикирди карманган адамдар — орток чечимге келүүгө жана учурдагы абалга ыңгайлашууга негизделген Батыштын саясий пикиринин таасирине кабылган. Алар учурдагы абал Исламга каршы келсе да, абалды өкүмдөрдүн булагы катары кабыл алууга болот деп эсептешет. Ошондуктан алар бул шаръий нусустарды биздин учурдагы абалыбызга туура келбейт деген жүйө менен этибарга алышпайт же алардын маанисин бурмалап, мазмунунан ажыраткан жана аларга амал кылуунун важибдигин жокко чыгарган тафсирлер менен түшүндүрүшөт.
Тилекке каршы, бул топ кулчулук кылуунун чыныгы маанисинен чыгып кетти. Алар Аллахтын өкүмдөрүнө толук моюн сунуп, жөн гана «Уктук жана баш ийдик» деп айтуунун ордуна, шаръий өкүмдөрдү талашып-тартышып, аклий шектүү жүйөлөр аркылуу Аллахтын көрсөтмөлөрүнө каршы чыга башташты. Алар Исламга карама-каршы келген прагматикалык (пайдага негизделген) пикирлөөгө ооп кетпөөлөрү керек.
Бул жерде биз прагматиктердин жүйөлөрүн Пайгамбардын ﷺ вахийди канчалык бекем карманганын, учурдагы абалдын басымына алдырбаганын, ал тургай канчалык кичине же экинчи даражадагыдай көрүнбөсүн, кафирлерге эч кандай жол берүүгө барбаганын далилдөө аркылуу төгүндөйбүз.
Куран кафирлердин даъватты өз жолунан буруу аракеттерин ачыкка чыгаруу үчүн түшүрүлгөн. Аллах Таала Исра сүрөсүндө мындай деди:
﴿وَإِن كَادُوا لَيَفْتِنُونَكَ عَنِ الَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ لِتَفْتَرِيَ عَلَيْنَا غَيْرَهُ وَإِذاً لَّاتَّخَذُوكَ خَلِيلاً وَلَوْلَا أَن ثَبَّتْنَاكَ لَقَدْ كِدتَّ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْئاً قَلِيلاً إِذاً لَّأَذَقْنَاكَ ضِعْفَ الْحَيَاةِ وَضِعْفَ الْمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيْنَا نَصِيراً﴾
«(Эй Мухаммад, мушриктер) сени Биздин абройубузга (вахийден) башка нерселерди ойлоп чыгарууң үчүн Биз сага вахий кылган аяттардан алдап-буруп жиберүүлөрүнө аз калды. Андай болгондо (тактап айткаңда, алардын жол-жоруктарына жүрсөң) сени дос кылып алышкан болоор эле. Эгер Биз сени (Акыйкат Жолдо) бекем кылбаганыбызда сен аларга бир кыйла кызыгууңа (жакындооңо) аз калды. Андай болгондо албетте, биз сага дүйнө (азабын) да, Акырет (азабын) да эки эсе кылып таттырган болоор элек, кийин өзүң үчүн Бизге каршы бир да колдоочу таба албаган болоор элең». (Исра: 73–75).
Ошондой эле Аллах Таала Маида сүрөсүндө мындай деди:
﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِن تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيراً مِّنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ﴾
“(Эй Мухаммад), алардын арасында Аллах түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият бол! Эгер сенин өкүмүңдөн баш тартышса, билип кой, Аллах аларга айры күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүнү каалоодо. Албетте, адамдардан көптөрү баш ийбегендер”. (Маида: 49).
Демек, кафирлердин аракеттери же вахийди толугу менен өзгөртүүгө, же Пайгамбарды ﷺ жана андан кийинки мусулмандарды Исламдын айрым бөлүктөрүнөн азгырып, Исламдын бир бөлүгүн колдонууга жана башка бөлүгүн таштоого көндүрүүгө багытталган эле.
Бул аяттар айрым «исламчылар» үгүттөп жаткан Исламды колдонуудагы баскычтуулук идеясын түп-тамырынан жокко чыгарат. Анткени, бул идея акыр-аягында Исламдын бир бөлүгүн жана куфрдун бир бөлүгүн колдонуу дегенди билдирет. Буга болсо эч кандай жол берилбейт.
Ал эми Пайгамбардын ﷺ даъватын кабыл алууга даяр экенин билдирген айрым адамдардын ага ﷺ өтө зарыл болуп турган нусрат жана коргоону көрсөтүүнүн ордуна шаръий өкүмдөрдөн баш тартууну шарт кылуу аракеттерине келсек, бул жерде анын ﷺ куттуу сийратынан эки окуяны келтиребиз.
Биринчиси: Пайгамбардын ﷺ Бану Амир ибн Саъсаъа уруусуна тартуулаган сунушу жөнүндөгү окуя.
Расулуллах ﷺ Бану Амир ибн Саъсаъа уруусуна барып, аларды Аллахка даъват кылды жана өзүн сунуштады. Ошондо алардын арасынан Байхара ибн Фирас аттуу бир киши ичинен: «Аллахка ант болсун, эгер мен Курайштан чыккан бул жигитти колго алсам, ал аркылуу бүткүл арабдарды багындырмакмын», – деди.
Андан соң ал Пайгамбарга ﷺ кайрылып, дунявий жана саясий мүнөздөгү шарт коюп: «Айтчы, эгер биз сенин ишиң боюнча сага байъат берсек, андан кийин Аллах сени сага каршы чыккандардын үстүнөн жеңишке жеткирсе, сенден кийин бийлик бизге өтөбү?» – деп сурады.
Пайгамбар ﷺ ага Аллах тарабынан берилген рисалаттын ээси катары толук ишеним менен минтип жооп берди:
.«الْأَمْرُ إِلَى اللهِ يَضَعُهُ حَيْثُ يَشَاءُ»
«Бул иш Аллахка таандык. Ал аны Өзү каалаган жерге берет».
Ошондо Байхара нусрат берүүдөн баш тартып, мындай деди: «Биз сени коргоо үчүн арабдардын алдында көкүрөгүбүздү тосуп беребизби? Анан Аллах сени жеңишке жеткиргенде, бийлик бизден башкаларга өтөбү?! Бизге сенин ишиңдин кереги жок».
Ошентип, алар Пайгамбарга ﷺ нусрат берүүдөн баш тартышты.
Демек, бул нусрат Пайгамбардын ﷺ колунда болбогон нерсеге, башкача айтканда, андан кийин халифалык бийлик алардын колуна өтүшүнө шартталган эле. Анткени, алар бийликке ээ болууну көздөшкөн. Ал эми халифаны дайындоо жөнүндөгү шаръий өкүмгө ылайык, халифа мусулмандардын байъаты жана ыраазычылыгы менен дайындалат. Бул кийинчерээк Бану Саида сакыйфасында Абу Бакрга (р.а.) берилген байъатта өз тастыгын тапкан.
Эгер Пайгамбар ﷺ бүгүнкү күндөгү айрым исламчылар сыяктуу прагматикалык мамиле кылганда, бийликке жетүү жана нусрат алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгармак. Анткени, алардын жүрөктөрүндө ыйман бекем орногондон кийин Бану Амир уруусун өз пикирлеринен кайтууга көндүрө алмак. Бирок бул Аллахтын дини боюнча эч кандай соодалашууга жол бербеген илахий вахий эле.
Экинчиси: Пайгамбар ﷺ өзүн Бану Шайбан ибн Саълаба уруусуна сунуштаганы жөнүндөгү окуя.
Расулуллах ﷺ Абу Бакр жана Али (р.а.) экөө менен бирге Бану Шайбан уруусунун жыйынына барды. Ал жерде алардын башчылары Муфрук ибн Амр, Хани ибн Кабиса жана Мусанна ибн Хариса бар эле.
Пайгамбар ﷺ аларга мындай деди:
أَدْعُوكُمْ إِلَى شَهَادَةِ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ وَأَنِّي رَسُولُ اللَّهِ، وَأَنْ تُؤْوُونِي وَتَنْصُرُونِي حَتَّى أُؤَدِّيَ عَنِ اللَّهِ الَّذِي أَمَرَنِي بِهِ
«Мен силерди Аллахтан башка илах жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок жана мен Аллахтын Расулу экениме күбөлүк берүүгө чакырамын. Ошондой эле Аллах мага буюрган нерсени жеткиргенге чейин мага башпаанек берип, нусрат берүүгө чакырамын».
Ошондо Муфрук мындай деди: «Аллахка ант болсун, эй Курайш бир тууганым, сен асыл ахлакка жана жакшы амалдарга чакырдың. Чындыгында, сени жалганчыга чыгарып, сага каршы бириккен коом жалган жолго түшүптүр».
Ал эми Мусанна ибн Хариса мындай деди: «Биз эки аймактын ортосунда жайгашканбыз: арабдардын суулары менен Кисранын дарыяларынын ортосунда. Кисра бизден эч кандай жаңы иш баштабоо жана жаңы иш баштаган адамга башпаанек бербөө жөнүндө убада алган… Эгер сен бизден араб өлкөлөрү тараптан сени коргоп, сага нусрат көрсөтүшүбүздү кааласаң, биз муну аткарабыз. Ал эми Фарс өлкөлөрү жана Кисра тарапка келсек, ал жакта мындай ишке барган адамдын күнөөсү кечирилбейт жана шылтоосу кабыл алынбайт».
Ошондо Пайгамбар ﷺ аларга мындай деп жооп берди:
«مَا أَسَأْتُمُ الرَّدَّ إِذْ أَفْصَحْتُمْ بِالصِّدْقِ، إِنَّهُ لَا يَقُومُ بِدِينِ اللَّهِ إِلَّا مَنْ حَاطَهُ مِنْ جَمِيعِ جَوَانِبِهِ».
«Силер чындыкты ачык айтканыңар үчүн жаман жооп берген жоксуңар. Чындыгында, Аллахтын динин аны бардык тараптан коргогон адам гана тургуза алат».
Ооба, Пайгамбар ﷺ алардын шарт коюлган жарым-жартылай нусратын да кабыл алган жок. Ал Ислам динине анын бардык душмандарына каршы турууга даяр болгон адамдар гана нусрат көрсөтө аларын баса белгиледи. Пайгамбар ﷺ өзүнүн жашоосунда жана андан кийинки рошид халифалар да дал ушундай кылышты. Алар бир эле учурда эки фронтто фарстарга жана румдуктарга каршы турушту. Натыйжада, Аллах аларга улуу жеңиш тартуулады.
Эгер Пайгамбар ﷺ Бану Шайбан уруусунун жарым-жартылай нусратын кабыл алганында, чек аралар менен чектелген мамлекет түшүнүгүн кабыл алган жана румдуктарды айтпаганда да, фарстардан коркуу пикирин бекемдеген болмок. Ал эми Аллахка кулчулук кылуу жихад кылууну, кайраттуулук менен алдыга чыгууну жана өзүн толук арноону талап кылат. Муну кийинчерээк Бану Шайбан уруусунун өзү да далилдеди. Анткени, алар кийин бул сапка кошулуп, өздөрүнүн башчысы Мусанна ибн Хариса аш-Шайбаний (р.а.) баш болгон абалда фарстарга каршы тынымсыз жихад кылышты.
Биз келтирген нусустар — Пайгамбардын ﷺ жана анын сахабаларынын вахий манхажына канчалык бекем карманганын, Аллахка толук кулчулук кылууну ишке ашырганын жана ар кандай прагматикалык, учурдагы абалга ыңгайлашкан манхаждан канчалык алыс болгонун далилдеген көптөгөн далилдердин аз гана бөлүгү.
Бүгүнкү күндө мындай прагматикалык көз караш дүйнөгө үстөмдүк кылып турган Батыш күчтөрү менен бирге жашоонун эң коопсуз жолу катары үгүттөлүүдө. Бирок, чындыгында, бул эл аралык түзүмгө сиңип, анын ичинде эрип жок болуу манхажы. Бул болсо вахийдин өз ара күрөшүү, жер жүзүндө бийликке мураскер болуу жана Исламдын үстөмдүгү жөнүндөгү тарыйкатка негизделген манхаж эмес. Бул жол шарий өкүм Аллахтын уруксаты менен, жакын арада бүткүл дүйнөгө жайылганга чейин куфрга жана анын ээлерине каршы үзгүлтүксүз күрөш жүргүзүүнү билдирет.
Аль вай, 485-санынан




